Кыргызстандын тʏштʏк тоолорунда жайгашкан Кара-Кой, Сары-Ой жайлоолору жана Ленин чокусу — табияттын сулуулугу, тарыхый издер жана экстремалдык туризм айкалышкан уникалдуу багыттар болуп саналат. Бул жайлар эс алуу, маданий изилдɵɵ жана альпинизм сʏйʏʏчʏлɵрʏ ʏчʏн эң ылайыктуу жерлер. Ош облусундагы эс алуу жайларынын айрымдары жɵнʏндɵ айтып беребиз.
Суу-Чыкты булагынан башталган Кара-Кой жайлоосу

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан Кара-Кой жайлоосу — табигый кооздугу жана тарыхый мааниси менен белгилʏʏ эс алуу жайы. Алай тоолорунун оң капталында орун алган бул жайлоо деңиз деңгээлинен орточо 2500-2800 метр бийиктикте салкын абасы, шаркыраган суулары жана байыркы тарыхы менен эс алуучуларды ɵзʏнɵ тартат. Кара-Кой жайлоосунун чыгышы Мазар, батышы Алтын-Бешик зоолору менен курчалган. Бул аймакта Суу-Чыкты деп аталган булак бар. Ал Кыргыз-Ата дарыясы жайлоонун ортосунан агып ɵтɵт. Суу-Чыктынын кʏн чыгыш тарабында арча токойлору жайгашкан, ал эми жогору жагы Кум-Бел деп аталат. Бул жерде ыйык деп эсептелген Мазар ʏңкʏрʏ бар. Мазар жайлоосунан дарыяны бойлоп тɵмɵн тʏшкɵндɵ, Кыз-Коргон аталган байыркы Жаш-Коргон жайгашкан. Анын айланасы таштуу аска менен курчалып, ичинде карагай, кайың, арча ɵсɵт. Коргондо чоң ʏнкʏр жайгашып, ал жерде байыркы заманда кыздарды жоодон сактоо ʏчʏн жашырышкан деген уламыштар бар.
Кара-Кой жайлоосунун жалпы аянты 11,872 гектарды тʏзɵт жана беш айыл ɵкмɵттʏн жайыт жерлери менен чектешет. Эс алуу жайына кʏнʏнɵ 200-500 киши келет. Конокторду жергиликтʏʏ эл тейлейт. Жашоочулар 100дɵн ашуун боз ʏйдʏ иштетип акча табышат. Бул аймакта кара кийик, карышкыр, тʏлкʏ, кашкулак, кийик, коён сыяктуу жапайы жаныбарлар кɵп. Жайлоосунан жана тоонун баштарынан мɵңгʏ суусу агып тʏшɵт. Ал суу таза болгондуктан кɵпчʏлʏк туристтер шаркырап аккан сууга кызыгышат.
Кирʏʏ акысы жана шарттары
Кара-Кой жайлоосуна кирʏʏ ʏчʏн жеке адамдардан 100 сомго чейин, сырттан келген туристтерден 200 сомго чейин алынат. Жайлоодо жапайы жаныбарларды атууга жана бак-дарактарды кыюуга тыюу салынган. Кара-Кой жайлоосу акыркы жылдары эс алуучулардын арасында популярдуулугун жогорулатууда. Бул аймакка чет ɵлкɵдɵн келген коноктордун агымы кɵбɵйʏп, ɵзгɵчɵ эс алуу жайлары курула баштады. Жакынкы жылдары Кара-Кой жайлоосу эң алдыңкы туристтик аймакка айланары талашсыз.
Сары-Ой жайлоосу – тарых менен табияттын тынчтыгы

Сары-Ой жайлоосу Ош облусунун Алай районунда жайгашкан, Кыргызстандагы эң кооз жайлоолордун бири болуп саналат. Ɵзʏнʏн таза абасы, кɵз жоосун алган табигый ландшафттары жана жайлуу шарттары менен ал туристтерди жана табият сʏйʏʏчʏлɵрʏн ɵзʏнɵ тартып турат. Сары-Ой жайлоосу, ɵзʏнʏн жаратылышы, маданий, тарыхый мааниси менен Ош облусундагы эс алуучулар ʏчʏн эң популярдуу жайлардын бирине айланган. Сары-Ой жайлоосунун аянты 12,000 гектардан ашуун. Ал жерде ар кандай ɵсʏмдʏктɵр жана жаныбарлар дʏйнɵсʏ кездешет. Жайлоонун аймагында ар кандай суулар бар. Тоо-Суу жана Кара-Суу аттуу суулар жергиликтʏʏ мааниге ээ. Суулар таза жана салкын болуп, жайлоонун бʏт аймагына энергия берип турат. Тоо аймагындагы сууларды ичип, таза абада сейилдɵɵ эс алуучулар ʏчʏн абдан маанилʏʏ. Сары-Ой жайлоосу башынан эле алгачкы калктар ʏчʏн жайлоо болуп келген. Кɵптɵгɵн элдердин ортосундагы соода жана маданий байланыштардын тʏзʏлгɵн жерлеринин бири болуп саналат. Бул жерде археологиялык жана тарыхый жерлерге кызыккан туристтер ʏчʏн атайын маршруттар курулган. Сары-Ой жайлоосундагы айрым маданий жайлар — бул ар кандай кылымдардагы маданияттардын урпактарынын жашоо-турмушунан кабар берʏʏчʏ объектилер. Мындай тарыхый жерлер жайлоонун кызыктуу жана уникалдуу бɵлʏгʏ болуп саналат.
Кирʏʏ акысы 100 сом
Сары-Ой жайлоосуна кирʏʏ ʏчʏн туристтер ʏчʏн ɵтɵ арзан болгон шарттар каралган. Туристтер жеке кызыкчылыктары ʏчʏн жайлоого келип, ар бир адам ʏчʏн 100 сомдон 300 сомго чейин кирʏʏ акысы белгиленген. Ар бир чоң топтун келиши менен шарттар да кɵбɵйɵт. Туристтер жайлоодо кɵпчʏлʏк учурда жɵɵ сейилдеп, кооз табигый кɵрʏнʏштɵрдʏ кɵрɵ алышат. Эгерде сиз жайлоого эрте кʏздɵ же жазда келсеңиз тоолордун жана гʏлдɵрдʏн жанданган учурун кɵрʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏңʏз бар. Бул убактарда жайлоонун табигый кооздугу ɵзгɵчɵ кɵркʏнɵ чыгат.
Жергиликтʏʏ калк экологияны сактоого аракет кылышат
Жайлоо экологиялык жактан сакталган аймак болуп саналат. Сары-Ой жайлоосундагы табигый кырдаал менен жергиликтʏʏ эл айкалышып, жайлоону сактоого аракет кылышат. Малдын жана экологиянын тең салмактуулугун сактоо ʏчʏн ошол жердин жетекчилиги аймактагы терс таасирлерден сактоо боюнча аракеттерди кɵрʏʏдɵ. Жайлоону сапаттуу колдонууну негизги орунга коюшат.
Ленин чокусу: альпинизм жана экстремалдык туризмдин чордону

Кыргызстандын ак карлуу тоолору дʏйнɵгɵ белгилʏʏ. Алардын ичинен эң атактуусу — Ленин чокусу. Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиядагы эң бийик чокулардын бири. Бийиктиги 7134 метр. Бул чоку альпинисттердин жана жаратылышты сʏйгɵн саякатчылардын кыялына айланган. Ленин чокусу кооздугу менен суктандырып, туризмди ɵнʏктʏрʏʏгɵ чоң мʏмкʏнчʏлʏк жараткан табигый байлык. Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда, Памир тоо системасында, Тажикстандын чек арасы менен чектеш жерде жайгашкан. 1928-жылы советтик жетекчи Владимир Лениндин урматына Ленин чокусу деп аталып калган. Бийиктиги боюнча Кыргызстандагы экинчи эң бийик чоку (биринчи орунда — Жеңиш чокусу), бирок эң кɵп альпинисттер чыгып кɵргɵн 7000 метрден жогору чоку болуп саналат. Ар жылы жай мезгилинде (июнь–август) жʏздɵгɵн чет элдик жана жергиликтʏʏ альпинисттер Ачык-Таш базалык лагеринде топтолуп, чокуга чыгууну кɵздɵшɵт. Ленин чокусуна жетʏʏ ʏчʏн туристтер, адатта, Ош шаарына учуп келишет. Андан соң Ош — Сары-Могол — Ачык-Таш базалык лагери багыты боюнча унаа менен жʏрʏшɵт. Базалык лагерь 3600 метр бийиктикте жайгашкан жана альпинисттер ʏчʏн бардык шарттар тʏзʏлгɵн.
Ленин чокусуна чыгуунун жана кирʏʏнʏн акылары
Ленин чокусуна чыкканда кɵпчʏлʏк альпинисттер баштапкы даярдыктарын жʏргʏзʏʏ ʏчʏн Ачык-Таш базалык лагеринде турушат. Бул лагерге кирʏʏ ʏчʏн туристтерге тɵмɵнкʏ акылар талап кылынат. Лагерге кирʏʏ акысы: 1 адам ʏчʏн 10-20 доллар аралыгында. Мында камтылган кызматтар, лагерде турак жай, тамактануу, суу, ажатканалар жана башка негизги шарттар. Ал эми буга кошумча гид жана жардамчы кызматтар да каралган.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы