2 февраля, 2026

Мектептердин айланасы бошотулуп, эски жайлар оңдолот: Мэрдин жаңы жылдагы алгачкы алгылыктуу иштери

Жакында эле Жеңишбек Токторбаевдин иштегенине бир жыл болуп, мэрия калаа башчынын жылдык отчетун чыгарды. «Анын бир жылда жашаган ишин башка мэрлер ʏч жылда да кылган эмес», — деп шаардыктар белгилегендей, мэрдин иши кɵбʏнɵ ʏлгʏ катары айтыла баштады. Деген менен шаар башчысы ɵткɵн иштердин эйфориясында калып эле калбай, андан ары жумуштарын мурдагыдан да катуу темпте улантууда. Тɵмɵндɵ биз мэрдин жакын арада эле жасаган иштерин баяндап беребиз.

Ош шаарындагы №8 (Горький), №6 Макаренко, №57 Тажиматов атындагы билим берʏʏ мекемелеринин аймагындагы имараттарга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертʏʏ кагаздары берилди.

Бул мектептердин баштапкы аймагы кыскарып, жеке менчикке берилип кеткен. Мындан улам мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен билим уяларынын жерлерин кайтаруу иштери жʏрʏʏдɵ.

16-январь кʏнʏ Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ошшаарсууканал”муниципалдык ишканасынын “Озгур” суу тазалоо бекетинин капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ иштери менен таанышты.

Шаар башчысы суу тазалоо бекетинде курулуш жʏрʏп жаткан объекттерди кыдырып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен кабар алып, курулуштун сапатына ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу зарылдыгын белгилеп, жооптуу адистерге коопсуздук талаптарын так сактоо жана курулуш иштерин ɵз мɵɵнɵтʏндɵ бʏткɵрʏʏ боюнча тапшырмаларды берди.

Мэр: «Мынанын ичтери эмне болду? Ичиндеги ириген-чиригендерди алып чыктыңарбы?».

«Ош шаар суу канал» муницпалдык мекемесинин жетекчиси Талант Байкишиев: «Баарын алып чыгып койдук».

Мэр: Азыр кайтканда кɵрсɵтɵсʏң».

Талант Байкишев: «Ооба».

Мэр: «Та-ак» мобул бʏттʏ ээ?».

Талант Байкишев: «Мунун фасады, алдыңкы жагы бʏттʏ, мынанын мына тарабы бʏттʏ».

Мэр: «Азыр мынанын ʏстʏндɵгʏ чатырын кандай кыласың?».

Талант Байкишиев: «Чатырына 5 см «стояшка» куюп туруп, неме менен «жидкий стекло» менен кошуп туруп «рубировать» кылабыз».

Мэр: « Мына эми окшошуптур. «Ремонтко» окшоптур, кара. 40 жылдан бери ирип-чирип кеткен…».

Талант Байкишиев: «50 жыл».

Мэр: « 50 жыл болуптур, бир карап койбопсуңар да. Эми мынанын ʏстʏнɵн суу ɵтпɵй турган болуш керек, тʏшʏндʏңбʏ?».

Талант Байкишиев: « Ооба».

Мэр: «Канча «бригада» иштеп жатат «общий» ?».

Талант Байкишиев: «Фасадда «общий» 5 «бригада» иштеп жатат».

Мэр: «Мына дарактарды буташ керек. «Жашылдандыруу» менен сʏйлɵш, келип «общий» бутасын.

Талант Байкишиев: «Ооба».

“Озгур” суу тазалоо бекети Ош шаарынын калкынын 80 пайызын ичʏʏчʏ суу менен камсыз кылат. Ошондой эле бекет пайдаланууга берилгенден бери ири оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏргɵн эмес.

Ош шаарындагы эски автобазанын мыйзамдуулугу каралат.  Маалым болгондой, 16-январь кʏнʏ Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусунун алкагында Кайырма каналынын эки бетине курулуп жаткан эс алуу жайын кɵрʏп чыкты, андан ары Монуев кɵчɵсʏндɵ жайгашкан эски автобазанын аймагын кыдырды.

«Кыдыруунун жʏрʏшʏндɵ шаар башчысы учурдагы абалы менен жеринен таанышып, аталган автобаза убагында приватташтырылып кетип, азыркы учурда жеке менчикке ɵткɵрʏлʏп кеткени боюнча маалымат алды», — деп айтылат муниципалитет тарткаткан маалыматта.

Токторбаев тиешелʏʏ жетекчилер менен Кайырма каналын жана эски автобазаны кыдырып, эскилиги жеткен автобазаны мэриянын кармагына алуу тапшырмасын берди.

Мэр Кайырма каналын иретке келтирип, башаламан ɵскɵн дарактарты кыркуу тапшырмасын берди.

Андан ары эски автобазага барып, анын абалы  менен таанышты.

Мэр: «Бул жер не болгон автобаза экен?».

«ФУГИнин балансында болсо керек бул», — деди жетекчилердин бири.

Вице-мэр Мирлан Казыбай уулу: 2909 деген база эле», — деди ал.

Мэр: «Ушуну тактап бергилечи мага.

Мамлекеттики кайсыл жерде болсо ушундай да. Талап-тоноп жеп бʏтʏшкɵн да бул жерлердичи. Мына, «как раз» биз жер таппай жатабыз. Мына жер. Мына жер, карачы, жɵн эле таштанды болуп жатат. Карачы, атаңын кɵрʏ-ʏ… Муну эми (эски автобусту карап) металлаонго тапшырып, неметсе болбойбу муну? Ай, атаңын кɵрʏ-ʏ-ʏ!.. Атаңын кокуй ай!..Баары мамлекеттики да ушуларчы. Карачы… Муну тезинен ɵзʏбʏзгɵ алыш керек экенда жердичи. «Как раз» биз база жок жʏрɵбʏз. «Как раз» бизге база керек болуп жатат. «УГДга» база жок. Тиги немеге база жок, транспортко. «ОГМАПка» да керек. Маршруткага автобазабыз жок. Шаардын ортосу… «Как раз» Мамыровго уруксат бербей жатпайбы. «Давай», тезинен документин тактап, бʏгʏн мага алып келгиле. «ФУГИде» болсо ɵткɵрʏп алалы ɵзʏбʏзгɵ, карачы. Аянты бир 3,5 гектар чыкчудай экен а? 3,5 гектардан да ашыгыраактай экен. «Давайте» ушуну тезинен документтерин алып келгиле. Госрегистр, силерде бар а документер?», — деп суроо салды ал.

«Кадастрдын» ɵкʏлʏ аларда бар экенин айтты.

Мэр: «Мыналарды карачы… Булар эми «списание» болгон да?», — деди ал.

«Ооба, ооба, болгон», — деп жооп берди жанындагылар.

Мэр: «Списание» болсо, анда металломго тапшырбайбы», — деди ал.

Вице-мэр Мирлан Казыбай уулу: «Муну эми жетекчилер жоопкерчилигине албай жʏрɵт окшойт».

Мэр: «Бардак»… Оштун «центри». Оштунчу мобул жерден башка центри жок. Так Оштун жʏрɵгʏ. «Автовокзал» кылса болот. «Автовокзал» тетиги жакта мушташып жатат.

Ай-ай-ай! Карачы мынаны, баары ушул мамлекеттики да. Ушунун баары мурдагы жетекчилердин шалаакылыгы да», — деди мэр.

Вице-мэр Мирлан Казыбай уулу: «Имараты да кɵчɵйʏн деп калыптыр».

Мэр: «Жанагы приватизацияга жол берген Акаев, Бакиев, баарын ошолор жок кылды да. Акаев маалында приватизация болду беле?», — деди мэр.

Мирлан Казыбай уулу: «Союз бузулганда…», — деди ал.

Мэр: «Муну мэрияга алышыбыз керек, мунун ээси жок экен. Тазалабайт эми булар, ɵзʏбʏз тазалашыбыз керек. Мына мобул жерге МИКке же ГИКке ʏй салсак болот да.  Садыр Нуркожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич келбегенде «вообще» эле мамлекет жок болмок экен да.

Менин бир Бекмурза деген досум бар. Ошол досум айтат: «Жолдорду да сата баштадык эле», — дейт. «Жолдорду сата баштадык эле» дейт. Карачы мыналарын.

«Атаңын кɵрʏ-ʏ-ʏ, «страшно»… Мына дагы база. «Барда-ак»… Эч кимге кереги жок, карачы? Бардыгы мамлекеттики. Талап-тоноп, эптеп, «приватизация» кылышып, «за копейки» кылышып… «Кадастр», архитектура, тактагыла, макулбу? Карачы мына биз жер издеп жʏрɵбʏз, бир квадрат жерибиз жок. Бир квадрат жерибиз жок, не жеген жерлерди басып жатышат, карачы? «Та-ак», бул жерде дагы 2 гектар жер бар экен а? Нары жакта 3, жалпы 5 гектар жер бар экен. Азыр бул жерде бир сотых жер бери дегенде 50 миң доллар болсо, 25 млн доллар болобу? 25 млн доллар, карачы», — деди мэр.

Мирлан Казыбай уулу: «2 млр 200 болот экен».

Мэр: «Сомгобу?».

Мирлан Казыбай уулу: «Сомго эсептегенде, 2 млрд».

Мэр: «Давайте», ушул жерди тактайлы. Мобул эки жерди , макулбу? Мэрияга керек болуп жатпайбы», — деди мэр.

Доорон Токтошев

About The Author