Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү Жаштык лагеринин аймагында 144 орундуу жатакананын жана олимпиадалык спорт мектептин пайдубалы толугу менен куюлуп, дубалын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле спортзал курула турган тилкеде котлован казылып, тапталып, тегизделип жатат.
Курулуш аянтында 10дон ашуун оор техника жана 15тен ашуун куруучу эмгектенүүдө. Бул долбоорго республикалык бюджеттен 277 миллион сом каралган. Объектти 2026-жылдын үчүнчү кварталында бүтүрүү пландалган.
Курулуш иштерин Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлгө алып, календардык планга ылайык иштер толук кандуу жүргүзүлүүдө.






Окшош макалалар
Муниципалдык 2 бала бакча мамлекеттин балансына ɵтʏп, кɵрʏстɵндɵрдʏ брондоонун тарифин жогорулатуу маселеси колдоо таппай калды
Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолу – кылым долбоору
Акыркы 10 жылда кургак учукка чалдыккандардын саны кескин азайды