2 февраля, 2026

“Ош-Тазалыкка” арналган 11 жылдык эмгек

Ар дайым шаарыбыздагы кɵчɵлɵрʏбʏз, аянттар, жерлер таза болуп турат. Бул эмгектин артында шаардын тазалыгын сактап, ишин сʏйʏʏ менен аткарган адамдар эмгектенет. Кɵчɵлɵрдʏ шыпырып, таштандыларды чогултуп, балдар аянтчаларын жана коомдук жерлерди таза кармоо — алардын кʏнʏмдʏк милдети. Шаарыбыздын тазалыгын ар дайым кɵзɵмɵлдɵп келип, ʏзгʏлтʏксʏз караган тазалык кызматкерлеринин бири Акылэс Закирова айым менен маек курдук.

Акылэс айым 11 жылдан бери шаардын тазалыгын камсыз кылып, тургундарга жагымдуу шарт тʏзʏп келе жаткан кызматкерлердин бири. Бул маекте анын кʏнʏмдʏк жумушу, кыйынчылыктары, кызыктуу окуялары жана тазалыкка болгон кɵз карашы  тууралуу пикирлештик.

— Акылэс айым, ɵзʏңʏздʏ тааныштырып кетсеңиз. Кайсы кесип боюнча билим алдыңыз жана канча жылдан бери «Тазалыкта» эмгектенип келесиз?

— Мен Ош педагогикалык окуу жайын бʏттʏм. Негизги кесибим боюнча тарбиячы болчумун. Алгач балдарды тарбиялоого жана окутууга багытталган жумушта иштедим. Бирок 2015-жылы турмуштук шарттарга байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасына жумушка кирдим. Иштегениме азыр 11 жыл болду.  Узак мɵɵнɵттɵн бери иштеп жатканымдын себеби,  жумушумду сʏйʏп, жоопкерчилик менен аткарганым жана кесиптештерибиздин ынтымагы. Кɵбʏнчɵ адамдар тазалык боюнча жумушту жеңил деп ойлошот, бирок ар бир кʏн жаңы кʏчтʏ, чыдамдуулукту жана кɵңʏл бурууну талап кылат.

— 11 жыл ʏзгʏлтʏксʏз иштеген адам катары айтып бериңизчи, кʏнʏңʏз кантип башталат?

— Эртең менен саат тɵрттɵ турам. Бети-кɵзʏмдʏ жууп, караган аймагыма чыгам. Ар бирибиз ɵзʏбʏзгɵ берилген жерибизде ишибизди баштайбыз. Мен дагы ɵзʏмдʏн тазалоочу бɵлʏгʏмдʏ жоопкерчилик менен тейлейм. Кɵчɵлɵрдʏ мʏмкʏн болушунча таза жана ирээттʏʏ кылууга аракет кылам. Ар бир кɵчɵнʏ болушунча таза шыпырып, таштандыларды аламын. Бул менин кʏнʏмдʏк адатка айланган милдетим.

— Эрте чыгып иштɵɵ эмнеге пайдалуу?

— Эртең менен туруп, кʏндʏ тосуп алуу, таң атып, эшик агарганын кɵрʏʏ дагы бул ɵзʏнчɵ керемет сезим. Ал эми кɵчɵлɵрдʏ, аянтчаларды шыпырып, таштандыларды жыйнап, адамдардын кʏнʏн таза аба менен баштоосуна жардам бергенибиз – бул чоң жумуш, ал эми таң эрте иштɵɵ денебизге  эң жакшы кɵнʏгʏʏлɵрдʏн бири болот. Бул да болсо мен ʏчʏн бир мотивация. Кээде кичинекей балдар же карыялар келип, «рахмат» деп колумду кармайт. Мындай мамиле мага жылуу энергия берет.

— Сиз кайсы аймакты тейлейсиз жана жумушуңузда кʏнʏмдʏк иш убактыңыз кандай?

— Мен СМТУдан Черемушкага чейинки аймакты тазалайм. Жалпы 250 ʏй бар. Таңкы саат сегизге чейин бɵлʏнгɵн аймагыбызды толугу менен тазалайбыз. Кыздар шыпырат, жыйнайт, балдар ташыйт, эркектер чоң таштандыларды алып чыгышат. Саат 9:00дɵ жалпы жыйынга чогулуп, жумуш бɵлʏштʏрʏлɵт. Андан кийин кайра бɵлʏнгɵн аймактарыбызга чыгып, шаарды бʏтʏндɵй тазалайбыз. Кээде кошумча тапшырмалар келип, эртең менен пландаштырган жумуштан сырткары дагы жумуш берилип калса аткарып турабыз. 

—  Жумушта кыйынчылыктар кездешеби?

— Албетте, ар бир жумуштун ɵзʏнʏн кыйынчылыгы болот эмеспи. Ошол сыңарындай биздин дагы жумушубуздун кыйынчылыгы бар. Мисалы, биз жамгыр жааса дагы, кар жааса дагы, кʏн ысык болсо дагы ишибизди токтотуп турбайбыз. Аба ырайы ɵтɵ начар болуп жатса дагы «бʏгʏн иштебейм» деп айткан эмесмин. Анткени, ар бир кʏн мага ɵзгɵчɵ жаңы эргʏʏ жана кʏч берет. Кыйынчылык болсо да, шаар ʏчʏн жасаган эмгегимди ойлогонумда, ишке болгон сʏйʏʏм кʏчɵйт.

— Суукта эрте менен туруп иш кылуу ден соолугуңузга терс таасирин тийгизбедиби?

—  Эрте туруп, кɵп кыймылдоо ден соолукту чыңдайт. Биздин буту-колубуз оорубайт, ден соолуктун жакшы болушу жумуштун табияты менен байланыштуу. Кан айлануу жакшырат, организм чыңдалат. Ар бирибиз чымыр денелʏʏбʏз жана кыймылсыздыкка жол жок. Эң негизгиси бул жумуш жалкоолукка чакырбайт.

— Кичинекей нерселерге кɵңʏл буруу  чоң жоопкерчилик деп эсептейсизби? 

— Мурун кичинекей таштандыны ыргытып койчумун, азыр андай кылууга жʏрɵгʏм чыдабайт. Шаарыбызды, жерибизди деги эле Кыргызстаныбызды таза сактоо – ар бирибиздин милдетибиз эмеспи. Кээде адамдар байкабай ыргыткан кичинекей нерсени кɵрсɵм деле, аны жерден алып таштандыга таштамайынча жʏрɵгʏм чыдабайт. Ар бир нерсе майда нерседен башталышы керек деп ойлойм. Адамдар «бул жерге келбейт, же эч ким кɵрбɵйт» деп таштандыны ыргытып койгондон арылуубуз керек.

— Иш учурунда кызыктуу окуялар болгонбу?

— Ооба, кызыктуу учурлар кɵп болот. Кээде балдар келип, “рахмат” дешет, карыялар ыраазычыктарын айтып, батасын беришет. Бул ишке болгон сʏйʏʏмдʏ кʏчɵтɵт. Ишибизди бʏтʏргɵн соң командабыз менен дагы чай ʏстʏндɵ баарлашып, кулʏп олтуруп калабыз. Бул учурда дагы да болсо маанайыбыз кɵтɵрʏлʏп, жумушубуз жеңилдеп жана командалык ынтымагыбыз бекемдей тʏшɵт.

— Кесиптештер жана жетекчилик тууралуу айтып берсеңиз?

— Жамаатта 35 адам иштейбиз. Эркек-аял, жаш-карысы биригип, бири-бирибизди урматтап, колдоп турабыз. Жетекчибиз Жылдыз Кɵчкɵнов абдан жакшы адам. Маселелерибизди угат, зарыл болгон нерселерди камсыз кылат. Ар кандай жактарга эс алганы жɵнɵтʏп турат. Ал эми профсоюз тарабынан бɵлʏнгɵн каражатты эс алуу жана командалык иш ʏчʏн колдонобуз. Бул да болсо стимул берип, жумушту сʏйʏʏ менен аткарууга тʏрткʏ берет.

— Бир иште 11 жыл ʏзгʏлтʏксʏз иштɵɵ сизди эмнеге ʏйрɵттʏ?

— Бул жумуш мени жоопкерчиликке, мээнетке ʏйрɵттʏ. Адамдар менен мамиле кылууну, ар бир жумушка кɵңʏл бурууну ʏйрɵттʏ. Тазалыкка берилʏʏ — мен ʏчʏн турмуштук принципке айланды. Азыр ар бир бурчту таза кармоо мен ʏчʏн маанилʏʏ.

— Шаар тургундары “ыраазычылык айтып, батасын берет” деп айтып калдыңыз, кайсыл учурда ыраазычылыктарын кɵбʏрɵɵк билдиришет? 

— Кɵп адамдар эрте менен 4-5 чамасында жолдон ɵтʏп кетип жатып ыраазычылыгын билдирип ɵтʏшɵт. Кай бирлери атайы машинасынан тʏшʏп саламдашып, жылуу сɵзʏн аяшпайт. Анын ʏстʏнɵ эртең менен таза абада дем алып, кʏндʏн чыкканын кɵрʏп, адамдардын рахматын угуу ɵзʏнчɵ эле бактылуулук алып келет. Бул сезимдер жумушту улантууга чоң кʏч берет.

— Шаардын тазалыгы тууралуу эмне дейсиз?

— Биз шаарыбызды таза кармоого аракеттенебиз, бирок элден да жоопкерчилик кʏтʏлɵт. Кээде кичинекей таштандылар калган учурда тургундарга тʏшʏндʏрʏп коёбуз. Шаар таза болсо, адамдардын маанайы кɵтɵрʏлɵт, балдар таза жерде ойнойт. Ар бир кʏн, ар бир жыл шаарды таза кармоо ʏчʏн аракет баарыбыздын колубузда. Бул мен ʏчʏн гана эмес, жалпы коом ʏчʏн маанилʏʏ. Тазалык – ар бирибиздин милдетибиз жана сыймыгыбыз.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author