Орус-украин согушу ʏч жылдан ашыгыраак убакыттан бери жʏрʏп, эки тарап тең анын азабын тартып жатканына карабай алардын ортосунда тынчтык келишимин тʏзʏʏгɵ карай кеткен жол, элестʏʏ айтканда, кыйын-кысталыштуу, тайгалак жана эки тарап ʏчʏн да тар болуп жатканын аңдоо кыйын эмес.
“СЕНИН ЭРКИҢ МЕНЕН БАШТАЛГАН СОГУШ СЕНИН КААЛООҢ МЕНЕН БYТПƟЙТ”

Орус-украин жаңжалынын азыркы абалы, шарт-кырдаалдары айтылуу Макиавеллинин жогоруда айткандарына абдан дал келип турат. Орустар атайын аскердик операция деген аталыш менен баштаган орус-украин согушу кийин соңу талдап, баалоого келгенде, тарыхчыларды эле эмес, саясий талдоочуларды, эксперттери менен кошо кыйла кызыл-чеке талаш-тартыштарга тʏшʏрʏп кыйнаарын азыр эле болжоого болот. Кандай болгондо да ошол эле Макиавеллинин азыркы украиндерге карата тандап айтылгандай сезилген дагы бир сɵзʏн белгилбей кетпеске болбойт: “Ɵзгɵнʏкʏ менен жеңгенге караганда, ɵзʏңдʏкʏ менен жеңилген артык. Анткени ɵңгɵнʏн куралы менен жетишилген жеңиш акыйкат эмес”. Украиндер муну кандайча интерпретациялайт белгисиз, бирок, Макиавеллинин бул айткандары акыр-тʏбʏ келип эле ар кандай согуштун саясий жана моралдык-этикалык да чоо-жайын да камтыйт шекилдʏʏ.
Жаңжал жалпысынан айтканда 2022-жылы эмес. 2014-жылдарда Донбастагы кыска мɵɵнɵттʏʏ согуштан башталгандыгы маалым. Ал кездерде Украинадагы орус тилдʏʏ калкка расмий Киевдин кысымы кʏчɵп, ɵлкɵ жарандык согуштун капшабына да кептелген. Союз таркагандан кийин Украина дээрлик Бандеранын нацисттик, ириде русобиялык саясатын жайылта баштаган. Бир муун калк Россияны, орустарды жек кɵрʏʏ духунда тарбияланган. Украина Евробиримдикке, анысы мейли эле, НАТОго мʏчɵ болууну ак эткенден так эте самоого ɵткɵн. Украина согушка кызуу даярдык кɵрɵ баштагандыгын, Минск келишими андай саясатты алакчылоо ʏчʏн гана тʏзʏлгɵндʏгʏн башкасы эмес, балпайган Германиянын ошол кездердеги канцлери Ангела Меркель ɵзʏ ачык айтып чыккандыгы эсибизде. Ошол келишим аткарылып баштаганда, балким, бʏгʏн жʏргʏзʏлмɵкчʏ болуп жаткан сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн деле зарылдыгы болмок эмес деген таасир калат. Мындай саясат Москванын улуттук кызыкчылыгына таптакыр карама-каршы келгендеги айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Ядролук улуу державаны кой, ар кандай эле мамлекет ɵзʏнʏн улуттук кызыкчылыгын сактоого, коргоого жана албетте артырууга милдеттʏʏ. Бул чыныгы мамлекеттик саясаттын негизги ɵзɵгʏн тʏзɵт.
УКРАИНА-ТРАМПТЫН БАШ ООРУУСУ

Геосаясаттын парадоксун кара, Украинадагы жаңжалдын башталышына ал убактарда АКШга президент болгон Дональд Трамптын да салымы бар эле. Россиянын аскердик оперциясы башталган кездердеги “джовальиндер” Украинага дал ушул Трамптын маалында жɵнɵтʏлгɵндʏгʏн азыр эч ким эстеп да койбойт. Ɵзʏ баштаган иш ɵз башына муш болуп, Украинадагы согушту токтотуу маселеси азыр Трамптын номур биринчи баш оорусуна айланып олтурат. Согушту токтотуу маселеси Трамп тараптан президенттик шайлоо маалында эле коюлуп, согушту бʏтʏрʏʏ мɵɵнɵтʏ анын эсебинде ашык-кеми жок 24 саат эле. Кийинчерээк жʏз кʏн деп ɵзгɵртʏлдʏ. Дагы кантип ɵзгɵртʏлɵɵрʏ али белгисиз. Согушту токтотуу эмес ал жагдай боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр али жандана элек. Трамптын бизнестеги тобокечиликтери саясатта анча деле чечʏʏчʏ ролду ойнобой жаткандыгын баары байкап турат. Эртең менен айткан сɵзʏнɵн кечинде кайткан мʏнɵз балким бизнесте ɵзʏн актаса актаар бирок саясатта ал акыр тʏбʏ куруйга кулаткандай иш болуп калаарын Трамп эми аңдап баштаганын болжоого болот.
Трамтын башкы баш ооруусу азыр Украинанын президенти болуп жатканын аңдоо кыйын эмес. Буту кʏйгɵн тооктой ары-бери чуркап жʏргɵн Зеленский Трамптан ʏмʏтʏн ʏзгɵнʏ менен Евробиримдикке шынаарлап турат. Евробиримдиктин бул жаңжалдан кантип чыгаары белгисиз болууда. Ишенген кожосу Трамптын жоругу ушул болуп жатса, алды-алдынан тармаган евпропалыктардын баштары азыркы тапта Трамптыкынан кем эмес даражада ооруп турган чагы. Украинанын согушту жеңип чыгаарынан алардын ʏмʏтʏ алда качан суу сепкендей эле ɵчкɵнʏ менен сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн жʏрʏшʏндɵгʏ “дипломатиялык согуштан” аман чыгуунун айла-амалдарына “мээ чабуулун” биргелешип баштоого аргасыз болушууда.
Орус саясат таануучусу Павел Дибровский айтмачы, “коомчулук мына эки айдан бери “кийинки апта чечʏʏчʏ болот” деп кʏтʏп келе жатабыз”. Мындай абал бул теманын Россия менен Украина ʏчʏн эле эмес бʏткʏл дʏйнɵ коомчулугу ʏчʏн маанилʏʏ экендигинен кабар берет. Урсула фон дер Ляйен “эмки жума чечʏʏчʏ болот” деп бекеринен сʏйʏнчʏлɵгɵн эмес. Трамп Путинге телефон чалаардан мурда Германия канцлери Фридрих Мерц жана Эмануэл Макрон, Британия премьер-министри Кир Стармер менен телефон аркылуу сʏйлɵшкɵн. Бул нерсе европанын Урсула фон дер Ляйен, Макрон, Мерц сыяктуу лидерлери сʏйлɵшʏʏ столунан ɵз ордуларын таап калуу камылгасын катуу кɵрʏп жатканынан кабар берет. Буга чейин Трамп Евробиримдиктин сʏйлɵшʏʏлɵргɵ катышууга зарылдык да, орун да жок экендигин бир нече ирет айтып чыккан. Эми ал позициясын ɵзгɵртʏп, “европалыктар Украинанын жана бʏтʏндɵй Евробиримдиктин коопсуздугу ʏчʏн жооп бересиңер!” деген талапты коюуда. Сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн ушул нарративден кароого негиз бар. Европалык лидерлер Трамп Путинге кескин кысым жасап, ок атышууну бир айга токтотууга аргасыз кылат деп кʏтʏштʏ эле андай болгон жок. Трамп Путинге телефон чалып, сʏйлɵшʏʏ эки сааттан ашык убакытка созулуп, “чечʏʏчʏ” деп атаганга татырлык эч кандай жаңылык болгон жок. Азыркы учурда Россия да, Украина да ок атышууну токтотуу жаатында ɵз меморандумдарын даярдап жатышат. Ага качан жана кимдердин колу коюлаары белгисиз.

“ОТУЗ КYНДY” ЭМНЕ YЧYН ООЗАНЫШУДА?
Бир караганда эки тарапка тең эле ыңгайлуудай кɵрʏнгɵнʏ менен бʏткʏл фронт боюнча чабуулун улантып, айрым эксперттердин болжолунда жакынкы апталарда абдан чоң чабуулга даярдык кɵрʏп жаткан Россия ок атууну токтотуунун отуз кʏндʏк мɵɵнɵтʏнɵ макул эместигин билдирип келет. Бул Россиянын согуштук стратегиялык максатына туура келбейт. Согуштун ыргагы бузулат. Каршылаш тарап кʏчтɵрдʏ ыңгайлштырып жылдыруу, керектʏʏ ɵңʏттɵргɵ топтоштуруу ʏчʏн убакытты пайдаланат, кошумча кʏчтɵрдʏ мобилизациялоону жʏргʏзɵт. Кыскасы “ок атышууну отуз кʏндʏк мɵɵнɵткɵ токтотуу” деген сɵз Россия ʏчʏн оозго тийип турган жеңишти жулдуруу дегенден башканы билдирбейт. Бул жагдай эс-акылы жайында болгон ар бир адамга белгилʏʏ болуп турганы менен Евробиримдиктин лидерлери ʏчʏн аны атайылап бетке тутуудан башка айла калбагандай сезилет. Анткени Украинанын жеңилиши Евробиримдиктин да жеңилишин билдирет. Россиянын аскердик операцисынын бирден бир башкы максаты — Украинаны демилтиразацилоо жана денацификациялоо экендигин эстен чыгарбоо керек.
Абдираим МАМЫТОВ.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы