Мода – бул сɵзсʏз тʏрдɵ аялдарга гана таандык эмес. Азыркы кʏндɵ мырзалар да ɵз келбетине кылдат кɵңʏл буруп, кийим аркылуу ɵзʏнʏн мʏнɵзʏн, жашоо образын жана кɵз карашын билдирʏʏгɵ умтулууда. Ыңгайлуулукту гана эмес, жарашыктуулукту да издеп, заманбап мырзалар стилин табууга жана аны мыкты сактоого аракет кылышат.
Жай мезгилинде ачык тʏстɵр актуалдуу

Азыркы мода дʏйнɵсʏ мырзаларга тандоо эркиндигин берет. Бир жагынан классикалык костюмдар дале актуалдуу бойдон калууда. Бирок алар мурдагыдай катуу формада эмес, жеңил материалдардан, жумшак тʏстɵ тигилʏʏдɵ. Жаз, жай мезгилинде классикалык костюмдардын боз, ач жашыл, асман кɵк тʏстɵрʏн тандоо сунушталат. Ал эми кʏнʏмдʏк турмушта жеңил кɵйнɵк, джинсы же чинос шым, пиджак менен айкалышкан образдар жарашыктуу жана ыңгайлуу.
Жаштар арасында спорттук кийимдерге болгон кызыгуу кʏч. Бирок сɵз машыгуу формасы жɵнʏндɵ эмес заманбап кʏнʏмдʏк образ жɵнʏндɵ болуп жатат. Спорттук стилди сʏйʏʏчʏлɵргɵ жɵнɵкɵй тʏстɵгʏ худи, сапаттуу кроссовка, стилдʏʏ бомбер-курткалар менен кʏнʏмдʏк жашоодо да жарашыктуу кɵрʏнсɵ болорун адистер эскертишет.
Образды толуктаган аксессуарлар
Аксессуарлар – бул образды толуктап, адамдын келбетин ачып берген майда, бирок маанилʏʏ элементтер болуп саналат. Саат, кɵз айнек, капчык, кур, сумка сыяктуу буюмдарга маани бериңиз.
Кол саат

Кол саат – классикалык жана ар дайым актуалдуу аксессуар. Саат эркектин тактыгын, жоопкерчилигин жана табитин билдирет. Классикалык саат – бизнес же расмий стилге ылайыктуу. Спорттук же смарт сааттар – жаштарга жана активдʏʏ жашоону жактыргандар ʏчʏн.
Кеңеш: Сааттын тʏрлɵрʏн колдонуу, кийимге жараша алмаштыруу – жарашыктуу кɵрʏнʏʏгɵ шарт тʏзɵт.
Кʏндɵн коргоочу кɵз айнек

Образга жана беттин тʏзʏлʏшʏнɵ жараша кʏндɵн коргоочу кɵз айнекти туура тандоо керек. Кара же кʏрɵң тʏстʏʏ кɵз айнектер универсалдуу жана классикалык стиль. Таң каларлык формадагы айнектер ɵзгɵчɵлʏктʏ сʏйгɵндɵр ʏчʏн арналган.
Кеңеш: Жʏзʏңʏздʏн формасы тɵрт бурчтуу болсо тегерек кɵз айнекти тандаңыз. Тегерек келген бетке бурчтуу кɵз айнектер сунушталат. Сʏйрʏ келген беттерге кɵз айнектин бардык тʏрʏ жарашат.

Булгаары капчык
Капчыгыңыз эски, ɵңʏ ɵчкɵн болсо стилге олуттуу доо кетирет. Классикалык кийим ʏчʏн сапаттуу булгаарыдан жасалган капчык тандаңыз. Ичи акча-карталарды бɵлʏп салууга ыңгайлуу болсун.
Кеңеш: Ɵтɵ чоң же жыш толтурулган капчык жарашыксыз кɵрʏнɵт.
Кур (ремень)

Куруңуз кийим менен шайкеш келсе образды ачат, шайкеш келбей калса образды толук бузуп коёт. Классикалык кара же кʏрɵң тʏстɵгʏ кур — кɵпчʏлʏк кийимдерге тɵп келет. Спорттук стилде болсо кенен, токуму чоңураак кур колдонсо болот.
Кеңеш: Кур менен бут кийимдин тʏсʏ мʏмкʏн болушунча бири-бирине дал келсе стилдʏʏлʏктʏн дагы бир белгиси.
Сумканын тʏрлɵрʏ
Азыркы кʏндɵ эркектер ʏчʏн сумканын кɵптɵгɵн тʏрлɵрʏ бар. Окууга же жумушка тиешелʏʏ буюмдарды сумкасыз алып жʏрʏʏ кыйын. Кросс-боди же анча чоң эмес ɵлчɵмдɵгʏ асынмай сумка кʏнʏмдʏк колдонууга эң ылайыктуу. Портфель тʏрʏндɵгʏ сумка – ишке, жолугушууга баруу ʏчʏн.
Кеңеш: Кыска бойлуу, чоң салмактуу эркектерге рюкзак сунушталбайт.
Галстук

Расмий жолугушууларда же майрамдык кечелерде стилдʏʏ жана ɵзгɵчɵ кɵрʏнʏʏгɵ жардам берет. Жɵнɵкɵй тʏстɵгʏ галстук классикалык костюмга ылайык. Ɵзгɵчɵ тʏстɵгʏ “бабочка” галстуктарды кɵбʏнчɵ кɵңʏлдʏʏ майрамдык кечелерге тагышат.
Кеңеш: Галстук же бабочка дайыма кɵйнɵктʏн жакасына туура келиши керек — ɵтɵ кенен же ɵтɵ кууш болбосун.
Моюн орогуч
Кыш мезгилинде моюн орогуч – муздак абадан коргоочу гана эмес, стиль кошуучу элемент. Баш кийим да образга жарашыктуу тʏр кошот. Жɵнɵкɵй токулган шарфтар – классикалык кийимге тɵп келет.
Кеңеш: Шарфты тʏстɵрдʏ шайкеш кылып, пиджак же пальтонун ɵңʏнɵ ылайык тандаңыз.
Жогоруда айтылган кеңештерди эске алуу менен тɵмɵнкʏ ʏч эрежени так сактаңыз.
1. Тазалык жана сапат — эскирген же колдонулгандай кɵрʏнгɵн аксессуар стильге терс таасир берет.
2. Сан эмес, шайкештик — аксессуарлар бири-бири менен шайкеш болушу зарыл.
3. Жɵнɵкɵйлʏк — жарашыктуулуктун негизги шарты.
Маданий мурас мырзалардын гардеробунда

Мындан сырткары улуттук элементтер да заманбап мода дʏйнɵсʏндɵ кайрадан ɵз ордун табууда. Кыргыздын салттуу маданияты чагылдырылган оймо-чиймелери бар жилеттер, улуттук ɵңʏттɵгʏ кɵйнɵктɵр жана баш кийимдер аркылуу кайра жаңыланып жатат. Жылтырак эмес, табигый кездемеден тигилген жилеттер этно-стилди чагылдырып, оймо-чиймелери менен ɵзгɵчɵлɵнɵт. Улуттук тʏстɵгʏ кɵйнɵктɵр болсо жакасы же жеңи аркылуу салттуу ɵңʏттʏ кɵрсɵтɵт. Баш кийимдерден тебетей, калпак жана улуттук элементтери бар заманбап бейсболкалар популярдуу болууда. Бул элементтер кыргыз маданияты менен заманбап стилдин айкалышын тʏзʏп, эркектерге ɵз мурасын кɵрсɵтʏп, ошол эле учурда модалуу кɵрʏнʏʏгɵ шарт тʏзʏʏдɵ.
Ар кимдин стили ɵзгɵчɵ
Мода – бул ɵзгɵрʏп турган агым. Ал эми стиль — туруктуу табит. Эркек киши мода артынан эле кууп кетпей, ɵзʏнɵ ылайыктуу нерсени билип, жарашкан кийимдерди тандашы керек. Кимдир бирɵɵгɵ классикалык костюм куп жарашса, башкага джинсы менен жɵнɵкɵй кɵйнɵк ылайыктуу болушу мʏмкʏн. Эң башкысы — тазалык, тыкандык жана ɵзʏнɵ болгон ишеним. Туура тандалган кийим адамды бекем, ишенимдʏʏ жана тартиптʏʏ кɵрсɵтɵт. Ал эми тыкан жʏргɵн эркек ɵзʏнɵ да, айлана-тегерегине да урмат менен мамиле кылган инсан. Демек, сырткы келбет – бул жɵн гана кийим эмес, бул ички дʏйнɵнʏн кɵрʏнʏшʏ. Кандай гана жашта, кесипте же статуста болбосун, ар бир мырза ɵзʏн жарашыктуу жана заманбап кɵрсɵтɵ алат. Бул ʏчʏн кымбат кийим эмес, табит, кам кɵрʏʏ жана ички тартип керек.
Дооран Токтошев
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы