28 апреля, 2024

КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯДАН КЕП КЫЛАБЫЗ…

Ош шаардык Кеңеши калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кезексиз сессиясын ɵткɵрдʏ. Анда кʏн тартибинде тɵмɵнкʏдɵй тогуз маселе каралды:

— Ар тʏрдʏʏ маселелер;

-“Ош шаарындагы аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо кɵрсɵтʏʏнʏн тартиби жɵнʏндɵ” Жобону бекитʏʏ жɵнʏндɵ;

-Ош шаарынын катуу тиричилик калдыктарына болгон тɵлɵмдɵрдʏ жогорулатуу жɵнʏндɵ;

-Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык кɵрсɵткʏчтɵрʏн бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;

-Муниципалдык мʏлктʏ ижара акысынан бошотуу жɵнʏндɵ;

-Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123-“Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жɵнʏндогʏ Жобону бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомун жокко чыгаруу жɵнʏндɵ;

-Ош шаарынын муниципалдык мʏлкʏн менчиктештирʏʏ шарттары жана тартиби жɵнʏндɵ Жобону жана 2023-2024-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык мʏлктʏ менчиктештирʏʏ Программасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ;

-Ош шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-майындагы № 11-7б-676-23 ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетʏʏ жɵнʏндɵ сунуштамасынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген Жобонун 11-пунктуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;

-Ош шаарынын аймагындагы кээ бир геграфиялык обьекттердин аталыштарын ɵзгɵртʏʏ жɵнʏндɵ;

-Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы ʏчʏн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептɵɵлɵрдʏ жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” № 212 токтомуна ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;

Сессиянын жʏрʏшʏндɵгʏ айрым жагдайларга токтолобуз.

ТАШТАНДЫ YЧYН ТƟЛƟМ ЖОГОРУЛАДЫ

Кʏн тартибине ылайык, Ош шаарынын катуу тиричилик калдыктарына болгон тɵлɵмдɵрдʏ жогорулатуу жɵнʏндɵ маселе депутаттардын кароосуна коюлуп, колдоо тапты.

Тарифтеги ɵзгɵрʏʏгɵ ылайык, таштанды ʏчʏн кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жашоочулары буга чейин айына 25 сомдон (1 адамга) тɵлɵп келсе, эми 35 сомдон, ал эми жер ʏйлɵрдʏн жашоочулары 30 сомдон тɵлɵп келсе, эми 40 сомдон тɵлɵшɵт. Ошондой эле жеке мектептер, жогорку жана орто окуу жайлар ар бир окуучу, студент ʏчʏн айына 25-30 сомдон тɵлɵɵгɵ милдеттенет. Тарифти жогорулатуунун себебин “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов мындайча тʏшʏндʏрдʏ:

-Тарифти кɵтɵрʏʏ инфляцияга байланыштуу болууда. Анткени 2015-жылдан бери тарифте ɵзгɵрʏʏ болгон эмес. Андагы кʏйʏʏчʏ май, тетиктердин баалары менен бʏгʏнкʏнʏн айырмасы чоң. Андан сырткары таштанды жʏктɵɵчʏ жана айдоочулардын айлык маяналары аз болгондуктан, кызматкерди кармап калуу же башкасын табуу кыйынга турууда. Ошол себептен айлык акыларды кɵбɵйтʏʏнʏ максат кылуудабыз.

Белгилей кетсек, учурда мекеменин 280 миңден ашык абоненти бар жана айына 13 млн. сом акча каражатын топтойт. Тарифтик баалар ɵзгɵрсɵ, мекеме айына дагы кошумча 3 миллион сомдон ашык каражат жыйнай аларын айтат Исмаилов.

Депутат Жамал Ормонованын медициналык таштандылар боюнча суроосуна мекеме жетекчиси «утилизация бизге карабайт, биз катуу таштандыларды гана алып чыгабыз» деген жообун айтты.

Эл ɵкʏлдɵрʏ шаардын тазалыгын жакшыртуу менен абоненттердин санын дагы кɵбɵйтʏʏ сунуштарын айтып, маселени бир добуштан колдошту.  Ал эми айрым пункттар боюнча баа кайра каралып чыгуу ʏчʏн калтырылды. Депутат Кушбак Шайиев: “Базардагы орундуктар менен завод, фабрикаларга болгон жаңы тарифти коё туруу керек, кайра карап чыгалы, анткени чарчы метрин эсептегенде эле миллиондогон сумма таштанды ʏчʏн тɵгʏп калуусу ыктымал, ошодуктан ушул пункттарды кайра карап, азырынча эски тариф менен эле калганы туура”,- деди.

Тариф 1-июлдан тарта иштеп баштайт.

Медер Абдыманапов:

“МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАЛАНСЫНДАГЫ 6 YЙ БЕЛГИСИЗ”

Ар тʏрдʏʏ маселелерди талкуулоо учурунда депутат Медер Абдыманапов 2010-жылы Ош коогалаңынан кийин мэриянын балансына ɵткɵн 34 объекттин алтоо дайынсыз экенин, анын бири 30 миң долларга сатылып кеткенин билдирди:

-Июнь окуясында кʏйʏп кеткен 34 объекттин 28и бар, алтоонун дареги белгисиз. Ошол алты объекттин бирɵɵсʏн мисал келтирейин, мурунку вице-мэр Жасур Азимов токтом чыгарып берип, бир жаранга ɵткɵрʏп жиберишкен. Мен алган адам менен сʏйлɵштʏм, 30 миң АКШ долларына алганын айтты, — деди эл ɵкʏлʏ.

Маселеге Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова жооп берип, ʏч объект Монуев кɵчɵсʏн кеңейтʏʏдɵ ʏч жаранга кенемте катары берилгенин маалымдады.

-ʏч жаранга Жогорку Соттун чечиминин негизинде компенсация катары ʏч объект берилген.

Депутат алган жообуна канааттанбай, шаар мэри Бакытбек Жетигеновдон жана прокуратура ɵкʏлдɵрʏнɵ маселени ɵз кɵзɵмɵлʏнɵ алууларын ɵтʏндʏ.

Муну менен катар аталган башкармалык тарабынан Ош шаарынын муниципалдык мʏлкʏн менчиктештирʏʏ шарттары жана тартиби жɵнʏндɵ Жобону жана 2023-2024-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык мʏлктʏ менчиктештирʏʏ Программасын бекитʏʏ жɵнʏндɵ сунушу талкууга коюлуп, бирок депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ БОЮНЧА СОТТУК ИШТЕР ТУУРАЛУУ

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ депутат Болотбек Баетов шаарда канча жер тилкеси боюнча сот иштери жʏрʏп жатканына жана анын жыйынтыктарына кызыгып:

-Шаарда канча гектар жер боюнча сот процесси жʏрʏп жатат? Анын канчасын биз утуп жатабыз? Канчасынан утулуп жатабыз? – деген суроосун узатты.

Эл ɵкʏлʏнʏн суроосуна шаар мэринин орун басары Замир Юсупов жооп берип, буларга токтолду:

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ колумдагы материалга ылайык, 32ге жакын иш боюнча мэрия соттошууда. Мунун ичинде жер тилкелери, ижара акысын тɵлɵбɵй койгондор, бассейндер боюнча маселелер бар.

Ал эми муниципалдык менчик башкармалыгынын юристи Кадыракун Жолдошбаев жер маселелери боюнча чоң соттук отурумдар бар экенин айтты.

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаарда мыйзамсыз жолдор менен жеке менчигине ɵткɵрʏп ээлеп алган жер тилкелери боюнча чоң соттук отурумдар бар. Жалпылап айта турган болсок, 1350 чарчы метр жер боюнча ɵзʏнчɵ, 47 сотых жер боюнча ɵзʏнчɵ соттук иш жʏрʏʏдɵ. Андан сырткары Тешик-Таш базарынын тегерегинде бир жараныбыз ээлик кылып турган 2 га 40 сотых жер боюнча да соттук териштирʏʏлɵр жʏрʏп жатат. Ошондой эле Туран аймактык башкармалыгындагы берилип кеткен жер тилке боюнча да соттук иштер жʏрʏʏдɵ.

Сессиянын жыйынтыгында депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, тиешелʏʏ токтомдор кабыл алынып, протоколдук тапшырмалар берилди.

Жумагʏл Кочкорбай кызы