27 апреля, 2024

ЖАЙКЫ ЭС АЛУУГА ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ ЖАЙ. МУГЛАГА  САЯКАТ

Жер Ортолук жана Эгей деңиздери кошулган жер Муглада, Бодрум, Фетхие, Мармарис, Датча, Гөкек, Өлүк деңиз жана Көйжегиз сыяктууТүркиянын эң белгилүү туристтик жерлери жайгашканын билесизби? Муглада Бодрум-Миласжана Даламан деген эки эл аралык аэропорт бар. Бул жер көк жана жашыл пейзаждары, антик шаарлары, кызыктуу экспонаттары, таза абасы, бирюза суулары жана чалкыган деңиздери менен зыяратчыларды суктандырат. Келиңиз бүгүн, Түркиянын эң узун жээги жана саякатчылардын жайкы эс алуу жайы болгон Мугланы бир кыдырып келели.

ТҮРКЕГЕЙЛЕРДИН СҮЙҮКТҮҮ ЖЕРИ БОЛГОН БОДРУМ

Түркиянын деңиз жээгиндеги эң популярдуу эс алуу жайларынын бири – бул Бодрум. Бодрумдун алтын куму жана Көк желек пляждары күн менен деңизди сүйгөндөргө эстен кеткис эс алуу тартуулайт. Ошондой эле көптөгөн суу иш-чаралары, айрыкча акваланг менен дайвинг үчүн идеалдуу жер.

Бодрумга келип калсаңыз, 15-кылымда Родос рыцарлары тарабынан курулган Бодрум сепили жана Бодрум суу астындагы музейин сөзсүз көрүп кетиңиз. Дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон  Галикарнас мавзолейинин калдыктары болсо шаарга башкача көрк берип, байыркы атмосфераны жаратып турат. Бул локация пальма жана эвкалипт дарактары менен кооздолгон. Ошондой эле Бодрум портунда үч миң жылдан ашуун убакыттан бери токтоп турган «гулеттер» (Бодрумдагы типтүү кайык) бар. Портто  күн бою кайык турлары уюштурулат. Бир нече күндүк Blue Cruises чейин кайыкта сүзүү мүмкүнчүлүгү болот. Бодрумда кечки тамактар, негизинен күндүн көзү батып бараткан учурда, өзгөчө порттор, мариналар жана деңиз жээктеринде берилет. Бул жерде түрк жана дүйнөлүк ашканалардан эң мыкты тамактарын сунуш кылган ресторандар бар.

ТАБИЯТЫ КООЗ ФЕТХИЕ

Табигый кооздугу, сыйлык алган пляждары, тынч айылдары жана укмуштуудай көрүнүштөрү менен белгилүү дагы бир жер — бул Фетхие. Фетхие Муглада жайгашкан. Өлүк деңиз, ошондой эле көпөлөктүн 80ден ашык түрү жашаган Көпөлөк өрөөнү (Келебеклер Вадиси) Фетхиенин эң популярдуу туристтик жерлеринин бири болуп саналат. Фетхиедеги Кабак булуңу да лагерге келгендердин эң сүйүктүү жери десек болот.  Дүйнөнүн эң мыкты узак аралыкка чуркоо жолдорунун бири Ликия жолу да Фетхиеде жайгашкан. Ошондой эле Фетхиеде кереметтүү Саклыкент каньоны, бир нече жер асты үңкүрлөрү бар. Андан тышкары, шаар сууга түшүү жерлери менен да белгилүү. Түркиянын жана дүйнөнүн эң маанилүү параплан борборлорунун бири болгон Бабадаг да Фетхиеде жайгашкан.

ТУРИСТТЕРДИН СҮЙҮКТҮҮ ЖЕРИ БОЛГОН МАРМАРИС

Табигый сулуулугу, байыркы тарыхы, көгүлтүр деңиз жана алтын кумдары мене белгилүү дагы бир дестинация — бул Мармарис. Турунч жана Ичмелер сыяктуу кооз пляждары менен таанылган бул курортко жыл сайын миңдеген туристтер келет. Тарых сүйүүчүлөрү Кариянын эң маанилүү порт шаарларынын бири болгон байыркы Фискос шаарын көрүүдөн ырахат алышат.

Учурда Мармаристе археологиялык музей, ошондой эле байыркынын жашоосу азыр да сакталып калган Бедестен (Жабык базар) базары бар. Седираралы катары да белгилүү болгон Клеопатра аралы сергиткен тынч сууларда сүзүүнү жана тарыхый курулуштарды көрүүнү каалаган зыяратчыларды өзүнө тартат. Алтын кумдары менен белгилүү болгон жана тарыхый маанисинен улам корголгон Клеопатра аралында Аполлон храмы, театр жана некропол сыяктуу байыркы жерлер да бар. Мармаристин экипляждык конушу болгон Селимийе жана Бозбурун тынч эс алуунун каалагандар үчүн абдан ыңгайлуу локация болуп саналат.

ТЫНЧ АТМОСФЕРА ЖАНА АБАСЫ ТАЗА КӨЙЖЕГИЗ

Мармарис менен Фетхиенин жол жээгинде жайгашкан Көйжегиз району Түркиянын CittaSlow шаарларынын бирине кирет. Көйжегизде кайык турларына кошулган коноктор апельсин гүлдөрүнүн жана баклажан дарактарынын жытына ырахаттанып, деңиз таш бакаларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Аймактын эң эски конуштарынын бири болгон байыркы Каунос шаары, б.з.ч. 4-кылымга таандык аска мүрзөлөрү менен зыяратчыларды өзүнө тартып турат. Көйжегиздин Сандрас тоолорунда кооз треккинг, кемпингдер да бар. Тынч атмосфера жана таза абаны сунуш кылган Көйжегиз салттуу жашоо образын сактап, конокторго тынч эс алуу тартуулайт.

ДАГЫ БИР ӨЗГӨЧӨ КАЛАА ДАТЧА

Мугланын дагы бир тынч жана жагымдуу жарым аралы – бул Датча. Шаардын негизги калктуу пункту болгон Жаңы Датчада (Йени Датча) көп сандаган ресторандар, кафелер, пабдар жана балык менен өрдөккө жык толгон Илица көлү жайгашкан. Эски Датча (Эски Датча) өзүнүн брусчаткалуу жолдору, жөнөкөй дүкөндөрү жана тынч жашоосу менен кызык. Датча жарым аралынын батыш тарабында жайгашкан Книдос шаары туристтерди кайра байыркы заманга жетелеген башкача жер. Датча чөптөрү жана өсүмдүктөрү, деңиз азыктары, тимьян балы жана бадам менен өндүрүлгөн жергиликтүү ашканасы менен да дүйнөгө белгилүү.