27 июля, 2024

КАРАВАН МЕНЕН САЯКАТТОО YЧYН ТYРКИЯДАГЫ ПОПУЛЯРДУУ МАРШРУТТАР

Караван саякаты барган сайын популярдуу болуп баратат. Тʏркия кооз жаратылышы, байыркы шаарлары жана даамдуу ашканасы менен караван саякаттары ʏчʏң да эң сонун ɵлкɵ.

Популярдуу маршруттардын бири Эгей деңизинен Жер Ортолук деңизине чейин алып барган жол. Чанаккаледен башталган маршрут менен сиз  байыркы Троя шаарын кыдырып, Илиада жана Гомердин Одиссеясынын баатырдык эпостору менен тааныша аласыз. Андан ары маршрут Айваджик, байыркы Ассос шаары, Ида тоосунун этегине чейин барып, Тʏркиянын эң «жай шаары» болгон белгилʏʏ Урладан, Фоча Арт питомниги, Ширинже, Чешме жана Алачаты курорттук аймактарына бет алат. Измир шаарында Эфес, Пергама жана Клозаменай сыяктуу кɵптɵгɵн тарыхый байыркы шаарларды изилдеп, ошондой эле Эгей ашканасынын бай тамактарынан ырахат ала аласыз.

Эгер сиз Жер Ортолук деңиз жээгин жактырсаңыз, анда Мугланы камтыган  Бодрум, Фетхие, Мармарис, Датча жана Кɵйжеиз шаарларына бара турган маршрутту тандаңыз. Айрыкча жандуу атмосферасы жана суу астындагы музейи жана Галикарнас мавзолейи менен белгилʏʏ Бодрум шаары абдан кызыктуу. Ошондой эле булл жерден Лагина, Гераклея, Стратоникия жана Книдс байыркы шаарларына бару менен байыркы цивилизациялардын издерин таба аласыз. Датча жарым аралынын эң аягында жайгашкан Книдосту айланып ɵткɵндɵн кийин Датчанын тынч аймагына барасыз.

Туристтик маршрут Ɵлʏдеңиз пляждары жана Кɵпɵлɵктɵр ɵрɵɵнʏн да аралап ɵтɵт. Бабадаг тоосунун четинен популярдуу параплан жолдорун кɵрʏʏгɵ болот.

Жер Ортолук деңизинин жээгин жактыргандар ʏчʏн, Анталияга — Тʏрк Ривьерасынын жʏрɵгʏнɵ алып барган маршрут да сунушталат. Анталья пляждары, жаратылышы жана байыркы Ксанф, Летун, Сиде, Перге, Аспендос, Мира жана Патара сыяктуу тарыхый эстеликтери менен белгилʏʏ. Бул жерде кɵптɵгɵн популярдуу треккинг жолдору бар. Анын ичинде Ликия жолу жана Писидия маданий мурастарын кɵрʏшʏңʏз мʏмкʏн. Анталия провинциясында ошондой эле дʏйнɵнʏн ар тарабынан суучулдарды ɵзʏнɵ тартып турган атактуу Кас шаары жана эң кооз пляждардын бири – Капуташ бар.

Эгер сиз токойлуу тоолор жана кооз жээктер аркылуу укмуштуудай саякаттоону кыялдансаңыз, Кара деңиз жолу эң сонун тандоо. Стамбулдан жашыл токойлуу Болу аркылуу саякаттап, андан кийин жыгачтан жасалган тʏркʏйлɵрʏ болгон Сафранболу менен Самсун, Орду,  Трабзон, Ризе жана Артвин сыяктуу кооз шаарларды кыдырасыз. Сизди бардык жерде улуу пейзаждар, тарыхый эстеликтер жана уникалдуу маданият, ошондой эле тʏрдʏʏ чɵптɵр жана жаңы балыктар менен укмуштуудай тʏрк ашканасы кʏтɵт.

Тʏркия саякат тажрыйбаңызды гана байытпастан, бул уникалдуу ɵлкɵнʏн унутулгус таасирлерин калтыра турган кɵптɵгɵн керемет караван жолдорун сунуштайт.