20 августа, 2025

«Ош унаа базары»: Инфраструктура жаңыланып, кызмат кɵрсɵтʏʏ сапаты жогорулады

 «Ош унаа базары» акыркы жылдары оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵтʏп, шаардык бюджеттин кирешесин кɵбɵйтʏʏ жана сатуучулар менен кардарларга ыңгайлуу шарт тʏзʏʏ багытында бир топ иштерди аткарды. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Арстанбек Тажибаевдин айтымында, суу жана канализация тʏтʏктɵрʏ тартылып, асфальт тɵшɵлʏп, ɵрт коопсуздугу камсыздалып, заманбап тɵлɵм системасы киргизилди. Мунун баары базарды аймактагы ири автоунаа сатуучу борборлордун бирине айлантууда.

Автобазарда дагы кандай жаңылануулар болуп жатат, алдыда дагы эмнени пландашканы тууралуу тɵмɵндɵ кенен сɵз болот.

“Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Арстанбек
 Тажибаев:

-Ош шаарынын мэринин протоколдук тапшырмасынын негизинде “Ош унаа базарынын” инфраструктурасын жакшыртуу иштери башталган. Алгач таза суу жана канализация тʏтʏктɵрʏ тартылып, ишке берилген эле. Азыр газ тʏтʏктɵрʏ да орнотулуп, колдонууга даяр абалга келтирилди. Ички аянтка асфальт тɵшɵлʏп, кошумча бастырмалар курулду. Ɵрт коопсуздугун камсыздоо ʏчʏн атайын чаралар кɵрʏлʏп, базардын аймагына ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ жабдыктар жана коопсуздук жабдуулары орнотулду. Ошондой эле жаңы ашканалар курулуп, сатуучулар менен коноктордун тамактануусуна ыңгайлуу шарт тʏзʏлдʏ.

-Базар аймагында автоунааларга байланыштуу кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ бир катар кичи курулмалар ишке берилди. Алардын катарында:

•Нотариус кызматы;

•Авто камсыздандыруу кеңсеси;

•Автоунаа аксессуарларын сатуучу дʏкɵндɵр.

Бул кызматтар автоунаа сатып алгандарга бардык керектʏʏ документтерди ошол жерде бʏтʏрʏʏгɵ шарт тʏзʏʏдɵ.

-Оңдоп-тʏзɵɵдɵн мурда базарда 2500 автоунаага ылайыкталган автотоктомо болсо, азыр бул мʏмкʏнчʏлʏк 4200 орунга чейин кɵбɵйдʏ. Кошумча бастырмалардын астындагы орундар курулуп, сатуучуларга автоунааларын кʏндɵн жана жамгырдан сактап сатууга шарт тʏзʏлдʏ.

-Базардагы токтотуу акысы кʏнʏнɵ жана жайгашкан жерине жараша ɵзгɵрɵт:

        Ачык аянтта:

• Дʏйшɵмбʏ-жума: 50 сом;

• Ишемби: 350 сом;

• Жекшемби: 500 сом;

• Жумалык: 1100 сом.

Навес (чатырча) астында:

• Дʏйшɵмбʏ-жума: 100 сом;

• Ишемби: 500 сом;

• Жекшемби: 700 сом;

• Жумалык: 1700 сом.

-“Ош унаа базары” жети кʏн бою иштейт. Бирок сатуучулар менен кардарлар негизинен ишемби жана жекшемби кʏндɵрʏ кɵп келет. Калган кʏндɵрʏ автоунааларын кɵрсɵтʏп кеткендер сатып алуучулардын чалуусу менен кайра алып кетишет. Ал эми бааларына келсек, автоунаа баалары боюнча азырынча так статистика жʏргʏзʏлɵ элек. Анткени, учурда негизги чарба иштерине жана курулуштарды бʏтʏрʏʏгɵ кɵңʏл буруп жатабыз. Курулуш иштери толук бʏткɵн соң, статистикалык маалыматтарга да ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулмакчы.

-Базар аймагында кʏн нурунан кубат алуучу жарыктандыруу системасы орнотулууда жана иш жʏзʏндɵ дээрлик бʏтʏп калды. Мындан тышкары, видеобайкоо камералары да орнотулуп жатат. Алар коопсуздукту кʏчɵтʏʏгɵ жана тартипти сактоого ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

-Мурда базар “Жапалак унаа базары” деп аталып келген. Эми анын аталышы “Ош унаа базары” болуп ɵзгɵрдʏ. Бул ɵзгɵрʏʏ базарды эл аралык деңгээлде таанытуу максатында болду.

-Жакынкы келечекте базарга чектеш аймакка шаардык жана облустук автоунааларды каттоо бɵлʏмʏ жайгаштырылмакчы. Бул сатуучу жана сатып алуучу ʏчʏн ыңгайлуу шарт тʏзɵт. Автоунааны сатып алуу, каттоо жана документтерди бʏтʏрʏʏ бир эле жерден мʏмкʏн болот. Анткени кошумча курулмалар атайы кызмат кɵрсɵткʏчтɵргɵ курулуп жатат. 

-Базардагы тɵлɵм системасы толугу менен санариптештирилди. Мурда бардык тɵлɵмдɵр кассалар аркылуу жʏргʏзʏлʏп, ар бир кассада кызматкерлер отурчу. Азыр болсо, тɵлɵм онлайн же терминал аркылуу жʏргʏзʏлɵт. QR кодду сканерлɵɵ менен автоунаанын номери киргизилип, баасы автоматтык тʏрдɵ чыгат. Терминалда да автоунаанын номери менен тɵлɵм жасалып, ашыкча акча дароо кɵрсɵтʏлгɵн телефон номерине кайтарылат.

Бул ыкма кардарлар ʏчʏн ыңгайлуу болуп, кезек кʏтʏʏнʏ жойду. Акча дароо эсепке тʏшʏп, каражат жоготуу же алдап кетʏʏ коркунучу болбой калды.

-Санариптик системага ɵтʏʏ менен бир катар кызматкерлер кыскартылды. Азыр базарда автоунаа токтотуучу жайды кɵзɵмɵлдɵгɵн — 8 адам, бир эсепчи жана жетекчи, кароолчулар, тазалыкты сактаган — 3 кызматкер, ашканалардын ижара келишимдерин жʏргʏзʏʏчʏ адис, IT адис гана иштейт.

Жалпысынан 22-23 адам иштейт. Мурда кызматкерлердин саны 30дан ашык болчу. Автобазар жаңыдан курулуп, жаңы техникалар менен камсыздалып, электрондук кызматтар пайда болуп, бир кыйла жеңилдиктер пайда болгону ʏчʏн кызмат орундары да азайды.

-“Ош унаа базарынын” айланасын темир тосмо менен тосуу маселеси жергиликтʏʏ жетекчилик тарабынан кабыл алынып, ишке ашырылды. Мурда мындай тосмо болгон эмес, ошондуктан базардын ички аймагына каалаган киши эркин кирип-чыгып, автоунаалардын коопсуздугу, товарлардын сакталуусу жана тартип боюнча айрым кɵйгɵйлɵр жаралып калышына кʏмɵн чоң эле. Темир тосмо орнотуу — биринчи кезекте унаалардын, документтердин жана сатуучулардын мʏлкʏн коргоо максатында жасалган чара. Тосмо базардын тушуна, негизги кире бериштерди жана борборундагы кире бериш жерлерди  айкын аныктап, ар кандай мыйзамсыз жол менен кирʏʏнʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏн азайтат. Тосмонун жанында орнотулган ɵткɵɵлдɵр жана кɵзɵмɵл пункттары аркылуу гана кирʏʏ-чыгуу учурлары уюштурулат, бул кʏзɵт кызматын жана видеобайкоону эффективдʏʏ пайдаланууга шарт тʏзɵт. Натыйжада базар ичиндеги тартип жана коопсуздуктун деңгээли жогорулап, кардарлар менен сатуучулардын иш аракеттери дагы да жакшырат. Ошону менен бирге, тосмо орнотуу коомдук-коопсуздукту кʏчɵтʏʏ максатында жʏргʏзʏлʏп жаткан комплекстʏʏ чаралардын бир бɵлʏгʏ болуп калат. 

-Базардагы тыгынды азайтуу жана кирип чыгууну жакшыртуу максатында кошумча чыгуу жолун уюштуруу каралган. Кошумча чыгуу жолдорунун пайда болушу аркылуу автоунаалардын айлануу агымы бир нече багытка бɵлʏнʏп, негизги кире бериштердеги тыгындар азайтылат. Жолдордун жаңы схемасын иштеп чыгууда коопсуздук, жʏктʏн тең салмактуулугу жана логистикалык ыңгайлуулукту негизги критерий катары эсептедик. Буга чейинки бюджетибиз 35 млн сом болсо, учурда бул сумманы эки эсеге кɵбɵйтʏʏ, жалпы чыгымдын кɵлɵмʏн чоңойтуу планыбызда бар. Практикалык жагдайга келсек, оңдоп-тʏзɵɵдɵн кийин бʏгʏнкʏ кʏндɵ ишемби жана жекшемби кʏндɵрʏ “Ош унаа базарына” орточо эсеп менен 3000ге жакын унаа кирип-чыгып жаткандыгы байкалууда. Бул кɵрсɵткʏч дем алыш кʏндɵрʏндɵгʏ жогору суроо-талапты жана базардын реалдуу иштɵɵ кубаттуулугун кɵрсɵтɵт.

-Алдыда автоунаа базарыбыздагы бардык курулуш иштерин толук кандуу бʏтʏрʏп, ишке киргизʏʏнʏ пландап жатабыз. Ага улай жаңы кызмат кɵрсɵтʏʏ борборлорун ачып, кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ жогорулатып, бир кыйла иштерди жеңилдетебиз. Азыр Кɵкʏм-Бий жолуна асфальт тɵшɵлгɵнʏ турат. Буюрса бул жол бʏтсɵ дагы бир кыйла ишибиз жеңилдеп, тыгындар азайып, автоунаа алып саткандар дагы кыйналбай калышат. Андан сырткары, аймакты толук жарыктандыруу жана видеобайкоо менен камсыздоо иштери дагы аяктап калды. 

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author