Технологиянын ɵнʏгʏшʏ, дʏйнɵлʏк экономикадагы, экологиядагы ɵзгɵрʏʏлɵр жана коомдук муктаждыктар кесиптерге болгон суроо-талапты да ɵзгɵртʏп жатат. Алдыда актуалдуу боло турган, жаңы пайда болуучу, ал тургай жок болуп кетʏʏчʏ кесиптер тууралуу айтып беребиз. Айыл чарбасы ар дайым актуалдуу бойдон калаарын эстен чыгарбаңыз окурман. Анткени таза тамак-ашка болгон таңкыстык бир топ жыл мурда эле пайда болгон.
Медицина, билим берʏʏ, айыл чарбасынын алмаштырылгыс адистери

Саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирʏʏнʏн алкагында “санарип медицина” адистерине талап жогору бойдон калат. Мисалы, генетика жана биотехнология, психология адистери келечекте алмаштырылгыс адистерге айланышат. Мындан сырткары экологдор жана айыл чарбасынын адистерине болуп кɵрбɵгɵндɵй талап жогорулайт. Билим берʏʏ жана адам ресурстары, онлайн окутуучу, карьера кеңешчиси, коуч адистери жана тоо-кен, инженерия, курулуш тармактарындагы адистердин жумушун жакын арада толугу менен автоматташтыруу мʏмкʏн эмес.
Технология жана маалымат
Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча адис, маалымат аналитиги, программалоочу инженер, UX/UI дизайнер, автоматташтыруу жана робототехника адистери, контент жаратуучу, графикалык дизайнерлер технология жаатындагы эң керектʏʏ адистерге болору талашсыз.

Бизнес тармагы
Бизнес тармагы, ишкердик чɵйрɵсʏ ар дайым, ар кайсы убакта актуалдуу болот. Анткени ишкерлер экономиканы ɵнʏгʏшʏнɵ олуттуу салым кошкон тараптар. Алдыда финансылык технология, санарип маркетинг, электрондук коммерция адистери жана бизнес аналитиктери коомго керек кесиптер болуп саналат жана актуалдуу бойдон калат.

Кайсы кесиптер жоголуу коркунучунда?
Автоматташтыруунун, жасалма интеллекттин таасиринен улам айрым кесиптерге болгон муктаждык акырындап азайып, айрымдары кыскарып же толугу менен жок болуп кетʏʏсʏ мʏмкʏн. Алар: завод жумушчулары, касса кызматкерлери (кассирлер). Ɵзʏн-ɵзʏ тейлеген терминалдар жана онлайн тɵлɵмдɵр кɵбɵйʏп баратканына байланышту кассирлердин жумушу кескин кыскарат. Ошондой эле Amazon сыяктуу ири компаниялар кампаларын автоматташтыруу аракетинде, демек, склад кызматкерлери, жʏктɵгʏчтɵр ʏчʏн жумуш азаят деген сɵз. Катчы (секретарь) кызматтарынын айрым тʏрлɵрʏн электрондук кʏн тартиптери алмаштырат деп болжолдонууда. Мындан сырткары банк жана каржы кызматкерлери, авиабилет саткандар, мейманканадагы кабыл алуу кызматкерлери (receptionist), ресторандагы официанттар (айрыкча тез тамактануучу жайлардагы) кызматкерлер онлайн форматка ɵтʏп, робот тейлɵɵчʏлɵр аркылуу ишке ашырылат. Аталган кесиптерди толугу менен жок болуп кетет деген албетте туура эмес, болгону функциялары автоматташып, жумуш орундар азайышы мʏмкʏн дегенди билдирет.
Жаңы, толук калыптана элек кесиптер
Технологиянын, биологиянын, жасалма интеллекттин, космостук жана климаттык ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн ɵсʏшʏ менен жакынкы 10–20 жылда пайда болуучу жаңы, азыр толук калыптана элек кесиптердин айрымдары тɵмɵнкʏлɵр:
Жасалма интеллектти адилеттʏʏ, коопсуз жана жоопкерчиликтʏʏ колдонуу боюнча адис, жасалма интеллект машыктыруучусу, жасалма интеллектти маалымат менен камсыз кылуу, ʏйрɵтʏʏ, окутуу. “Санарип инсан” дизайны боюнча адис, виртуалдык аватарлар, мета дʏйнɵ ʏчʏн реалдуу “адамга окшогон” модель жаратуучу.
Биотехнология жана медицина багытында, генетикалык кеңешчи, жеке ДНКнын негизинде дарылоо же кеңеш берʏʏ, клеткалык жана орган инженериясы адиси, жасалма орган ɵстʏрʏʏ же клеткалык деңгээлде дарылоо. Адамдын органдарына тʏзʏлгɵн биомеханикалык шаймандарды орнотуу жана тейлɵɵ киборг-технолог адиси.
Экология жана климат ɵзгɵрʏʏсʏнɵ байланыштуу, атмосферадагы кɵмʏр кычкыл газын азайтуу технологиясын башкарган адис. Жаратылышты кайра жандандырууга жардам берʏʏчʏ инфраструктураларды тʏзʏʏчʏ. Космостук жана эл аралык технология, космостук туристтик гид, космоско саякат жасаган туристтерге маалымат берʏʏчʏ адис. Космос куруучу-инженер — Ай, Марс сыяктуу планеталарда инфраструктура куруучу. Жер менен космостогу базалардын ортосундагы байланышты башкаруулар.
Билим берʏʏдɵ кесип тандоо боюнча нейрокоуч, адамдын мээсинин тʏзʏлʏшʏ, кызыгуу жана жɵндɵмʏнɵ жараша кесип тандаткан адис. Жашоону узартуу, ден-соолукту узак жылдарга сактап калуу боюнча кеңеш берʏʏчʏ.
Учурда байып кетʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон кесиптер

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ байып кетʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон кесиптерге кʏзɵтчʏ, тазалоочу, жардамчы кызматтар, официант, кассир, такси айдоочусу, кол менен иштеген усталарды киргизишкен. Анткени кесиптерден тʏшкɵн киреше чоң инвестиция же бизнес баштоого жетишсиз делет. Мисалы, тɵлɵмдɵрдʏн кɵбʏ онлайн болгондуктан официанттын жакшы тейлегенине “чаевые” таштоо азайган. Таксиде унаанын чыгымы, кʏйʏʏчʏ май бир топ чыгымды талап кылат. Кол менен иштеген усталар убакыттан кɵп уттураары айтылган.
Окшош макалалар
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасы – тʏштʏктɵгʏ саламаттыкты сактоонун флагманы
Курманжан-Датка МАБынын башчысы Равшан Мирзабаев: “Ак-Буура дарыясынын жээгине жана суу ʏстʏнɵ курулган объекттер алынып жатат”
Салык санкциясы деген эмне?