8 сентября, 2024

САЛТАНАТКА ДАЯРДЫК ЖЕ   КУРУЛУШ КУЧАГЫНДАГЫ ОШ

Быйыл эгемендʏʏлʏк кʏнʏ Ош шаарында белгиленет. Ага карата шаар ичинде бир катар курулуштар, оңдоп-тʏзɵɵлɵр аягына чыгуусу кʏтʏлʏʏдɵ. Мунун арасында ири курулуштар да бар. Бул жаатта тиешелʏʏ кызматкерлер кʏн-тʏн дебей, жайдын аптабына карабай иштеп жатканы шаар тургундарына маалым. Оңдоп-тʏзɵɵ, курулуштар кайсы этапка келип калды, эгемендʏʏлʏккɵ даярдыктар кандай жʏрʏп жатат макалада токтолобуз.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев башкармалыктан жылдагыга салыштырмалуу кɵбʏрɵɵк иштер аткарылып жана мɵɵнɵтʏндɵ бʏтʏрʏʏ аракети жʏрʏп жатканын билдирип, буларга токтолду:

“ТАЗА СУУ БОЮНЧА ЖУМУШТАР 80-90% БYТТY”

-Ɵлкɵбʏздʏн эгемендʏʏлʏгʏнʏн 32 жылдыгына арналган салтанат Ош шаарында белгиленери пландалгандан бери анын алкагында жылдагыга салыштырмалуу иш-аракеттер кɵбʏрɵɵк аткарылууда жана 31-августка чейин аягына чыгаруу талаптары коюлган. Алсак, шаарыбыздын кɵйгɵйʏ болгон таза суу маселесин чечʏʏ ʏчʏн жыл башынан бери бир катар долбоорлор колго алынган болчу. Атап айтканда, таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо боюнча жумуштун биринчи этабында буга чейин иштебей турган 6 скважинаны калыбына келтирип, ал эми дагы жаңы 6 скважина казылып даярдалып, ишке берилди.

Андан сырткары Иминов кɵчɵсʏндɵгʏ муниципалдык жерге сыйымдуулугу 6 миң кубдан болгон тɵрт суу кампа куруу пландалып, ушул тапта курулуш иштери кызуу жʏрʏп жатат. Буюрса, эгемендʏʏлʏк кʏнʏндɵ шаар элине негизги белектердин бири болуп пайдаланууга берилет.

Ɵлкɵ башчы да ɵткɵн жумада келип, курулуштардын жʏрʏшʏ менен таанышып, тармактагы кызматкерлерге жакшы деген баасын берип, долбоорду белгиленген мɵɵнɵттɵ, сапаттуу бʏткɵрʏʏ тапшырмасын коюп кетти.

Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында тынымсыз иш алып баруудабыз. Таза суу боюнча жумуштар дээрлик 80-90% бʏтʏп калды. Аталган долбоорлор жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каржыланып жатканын да белгилеп коюубуз керек.

“СТАДИОНГО ƟЛКƟ КАЗЫНАСЫНАН 42 МЛН. СОМ ЖУМШАЛУУДА”

-31-августка чейин бʏтɵ турчу негизги жумуштарыбыздын дагы бири борбордук стадион. Футболдук, маданий-массалык иш-чаралардын негизги бɵлʏгʏ борбордук стадиондо ɵтʏп келгени баарыбызга маалым. Акыркы кезде абалы абдан начар болуп кеткен эле. Азыр оңдоп-тʏзɵɵ иштери жʏрʏп жатат. Ага жалпы 42 млн сомго куруучу компания менен келишим тʏзгɵнбʏз. Каражат республикалык казынадан ажыратылып, бʏгʏн акча каражатынын баары чечилди.

Учурда курулуш иштеринде орундуктарды (14 500) жайгаштыруу гана калган, аны 15-августка чейин толук бʏткɵрʏп, пайдаланууга беребиз.

“БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – ЖУМУШТУ САПАТТУУ ЖАНА МƟƟНƟТʏНДƟ АЯГЫНА ЧЫГАРУУ”

-Быйылкы жаңы долбоорубуз болгон жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ жер ʏстʏндɵгʏ ɵтмɵктʏ куруу иштери да жогорку темпте баратат. Шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун жол тыгындарын жоюу боюнча тапшырмасына ылайык, долбоорду ишке ашырууну колго алганбыз. Азыркы кʏндɵ куруу иштери 70% бʏтʏп калды, муну да 31-августка толук даяр кылуу аракетиндебиз. Долбоор башталганда ɵтмɵктʏн ʏстʏн жабууну пландаганбыз, кийин адистер менен макулдашып, шаардын кооздугу ʏчʏн ачык калтырууну чечтик.

Бул Ош шаарындагы жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ биринчи ɵтмɵк болгондуктан, жетекчилик тараптан, долбоордун автору жана тиешелʏʏ кызматтар тарабынан тыкыр кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп, кʏн-тʏн дебей жумушчулар иштеп жатышат. Башкы максатыбыз — жумушту сапаттуу жана ɵз мɵɵнɵтʏндɵ аягына чыгаруу.

“5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ИШКЕ БЕРИЛЕТ”

-ʏстʏбʏздɵгʏ жылы социалдык объекттер боюнча да чоң иштер аткарылууда. Буюрса, августтун аягына чейин беш социалдык объектти колдонууга беребиз. Мындан эки бала бакча жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен курулса, эки мектеп (500 жана 275 орундуу), бир бала бакчанын каржысы республикалык бюджеттен чечилген. Андан сырткары жыл аягына чейин шаарыбыздагы эки же ʏч мектептин курулушун баштоо маселеси турат. Жогоруда аталган долбоорлор аяктары менен жаңы долбоорлорду баштайбыз.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов да курулуп жаткан жолдор боюнча маалымат берип, буларды кошумчалады:

“КУРУЛУШ ИШТЕРИ АВГУСТ ИЧИ АЯГЫНА ЧЫГАТ”

-Шаардык жолдор башкармалыгы 2023-жылдагы планга чоң иштерди киргизген. Пландаштырылган иштердин баардыгын калаа башчысынын тапшырмасынын негизинде иликтеп, анализдеп, маанилʏʏ, орчундуу деген жерлерди аныктап алганбыз. Орчундуу делип шаардын кире беришиндеги темир жолдон ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктʏн курулуш иши биринчи башталган. Ал ɵтмɵксʏз Т жолунан шаарга кире турчу жол болбой калат. Бул кɵптɵн бери чечилбей келе жаткан маселе болчу. Буюрса, маселе чечилип, курулуш иштери август айын ортолоп аягына чыгары кʏтʏлʏʏдɵ.

Ал эми экинчи долбоорубуз Ленин кɵчɵсʏндɵгʏ кɵп жылдан бери айтылып келе жаткан тирɵɵч (тосмо) дубалдарды куруу болчу. Долбоордун максаты — жолдорду реконструкциялоодо коопсуздук нормаларын сактоо болуп эсептелет. Ансыз биз жолду асфальттоо иштерин баштай албайт элек. Мында Мамажан кɵчɵсʏнɵн Загородная кɵчɵсʏнɵ чейин узундугу 1 км, туурасы 7 метр болуп, чекесиндеги арык, тротуар жасалып, кɵрктɵндʏрʏлɵт. Учурда иш кызуу жʏрʏп, асфальт басууга чейинки иштер аткарылууда. Ушул айдын аягына жетпей курулуш иштерин бʏткɵрɵбʏз деп пландап жатабыз. 

МАСАЛИЕВ КƟЧƟСY

-Эң чоң жана негизги болгон долбоорлорубуздун бири Масалиев кɵчɵсʏ. Акыркы кезде жол аябай начар абалга келип, оюлган, жарылган жерлерди жамоо да бир топ каражатты талап кылып калган. Жолду баштоодо абдан кɵп жумуш жасалды, тажрыйбасы мол адистерди чакырып кеңешмелер  ɵткɵрʏлдʏ, ар тʏрдʏʏ кеңештерди уктук. «Кɵз коркок, кол баатыр» дейт эмеспи. Бʏгʏн мынтип курулуш акыркы этабына келди. Учурда Ж.Раимбеков кɵчɵсʏнɵн И.Раззаков кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыкта жолду тʏздɵɵ, асфальт тɵшɵɵгɵ даярдоо иштери жʏрʏп жатат. Ал эми асфальт тɵшɵлгɵн тарапта бордюрлар коюлуп, жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ сызыктар чийилʏʏдɵ.

“РАИМБЕКОВ КƟЧƟСYН ОҢДООНУ БАШТАЙБЫЗ”

-Жогорудагы долбоорлор 31-августка чейин аягына чыкса, андан кийин Раимбеков кɵчɵсʏнɵ асфальт тɵшɵɵ, жолдун эки тарабына аллея куруу, кɵрктɵндʏрʏʏ иштерин баштайбыз. Муну шаар кʏнʏнɵ даяр кылып, тургундарга белек кылабыз деп пландоодобуз. Албетте, жол курууда ɵтɵ шашкан да болбойт, ошондуктан ɵз нугунда сапаттуу иш жасоону биринчиге койгонубуз туура. Быйыл жолго жумшалган акча каражатынын баары жергиликтʏʏ бюджеттен каралган.

57 МЕТР БИЙИКТИККЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ОРНОТУЛАТ

Белгилей кетсек, ɵлкɵнʏн Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Алсак, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏʏдɵ. Мында 57 метр бийиктикке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун орнотуу планы боюнча курулуш иштери жʏрʏʏдɵ.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган кʏнʏнʏн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу иштери башталган. Долбоорго ылайык, кɵчɵлɵрдʏ жарыктандыруу системалары, ирригациялык тармактар, фонтандар жаңыланат жана таман таштар тɵшɵлʏп, отургучтар орнотулат. 

АК-БУУРАНЫН ЖЭЭГИН КƟРКТƟНДYРYY БЫЙЫЛ АЯГЫНА ЧЫГАТ

Жергиликтʏʏ бийликтин демилгеси менен ишке ашып жаткан ири долбоорлордун катарын толуктаган Тилеке-Баатыр кɵчɵсʏнʏн Нурматов кɵчɵсʏнɵн баштап А. Навои кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы натыйжалуу ишке ашырылууда.

Долбоорго ылайык, узундугу ʏч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, заманбап жарыктандырылып, 14 терраса, жашыл аймактары бар кичи аралдарды орнотуу каралган. Жумуштун аяктоо мɵɵнɵтʏ 1 жыл деп белгиленʏʏдɵ. 

Долбоор Дʏйнɵлʏк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын коомчулукту ɵнʏктʏрʏʏ жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын ɵркʏндɵтʏʏ боюнча «Аймактарды экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ» биргелешкен алты долбоордун алкагында ишке ашырылууда.

“АТА ЖУРТТУН АЖАРЫ” ПАРК-АЛЛЕЯСЫ

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасына жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын кереметтʏʏ жаратылышын, кооз жерлерин чагылдырган “Ата Журттун ажары” парк-аллеясы курулуп жатат.

Буга катар эле «Тарыхтан калган элестер» аталышында  17 айкелчи ɵз ишин алып барууда. Эмгектерди 15-августка чейин бʏткɵрʏʏ каралган.

ТƟЛƟЙКƟН АТ МАЙДАНЫ ДА ТОЛУК ЖАҢЫЛАНУУДА

Тɵлɵйкɵн ат майданы да 31-августка чейин толук оңдоодон ɵтɵт. Реконструкциялоо иштеринин жʏрʏшʏ менен президент Садыр Жапаров да Ош шаарына жана Ош облусуна болгон сапарында таанышкан.

Спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 45 миллион сом бɵлʏнгɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ иштердин негизги бɵлʏгʏ аягына чыккан. Белгилʏʏ болгондой, реконструкциялоо долбоорунда тɵмɵнкʏлɵр каралган:

—   жаңы конференц-зал куруу;

— ат чабыш жолуна жана кɵк-бɵрʏ оюн талаасына кум тɵгʏʏ;

— негизги трибунаны капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын ʏстʏнɵ бастырма орнотуу;

— сырткы жарыктандырууну орнотуу;

— жаңы тосмолорду орнотуу.

Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин жʏрʏшʏн канааттандырарлык деп белгилеп, ат майданын капиталдык реконструкциялоону белгиленген мɵɵнɵттɵ аяктоо тапшырмасын берген. Белгилей кетсек, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар ɵткɵрʏлɵт.

ОШ АВТОБЕКЕТИ ЭМИ ШААР МЭРИЯСЫНЫН КАРАМАГЫНДА. ОҢДООДОН ƟТƟТ

Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына ɵттʏ, жакында оңдоп-тʏзɵɵ иштери колго алынат. Автобекет менен мэр Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып, анын негизинде тиешелʏʏ кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бʏткɵрʏʏ тапшырмасын койду.

Ошондой эле жʏргʏнчʏлɵр жана айдоочулар ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏгɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон ɵткɵрʏʏ боюнча долбоорду даярдоо милдеттендирилди.

Эске салсак, автобекет буга чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болуп келсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №375-токтомуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏлʏп берилген.

Жумагʏл Кочкорбай кызы