27 апреля, 2024

ТҮРКИЯГА САЯКАТ. КАРА ДЕҢИЗ СИЗДИ ЖАШЫЛ ЖАЙЛОО, БӨКСӨ ТООЛОРУНА ЧАКЫРАТ

Түркия. Чалкыган Кара деңиз. Кара деңизди аралап өткөн бөксө тоолору, табигый пейзаждары, көк асманы жана таза абасы менен өзгөчөлөнүп турат. Деңиз жээгиндеги эс алууга альтернатива катары, Кара деңиздин бийик тоолуу аймактарынын кооз пейзаждарын таап, эс алууну  жайлуу, жашыл, кычкылтекке бай жаратылыш коюнунда өткөрүүгө кандай дейсиз?


ӨЗГӨЧӨ ОРДУ БАР “ОРДУ” ЛОКАЦИЯСЫ

Көз жоосун алган деңиз жээктери, жапжашыл жаратылышы, тарыхый жерлери жана даамдуу гастрономиясы менен өзгөчөлөнүп турган локациялардин дагы бир –  бул Орду . Орду Кара деңиз аймагынын эң популярдуу туристтик жерлеринин бири болуп саналат. Бийик тоолуу Орду аймагы зыяратчыларга ар кандай иш-чараларды, анын ичинде кемпинг, караван жана треккинг кызматтарын сунуштайт. Чамбашы, Першембе жана Кейфалан Ордунун эң белгилүү үч жайлоосу болуп эсептелет. Ордунун Айбасты районундагы Першембе жайлоосу меандрлары менен белгилүү. Июль айындагы салттуу бийик тоолуу майрамдарда сынактар, фольклордук спектаклдер, концерттер, коомдук-маданий иш-чаралар, күрөш оюндары, ат чабыштар өткөрүлөт. Чамбашы жайлоосу сыртта эс алууга кызыккан саякатчылар үчүн өтө популярдуу жер. Месудие районунун түштүк-чыгыш тарабында орун алган Кейфалан платосу таза абасы жана суусу, табигый жаныбарлардан алынган азыктары жана салттуу плато үйлөрү менен зыяратчыларды өзүнө тартып турат.

АСЫЛ ТАШТАРДЫН МЕКЕНИ БОЛГОН ГИРЕСУН

Маданияты, тарыхы жана кооз пейзажы менен Кара деңиздин типтүү шаары Гиресун табигый асыл таштардын мекени болуп саналат. Муну менен катарГиресунбөксөтоолоруменен да дүйнөгө белгилүү. Жылсайын июль айында, фестиваль өткөрүлүпКүмбетплатосундакөптөгөнтамактануучужанасуусундуктаричүүчүжайлар, ошондойэле ар түрдүү эсалуучупейзаждар бар. ДерелижанаБуланжакрайондорунункесилишиндежайгашканБекташплатосуболсо жаратылышжанамаданийасылташтарыменензыяратчылардыөзүнөтартып келет. ГорелерайонундагыСистооплатосу болсо альпинизмгеылайыктуужер. Аймактын «Ачуу суу» деп атагы чыккан минералдык булагытумандуу атмосферасы менен айырмаланган жайлоолору менен да белгилүү.

ТРАБЗОН ТООЛОРУ

Кара деңиздин эң популярдуу шаарларынын бири болгон Трабзон кереметтүү жаратылышы жана бай тарыхы менен зыяратчыларды өзүнө тартат. Мачка-Шолма жайлоосу Трабзондо изилденетурган жайлоолордун сап башында турат. Жашыл токойлору, аккан суулары, бейпил жаратылышы жана ар кандай кооз жайлар менен курчалган жайлоо зыяратчыларга психикалык жана физикалык жактан эс алууга шарт түзөт. Тонядан 24 км түштүктө жайгашкан Эрикбели жайлоосу зыяратчыларга кооз жаратылыштын жана уникалдуу фаунанын өзгөчөлүктөрүн тартуулайт. Чайкарадан 20 км алыс жайгашкан ​​ Лустра жана Карестер жайлоолору да жапжашыл чөптөрү жана кереметтүү көрүнүштөрү менен кишини өзүнө тартып турат.

АСЫЛ ТАШТАР КАТЫЛГАН АРТВИН ТООЛОРУ

Артвин Миңдеген жашыл тоолору Түркиянын тоотуризмдеги эң маанилүү шаарлардын бири болуп саналат. Качкар жана Кафкасор Артвиндин эң белгилүү бөксөлөрү десек болот. Качкар тоосу болсо альпинизм үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Артжапайы жаратылышы, учу-кыйры жок токойлор жана жайылган жашыл жайлоолору менен кишини суктандырып келет. Шаардын түштүк-батышы, борбордон болгону 10 километр алыстыкта ​​жайгашкан Кафкасор жайлоосу да эс алууга эң жакшы локация десек жарашат.