6 июля, 2025

Безгек оорусунан сак болуңуз!        

Безгек – бул анофелес чиркейинин чагуусу аркылуу оорулуу адамдан соо адамга жугуучу мите (паразитардык) дʏйнɵдɵгʏ коркунучтуу оорулардын бири болуп эсептелет. Чиркейдин дʏйнɵдɵ 150гɵ жакын тʏрʏ болсо, анын 7-8 тʏрʏ биздин республикада кездешет. Негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аталган чиркейлердин бардык тʏрлɵрʏ бар. Бул чиркейлер кɵбʏнчɵ таза, тунук кɵлмɵлɵрдɵ, жай аккан дарыяларда жана сайларда саздак жерлерде жашашат. Анофелес чиркейинин ɵсʏп-ɵрчʏшʏ суу чɵйрɵсʏ менен тыгыз байланышта, себеби жумурткасы менен курттары (личинкалары, куколкалары) сууда ɵсʏп жетилет. Жетилген чиркейлер адамдын айлана-чɵйрɵсʏндɵ жашашат. Оору адамзаттын ɵмʏрʏнɵ, ден соолугуна чоң коркунуч туудурат жана мамлекеттин экономикасына олуттуу зыян алып келет. Алар кʏн жылыган сайын кɵбɵйʏп адамдын канын соро баштайт.  Андыктан чиркейлердин чагуусунан сактануу ʏчʏн терезелерди майда тор менен бекитип, кечкисин жеңи, багалеги узун кийим кийип, жатаарда ʏйдʏн ичин ысырыктап, дененин ачык жерлерине чиркейлерди жолотпоочу майларды сʏртʏʏ керек. Ал эми ʏйдɵн сырткары уктаганда пашаканаларды пайдалануу зарыл. Ошондой эле безгекти алдын алууда безгекке кооптуу болгон аймактардан келген жарандар, туристер, студенттер, дене табы кɵтɵрʏлʏп, 3 кʏндɵн жогору болгон бейтаптар безгекке лабораториялык изилдɵɵдɵн ɵтʏʏсʏ шарт.

Эгерде чиркей чаккандан кийин ɵзʏңдʏ начар сезсең оорунун биринчи белгилерин билʏʏ ɵтɵ зарыл. Алар тɵмɵндɵгʏлɵр: дененин ысышы (температура), баштын оорушу, шалдыроо, чыйрыгуу. Ушул учурда медицина мекемелерине кайрылбай кɵпкɵ жʏрʏʏ туура эмес. Ɵз алдынча дарылануу кандын азайышына, боордун, бɵйрɵктɵрдʏн жана мээнин жабыркашына, уйку безинин чоңоюшуна алып келет.

Безгек оорусунун кайрадан кайталанышына жана таралышына жарандардын миграциясы, безгек митесине каршы кʏрɵшʏʏчʏ иш чаралардын солгундашы, калк арасында маалыматтын аздыгы ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

Азыркы учурда безгек оорусу Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактары ʏчʏн да коркунуч туудурат, себеби, облустун аймактарында ар кандай суу сактагычтар, кɵлдɵр, булактар, сайлар, саздак жерлер, кʏрʏч эгилген аянттар абдан кɵп.  Аба ырайынын жылуу болушу, кɵлмɵлɵрдʏн кɵптʏгʏ жана жер алдындагы суулардын бийик жайгашуусу, таштандылардын калк жашаган жерге жакын тɵгʏлʏшʏ чиркейлердин кɵбɵйʏшʏнɵ шарт тʏзʏп, безгек оорусунун кɵбɵйʏшʏнɵ жол ачат.

Азыркы учурда чиркейлер учуп чыгып, безгекти жугузуу мезгили башталды, андыктан чиркейдин чагуусунан сактанууну унутбайлы!

About The Author