Жыл сайын дʏйнɵнʏн бардык ɵлкɵлɵрʏндɵ 1-августтан 7-августка чейин Бʏткʏл дʏйнɵлʏк бала эмизʏʏ жумалыгы белгиленет. Жумалыктын алкагында Ош облусунда да жигердʏʏ иштер жасалууда. Ага улай 3-август кʏнʏ Ош шаардык тɵрɵт ʏйʏндɵ маалымат жыйын уюштурулуп, жыйынга Ош шаарынын мэриясынын жана облустун ɵкʏлдɵрʏ, Ош шаардык жана облустук саламаттыкты сактоо координаторлору, тɵрɵт стационарынын жетекчилери, башкы акушер-гинеколог, педиатр, неонатолог адистери, кош бойлуу энелер жана масссалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.
“Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тʏштʏк филиалынын уюштуруусу менен “Иште эне сʏтʏн эмизʏʏгɵ шарт тʏзɵлʏ” ураанынын астында жумалык ɵтʏʏдɵ. Максатыбыз – 2 жашка чейинки балдарды эне сʏтʏн эмизʏʏнʏн маанилʏʏлʏгʏ жана пайдасы жɵнʏндɵ коомчулуктун маалыматын жогорулатуу, эл арасында эне сʏтʏн эмизʏʏ боюнча позитивдʏʏ жʏрʏм-турумду калыптандыруу, жумуш ордунда эне сʏтʏн эмизʏʏгɵ шарттарды тʏзʏʏ, эне сʏтʏ баланы кɵптɵгɵн оорулардан сактарын тʏшʏндʏрʏʏ”, — деп белгиледи аталган борбордун дарыгери Эркегʏл Жуматаева.
Шарапат Кожобекова, Саламаттыкты сактоонун Ош облустук координаторунун орун басары:
Эне сʏтʏнʏн сапаты анын кандай тамак жегенине байланыштуубу?
-Окумуштуулардын изилдɵɵсʏнɵ ылайык толук эмген балдардын акыл-эси, психологиясы жакшы ɵɵрчʏп, ар кандай ичеги-карын ооруларына аз кабылышат. Бразилиянын окумуштуулары 1962-жылдан бери 6 миң балага изилдɵɵ жʏргʏзгɵн. Анын ичинен 3,5 миң бала 2 жашка чейин эмчек сʏтʏн эмген. Алардын акыл-эси, ʏй-бʏлɵлʏк жашоо шарты, тапкан кирешеси 2,5 миң эне сʏтʏн эмбеген балдарга салыштырмалуу бир топ жогорку кɵрсɵткʏчтʏ берген. Мындан сырткары, Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери “сʏттɵгʏ минералдык заттар, витаминдер жана башка баалуу азыктар эненин тамактануусуна байланыштуубу же жокпу?” деген суроону коюп, сʏттʏн сапатын текшерип кɵрʏʏнʏ чечишкен. Изилдɵɵгɵ Африкада жашаган энелер менен бай ɵлкɵлɵрдɵ жашаган энелер катышат, кызыгы алардын сʏтʏндɵ эч кандай айырма табылган эмес. Демек, кандай шартта жашабайлы келиндерге эмчек сʏтʏн баладан аябаңыздар деп айткым келет.
Райондордогу эмчек эмизʏʏнʏ пропагандалоо иштери
-7 районубуздун баарында жалпы дарыгердик практикалык борборлор жайгашкан. 6 айдын жыйынтыгы боюнча облустагы калкыбыздын саны 1 003 457 адам, анын ичинен эки жашка чейинки балдардын саны 33 461 же болбосо бул жалпы калктын 7,1 %ын тʏзɵт. Бизде 119 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер топтору, 296 ФАП бар. Баары жигердʏʏ иш алып, райондордогу кош бойлуу жана балдары бар аялдарга энелер мектеби аркылуу эмчек эмизʏʏнʏ пропагандалоо иштери жʏрʏп жатат. Бул акция кечээ Ноокат районунда уюштурулуп, жɵɵ жʏрʏш болгон. Бʏгʏн Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорунда ɵтʏп жатат. Эртең калган райондордо уланат.
Дамира Ташмаматова, Ош шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери:
“Балага бир тамчы болсо да ууз сʏттɵн берʏʏ зарыл”
-Тɵрɵт стационарларында бала тɵрɵлɵрʏ менен энесинин кɵкʏрɵгʏнɵ жаткыруу ыкмасы колдонулат. Бул учурда эне сʏйʏнʏп, балага ɵзгɵчɵ мээрим тɵгɵ баштайт. Кɵкʏрɵктɵ жаткан бала ɵзʏ эмʏʏгɵ аракет кылат. Ошентип 2-3 саат ичинде энеден ууз сʏт бɵлʏнʏп чыгып, ууз сʏттʏ эмген бала ич ɵткɵк, ɵпкɵ жана башка ар кандай оорулардан оолак болот. Жаңы тɵрɵгɵн энелер “сʏтʏм жок” деп отура бербей бир тамчы сʏттʏ да берип калууга аракет кылыш керек. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой сʏттʏн ордуна берилчʏ азыктар дарыканаларда кымбат сатылат, бир чети дайыма бирдей азыкты алып берʏʏгɵ шарт болбой калышы мʏмкʏн.
Кɵпчʏлʏк энелерде эмчек эмген бала суусайт, суу берип турушубуз керек деген тʏшʏнʏк бар. Бул туура эмес, себеби, эне сʏтʏнʏн курамында суу камтылган. Баланы 6 айга чейин эне сʏтʏ менен гана азыктандырып, кошумча тамакка аралашкандан кийин да алгач эмизип, анан тамагын бериш керек. Белгилей кетʏʏчʏ негизги жагдай баланы эмизип жатканда телефон тиктеп же башка нерсеге алаксыбоо зарыл. Себеби андай учурда эненин болгон эмоционалдык абалы балага берилет.
“Эмизʏʏ балага эле эмес, энеге да пайдалуу”
Сʏт даярдоо процессинде организмдеги калориялар колдонулуп, кош бойлуу кездеги ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Тɵрɵттɵн кийинки келген канды азайтып, жатындын тез калыбына келишине шарт тʏзɵт. Аз кандуулук мʏмкʏнчʏлʏгʏн тɵмɵндɵтɵт жана кийинки кош бойлуулукту алдын алат. Балдарын кɵп эмизген аялдарда кɵкʏрɵк рагы аз кездешерин илим тастыктаган.
Батма Кудайбердиева, Ош шаарынын энени жана баланы коргоо боюнча ʏМБнын директорунун орун басары:
“Баланы эне сʏтʏнɵн ɵксʏтпɵй багуу чоң ийгилктердин башаты”
-Ош шаарында ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун он эки филиалы бар, филиалдардын ар биринде ден соолукту чыңдоо каналары жайгашкан. Анда иштеген адистер ачык эшиктер кʏнʏн уюштуруп, борборго кайрылган жаш энелер менен семинардык сабактарды ɵткɵрʏп жатышат. Эмчек эмизʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ балдардын эртеңки келечегине кам кɵрʏʏ. Максатыбыз жер-жерлерде эмчек эмизʏʏ боюнча энелерге гана эмес, аталарга, кайненелерге да тʏшʏндʏрʏп, элдин калың катмарына жеткирʏʏ. Себеби азыр башка технологиялар кɵбɵйдʏ, миграция кʏчɵп, балдарын таштап чет ɵлкɵлɵргɵ кеткендер арбын. Дени сак эне, дени сак бала, дени сак ɵлкɵ деген жакшы сɵз бар. Ошондуктан балага тʏйʏлдʏктɵн жакшы кам кɵрʏп, туулганда эмчек сʏтʏнɵн ɵксʏтпɵй багуу эң чоң ийгиликтерге алып келʏʏчʏ аракеттердин башаты деп ишенимдʏʏ айта алам.
Кулюмкан Ногойбаева, Ош облусунун башкы неонатологу:
Кайсыл учурда баланы эмизʏʏгɵ болбойт?
-Айрым жагдайларды эске алуу менен эмчек эмизʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон учурлар бар. Мисалы, эне курч психикалык оору менен ооруса, туберкулездун ачык тиби, ВИЧ жана кооптуу инфекциялар.
Элнура Байсалова, Ош облусунун башкы акушер-гинекологу:
Кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдардын укуктары, жеңилдиктери
-Кыргыз Республикасынын атайы 263-мыйзамы бар. Мыйзамдын максаты — балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жɵнгɵ салуу жолу менен ымыркайлардын ден соолугун сактоо. Мыйзамдын аткарылышын медицина кызматкерлери эле эмес, бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, коомдук чɵйрɵ колго алып, энелерге шарттарды тʏзʏʏ каралган. Жеңилдиктерди атап ɵтсɵм, боюнда бар аялдар жана эмчек эмизген энелер менчигинин тʏрʏнɵ жана кайсы ведомствого баш ийгендигине карабастан медициналык мекемелерде, соода жана коомдук тамактануу жайларында кезексиз тейленʏʏгɵ, транспорттун бардык тʏрлɵрʏнɵ кезексиз билет сатып алууга, темир жол вокзалдарындагы, аэропорттордогу, автовокзалдардагы, кафе-ресторандардагы атайы эне жана бала бɵлмɵлɵрʏн акысыз пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле эмчектеги балдар менен кенже курактагы балдарды аба, суу, темир жол шаардык жʏргʏнчʏлɵр транспортунда акысыз алып жʏрʏʏсʏ жазылган.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Легендарлуу парламент депутаттары: “Мамлекеттин бир тыйынына кɵз артпай иштегенбиз”
Энени тʏйшʏккɵ салган тɵрɵттɵн кийинки депрессия
STEАM – сабакты теория эмес, практиканын негизинде ɵтʏʏ