27 июля, 2024

Ош шаары кезинде завод, фабрикалары менен белгилʏʏ болгон

Ош жɵнʏндɵ, Оштун летописи катары биздин гезит эң эле кɵп жазганы баарына маалым. “Бир квартал тарыхы”, “Байыркы Ош баяны”, “Биздин замандын кишилери” деп шаардын, калаа четиндеги айылдардын тарыхын жазып, байма бай чагылдырып келʏʏдɵбʏз, буюрса дагы уланат. Бʏгʏн да бир кызыктуу тарых менен кыскача баяндап беребиз. Кезинде Ош Жибек комбинаты, насос, пахта заводу иштеп дʏңгʏрɵп турган эмес беле… Азыр орду-тʏбʏ менен менчиктештирилип, жок болуп кеткен.

84 жыл мурунку Насос заводу

Оштогу насос заводу «Металлист» артели делип 1939-жылы тʏзʏлгɵн. 1946-1947-жылы литейлик-механикалык ɵндʏрʏш ишканасы деп ɵзгɵрʏп, 1959-жылы Кыргыз ССРинин токтому менен мотор ремонттук завод электромеханикалык завод менен бириктирилип, суу насосторун чыгарган мекемеге айланган. Биринчи директору болуп Н. Козлов дайындалган.

Трансформацияланган заводдун жамааты дароо эле жаңы продукцияны — насосторду иштеп чыгара баштаган. Кишинев атындагы насос заводунун жумушчулары Оштогу заводго тартылып, заводго практикалык зор жардам кɵрсɵтʏшɵт. Москвалык окумуштуулар: башкы технолог А.Покровский, цехтин начальниги П.Якушев, прорабдар П.Косенко, А.Ветренко кадрларды жаңы кесиптерге ʏйрɵткɵн. 1960-жылы биринчи пилоттук партия электр кыймылдаткычтары менен толукталган 7 насос жана ɵзʏнчɵ 56 электр кыймылдаткычын чыгарган. 1961-жылы заводдо 3424 насос жасалган. Жаңы продукциялар массалык тʏрдɵ чыгарыла баштап, Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ машина куруунун туңгуч кʏчʏ ошентип башталган.

1963-жылдын башында Кыргыз ССР Министрлер Совети электромеханикалык заводду реконструкциялоо жɵнʏндɵ чечим кабыл алып, ыңгайлуу жайлары жана инженердик корпусу бар механикалык цехтин имараттарын, 1964-жылы монтаждоо цехин куруу башталып, имарат 1968-жылы бʏткɵрʏлгɵн. Натыйжада эмгек ɵндʏрумдʏʏлʏгʏ 3,6 эсе жогорулаган. Реконструкциялоонун экинчи этабы 1981-жылы аяктаган. Экинчи механикалык жана пресс-даярдоо цехтеринин, административдик жана турмуш-тиричилик цехтеринин имараттары, 240 орундуу ашканасы менен пайдаланууга берилген.

 Продукциянын саны жылдан-жылга кɵбɵйгɵн. Инженерлер Ш. Маминдин, З Курантинанын, Ю Машинанын, О Турованын рационализатордук сунуштары ɵндʏрʏшкɵ ийгиликтʏʏ киргизилген. Ошентип, насостордун жаны ассортименти дʏйнɵлʏк мыкты ʏлгʏлɵрдʏн децгээлине жетип, ал тургай кээ бир жагынан алардан озуп да кеткен учур болгон.

Ош  Жибек комбинаты 98 жыл мурун тʏптɵлгɵн

Республиканын, облустун жана шаардын жетекчилери Ош шаарынын бʏткʏл экономикасынын негизи катары ɵнɵр жайды тʏзʏʏгɵ жана ɵнʏктʏрʏʏгɵ кɵңʏл бурушкан. Ош жибек комбинаты 1925-жылы негизделген Кыргызстандагы эң эски жеңил ɵнɵр жай ишканасы катары таанымал.

Андан кийин эле Ош шаарындагы грен заводу 1927-жылы географиялык аймакта жибек ɵстʏрʏʏчʏлʏктʏн ɵнʏгʏшʏнɵ байланыштуу курулган. Ош грен заводу — республиканын индустриализациясынын тунгуч заводунун бири. Завод жогорку сапаттагы ɵнɵр жайлык жана асыл тукум грена — жибек куртунун кɵпɵлɵк жумурткасын даярдап, аны Орто Азиянын жана Казакстандын жибек чарбаларына берип турган. Жыл сайын орто эсеп менен 600 килограммдан 1000 килограммга чейин жибек курту Оштон жɵнɵтʏлʏп турчу. Ал эми Жибек комбинатынын  жаңы ири имараты 1928-жылы курулган. Анын курамына пилла токуучу жана жибек токуу фабрикасы кирген, грена жана жибек кездемелерин чыгаруучу ири ишкана болгон.

Ɵзʏнчɵ шаарчага айланган

1928-жылдан 1941-жылга чейин комбинаттын алдында поликлиникасы, мектептери, клубу жана башка маданий мекемелери бар шаарча пайда болгон.

1941-1945-жылдар комбинаттын турмушундагы ɵзгɵчɵ баатырдык барак катары тарыхта калган. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи кышында Москва районундагы жибек токуу фабрикаларынын бири Рахманов заводу  240 адиси менен ɵлкɵнʏн терең тылына  Ош шаарына эвакуацияланган. Бул фабрика комбинаттын ийри-токуу ɵндʏрʏшʏнʏн негизин тʏптɵй турган болот.

Оштуктар менен рахмановчу заводундагылар биргелешип цехтерди куруп, жабдууларды орнотуп, татаал парашюттук кездемелерди чыгарууну жолго коюшкан. 1942-жылдын аягына чейин биринчи токуу цехтери курулуп, 120 даана жабдуулар орнотулган.

Оштогу жибек комбинаты согуш мезгилиндеги заказдарды аткарып, жылына 50 линия метрге чейин парашют жибектерин, медициналык максатта он килограммдык жибек жиптерин чыгарган. Пилла ийрʏʏчʏ цехтер жогорку сапаттагы жибек сырьёсун чыгарган.

Заводдун коллективи фронттогу жоокерлер жана алардын ʏй-бʏлɵлɵрʏ ʏчʏн госпиталдардын, балдар ʏйлɵрʏнʏн фондун тʏзʏп да ʏлгʏрʏшɵт. Кызыл Армиянын десантчыларын парашюттук жибек менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыз кылгандыгы ʏчʏн завод Мамлекеттик коргоо комитетинен ыраазычылык катын  алат. Заводдун 562 жумушчусу фронтко аттанган. Алардын кɵпчʏлʏгʏ ɵкмɵттʏк жогорку сыйлыктарга татыктуу болушкан.

1943-1944-жылдарда цехтерди энергия менен камсыз кылуу ʏчʏн заводдо кубаттуулугу 50 киловатт келген ГЭС курулган.

Согуштан кийинки жылдарда заводдо зор ɵзгɵрʏʏлɵр болгонун тарых барактарында жазылып калган. 1944-жылы цехтерди энергия менен камсыз кылуу ʏчʏн заводдо кубаттуулугу 50 киловатт келген ГЭС курулган. 1948-жылы жɵнɵкɵй боёк кездемелерди чыгаруучу боёк-тазалоо фабрикасы ишке киргизилген.

1949-жылы комбинат пилла чыгаруудан даяр жибек кездемелерин чыгарууга чейин ɵндʏрʏштʏ ɵздɵштʏргɵн. 1952-жылы 2 кабаттуу ийрим-токуу фабрикасынын имараты, 1963-жылы дагы бир токуу цехи, 1982-жылы жаңы боёк-тазалоо ɵндʏрʏшʏ курулган. VIII—IX беш жылдыктардын жылдарында жаңы технологиянын негизинде кайра конструкциялоо даяр жибек кездемелерин чыгарууну 14 эсе кɵбɵйтʏʏгɵ мʏмкʏндʏк болгон.

Кийинчерээк табигый жана жасалма жибектен кездемелерди, кездемелердин калдыктарынан буюмдарды чыгара башташты. Продукциялар Россияга, Тажикстанга, Ɵзбекстанга, Тʏркмɵнстанга, Казакстанга жɵнɵтʏлчʏ. Жылдык продукциянын жалпы кɵлɵмʏ акчалай эсептегенде 88 миллион 300 миң рублду тʏзгɵн. Оштогу жибек комбинатынын продукциясы республиканын чегинен тышкары эл аралык кɵргɵзмɵлɵргɵ коюлган.

Айтылуу «Кыз-Бурак» ансамбли да комбинаттын карамагында тʏзʏлгɵн

Жибек комбинатынын коллективи продукция чыгаруунун мамлекеттик планын жылдан-жылга орундатып комбинатта коммунисттик эмгектин 43 бригадасы иштеп, 451 алдыңкы жумушчу ɵкмɵттʏк жогорку сыйлыктарга татыктуу болушкан. Алардын арасында Сунчалиева Алия Абдуллаевна Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. 1941-жылы техникумду аяктагандан кийин Оштогу комбинатка токуучу болуп келген. Жан аябас эмгеги ʏчʏн Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргызстан Компартиясынын XVI съездинин делегаты болгон.

1988-жылдын январында жибек комбинатынын Эмгек даңкы музейи иштеп, 242 орундуу клубу тʏзʏлгɵн. (Азыркы Р. Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын имараты).

1946-жылдан П.Н.Схитрладзе башчылык кылган ышкыбоздук ишмердʏʏлʏк иштеп баштаган. Клубда хор, драма, хореографиялык ийримдер болгон. 1976-жылдан баштап комбинатта Р.С.Саламатов жетектеген комбинаттын «Кыз бурак» ансамбли негизделген.

Ансамбль жалаң гана республика боюнча эмес, чет ɵлкɵлɵрдɵ, атап айтканда, Венгрияда 10дон ашык концерт беришкен. Республикалык кароодо алтын медалдарга ээ болгон. 1977-жылы ансамбль Киевде ɵткɵн эстрадалык топтордун Бʏткʏл союздук кароосуна катышкан. Ансамбль ошол мезгилде 1000ге жакын концерт берген.

(Уландысы кийинки сандарда)