2 февраля, 2026

Болот Баетов:  «Депутаттар ɵз амбициясын эмес, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшту»

2025-жыл Ош шаары ʏчʏн масштабдуу курулуштардын, социалдык реформалардын жана башкаруу системасындагы жаңы ыкмалардын жылы болду. Шаардын ɵнʏгʏʏсʏндɵ Ош шаардык кеңеши мыйзам чыгаруу жана кɵзɵмɵл органы катары негизги ролду ойноп, бюджеттик саясатты жʏргʏзʏʏ, шаардык мэриянын ишине баа берʏʏ жана элдин кызыкчылыгын коргоо багытында активдʏʏ иш алып барды.

Ош шаардык кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов 2025-жылы аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы амбициялуу пландар тууралуу кеңири маек берди.

— 2025-жылы шаардык кеңеш кандай иш алып барды?

— 2025-жылы Ош шаардык кеңеши жалпысынан 15 сессия ɵткɵрдʏ. Мындан тышкары 30-35ке жакын комиссиялык, жумушчу жана тематикалык отурумдар уюштурулду. Шаардын социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏ, инфраструктурасы, билим берʏʏ, саламаттык сактоо жана курулуш тармактары боюнча 108 токтом кабыл алынды. Бул токтомдор бʏгʏнкʏ кʏндɵ толугу менен ишке ашып жатат жана аткарылуу процессинде.

— Шаардык мэриянын 2025-жылдагы  ишмердʏʏлʏгʏнɵ кандай баа берилди?

— Мыйзамга ылайык шаардык кеңеш ар 6 ай сайын Ош шаардык мэриянын иши боюнча отчет алат. 2025-жылдын 6 айлыгында да, жыл жыйынтыгында да депутаттар тарабынан мэриянын ишине абдан жогорку баа берилди. Себеби, шаарда чындап эле ири масштабдуу иштер жʏрдʏ. Кɵптɵгɵн долбоорлор ишке ашты. Шаардык кеңеш менен мэриянын максаты бир болгондуктан, натыйжасы да жакшы болду.

— Шаардык кеңештин негизги функционалдык милдети эмнеде?

— Шаардык кеңештин негизги функционалдык милдети – шаардык бюджетти бекитʏʏ жана анын аткарылышына кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ. Мисалы, 2025-жылы болжол менен 3,5 млрд сом бюджеттик каражат тармактар боюнча бɵлʏштʏрʏлдʏ. Экономикалык, социалдык, курулуш, билим берʏʏ, саламаттык сактоо жана башка багыттарга каражат берилди. Бул каражаттардын максаттуу жана эффективдʏʏ пайдаланылышына депутаттар толук кɵзɵмɵл жʏргʏзʏштʏ.

— Билим берʏʏ тармагында кандай иштер аткарылды?

— Бул тармакта ɵзгɵчɵ активдʏʏ иш алып бардык. Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы менен биргеликте бир катар отурумдар ɵткɵрʏлдʏ. Балдардын тамак-ашына бɵлʏнгɵн каражат кɵбɵйтʏлдʏ. Жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча токтомдор кабыл алынды. Бул токтомдор 2025-жылы толугу менен ишке ашты.

— Мурун жеке менчикке ɵтʏп кеткен бала бакчалар боюнча иштер кандай жʏрдʏ?

— Бул Ош шаардык кеңешинин эң чоң жетишкендиктеринин бири. Мурун мыйзамсыз жеке менчикке ɵтʏп кеткен бала бакчалар жана социалдык объекттер боюнча соттук иштер жʏргʏзʏлʏп, бир катар объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул Кыргызстан боюнча алгачкы прецедент. Башкача айтканда, Ош шаардык кеңеши бул багытта биринчи болуп принципиалдуу кадам жасады. Бул башка шаарларга да ʏлгʏ боло турган практика.

— Жол куруу жана инфраструктура тармагында кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болду?

— Президенттин колдоосу менен Ош шаарына 2,2 млрд сом бɵлʏнʏп, 8 ири кɵчɵ толук жаңыланды. Андан тышкары ɵкмɵттɵн алынган 2 млрд сом кредит, шаардык бюджеттен бɵлʏнгɵн 500 млн сом жолдорду оңдоого жумшалды. Натыйжада шаардын кɵп кɵчɵлɵрʏ кеңейип, жаңы асфальт тɵшɵлʏп, транспорттук кыймыл кыйла жеңилдеди. Буга чейин жол бузулса убактылуу жамалып келсе, бʏгʏн толук кандуу ремонт жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

— Курулуш жана социалдык объекттер боюнча дагы кандай иштер аткарылды?

— Быйыл 4-5 жаңы бала бакча курулуп жатат. Союз мезгилинен бери оңдолбой келген мектептер капиталдык ремонттон ɵтʏʏдɵ. Бул иштер шаардык гана эмес, республикалык бюджеттин эсебинен да каржыланууда. Ошондой эле медициналык мекемелерди капиталдык ремонттон ɵткɵрʏʏ, жаңы ооруканалар жана ФАПтарды куруу боюнча сунуштар берилип жатат.

— Муниципалдык ишканалар боюнча кандай жаңылыктар бар?

— 2025-жылы 4–5 жаңы муниципалдык ишкана ачылды. Анын ичинен ɵзгɵчɵ Агрардык чарбасы. Кыргызстанда биринчи жолу шаардык муниципалитет ɵз жеринде эгин эгип жатат. Мындан тышкары эвакуатор кызматы, электр унааларын кубаттоочу станциялар, муниципалдык инспекция ишке кирди. Бул ишканалардын кирешеси толугу менен шаардык бюджетке тʏшʏп, элдин кызыкчылыгына жумшалууда.

— Муниципалдык инспекциянын иши кандай натыйжа берди?

— Муниципалдык инспекциянын иши менен шаарда иреттʏʏлʏк орной баштады. Мыйзамсыз соода-сатык, таштандыны каалаган жерге таштоо, жол эрежелерин бузуу сыяктуу кɵрʏнʏштɵр акырындап жоюлуп жатат. Бул оңой процесс эмес, бирок тартип болмоюнча шаар ɵнʏкпɵйт.

— Депутаттардын иши жана ынтымагы тууралуу эмне айтасыз?

— Бизде депутаттардын баары билимдʏʏ, шаардын келечеги ʏчʏн иштейм деген адамдар. “Ынтымак бар жерде ырыс бар”, —  деген принцип менен иш алып бардык. Ар ким ɵз амбициясын эмес, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга койду. Ошондуктан маселелер конструктивдʏʏ талкууланып, натыйжалуу чечимдер кабыл алынды.

— Калктын санынын ɵсʏшʏ шаарга кандай талаптарды коюуда?

— Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарынын калкы формалдуу эмес эсеп менен миллионго жакындады. Бул чоң жоопкерчилик. Ошондуктан жаңы балдар ооруканасын куруу, койка-орундарды кɵбɵйтʏʏ, социалдык жана медициналык кызматтарды кеңейтʏʏ боюнча республикалык бюджетке сунуштар берилʏʏдɵ.

— Мыйзамдарга киргизилген ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу айтып берсеңиз?

-2025-жылы «Ош шаарынын статусу» жана «Жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары» жɵнʏндɵ мыйзамдарга ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилди. Бул шаарды башкарууда жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачты. Менин жеке пикиримде, Ош жана Бишкек сыяктуу республикалык маанидеги шаарларга ɵзгɵчɵ статус берʏʏ маселесин дагы карашыбыз керек.

— Эл менен иштɵɵдɵ негизги принцип кандай?

— Бааны бизге эл берет. Эл баарын кɵрʏп турат. Ошондуктан ар бир чечим элдин тагдыры, келечеги ʏчʏн кабыл алынат. Биз эл эмне дейт деп иш алып барышыбыз керек. Ошондо элдин кызыкчылыгын ойлоп, маанилʏʏ чечимдерди чыгарган болобуз.

— 2025-жылы Ош шаардык кеңеши ʏчʏн массалык маалымат каражаттары менен иштɵɵ кандай деңгээлде болду?

— 2025-жылы массалык маалымат каражаттары менен иштɵɵ абдан жакшы деңгээлде болду деп ишенимдʏʏ айта алам. Биз Ош шаардык кеңешинин депутаттары, аппарат кызматкерлери, коомчулук жана журналисттер менен тыгыз байланышта иш алып бардык. Коомчулук буга ɵзʏ кʏбɵ болду. Биз массалык маалымат каражаттарына дайыма ачыкпыз. Кандай гана маселе же иш-чара болбосун, ЖМК ɵкʏлдɵрʏ менен биргеликте иш алып барууга кызыкдарбыз. Эл менен тʏздɵн-тʏз, ачык форматта иш алып барганыбыз да даана кɵрʏнʏп турат.

— 2026-жылга карата негизги пландар кандай?

— Пландарыбыз абдан чоң. Ак-Буура дарыясынын эки жээгин кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу, ирригациялык системаларды оңдоо, Орто Азиядагы эң узун сквер тʏзʏʏ, альтернативдʏʏ жолдорду ачуу, жаңы социалдык жана медициналык объекттерди куруу. Бул алдыдагы негизги багыттарыбыз. Бул долбоорлор ишке ашса, Ош шаары 2026-жылы таптакыр жаңы деңгээлге чыгат.

— Акырында шаардыктарга эмне айтар элеңиз?

— Шаарды ɵнʏктʏрʏʏ — бул бир гана мэриянын же шаардык кеңештин иши эмес. Бул жалпы элдин иши. Биз эл менен бирге иш алып барганда гана ийгиликке жетебиз. 2025-жыл мунун ачык далили болду.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author