Мындан 80 жыл илгери, 1945-жылдын апрелинде Берлин операциясы башталган. Георгий Жуков командалык кылган 1-Белоруссиялык фронт Германиянын борбор шаары Берлинден 60 чакырым алыстыкта жайгашкан чыңдоолорду штурмалоого алып, 2-майда, тактап айтканда, штурм башталган эки жумадан кийин Берлин капитуляцияланган. Операциянын урунттуу учурларын Россиянын президенттик академиясынын аскердик экономика борборунун директору Алексей Исаев баяндап берет.
АКЫРКЫ САЛГЫЛАШУУ

Бʏгʏн анча чоң эмес шаарларды деле айлап штурмалап жатышпайбы. Анткени согуштук аракеттер башкача болуп калды. Ал эми 1945-жылы азыркыдай жогорку тактыктагы башкарылма дрондор жок эле. Бʏгʏн шаарга кирген же майдан жолундагы танк бир мʏнɵттɵ эле бута болуп калат. Улуу Ата Мекендик согуш маалында танктар салгылашуунун чыныгы кожоюндары болуп калышкан. Фаустпатрондор 30 метрден ашпаган аралыктан гана натыйжалуу сокку урган. Фашисттер мынчалык аралыкка анда-санда гана келишкен. Аскерлердин тыгыздыгы да башкача болгон. Берлинди штурмалоого эки фронттун бир нече армиялары, жалпысынан 450-430 миң сандуу жоокерлер катышкан. Ал эми коргонууда 100-120 миң гана немис аскерлери турган. Немистер бир кварталга бир ʏй туура келген мейкиндикте гана ɵздɵрʏн жакшы сезишкен. Бирок бул ʏйдɵн куулуп чыккандан кийин бʏт квартал биздин колго ɵткɵн. Натыйжада биздин жоокерлер чоң мейкиндикти ылдам басып ɵтʏшкɵн. Акырында коргонуу линиясы бир нече кварталдарга дейре тарый баштаган. Бирок Берлинде ɵзʏнʏн кыйынчылыктары да бар эле. Немистер биздин алдыңкы бɵлʏктɵрдʏн коммуникацияларын ʏзʏп салууга жетишкен. Биздикилер иш жʏзʏндɵ курчоодо калгандай шартта чабуул коюшкан. Рейхстагды да ошондой эле кырдаалда, алышкан курчоодосуң, бирок тууну сай! Ал ирмемдерге анча деле кɵңʏл бурушпаган. Жаздын баары жаныңда жеңиштей жайнап турса курчооң кеппи?
Батышта бул операцияны “маанисиз штурм” дешип кɵпкɵ айтып жʏрʏштʏ. Шаарды курчоого алып кʏтсɵ болмок имиш. Биз анда Берлиндин жака белиндеги немистик бирикмелерге шаарга кирип, коргонууну уюштурууга жол коймококпуз. Шаардын тʏштʏк-чыгышында ал кезде Брюссенин 9-армиясы бар эле, 200 миң жоокер. Биздин армия Берлинге жарып ɵткɵндɵ бул 9-армия вермахтын 4-танкалык армиясы менен кошо Халб ойдунда курчоодо калган.
Эсиңердеби, фильмдерде Гитлер бункерде улам эле “Венк кайда?” деп кыйкыра берет. Гитлер Венктин 12-армиясы шаарга жарып ɵтʏп, жардамга келет деп ʏмʏттɵнсɵ керек. Бирок Венктин колун шаардын тʏштʏк-батыштан кире беришинде Лелюшенконун армиясы байлап турган. Штайнердин кашыктап чогултулгандай 3-танкалык корпусу да бар эле. Ага тʏндʏктɵн 1-польшалык армия каршы турган. Ошентип Берлинге жардам берʏʏ ʏчʏн фашисттер ʏч тараптан аракеттенген.
ЖУКОВ СТАЛИНДИН БУЙРУГУН БУЗГАН

Берлинге жарып ɵтʏʏ чечими менен Жуков Ставканын, Салиндин атайын буйругун бузгандыгын айта кетʏʏ керек. Анткени Сталин Катуков менен Богдановдун согушка эң эле жарактуу танкалык армияларын Эльбага, америкалык аскерлер менен туташтырууга буйрук берген. Жуков башкы командачынын буйругун бузган. Кийин Генералиссимус Жуков менен ʏч кʏн сʏйлɵшпɵй койгон. Батыш эксперттери “маанисиз штурм” деп аташканында да бир жан бар. Баса, согуштан кийинки Сталин менен Жуковдун ɵз ара мамилелеринин аягына дейре бузулушуна ушул окуя да бир себеп болгон окшойт.
Берлиндин жолун жаап турган Зееловск бийиктигин штурмалоо да Батыш эксперттери тарабынан маанисиз кан тɵгʏʏ катары эсептелип жʏргɵнʏ маалым. Мага бул бийиктикте болуу бактысы туш келгенин айта кетʏʏ абзел. Тарыхчылар тобу менен бул тарапка экскурсияга барганбыз. Биз менен кошо НАТОнун офицерлер тобу да жʏргɵн. Алар планшеттерине бирдемелерди тыкандык менен чиймелеп, дʏрбʏ менен карап жатышты. Тʏшʏнʏктʏʏ да, алар бул операцияны согуштук чеберчиликтин бир ʏлгʏсʏ катары иликтеп жатышты. Операция кɵп убакыт жана каражат сарпталган коргонууну кыска мезгилде жарып ɵтʏʏнʏн ʏлгʏсʏ катарында азыр бардык аскердик академияларда окутулат. Зееловдук бийиктик 30-40 метр бийиктиктеги бир нече дɵңсɵɵлɵрдɵн турат. Эңкейиши чукул болгондуктан техника жол менен гана жʏргɵн, бирок, жол жабык болгон.
Бийиктиктен тʏндʏгʏрɵɵк тарапта каналдар тʏйʏнʏ болуп, бирок алар да ɵзʏнɵ-ɵзʏ мыкты коргонуу чыңдоолору болуп турганы талашсыз. Мунун баарынан кантип ɵтʏʏ керек деген маселе турду. Бир нече ирет таскак менен кирип баруу аракекти жасалды, бирок, майнап чыккан жок. Коргонуунун алсыз жерин табуу керек эле. Тийип -качып жʏрʏп андай жайды да табышты. Ал жерде канал да, бийиктик да жок эле. Аны немистик аскердик аба-десанттык дивизия коргоп турган. Дал мына ошол ийненин кɵзʏндɵй кууш участокту советтик аскерлер жарып ɵтʏшʏп, эки танкалык армияга жол ачып беришти. Бийиктиктин эң бийик участокторун штурмлоо да жʏргɵн. Биздин 8-армиянын кургактагы аскерлери эңкейиштер менен тʏз чыгып барышкан. Бул Бюссенин армиясын ордунан жылдырбоо ʏчʏн керек эле. Эки танкалык жана 8-армиялардын биргелешкен аракеттери немистик 9-армияны курчоого алынууга аргасыз кылды.
Америкалыктар Эльбага жакын келгенден кийин биздин Ялтада айтылган келишилген биздин оккупациялык зонаны кесип ɵтɵт деген ой Сталинди чочулаткан болуш керек. Танкалык армиялары америкалыктар менен жолугууга жɵнɵтʏʏ чечими да ошол максатта болгон чыгар. Жуков да ошондой ойдо болгон деп айта албайм. Ага согушту эртерээк бʏтʏрʏʏ ʏчʏн Берлинди алуу керек болгон.
Эйзенхауэрдин Эльбадан ары ɵтʏшʏ кʏмɵндʏʏ эле. Берлинге чабуул жасоо америкалык аскерлерди камсыздоо жагын кыйындатмак. Бул кʏчтʏʏ тобокелчилик болмок. Эйзекнхауэр президент болом деп жаткан жана ансыз да триумфатор эле. Кийин гана Берлин бизге ɵткɵн соң, америкалыктар: “Биз деле Берлинди алмакпыз” деп айта башташты.

Нацисттер согуштун акыркы кʏндɵрʏндɵ убактылуу жарашуу, ок атышууну токтотуу туурасында келишим тʏзʏʏ аракетин да жасашкандыгын белгилей кетʏʏ ашыкчалык кылбайт. 1-майга караган тʏнʏ немистик укургактагы аскерлердин штабынын начальниги генерал Кребс Чуйковдун штабына келип, Гитлер ɵлгɵнʏн, ɵлкɵнʏ адмирал Деництин ɵкмɵтʏ башкарып жатканын, ок атууну токтотуу жана сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ баштоону сунуштаганын маалымдайт. Чуйков Жуковго, Жуков Сталинге телефон чалат. Сталин катуу турду, кыңк этпеген капитуляция. Кребстин буга укугу жок эле. Рейхканцелярияга кайтып келди да атынып ɵлдʏ. Эми Геббельс калды. Ал Берлинди коргоо комиссары постун ээлеп турган. Геббельс да ɵзʏн-ɵзʏ ɵлтʏргɵн. Ошентип Берлиндин коменданты Вейдлинг капитуляция боюнча буйрукка кол койгон.
Жеңишке бир апта калган. Рейхсканцеляриядан жоон топ адам америкалыктарга жарып ɵтʏʏ аракетин 2-майда кɵрʏштʏ. Алдыда “королдук тигр танкы” (Тигр-2”) артынан бронетранспортер, артиллерия. Брондо рейхсляйтер Мартин Борман жана эсэсовдук бир медик олтурган. Жол катар согуш жʏрʏп, биздикилер “Тигрге” трофейлик фаустпатрондон ок атышты. Борман менен медик жарылуудан каза болушту. Бормандын сɵɵгʏ 1970-жылы казуу учурунда табылган.
Абдираим МАМЫТОВ.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы