Конкреттʏʏ улутка каршы биологиялык курал ойлоп табууга мʏмкʏнбʏ жана генетика аракечтикке кандай таасир берет?
Непадам, Россиянын кайсыл бир жашоочусу Европада ДНК-тест тапшырып калса, анда ал 30 пайыз финн жана 40 пайыз поляк экенин таң калуу менен билип алат. Тесттердин мындай куулук-шумдуктары, ошондой эле орус адамынын геномунун ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ жагдайында Томскийдеги медициналык генетиканы илимий изилдɵɵ институтунун эволюциялык генетика боюнча лабораториясынын жетектɵɵчʏ адиси, биология илимдеринин доктору Владимир Харьков айтып берет.

“АДАМДА- АҢ-СЕЗИМ БИРИНЧИ”
-Жакында эле эстон модели Анна Миконен анда орус каны жок экенин далилдɵɵ ʏчʏн ДНК-тест тапшырып ызы-чуу салды. Генетик –окумуштуу катарында сиз буга кандай карайсыз?
-Адамдын кайсыл бир улутка таандык экенин генетикасы эмес, анын аң-сезими аныктаарын окумуштуу дегендин баары билет. Менин бир досум бар, анда бир тамчы да орус каны жок, бирок ал ɵзʏн орусмун деп эсептейт, анткени ал маданияты жагынан орус.
Сиздин модель европалык кайсыл компанияга генеалогиялык тест тапшырганын билбедим, бирок кɵптɵгɵн андай фирмаларда россиялык популяция боюнча базалык маалыматтар жок экенин так билем. Эгерде ал компаниялар дагестандык бирɵɵгɵ: аварга, лезгинге, табасаранга, цахуруга, агулуга, рутульцуга жана башкага ДНК –тест жасап кɵрʏшкɵндɵ натыйжасы башкача, айталы, 30 пайыз грузин, 40 пайыз азербайжан болуп чыкмак. Анткени, аларда тек гана дагестандыктарды этноско ылгоо боюнча базалык материалдар жок.
Менин дагы бир таанышым (орус, бирок канында кɵбʏрɵɵк коми этносу аралашкан, Сибирде чоңойгон) чет ɵлкɵдɵ жанагыдай эле тесттен ɵткɵндɵ ɵзʏнʏн 30 пайызга финн жана 40 пайызга поляк экендигин аныктаптыр. Калган гендери деле Борбордук Европалыктардын гендеринен болуп чыгыптыр.
КОНКРЕТТYY БИР ГЕНГЕ КАРШЫ БИОЛОГИЯЛЫК КУРАЛ ИШТЕП ЧЫГУУГА МYМКYН ЭМЕС
-А балким, чет элдиктерде биздеги популяция боюнча тиешелʏʏ материалдардын жоктугу жакшыдыр. Бир нече жылдар мурда биздин бийликтегилерде чет элдик адистер биздин элден биологиялык ʏлгʏлɵрдʏ алып кетишʏʏдɵ деген кооптонуулар жаралганы эсибизде.
-Кооптонууну тʏшʏнсɵ болот: эгерде кимдир-бирɵɵлɵрдʏн колунда башка бир этникалык топтун биологиялык материалы болуп калса, анда ал топко гана ылайыкталган биологиялык курал иштелип чыгылбайбы? Бирок, аталган учурда бул биологиялык куралды иштеп чыгуу менен эч бир байланышы жок. Эгерде америкалыктарга орустун, индустун, кытайдын, корейдин биологиялык материалы керек болуп калса, аларга бул эч кандай оорчулук жаратпайт. Анткени, алардын ɵлкɵсʏндɵ ʏлкɵндɵгɵн диаспоралар жашашат. Четинен танда да, биологиялык зарыл материалдын ʏлгʏсʏн ала бер.
АКШДАН “ КУЛАК КЕСМЕ”
-Орус адамынын ДНК сы ʏчʏн гана мʏнɵздʏʏ деп эсептелген кандайдыр-бир генетикалык маркер, белги бар десе болобу?
-Албетте, жок. Бардык элдердин гендери иденттʏʏ, айырмасы анча деле чоң эмес топтордун аллелейинде (гендин тʏрдʏʏ формалары) жатат. Бул, мисалы, бой, беттин жалпактыгы, кɵз кыйыгы, каш жана мурундун формалары менен байланышкан морфологиялык белгилер. Ал эми негизги гендер боюнча алганда, анча деле айырмачылыктар байкалбайт. Мына ошол себептен конкреттʏʏ улутка каршы ылайыкташтырылган биологиялык куралды иштеп чыгуу иш жʏзʏндɵ такыр мʏмкʏн эмес. Андай болбогондо баягы менин жарымы финн, жарымы поляк таанышыма биологиялык кандай курал иштелип чыгышы керек? Ойлоп кɵрчʏ…
Бул жааттагы аракеттер дээрлик жʏз жылдан бери болуп келатат, бирок ийгиликсиз.
Орусту же айталы, корейлерди гана кыра турган патогенди тʏзʏʏ мʏмкʏн эмес.
Жугуштуу ооруларга таасир берʏʏчʏ же андайлардан коргонуучу гендер боюнча алганда да, элдердин ортосундагы айырмачылыктар абдан алсыз. Испан тумоосун эстейли — ал дʏйнɵ боюнча, баш-аягы 100 миң адамды кырган. Ошондой эле кɵрʏнʏш азыркы убакта ковид менен болуп жатат-ɵлʏмгɵ алып келген кɵрсɵткʏчтɵр бардык ɵлкɵлɵрдɵ болжолдуу тʏрдɵ бирдей.
-Биокуралды иштеп чыгууга “жʏз жылдан бери” ким аракет кылууда? Адатта, аалымдар бул темадан буйтап ɵтʏшɵт…
-Ɵз мезгилинде муну менен жапондор алпурушуп, Кытайга чуманы таратышкан. Америкалыктар да ушундай кылышкан. Советтер Союзунда деле ушуга окшош жумуштар жʏргʏзʏлгɵн, илимий топ Казакстанда иш алып барган. Ал топту жетектеген адам СССРкулагандан кийин Америкага кеткен жана бардык жыйынтык материалдарды сатып, оңбогондой акчага ээ болгон.
-“СССРдин мурдагы аймактарын АКШ коркунучтуу вирустарды иштɵɵдɵн ɵткɵрʏʏчʏ полигонго айландырып алды деген билдирʏʏлɵр да чыккан. Америкалыктардын ɵзʏлɵрʏ муну тынч гана изилдɵɵлɵр” деп айтышууда.Сиз кандай ойлойсуз?
-Муну тынч гана изилдɵɵлɵр деп америкалыктар кулакка кесме илишʏʏдɵ. Бул бир мезгилде жʏргʏзʏлʏп жаткан илимий да, биологиялык курал жасоо жагынан реалдуу да изилдɵɵлɵр десе болот. Андай иштелмелер чоочун аймактарда, мисалы, алардын айыл чарбасына залал келтирʏʏ максатында колдонулушу ыктымал, Чочко чумасын алалы,ал жасалма тʏрдɵ болушу толук мʏмкʏн. Тоок, чочко жана башка тумоолор жана башка илдеттер да ошондой болушу ыктымал. Биолабораторияда синтезделген ооруу козгогучтар келип-кетʏʏчʏ канаттууларга, миграциялануучу жаныбарларга жуктурулат да, алар аны ɵз кезегинде белгилʏʏ бир аймактагы ʏй жаныбарларына жугузушат. Бул реалдуу натыйжа менен иштеп берет.

АЛКОБАЙЛАНЫШ
-Аларды спирт ичимдиктерин кɵп ичишет, себеби аларда этил спиртин кайрадан иштетʏʏгɵ жооптуу ген бар деген стереотип жашап келет. Ошондойбу?
-Бул жерде айырмачылыктар орустар менен башка элдердин эмес, европеиддер жана чыгыш азиялык популяциялардын ортосунда жатат. Ɵз мезгилинде акыбети Тʏштʏк-Чыгыш азиялыктардын кɵпчʏлʏгʏ спирт ичимдиктерин анча деле кɵп иче албаган, жалпак тил менен айтканда, кɵтɵрɵ албагандай гендик мутация жʏргɵн. Натыйжада, Тʏштʏк-чыгыштын басымдуу кɵпчʏлʏк калкында спиртти эритип жибере турган фермент жоголуп, адамдын андан уулануусу кʏчтʏʏрɵɵк болуп калган.
Европада гендин бул варианты кыйла эле сейрек учурайт. Этанолдун метаболизми жакшы иштегенде, адам спирттик ичимдикти кɵп иче алат, демек алкоголизмдин ɵнʏгʏʏ тобокелчилиги анда башкалардан жогору болот. Бирок, бул кɵз карандылыктын кандайдыр бир “мастыктын гени” менен эч кандай байланышы жок. Бул мааниден алганда, орустар европеиддерден ɵзгɵчɵ деле айрмаланбайт, орустарда алкоголду кайра иштете турган ферменттердин айкалыштары алардыкы менен бирдей.
Даярдаган: Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
2023-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу жөнүндө
Тузду аз колдонуу керек
“Мыйзам ишке кирсе, ата-эне айына 1200 сомдон тɵлɵйт”