2 февраля, 2026

Угуу жана кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыраган жарандар эмгек аркылуу жашоого аралашууда

Ош шаарында угуу жана кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыраган жарандар ʏчʏн жɵн гана жумуш орду эмес, жашоого болгон ишенимди кайтарган ɵзгɵчɵ ишкана иш алып барат. Бул Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин Тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ-ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коому. Бул жерде мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар ɵз эмгеги менен каражат таап гана тим болбостон, коомдун толук кандуу мʏчɵсʏ экенин сезип жашап келишет.

Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин Тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ-ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев:

— Бул ишкана социалдык муктаждыктан жаралган. Угуу жана кɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыраган жарандар башка жакка иштесе, ɵздɵрʏн толук кандуу жаран катары сезе албай калат. Ɵздɵрʏн кемсинтип, коомдон четтеп калгандай абалда жашашат. Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча кɵптɵгɵн институттар ушул маселени изилдеп чыгып, кɵзʏ азиздер менен дʏлɵйлɵр ʏчʏн атайын адистештирилген ишканаларды ачуу керек деген сунуш беришкен. Союз мезгилинде ошол сунуштардын негизинде бул ишканалар тʏзʏлʏп, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин иштеп келе жатат.

-Дʏлɵйлɵр 9-классты бʏтʏргɵндɵн кийин окуусун уланта албай калат. Себеби, атайын жабдуулар жок, адистер жетишсиз. Алар кесиптик окуу жайга да, жогорку окуу жайларга да бара албайт. Кɵзʏ азиздердин айырмасы — алар атайын окуу жайларда окуп, массажист болуп, компьютерде иштеп, ɵзʏнʏн алфавити менен билим ала алат. Ал эми дʏлɵйлɵр ʏчʏн мындай мʏмкʏнчʏлʏк дээрлик жок. Ошондуктан биздин ишкананын аталышында “ʏйрɵтʏʏ” деген сɵз бар. Союз маалында бул жерде чыныгы окутуп-ʏйрɵтʏʏ иштери жʏргʏзʏлгɵн. Азыр андай система жок болуп кеткен. Биз ошол ишти кайра жандандыруу ʏчʏн былтыртан бери атайын уюмдар менен долбоор тʏзʏп келе жатабыз. Тʏштʏк регион боюнча майыптыгы бар жарандарды окутуп-ʏйрɵтʏʏчʏ база тʏзʏʏ — биздин негизги максат.

— 2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз ɵкмɵтʏ менен Швейцария мамлекети биргелешкен долбоорунун алкагында “Чебер” эл аралык уюму аркылуу тигʏʏ цехине керектʏʏ эки даана, жалпы суммасы 286 миң сомдук тигʏʏ машинасын алдык. Ага чейин эл аралык уюмдардын жардамы менен 22 тигʏʏчʏ машина келген. 1995-жылы алынган эски машиналар толугу менен алмаштырылды. Дудук адамдар ошол машинкаларда ар кандай нерселерди тигип иштесе, кɵзʏ азиздер матрас, жаздык сыяктуу буюмдарды кол менен шырышат.

-Бизде мурда эмерек жасоочу мастер да, тигʏʏ цехинде бычмачы-технолог да жок болчу. Айлык аз болгондуктан кʏчтʏʏ адистер келбей турган. Азыр эл аралык деңгээлдеги тигʏʏчʏ жана эмерек жасоочу мастерлер келип, волонтёрдук негизде иштеп, жумушчуларыбызды ʏйрɵтʏп жатышат. Алардын жардамы менен эмеректер да сапаттуу жасалып, медициналык халат сыяктуу кийимдер дагы эл аралык стандартка ылайык тигилип калды.  Темирден жасалган отургучтарды да ɵзʏбʏз чыгара баштадык. Эми кандай буюртма болсо да коркпой ала алабыз.

-Бизде майыптыгы бар жарандар кʏнʏнɵ 7-8 саат отуруп иштешет. Ошондуктан алар кыймылдап, ден соолугун чыңдашы ʏчʏн атайын спорттук бурч уюштурдук. “Беговая дорожка” койдук. Кааласа жʏгʏрɵт, кааласа жатып эс алат, белин жазат. Бул дагы алардын ден соолугу ʏчʏн абдан маанилʏʏ.

Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин Тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ-ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын тɵрайымы Санаваркан Карачаева:

-Мен бул ишканада 23 жылдан бери иштейм. Биринчи топтогу кɵзʏмдɵн майыпмын. Бул жер мен ʏчʏн жɵн гана жумуш эмес, менин тагдырым. Мурда шарттар ɵтɵ оор болчу. Маяна аз, тартип жок, буюртма да аз эле. Азыр болсо баары жакшы. Ишканабыз, жада калса жатаканабыз дагы жылуу болуп жыргап калдык. Коомчулук менен бирге демɵɵрчʏлɵргɵ кат жазып жʏрʏп, акыры 580 миң сомдук жылуулук системасын орноттук. Азыр 13 ʏй-бʏлɵ жылуу шартта жашап жатат. Эмерек цехибиз дагы жылуулукка кошулган. Имаратыбыз Ош шаарынын мэриясы менен шериктештик программасынын алкагында оңдолду. Жалпы сметалык баасы 4 млн 370 миң сом болду. Ысык суу, муздак суу, душ баары бар. Азыр шарттарыбыз абдан жакшы.

-2023-жылга чейин маяналар абдан аз болчу. Азыр кɵбɵйдʏ. Жашообуз да ɵзгɵрдʏ. Мурда жардам сурап ар бир ишкананын эшигин какчубуз. Азыр андай эмес. Ишибиз, кадыр-баркыбыз бар.

Кыргыз азиздер жана дʏлɵйлɵр коомдук бирикмесинин Тʏштʏк ʏйрɵтʏʏ-ɵндʏрʏштʏк “Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын кызматкери Марифат Акимова:

— Мен бул ишканада 2008-жылдан бери иштейм. 18 жыл болду. Матрас каптап, пахта салам. Эки кызым бар. Жатаканада турам. Бул жерде иштɵɵ мага жагат. Коллективим жакшы. Баарыбыз бири-бирибизди тʏшʏнɵбʏз, кемсинтпейбиз. Тамашалап, кʏлʏп иштейбиз. Ошондуктан жумуш жеңил сезилет.

— Башында жумушка кɵнʏʏ кыйын болду. Кɵзʏм жарык менен караңгыны гана айырмалайт. Бирок жардам берген адамдар болду. Ошолордун жардамы менен бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин иштеп келем. Ырыскымды ушул жерден табам. Бирде аз болот, бирде кɵп болот. Буюртма кɵп болсо айлык да кɵбɵйɵт. Азыр убактылуу буюртма жок болуп, ʏйдɵ отурам. Бирок бул ишкананын иштеп турганы ɵзʏ чоң бакыт. Биз кɵрбɵсɵк да, укпасак да, сʏйлɵй албасак да, бири-бирибизден мотивация алып жашап жатабыз. Ɵз кʏчʏбʏз, ɵз эмгегибиз менен акча тапканыбыз — эң чоң жетишкендигибиз деп эсептейм.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author