2 февраля, 2026

АЛИМЕНТ: БАЛАНЫН УКУГУ ЖАНА АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ

Акыркы жылдары алимент маселеси коомдо ɵзгɵчɵ актуалдуу болуп келет. Бул тема аймактарда гана эмес, Жогорку Кеңеште да кɵп кɵтɵрʏлʏп, коомдук талкуулардын чордонунда турат. Ажырашуу учурларынан кийин баланын материалдык камсыздалышы кɵп учурда талаш-тартышка айланып, ата-энелер мыйзамды жетиштʏʏ билбегендиктен ɵз укуктарын толук пайдалана албай калышууда. Баланын тагдыры ата-эненин мамилесине кɵз каранды болбошу керек. Алимент — бул жаза эмес, баланын мыйзам менен корголгон укугу. Адвокат Нуртилек Сайдинов алиментке байланышкан эң кɵп берилген суроолорго жооп берет.

— Алимент деген эмне жана ал кимдерге тɵлɵнɵт?

— Алимент — бул ата-эненин жашы жете элек баласын багуу ʏчʏн мыйзамда каралган тартипте тɵлɵнʏʏчʏ акчалай каражат. Ата-эне никеде жашайбы же ажырашканбы — мунун мааниси жок. Баланы багуу милдети никенин бар же жоктугуна карабастан сакталат. Алимент ата же эне ʏчʏн эмес, тʏздɵн-тʏз бала ʏчʏн тɵлɵнɵт. Бул — баланын мыйзам менен кепилденген негизги укуктарынын бири.

— Алимент кайсы мыйзамдар менен жɵнгɵ салынат?

— Кыргызстанда алимент маселеси бир нече негизги мыйзамдык актылар аркылуу жɵнгɵ салынат. Алардын башында Кыргыз Республикасынын ʏй-бʏлɵ кодекси турат. Бул кодекс алименттин ɵлчɵмʏн, тɵлɵɵ тартибин жана негизги принциптерин аныктайт. Ал эми Жарандык-процессуалдык кодекс сотко кайрылуунун жол-жобосун белгилесе, Аткаруу ɵндʏрʏшʏ жɵнʏндɵ мыйзам сот чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат. Ɵз кезегинде Кылмыш-жаза кодекси алимент тɵлɵɵдɵн атайылап качкан адамдарга карата жоопкерчиликти карайт.

— Алиментти кимдер талап кыла алат?

— Мыйзамга ылайык, алимент талап кылууга бир нече категориядагы жарандар укуктуу. Алар — жашы жете элек балдар (ата-энесинин же мыйзамдуу ɵкʏлʏнʏн атынан), эмгекке жарамсыз ата-энелер, ошондой эле кош бойлуу же жаш баланы багып жаткан жубайлар. Алимент баланын негизги киреше булагы болуп саналат жана анын тамак-ашына, кийимине, билим алуусуна, дарылануусуна жумшалышы керек.

— Никеси катталбаган ата-энелер алимент ала алабы?

— Никеси расмий катталбаган ата-энелердин ортосунда да алимент ɵндʏрʏʏ мʏмкʏн. Эгер баланын туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏгʏндɵ атасы кɵрсɵтʏлгɵн болсо, алимент кадимки тартипте ɵндʏрʏлɵт. Ал эми атасы кɵрсɵтʏлбɵсɵ, анда алгач сот аркылуу аталыкты аныктоо талап кылынат. Юридикалык жактан алганда, нике фактысы эмес, аталык фактысы негизги мааниге ээ.

Эгер ата баласын тааныбай койсо, эне сотко кайрылып, ДНК экспертизанын негизинде аталыкты аныктоого укуктуу. Андан кийин алимент ɵндʏрʏʏ боюнча доо коюлат.

— Алименттин ɵлчɵмʏ кантип аныкталат?

— Кыргызстанда алименттин минималдуу же максималдуу ɵлчɵмʏ мыйзамда так кɵрсɵтʏлгɵн эмес. Бирок анын кɵлɵмʏ балдардын санына жана ата-эненин кирешесине жараша белгиленет. Кɵбʏнчɵ алимент кирешеден пайыздык ʏлʏш катары эсептелет:

•      бир балага — кирешенин 25 пайызы;

•      эки балага — 33 пайызы;

•      ʏч жана андан кɵп балага — 50 пайызы.

Эгер ата-эне расмий иштебесе же кирешесин жашырса, алимент орточо эмгек акыга, жашоо минимумуна же сот тарабынан белгиленген туруктуу акчалай суммага жараша эсептелет.

— Чет ɵлкɵдɵ иштеген атадан алимент ɵндʏрʏʏгɵ болобу?

— Ооба, мʏмкʏн. Кыргызстан тиешелʏʏ эл аралык конвенцияларга кошулгандыктан, чет ɵлкɵдɵ иштеп жʏргɵн атадан да алимент ɵндʏрʏʏ мыйзамда каралган.

— Алиментти ɵндʏрʏʏнʏн тартиби кандай?

— Алимент ɵндʏрʏʏ ʏчʏн доогер ɵзʏ же жоопкер жашаган жердеги райондук (шаардык) сотко арыз менен кайрылат. Сот чечими чыккан соң аткаруу баракчасы алынып, Сот аткаруучулар кызматына тапшырылат.

Эгер арыз сот буйругу тартибинде берилсе, иш 5 жумушчу кʏндʏн ичинде каралат. Ал эми доо ɵндʏрʏшʏ тартибинде берилсе, иш 1 айга чейинки мɵɵнɵттɵ чечилет.

— Сотко барбай, макулдашуу жолу менен алимент тɵлɵтсɵ болобу?

— Ооба, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алимент маселесин сотко кайрылбастан, тараптардын ɵз ара макулдашуусу жолу менен чечʏʏгɵ жол берилет. Бул ʏчʏн ата-эне нотариуска кайрылып, алимент тɵлɵɵ жɵнʏндɵ нотариалдык макулдашуу тʏзɵ алышат.

— Алимент тɵлɵɵдɵн качкандарга кандай чаралар кɵрʏлɵт?

— Алимент тɵлɵɵдɵн качкан адамга карызды мажбурлап ɵндʏрʏʏ, мʏлктʏ камакка алуу, чет ɵлкɵгɵ чыгууга тыюу салуу, айдоочулук укуктан ажыратуу, кылмыш жоопкерчилигине тартуу сыяктуу чаралар мыйзамда каралган.

— Алимент карызы канча убакытка чейин эсептелет?        

— Баланын жашы 18ге толгондон кийин алимент милдети негизги тартипте токтойт. Эгер бала билим алып жатса (орто окуу же жогорку билим) жана мыйзам менен белгиленген кошумча чыгымдар бар болсо, алимент карызы белгилʏʏ кээ бир шартта 23 жашка чейинда  улантылышы мʏмкʏн.

— Алиментти акча эмес, товар же кызмат менен тɵлɵɵгɵ болобу?

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алимент негизинен акчалай каражат тʏрʏндɵ тɵлɵнɵт. Товар же кызмат менен алимент тɵлɵɵ соттун макулдугу менен гана мʏмкʏн.

— Алимент тɵлɵɵ тууралуу соттун буйругу чыгып, бирок баланы ɵзʏ багып жаткан ата алимент тɵлɵбɵй койсо болобу?

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алимент тɵлɵɵ тууралуу соттун буйругу кʏчʏндɵ турган учурда, баланы ɵзʏ багып жаткан ата алимент тɵлɵɵдɵн ɵз алдынча баш тарта албайт. Соттун буйругу же чечими жокко чыгарылмайынча же ɵзгɵртʏлмɵйʏнчɵ, ал милдеттʏʏ тʏрдɵ аткарылышы керек.

Эгер бала чындап эле алимент тɵлɵɵчʏ ата менен туруктуу жашап, анын толук багуусунда болсо, ата сотко кайрылып, алимент тɵлɵɵ милдетин токтотуу же сот буйругун жокко чыгаруу тууралуу арыз берʏʏгɵ тийиш. Сот тиешелʏʏ далилдерди карап чыгып гана алиментти токтотуу же ɵзгɵртʏʏ жɵнʏндɵ чечим чыгара алат.

— Алимент алып жаткан эне чет ɵлкɵгɵ чыгып кетсе, алимент укугу сакталабы?

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алимент алуу укугу эненин чет ɵлкɵгɵ чыгып кетишине байланыштуу жоголбойт. Алимент — бул жогоруда айткандай эненин эмес, баланын укугу, ошондуктан баланын жарандыгы же эненин жашаган жери ɵзгɵргɵн кʏндɵ да алимент тɵлɵɵ милдети сакталат.

Эгер бала эне менен бирге чет ɵлкɵдɵ жашап жатса, алимент Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде мурдагыдай эле ɵндʏрʏлɵт. Зарыл болгон учурда алимент эл аралык келишимдердин алкагында аткарылат.

Бирок эгер бала эне менен эмес, атасы же башка мыйзамдуу ɵкʏлʏ менен жашап калса, анда алимент алуу маселеси кайрадан сот аркылуу каралышы мʏмкʏн.

— Алимент алган эне акчаны максатсыз жумшаса эмне кылуу керек?

— Эгер алимент алып жаткан эне алынган каражатты баланын керектɵɵлɵрʏнɵ эмес, башка максаттарга жумшап жатканы аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алимент тɵлɵɵчʏнʏн укуктарын коргоо механизмдерин карайт. Мындай учурда ата сотко кайрылып, алиментти пайдалануу тартибин ɵзгɵртʏʏ жɵнʏндɵ арыз берʏʏгɵ укуктуу.

Сот ишти карап чыгып, алимент каражатынын бир бɵлʏгʏн же толук суммасын баланын жеке эсебине которууну, же болбосо алиментти тʏздɵн-тʏз баланын кызыкчылыгына багытталган тартипте пайдаланууну милдеттендире алат. Ошондо да алиментти ɵз алдынча токтотууга жол берилбейт. Бардык ɵзгɵртʏʏлɵр соттун чечими менен гана ишке ашат.

Жарандарга кеңеш: Алимент маселесинде оозеки убадага ишенбɵɵ, милдетти кечиктирбɵɵ, баланын укугун коргоого кɵңʏл буруу жана документтерди мыйзамдуу жол менен даярдоо керек.

Гульнура Ормонова

About The Author