27 июля, 2024

ТИЛ ЖАНА УЛУТ МАМТИЛ – МААНИЛYY САЯСАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ” конституциялык мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелʏʏ. Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жʏргʏзʏʏнʏн укуктук негиздери белгиленген.

Мыйзамда кыргыз тилин билʏʏгɵ жана ɵз ишинде колдонууга милдеттʏʏ адамдардын тизмеси кɵрсɵтʏлгɵн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери да кирет.

Мыйзамда чет ɵлкɵлʏк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылары айтылат. Телерадиокомпаниялар ɵз берʏʏлɵрʏнʏн 60 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде алып баруулары керек.

Орус тили Кыргызстанда расмий тил катары пайдаланылары белгиленген.

“Кыргызстанда жашаган бардык этностордун ɵкʏлдɵрʏнʏн  тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏгɵ кепилдиктерди берет. Ар бир жаран эне тилин сактоо, окуп-ʏйрɵнʏʏ жана ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏгɵ укуктуу” деп жазылган документте.

ОЙДОЛОКТОЙ ТУРГАН НЕГИЗ ЖОК

Тил – тез саясатташа турган сезимтал маселерден экени белгилʏʏ. Айрыкча, постсоветтик мейкиндикте бул ого бетер талылуу, дароо дʏңк этип кетчʏ кʏчкɵɵ ээ факторлордун бири болуп кала берээринде шек жок. Ошондуктан курулай саясаттан, калпыс ойлордон оолак болуп акыл калчоо жалпыбыздын коомдук милдетибиз.

Лингвистикалык статистиканын маалыматтарына таянсак, 2050-жылдарга жетип азыр  колдонулуп жаткан тилдерден 500 чамалуусу жок болуусу ыктымал. Анткени, азыркы тапта ар эки аптада бирден тил жоголуп жатканы эсептелип чыгылган. Жалгыз-жарым, жалкы кɵйгɵйлɵрдʏн арасында анча-мынча жалпы, адам атпайды тʏгɵл кызыктырар маселелерге назар таштай жʏргɵндɵн эч ким уттурбайт.

Жалпы эле тилдин калыптанышы, байышы, ɵнʏгʏшʏ деген сыяктуу эволюциясынын да ɵз табияты, мыйзам ченемдʏʏлʏктɵрʏ бар.

Жогоруда белгиленгендей, 17-июлда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнʏндɵ” мыйзамга кол койду. Бирок, Баш мыйзамга ɵзгɵртʏʏ же толуктоолор киргизилген жок. Демек, Баш мыйзамда башынан эле белгиленген орус тилинин расмий статусу сакталуу бойдон калды. Эч ким ага кол да,тил да тийгизген жок. Бирок,Москва ага дароо дурус эмес реакция жасаганы, албетте, ɵкʏндʏрбɵй койбойт.

Тил маселесине келгенде кандай чечим, кандай реакция болбосун, анын келечегин аныктай турган эң негизги фактор – жаштар. Тил илимине байланышкан изилдɵɵлɵрдʏн негизги корутундуларынын биринде  тигил же бул тилди ошол улуттун улгайган адамдары канчалык кɵркɵм, адабий нормада сʏйлɵшсɵ да, ошол эле улуттун жаштары ал тилди мыкты билбесе тил ɵксʏп, кемип олтураары айтылган. Тескерисинче,  тигил же бул тилди жаш муун кеңири колдонуп, ошол тилде ээн-эркин баарлашса, ал тил жашай берет. Бул бир эле кыргыз тилине тиешелʏʏ эмес, жалпы эле тилге таандык мыйзам ченемдʏʏлʏк экенин эскерте кетели. Албетте, ага ɵбɵлгɵ же кедерги боло турган факторлор ичтен да, тыштан да чыгышы мʏмкʏн. Ошого карабай, тилдин келечеги да жаштардын колунда экендиги талашсыз.

КЫРГЫЗ ТИЛИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНДЕ ГАНА ƟНYГƟ АЛАТ

Байыркы элдин, Борбордук Азиядагы кʏчтʏʏ этностун бай тили, азыркы учурдагы суверендʏʏ мамлекеттин ɵзɵгʏн тʏзгɵн, ɵлкɵгɵ атын берген улуттун эне тили жана дʏйнɵгɵ цивилизациялык айырбаштагыс салым кошкон кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгарган биринчи конституциялык жобо 1929-жылкы Кыргыз АССРинин Баш мыйзамында белгиленген. Бул факт, юридикалык акт.

Кыргыз ССРинин 1937-жылдагы Конституциясында кыргыз тилинин мамлекеттик тил экендиги тууралуу аныктама алынып салынып, анын ордун кыргыз тилин колдонуу чɵйрɵсʏн  тарыткан жоболор баскан. Сот иштерин аймактарда калктын санына жараша орус, ɵзбек ж.б. тилдерде жʏргʏзʏʏ сыяктуу жоболор кошулган. Бул жыл кыргыз журт башчыларын жок кылган кандуу репрессия апогейине жеткен жыл экени белгилʏʏ.

 Андан кийинки, 1929-жылкы Конституцияда да кыргыз тили мамлекеттик тил тууралуу статусунан кур жалак калган. 1929-жылкы Коституциядан кийин туура 60 жылдан ɵтʏп, 1989-жылы гана кайрадан кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу ыйгарылат. Албетте,Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили кыргыз тили тууралуу 1989-жылдагы мыйзам ошол мезгилдин ɵтɵ чоң жеңиши, суверенитеттин чыныгы актысы болгон.

Тилекке каршы, мыйзам кабыл алынгандан кийинки мезгил ичинде кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекем орун ээлей албады. Тескерисинче, 60 жыл мурдагыдан айырмаланып башка улуттар эмес, кыргыз улутундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин билʏʏ проблемасы жаралды, эне тилин билбеген муун, мамлекеттик тилде сабаттуу жаза албаган, сʏйлɵй албаган чиновниктердин чоң катмары жаралды, эне тилин билбеген эки муун калыптанды. Анткени, кɵрʏлгɵн аракеттердин майнабы аз болуп, мыйзамдуу, конкреттʏʏ иштерге караганда эмоциялык деңгээлдеги мамиле, эсептелбеген, такталбаган кадамдар. Декларативдик ураан-чакырыктар,  популисттик маанайдагы иштер басымдуулук кылды, ички тоскоолдуктар арбын болду. Ошентип мамлекеттик тил мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишинде, билим берʏʏ, маданият, маалымат чɵйрɵсʏндɵ дээрлик колдонулбай келгени маалым. 74 пайыз кыргызды  ɵз мекенинде кыргызча сʏйлɵтɵ албай, кыргызга эне тилин ʏйрɵтɵ албай убара тартып келе жаткандыгыбызды жашыра албайбыз. Эми мынтип суверендʏʏ ɵлкɵнʏн президентинин ɵз ɵлкɵсʏнʏн мамлекеттик тили тууралуу конституциялык мыйзамга кол коюшу орус бийлигинин реакциясын жаратты.

Орус  тышкы иштер министри Сергей Лавров коммерциялык уюмдардын башчылары менен болгон жолугушуусунда кыргыз тили тууралуу мыйзамга кабатыр экенин билдирип, мыйзам тууралуу идея жаралганда эле аны демократиялык эмес кадам деп кыргыз жолдошторду эскерткенин билдирди. Муну Садыр Жапаров мындайча тʏшʏндʏрдʏ:

“Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сʏйлɵп атса керек. Ал мыйзамда  орус тили дискриминация болсун деген тʏшʏнʏк жок”,- деди президент “Кабар” агенттигине берген маегинде. “Орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма Баш мыйзамда да бар. Нормалар кала берет. Врачтар менен мугалимдерге тиешеси жок.

Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып жатабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили да ошондой керек. Анткени КМШ ɵлкɵлɵрʏ менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб ɵлкɵлɵрʏнɵ, ошол эле Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ барганда да орус тилинде сʏйлɵшʏп атпайбызбы. Бул жерде биз ɵз тилибизди да ɵздɵштʏрɵлʏ деп жатабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сʏйлɵгɵндɵрʏн байкасаңар, жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч кимибиз же толук орусча сʏйлɵбɵйбʏз же толук кыргызча сʏйлɵбɵйбʏз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди бирдей ɵздɵштʏрɵлʏ. Керек болсо, англис, француз, кытай тилин да ʏйрɵнɵлʏ. Канчалык кɵп тил билсең, ошончолук ɵзʏңɵ жакшы эмеспи”,-дейт Жапаров.

ТИЛ – ГЕОСАЯСИЙ ФАКТОР

Ошентип, дипломатиялык мекеменин жетекчиси Лавров “Ишти кайра улантабыз. Бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок, башка багыт ʏстɵмдʏк кылды” деп орус тилинин,орус маданиятынын, орус билиминин тыштагы ордун бекемдɵɵгɵ багытталган аракеттердин контекстинде билдирди. Абай салган адамга “башка багыт” деген сɵз айкашы доминант аныктама экени байкалат. Орус бийлигинин кɵз карашына туура келбеген нерселер башка багыт, бɵлɵк, чоочун, жат кɵрʏнʏш. Муну менен эле баш ийкеп калбайбыз, кайрадан ынандырууга аракеттенебиз дегендей маани ɵзʏнɵн ɵзʏ келип чыгат.

Орус дипломатиясынын орус тилинин  чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ абалы ʏчʏн кабатырлануусу, орус тилинин маанисин арттыруу аракети кадимкидей эле кɵрʏнʏш. Ага чычалап, ичтеги ишке кийлигишʏʏдɵ деп жер тепкилештин кереги жок. Лавров ɵз милдетин аткарып, кызматын кылып жатат. Анын ʏстʏнɵ Европа жана АКШ менен кармаша берип, мурда эле бай орус дипломатиясы ого бетер такшалды. “Орус тилин жана орус тилдʏʏ мекендештердин укугун коргоо Евразиялык интеграцияны тереңдетʏʏ, Орусиянын дʏйнɵлʏк экономикадагы позициясын бекемдɵɵ сыяктуу эле тышкы иштер министрлигинин кɵңʏл борборунда болуусу абзел.

Абдираим Мамытов