8 сентября, 2024

Кʏнʏгɵ окшош тʏш кɵрɵ берʏʏ мʏмкʏн эмес

Айрым учурда адамдар тʏш деле кɵрбɵйт же кɵргɵн тʏшʏн толук унутуп калышат. Кээде кʏнʏ бою болуп ɵткɵн окуя тʏшкɵ кирсе, башка убакта таптакыр ойлонбогон нерселерди кɵрʏʏ мʏмкʏн. Айтор, тʏштɵр эмнеден улам болорун илим так аныктай элек. Аны жоруп гана тим болгонубуздун себеби да балким, ошондондур. Адамдар жагымдуу тʏштɵр реалдуу жашоого жакшы жаңылык алып келеринен ʏмʏт кылса, коркунучтуу тʏштɵрдʏн тескерисин айтып, оң жакка бурууга аракет кылышат. Макалада маанилʏʏ нерселерден кабар берген тʏштɵрдʏн айрымдарына токтолобуз. 

Тʏштɵ баланын абалына маани берʏʏ керек

Америкалык психолог – тʏш жоруу боюнча китептери менен белгилʏʏ болгон Густав Миллердин айтуусу боюнча тʏштɵ деталдарга маани берʏʏ зарыл. Бала кандай абалда болгон? Кимдин баласын тʏш кɵрʏп жатасыз, ɵзʏңʏздʏнбʏ же башканынбы?

Ɵз баласынын катуу ооруп жатканын тʏш кɵрʏʏ тынчсызданууга негиз болуп саналат. Бул баланын ден соолугуна болбосо да анын жыргалчылыгына кандайдыр нерсенин тоскоол болорун эскертет. Тʏштɵ бала ыйласа же жоголуп кетсе жагымсыз окуяларды шарттайт. Ал эми балдар менен ойносоңуз — бизнесте же жеке жашоодо ийгиликке жетʏʏ, бала менен чогуу окуу же жумуш жасоо — жыргалчылыкка, гʏлдɵп-ɵнʏгʏʏгɵ, бактылуу турмушка жетʏʏ.

Ошондой эле тʏштɵ аялдардын бала эмизʏʏсʏ – анын аң-сезимин, акылын, чыгармачылык идеяларын ɵрчʏтʏп, жаңы жашоого умтулуп жатканын билдирет. Сʏт – бирɵɵгɵ кам кɵрʏʏнʏн символу, эне менен баланын ортосундагы тыгыз байланыш. Демек, бул тʏш жакындарга кам кɵрʏʏгɵ, ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏңʏзгɵ колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ, кыйын учурларда досторго жакын болууга кеңеш бериши мʏмкʏн.

“Чоңоюп калган балдар жакшылыктын жышааны”

Исламдагы тʏш жоруу китептеринде жаңы туулган ымыркай сиздин дарегиңизге карата кошоматчылыктын кɵптʏгʏнɵн чарчап турганыңызды билдирет. Чоңоюп калган балдар жакшылыктын жышааны. Ɵз балаңызды колуңузга кɵтɵрʏп туруу келечекте байлыкты жана бактылуу жашоону убада кылат. Ошондой эле турмушка чыга элек кыз же турмуштагы келиндер тʏшʏндɵ дени сак, сʏйкʏмдʏʏ ымыркайды колуна алса эне болууга даяр экенинен, жакын арада бул бакытка жетерин тʏшʏнсɵ болот. Негизи кɵпчʏлʏк тʏш жоруу китептеринде баланын тɵрɵлʏʏсʏ тууралуу белгилер сʏзʏп бараткан балык, тунук суу, жумуртка же дарбыз аркылуу берилет.

Унаа башкарып баратсаңыз

Тʏштɵ унаа айдоо – активдʏʏлʏк. Ишмердʏʏлʏк чɵйрɵсʏндɵгʏ ɵзгɵрʏʏлɵргɵ алып барат. Унаа сатып алууну мурунку кызмат ордун калыбына келтирʏʏгɵ аракет деп тʏшʏнсɵ болот. Унааны сатып жиберʏʏ – жумушта кыйынчылыктарга туш болуу. Унаанын бузулушу достордун кабар албай жоголушун же маанилʏʏ иштин аткарылбай калышын билдирет.

Унаа айдоо азыркы жашооңузда болуп жаткан кырдаалдарды башкара билʏʏнʏ эскертет. Тормоз иштебей калуу, рулду башкара албоо, кырсыкка кабылган сыяктуу тʏштɵрдʏ кɵбʏнчɵ ɵз жашоосун контролдон чыгарып алган адамдар кɵрʏшɵт. Жан дʏйнɵсʏ тынч албай, балким ɵзʏ билбеген абалда бир нерсеге тынчсызданып жʏргɵндɵр унаа кырсыгынан баштап жер титирɵɵ, суу каптоо сыяктуу кырсыктарды кɵрʏшʏ мʏмкʏн. Аялдардын тʏшʏндɵ унаага отурушу, аны мыкты башкара алышы кызматтан кɵтɵрʏлʏʏ же жаңы кызматты кыялданып жатканын жоруйт.

Ванганын тʏш жоруусу боюнча унаанын тʏсʏ маанилʏʏ 

Ванга унаанын сырткы кɵрʏнʏшʏнɵ, тактап айтканда, анын тʏсʏнɵ кɵңʏл бурууну кеңеш кылат. Ак унаа мансаптык ɵсʏштʏ жана жакшы кирешени билдирет, кызыл же кызгылт сары – финансылык абалдын жакшыруусу, ишкердиктин алга жылуусу. Кɵк — туруктуулук, бейпилдик жана кɵптɵн бери келе жаткан кыйынчылыктардан арылуу мезгили. Жалпылап алганда унааны сапарларды жана жаңы долбоорлордун белгиси катары кароо керек. 

Ислам тʏш китебинде

Унаа айдоо кадыр-барктын кɵтɵрʏлʏшʏ. Унаа жок кезде адамды биринчи жерден экинчи жерге алып баруу кызматын ат, эшек жана тɵɵ сыяктуу жаныбарлар аткарып келген. Кыргыз элинин тʏш жоруларында да ат, эшек минʏʏ ийгиликтин белгиси катары каралат. Мында сапарга алып чыккан жаныбарлар менен транспорттук каражаттардын окшош жорулаары кызык. Учактан башкасы…

Тамак-аш коюлган дасторкон жагымдуу белги

Тамак-ашты тʏш кɵрʏʏ, эң маанилʏʏ иштерге, документтерге кылдат мамиле кылууну эскертет. Жалгыз тамактануу айрым жоготуулардан кабар берсе, эл менен тамактануу киреше же кокустан келʏʏчʏ жакшы жаңылыктар. Эгер тʏшʏңʏздɵ тамак-аш коюлган дасторконду кɵрсɵңʏз бул жагымдуу белги. Жакын арада маанилʏʏ жолугушуулар, жаңы таанышуулар, кызыктуу баарлашуулар кʏтʏлɵт. Эгер тамак-аш даярдоонун убарасында жʏрсɵңʏз кандайдыр кыйынчылыктар жɵнʏндɵ айтып жатат. Даамсыз тамак жесеңиз, кимдир бирɵɵгɵ ички таарыныч бар.

Мɵмɵ-жемиштерди тʏш кɵрʏʏ

Эгер тамак-аш, мɵмɵ-жемиштерге толгон дасторконду кɵрсɵңʏз, ʏйгɵ коноктордун кɵп келип, ал тургай той-мааракелердин болушу кʏтʏлɵт. Анткени мɵмɵ-жемиш тʏшкɵ кирсе бойго жеткен кыз турмушка чыгып же эркек бала ʏйлɵнʏʏсʏ мʏмкʏн. Бирок, мɵмɵ-жемиштин тʏсʏн эске алуу кажет, сары жемиштер ооруну билдирет. Бул албетте, бардык сары жемиштерге тиешелʏʏ эмес. Мисалы, апельсин — ден соолукту, ананас — иштердин ийгиликтʏʏ аяктаганын, банан жыргалчылыкты, шабдалы — киреше жана пайданы билдирет.

Сʏйʏʏдɵн кабар берген тʏштɵр

Башка бирɵɵнʏн бакчасынан мɵмɵ-жемиш терʏʏ, бышып турган алма же жʏзʏм, кемеде сʏзʏʏ, мышыкка тамак берʏʏ, чабалекейлер, шакек, сɵйкɵ сыяктуу зер буюмдар.