2 февраля, 2026

Шаарыбыздагы жеке мектептер билим деңгээлин жогорулатабы  же коомду катмарларга бɵлɵбʏ?

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргызстандын билим берʏʏ тармагында жеке менчик мектептердин санынын ɵсʏшʏ коомчулукта кызуу талкууларды жаратууда. Айрымдар муну билим берʏʏнʏ сапатын  жаңы баскычка чыгарат десе, башкалары коомду бай — кедей деген катмарларга бɵлʏʏгɵ алып келет деп кооптонушат. Бул маселелер боюнча Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досумуратов, тажрыйбалуу мугалим Айсулуу Калыкова жана ата-энелер менен маектештик.

Тынчтыкбек Досмуратов:

Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмураов  жеке мектептердин кɵбɵйʏшʏнɵ карата коомдогу терс стереотиптерди четке кагат. Анын пикиринде, жеке мектептердин кɵбɵйʏшʏ билим берʏʏнʏн деңгээлин дароо эле кескин кɵтɵрʏп жибербесе да, учурдагы эң орчундуу социалдык кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏгɵ чоң кɵмɵк кɵрсɵтʏʏдɵ.

«Бʏгʏнкʏ кʏндɵ биздин экинчи борбор шаарыбыз болгон Ош шаарында мамлекеттик мектептердин жетишсиздиги ɵтɵ курч маселе. Калктын саны ɵскɵн сайын окуучулардын саны да арбып жатат. Мына ушундай кырдаалда жеке мектептер мамлекеттик мекемелердеги жʏктʏ ɵзʏнɵ алып, кɵйгɵйдʏн кандайдыр бир деңгээлде чечилишине чоң ɵбɵлгɵ тʏзʏп жатат. Ал эми “жеке менчик мектептер коомду бай-кедей кылып бɵлɵт” деген тʏшʏнʏк — бул 90-жылдардан калган эски жана туура эмес стереотип», — дейт Досмуратов.

Ал белгилегендей, жеке мектептерде жалаң эле капчыктуулардын балдары окуйт деген жаңылыш тʏшʏнʏк. Кɵпчʏлʏк ата-энелер ɵздɵрʏнʏн кʏнʏмдʏк иш графигине ылайыкташып же мектептердин программасындагы ɵзгɵчɵлʏктɵрдʏ, мисалы, тереңдетилген чет тилдерин жактыруусунан улам балдарын ушундай мекемелерге беришет. Мамлекет тарабынан лицензия алуу тартиби жеңилдетилгенден бери жеке мектептердин саны динамикалуу тʏрдɵ ɵсɵ баштады. Эгер ɵткɵн жылы Ош шаарында 50дɵй жеке мектеп болсо, быйыл алардын саны 72ге жетти.

Бул жерде эч кандай терс кɵрʏнʏш жок экенин баса белгилеген Досмуратов, мамлекеттик мектептер менен жеке мектептерди кескин салыштырып бɵлʏʏнʏн кереги жок экенин айтат. Анткени, мыкты натыйжа берген мамлекеттик мектептер да, жеке мектептер да бар.

«Тескерисинче, акыркы убакта жеке мектептен кайра мамлекеттик мектептерге кайткан окуучулардын саны кɵбɵйʏп жатканы байкалууда», — деди ал.

Айсулуу Калыкова:

Кɵп жылдык тажрыйбасы бар математика мугалими Айсулуу Калыкова жеке мектеп менен мамлекеттик мектептин айырмачылыгын тʏшʏндʏрдʏ. Анын айтымында, педагог ʏчʏн эки жерде тең иштɵɵ принциптери окшош болгону менен, сабак ɵтʏʏ боюнча тʏзʏлгɵн шарттарда чоң айырма бар.

«Мугалим ʏчʏн жеке мектеп менен мамлекеттик мектептин чоң айырмасы деле жок, бирок окуучулардын саны жана шарттары боюнча айырма асман менен жердей. Жеке мектептерде мугалимдин ишмердʏʏлʏгʏ ʏчʏн бардык зарыл нерселер камсыз кылынган. Жɵнɵкɵй эле сабакка керектʏʏ кеңсе товарларынан тартып, интерактивдʏʏ доска, проектор жана тʏстʏʏ принтерлерге чейин бар. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептерде мугалимдер мындай шарттарга ар дайым эле ээ боло алышпайт», — дейт мугалим.

Айсулуу айымдын пикиринде, класста окуучунун саны аз болушу (15тен 25ке чейин) билим деңгээлинин жогорулашына тʏздɵн-тʏз мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. 45 мʏнɵттʏк сабактын ичинде мугалим ар бир окуучудан 2-3 жолу сурап, жеке контакт тʏзʏʏгɵ ʏлгʏрɵт. Ал эми мамлекеттик мектепте окуучунун кɵптʏгʏнɵн улам, балдарды уюштурууга эле убакыттын кɵбʏ кетип, жаңы теманы тʏшʏндʏрʏп бʏткʏчɵ коңгуроо кагылат.

Мугалим белгилегендей,  жеке мектепте жоопкерчилик дагы жогору. Ата-энелер акча тɵлɵп жаткандыктан, баланын коопсуздугуна, тамагына жана билимине катуу талаптарды коюшат.

«Ата-эне акча тɵлɵп жатат, демек бааны кɵтɵрмɵлɵп коюу керек» деген суроого Калыкова мындайча жооп берди: «Ар бир мугалимдин ɵзʏнʏн абийирине байланыштуу. Мен, мисалы, “акча тɵлɵп жатат” деп бааны жɵн эле кɵтɵрбɵйм. Бирок бала окугусу келбей, ата-энесин чакыртканда, кээде “Биз акча тɵлɵп жатабыз, баасын коюп бериңиз” дегендер болот. Тʏшʏнгɵнʏ да, тʏшʏнбɵгɵнʏ да бар».

Каныкей Акбар кызы:

Каныкей Акбар кызы ɵзʏнʏн мисалында айрым ата-энелердин бул жааттагы ойлорун айтып берди. Анын уулу Алихан 1-класстан 8-класска чейин жеке мектепте окуган. Бул тандоо биринчи кезекте ʏй-бʏлɵлʏк шарттан улам келип чыккан.

«Жолдошум экɵɵбʏз тең эртеден кечке жумушта болчубуз. Баланы мектепке жеткирʏʏ, сабактан кийин алып келʏʏ жана сабактарын караганга мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз жок эле. Ошондуктан жеке мектептин “узартылган кʏн” тартиби бизге ыңгайлуу болду. Окуу акысы, тамак-ашы жана кошумча ийримдери биздин шартка туура келип, ɵзʏн актаган. Бирок, билим деңгээли боюнча натыйжа биз каалагандай болгон жок. Мен ɵзʏм педагог болгондуктан, баламдын татыктуу баасын алышын жана чыныгы билимин маанилʏʏ деп эсептейм», — дейт Каныкей айым.

Алихан ɵспʏрʏм куракка келгенде эмоционалдык жактан ɵзгɵрʏʏлɵр байкалып, бир аз агрессивдʏʏ боло баштаган. 8-класста ал ɵзʏ мамлекеттик мектепке которулууну каалаган. Себеби, жеке мектептеги саат 16:00-17:00гɵ чейинки графиктен чарчап, ɵз алдынча спортко жана башка курстарга барууну каалаган.

«Балам чоңойгондо спортко кызыгуусу кʏчɵдʏ, ал эми жеке мектепте буга шарт болбой калды. Ал “саат 2ден кийин мектептен кеткенге уруксат алып бериңиз, калган убактымда машыгууларга барайын” дегенинен, биз анын сунушун колдоп, мамлекеттик мектепке котордук. Азыр ал мамлекеттик мектепте окуп, калган убактысында ɵзʏ каалаган ийримдерге барып жатат», — деп сɵзʏн жыйынтыктады ал.

Жыйынтыктап айтканда, жеке мектептердин кɵбɵйʏшʏ — бул замандын талабы жана билим берʏʏдɵгʏ атаандаштыктын бир тʏрʏ. Алар мамлекеттик мектептердеги окуучулардын жыштыгын азайтууга кɵмɵктɵшʏп, ата-энелерге тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏн берʏʏдɵ. Ошол эле учурда, билимдин сапаты мектептин менчигинин тʏрʏнɵн эмес, мугалимдин кесипкɵйлʏгʏнɵн, окуучунун каалоосунан жана ата-эненин кɵзɵмɵлʏнɵн кɵз каранды экени талашсыз.

Айнура Валижанова

About The Author