27 июля, 2024

«Аутизми бар адам же бала дʏйнɵнʏ башкача кабылдайт»

Статистикалык маалыматтарга ылайык акыркы он жылда ɵлкɵбʏздɵ аутизм менен тɵрɵлгɵн балдардын саны ɵскɵн. Ошондуктан мындай балдарга кандай кам кɵрʏʏ керектиги тууралуу элдин тʏшʏнʏгʏ анчейин калыптанган эмес. Жакында Бактыгʏл Чыныбаева жана Зейнеп Ибрагим кызынын “Аутизм менен жашоо” деп аталган китеби жарыкка чыкты. Авторлор ɵз эмгегинде аутизми бар балдарга кандай мамиле жасоо керек, алар менен кантип баарлашуу керектигин кенен айткысы келген. Сыясы кургай элек китептен ʏзʏндʏ келтиребиз.

Аутизм деген эмне?

Аутизм – адамдын жʏрʏм-турум, башкалар менен мамиле куруудагы ɵзгɵчɵ абалы. Кɵп илимпоздор аутизмди мээнин ɵнʏгʏʏсʏнʏн бузулуусу катары изилдеп келишкен. Бирок мээде эч кандай бузулууну таба албагандан кийин аутизм кандайдыр бир оору эмес, ал жɵн гана адамдагы абал деген тыянак чыгарышкан. Аутизми бар адам же бала дʏйнɵнʏ башкача кабылдайт. Башка адамдар менен мамиле тʏзʏʏдɵ, ɵз оюн айтууда кадимки кишилердей боло албайт. Ошондой эле кызыккан нерселери да чектелʏʏ болот.

Аутизмдин себептерин азырынча бир да окумуштуу аныктап, таба элек. Кɵптɵр баш мээдеги бузулуу болушу мʏмкʏн десе, айрымдары тукум куучу кɵрʏнʏш деп да да божомолдошкон. Кээде ата-энелер эмдɵɵдɵн кийин болду дешет. Айтор, так, аныкталган аутизмдин себеби азырынча жок. Аутизми бар адамдар МАЙЫП эмес, ал жɵн гана ƟЗГƟЧƟ адамдар. Алар деле кадимкидей билим ала алышат, иштегенге толук мʏмкʏн жана иштей алышат.

Аутизм деген тʏшʏнʏк 1980-жылдардан бери белгилʏʏ болуп, диагноз коюлуп келе жатат. Илимпоздор азыркы тапта ар бир миң баланын алтоо аутист болушу мʏмкʏн дешʏʏдɵ.

Аутизмдин белгилери

Аутизми бар адамдарда же балдардын жʏрʏм-турумунда бир нече кызыктай ɵзгɵчɵлʏктɵр болот. Аны Repetitive Behavior Scale-Revised (RBS-R) (кайталанган жʏрʏм- турум ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ) деген категория менен текшерʏʏгɵ мʏмкʏн.

• Атынан чакырса карабайт, аутизми бар балага кайрылсаңыз кɵзʏңʏздʏ тике карап сʏйлɵбɵйт. Ɵз атына реакция кылбайт. Ɵзʏн ʏчʏнчʏ жак менен “ал” деп аташы мʏмкʏн.

• Стереотиптʏʏлʏк – максатсыз кыймылдар же колун булгалай берʏʏ, башын чайкоо, максатсыз ары-бери чуркоо.

• Кɵздʏ тике карабайт – аутизмдин негизги белгилеринин бири кɵздʏ тике карабоо, баланы карап сʏйлɵп жатсаңыз ал сизди эмес, башка жакты телмире тиктеп отурган болот. Кɵзʏн кароого аракет кылсаңыз кɵзʏн ала качышы мʏмкʏн. Бир нерсени кɵргɵзсɵңʏз, сиз кɵрсɵткɵн тарапты карабай коёт.

• Ашыкча иреттʏʏлʏк оюнчуктарды  же жеке буюмдарын аябай иреттʏʏ кылып тизип алуу. Ирети бузулса капа болуп, ыйлап же кайгыруу.

• Ритаулдык кулк-мʏнɵз – бир эле кийимди чечпей кийип жʏрɵ берʏʏ, бир жакка баратканда да бир эле жолдон басуу, башка жолго тʏшсɵ кыйкырып чыр салуу. Ɵзгɵрʏʏлɵргɵ каршы чыгуу.

• Чектелген кызыгуулар – бала бир эле оюнчукту колунан тʏшʏрбɵй, ошого эле “жабышып” алат. Же бир эле мультфильмди кɵрɵт, бир эле сʏйʏктʏʏ ыры болот.

• Аутоагрессия – ɵзʏнɵ ɵзʏ кол салуу, ɵзʏн тиштейт, ɵзʏн башка чапкылайт. Аутизми бар балдардын болжол менен 30% бул кɵрʏнʏш катталган.

• Билим алууда кыйналат – кɵпчʏлʏк аутисттер окуганды, жазганды ɵтɵ кыйынчылык менен ʏйрɵнɵт. Бирок кээ биринин эске тутуму, кабыл алуусу кадимки адамдардан ɵзгɵчɵ кʏчтʏʏ болот.

• Себепсиз жинденʏʏ – аутизми бар бала ɵз оюн, каалоосун башкаларга тʏшʏндʏрɵ албаса кыйкырып жинденет же ыйлайт.

• Ашыкча активдʏʏлʏк – акыл-эсти бир жерге топтой албай кыйналуу, ɵткɵн чакты айтып бере албоо.

• Катуу чыккан ʏндɵрдɵн коркуу – аутизми бар адамдардын угуу сезимталдыгы ɵзгɵчɵ болгондуктан, айрым ʏндɵр аларга абдан катуу жана коркунучтуу сезилиши мʏмкʏн. Катуу чыккан музыка, ыйлаган бала же машиненин добушуна кулагын баса калып, кыйналып чыгышат.

• Калдалаңдап басуу – аутизми бар балдардын кɵпчʏлʏгʏ ɵз денесин толук кандуу сезе албагандыктан, бутунун учу менен басышы мʏмкʏн, же калдалаңдап баланс сактай албай кыйналат.

• Тамак-ашты тандап жейт – аутизми бар балдар жаңы тамак-аштан чочулайт. Алар ɵзʏнɵ гана жаккан бир тʏрдʏʏ тамакты жегенди жакшы кɵрʏшɵт.

Child with Autism covering his ears from outer sounds and has issues with communication, flat vector illustration isolated on white. Autism disorder symptoms and signs.

Аутизмди аныктоо жана ɵз алдынча тестирлɵɵнʏн жɵнɵкɵй ыкмалары

Бала кичирээк кезде аутизмдин белгилери кɵп билинбейт. Бирок буту басып, сʏйлɵп калганда аны байкаса болот. Эгерде баланын ɵнʏгʏʏсʏндɵ кечеңдɵɵ болуп, кандайдыр бир ɵзгɵчɵ учурлар байкалса анда аны башка балдарга салыштыруу жолу менен ɵз алдынча тестирлеп, болжолдуу чечим чыгарса болот. Бирок расмий диагнозду клиникалык психиатр гана коет. Кыргызстанда балдардын клиникалык психиатр дарыгерлери аябай аз. Кɵбʏ Бишкектеги психиатриялык борбордо гана отуруп, балдарды кабыл алышат. Андыктан, алгач баланы педиатрга кɵрсɵтʏп, байкаган ɵзгɵчɵ абалдарды айтуу керек.

Диагнозго карата мамиле

Балаңыз же кызыңызда аутизмдин белгилери билинип, же диагноз коюлганда ичинизде ɵтɵ чоң бороон-чапкын болушу мʏмкʏн. Аябай ачууланып, дʏйнɵдɵ ɵзʏңʏз эле жалгыз калгандай кайгырып, диагнозду мойнунузга алгыңыз келбей кыйналасыз. Ушундай сезимдердин болушу кадыресе кɵрʏнʏш, алардан качпаңыз. Ар бир ата-эне канынан жаралган баласынын жакшы гана болуусун каалайт эмеспи. Дароо эле жанталашып балага кандай жардам берсем деп дарыгер, адис издеп чуркап жɵнɵшʏңʏз мʏмкʏн. Мындай башаламан учурда ɵзʏңʏздʏ унутуп да коесуз. Жеке кызыкчылыктарыңызды, ал тургай ден соолугуңузду карабай каласыз. Бирок сиздин мындай абалыңыз аутизми аныкталган балага эч кандай жардам бербейт. Тескерисинче, бала кыйналып, анын ɵнʏгʏʏсʏ ого беш бетер кечеңдеши мʏмкʏн.

Балаңыз аутизм экени жакындарыңыздын да жашоосун ɵзгɵртɵт. Бʏтʏндɵй бир ʏй бʏлɵнʏн турмушун аңтарып салышы мʏмкʏн. Даигноздон коркосуз, кʏнɵɵлʏʏ издейсиз, жашооңуздун огу качат, тең салмактуулук болбой калат, жубайыңызга же жакындарыңызга таарынычтар кʏчɵйт, башыңыздан негативдʏʏ ойлор кетпей туруп алат.

Мунун баары нормалдуу, мындай сезимдерди аутизм диагнозу коюлган бардык ата-энелер башынан ɵткɵрɵт. Анткен менен бул сезимдердин баары сизди туткунга алуусуна жол бербеңиз, себеби кɵпкɵ чейин кайгырып, кейий берсеңиз ɵз саламаттыгыңыз жабыркайт. Ар тʏрдʏʏ оорулар келип чыгышы мʏмкʏн. Андыктан, диагнозу аныкталган балага башка балдардай эле талапты коюп, ошондой эле мамиле кылганга аракет кылыңыз.

Аутизмдʏʏ баланын бир туугандарына жардам

Ɵзгɵчɵ баланын ата-энеси болуу аябай чоң стресс менен коштолот. Кээде бул стресске чыдай албай да калышыңыз мʏмкʏн. Ошентсе да, ɵзгɵчɵ баладан башка да балдарыңыз тууралуу унутпаңыз. Алар да бул абалдан аябай жабыркап, кыйналат. Дайыма эле “бир тууганың ɵзгɵчɵ, ал жардамга муктаж, эмнеге аны карашпай жатасың же сен аны карап турууга милдеттʏʏсʏң” деген сыяктуу сɵздɵрдʏ айта бербеңиз. Мажбурлап ɵзгɵчɵ балаңызды кадимки балдарга аралаштырбаңыз. Оюндарга кошкусу келбей жатса нейротиптʏʏ (ɵнʏгʏʏсʏ кадыресе болгон балдар) баланы урушпаңыз, кʏнɵɵлɵбɵңʏз. “Сен бир тууганынды караганга милдеттʏʏсʏң” деп ɵзгɵчɵ балага анын бир туугандарын “нянька” кылып койбоңуз. Ар бир баланын муктаждыгы ар башка.

Жɵнɵкɵй тил менен, урушпай берки балдарыңызга аутизмдʏʏ баланын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн айтып бериңиз. Кээде алар бир тууганынын кɵчɵдɵ, коомчулукта кылган ар тʏрдʏʏ тʏшʏнʏксʏз кылыктарынан уялышы мʏмкʏн. Албетте, бул да нормалдуу кɵрʏнʏш. Ошентсе да ɵзгɵчɵ баланын бир туугандарына сиз анын абалы тууралуу жетиштʏʏ маалымат берсеңиз уялуу, ачуулануу сезимдери азаят.

Башкысы балдарыңызга диагнозго карабай баарына бирдей мамиле кылыңыз. Кɵп ата- энелер ɵзгɵчɵ баласына каражат, убактысын кɵбʏрɵк сарптап, нейротиптʏʏ балдардын ɵнʏгʏʏсʏ аксап калган учурлар бар. Эсиңизде болсун, аутизмдʏʏ бала чоңоюп, сиз картайганда ага туура кам кɵрʏʏ ʏчʏн дал ушул бир туугандарынын психологиялык абалы мыкты болушу керек. Нейротиптʏʏ балдарыңыз сиздин сʏйʏʏгɵ аутизмдʏʏ баладан да кɵбʏрɵɵк муктаж экенин ар дайым эстеп, ошого жараша мамиле кылыңыз. Алардын канчалык жакшы ɵнʏгʏʏсʏ, жашоо шартынын жакшы болуусу билим алуусу сиздин ɵзгɵчɵ балаңыздын жана да жашоосуна таасир этип, аны бактылуу кыларын унутпаңыз.