20 августа, 2025

Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелген балдардын билим алуусуна жʏргʏзʏлʏп жаткан прокурордук кɵзɵмɵлдʏн абалы тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдардын укуктары жана кепилдиктери жɵнʏндɵ” жана “Билим берʏʏ жɵнʏндɵ” Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 2025-жылдын 5 айында 1 текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, текшерʏʏнʏн жыйынтыгы менен 7 мыйзам бузуучулук аныкталып, 1 сунуштама келтирилип, азыркы учурда кароо алдында турат.

Тактап айтканда Кара-Суу районунун аймагында бʏгʏнкʏ кʏндɵ мектептерде жалпысынан 289 ден-соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ жашы жете элек балдар мектептерге келип, билим алып жаткан болсо, 165 окуучу ʏй шартында билим алышууда.

   Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдардын укуктары жана кепилдиктери жɵнʏндɵ” Мыйзамынын 34-бер. талабына ылайык, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдарга билим берʏʏ, кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ар кандай формаларда, анын ичинде экстернаттын кʏндʏзгʏ, кʏндʏзʏ-сырттан окуу (кечки жана нɵɵмɵттʏк) формасында, ошондой эле атайын билим берʏʏ уюмдарында, коррекциялык топтордо берʏʏ жолу менен аралыктан билим берʏʏ технологияларын пайдаланып, жалпы типтеги билим берʏʏ уюмдарында инклюзивдик билим берʏʏ аркылуу жʏзɵгɵ ашырылары кɵрсɵтʏлгɵн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын “Билим берʏʏ жɵнʏндɵ” Мыйзамынын 36-бер. 1-бɵл. ылайык, инклюзивдик билим берʏʏ бардык адамдар ʏчʏн билим алуу муктаждыктарынын жана жеке мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏнʏн ар тʏрдʏʏлʏгʏн, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдарын эске алуу менен, басмырлоосуз бирдей мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ камсыз кылууга багытталган. Инклюзивдик билим берʏʏ принциби билим берʏʏнʏн бардык баскычтарында жана ɵмʏр бою иштейт. Инклюзивдик билим берʏʏнʏ ишке ашыруу максатында баланы билим алууга жɵндɵмсʏз деп таанууга, ошондой эле балдарды бɵлʏʏнʏн башка ыкмаларын колдонууга тыюу салынган.

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2018-жылдын 15-октябрындагы 477 сандуу токтому менен бекитилген  “Балдарды ʏйдɵ жеке окутууну уюштуруу жɵнʏндɵ” Жобонун 12-16 п. талаптарына ылайык, жалпы билим берʏʏ уюму ʏйʏндɵ окутууну уюштуруу жɵнʏндɵ буйрук чыгарат, анда окутуунун мɵɵнɵтʏ жана формасы, ошондой эле бала билим алуучу класс аныкталат. ʏйʏндɵ окутуунун жеке окуу планы, окуу программасы, календардык-тематикалык пландоо жана сабактардын расписаниеси бекитилет. Окуу процессин ишке ашыруу ʏчʏн жооптуу адамдар жана предметтер боюнча сааттарды бɵлʏштʏрʏʏ менен мугалимдер дайындалат,

 Окуу процессинин уюштурулушун контролдоо жалпы билим берʏʏ уюмунун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына (мындан ары — директордун орун басары) жʏктɵлɵт.

ʏйʏндɵ окутууну уюштуруу ʏчʏн директордун орун басары мугалимдер менен бирдикте ар бир окуучу ʏчʏн жеке окуу планын иштеп чыгат, тʏзɵтʏлгɵн окуу программаларын пландап, керектʏʏ окуу китептерин тандайт, контролдук жана практикалык иштердин минимумун, орто аралык аттестациялоону ɵткɵрʏʏ мɵɵнɵттɵрʏн аныктайт, окуу сабактарынын расписаниесин тʏзʏп, аларды баланын ата энеси (мыйзамдуу ɵкʏлдɵрʏ) менен макулдашат деп кɵрсɵтʏлгɵн.

Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-августундагы №4807/1 буйругу менен бекитилген жалпы билим берʏʏчʏ мектептер ʏчʏн 2023-2024-окуу жылына карата бекитилген базистик окуу планы боюнча толук ɵтʏлбɵй калгандыгы текшерʏʏдɵ орун алган.

Мисалга алсак, №18 Р.Халбаев атындагы орто мектеп, №60 К.Абдылдаев атындагы орто мектеп, №19 Т.Мусаев атындагы орто мектеп, №49 Э.Телман атындагы орто мектеп, №84 А.Парпиев атындагы орто мектеп, №11 Жоош Атабаев негизги мектеп, №15 Хакимжан Мирзажанов орто мектеп, №23 Кызыл-Тал орто мектеп, №29 Гайрат орто мектеп, №33 Интернационал орто мектеп, №81 ВЛКСМ орто мектеп, №91 Т.Алтыбаев атындагы орто мектеп, №125 Бабалашкар орто мектеп, №67 З.М. Бабур атындагы орто мектептерде текшерʏʏ учурунда орун алган. 

Текшерʏʏнʏн жыйынтыгы ченемдик укуктук актыларды четтетʏʏ боюнча жана мындан ары мыйзам бузуучулуктарга жол бербɵɵ боюнча тиешелʏʏ чараларды кɵрʏʏ ʏчʏн Кара-Суу райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысынын наамына 2025-жылдын 28-майында сунуштама прокурордук акты келтирилип, азыркы учурда кароо алдында турат.

Кара-Суу районунун прокурорунун

улук жардамчысы С.Жакшылыков

About The Author