27 апреля, 2024

САРКЫНДЫ СУУНУ ТАЗАРТКАН КЫЗМАТКЕРЛЕР

Жагымсыз жыт бар жерде баарыбыз эле кɵпкɵ тура албашыбыз анык. Андай жерде кʏнʏ бою иштɵɵ да кɵпчʏлʏктʏн колунан келе бербейт. Анткен менен жоопкерчилик артынып, эч нерсеге карабай милдетин аткарып келе жаткан кызматкерлер бар. Бу дегеним, эмгеги элге анчейин кɵрʏнɵ бербеген “Ош шаар суу канал” ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекетинин кызматкерлери жɵнʏндɵ кеп кылгым келип турат. Шаардан чыккан бʏт саркынды суулар бир жерге топтолуп, иргелип, таштандылар алынып, тундурулуп, кʏнʏнɵ 75-80 миң куб саркынды суу 90-95% тазаланып, коңшу Ɵзбекстанга агып ɵтчʏ Ак-Буурага кошулат. Бул милдеттерди эң жɵнɵкɵй кызматкерлер аткарып келет. Алардын айрымдары менен тааныштырабыз.

Биз барганда кызматкерлер сууну таштандыдан арылтуу бɵлʏгʏндɵ техниканын жардамы менен малдын чубалган ичеги-карындарын тазалап жатышыптыр.     

“БЕКЕТТЕ ЧЫДАГАН АДАМ ГАНА ИШТЕЙТ”

Тыныбек Ажибеков аталган бекетке келгенине быйыл 15 жыл болот. ʏй-бʏлɵлʏʏ, тɵрт кыздын атасы. Башында жумушка кɵнʏп кетʏʏ оңой болбогонун айтып, бизге азыноолак кеп курду:

-Мен жумушка 2008-жылы келгем. Анда жумуш табуу да оңой эмес эле. Ал кезде саркынды сууларды тазалоо техникалары да бʏгʏнкʏдɵй жаңы эмес, жумуштун басымдуу бɵлʏгʏнɵ адамдын кʏчʏ талап кылынган. Саркынды суу менен кошо таштандылар да кɵп келип шаштыбызды алчу. Мал союучу жайлар малдын ичеги-карындарынан баштап, ɵлгɵн музоо, козудан бери агызып жиберсе, тургундар тапкан-ташкан таштандынын баарын эле салып жиберишчʏ. Мындай таштандыларды тазалоо кызматкерлердин милдети да, тароочтор менен таштандыларды алып турчубуз. Карап турбасаң таштандылар насосторго тыгылып, сууну ашырып жиберет. Ошондуктан ар бир кызматкердин жоопкерчилиги чоң, жумушу оор эле.

Чынында бекетте чыдаган адам гана иштейт. Чыдай албагандар 1-2 кʏндɵ эле качат. Бул жерде иштей берсең, мурдуң деле жыт сезбей, кɵнʏп калат экенсиң.

Башында жумушка келгенде жийиркенип, кусуп жиберген кʏндɵр болгон. Эми ар нерсеге чыдаш керек экен да. Шʏгʏр, чыдап иштеп жʏрʏп, ушул кʏнгɵ жеттик. Бʏгʏн кызматкерлер ʏчʏн ыңгайлуу шарттар бар, баары жаңыланган. Мурдагыдай кыйынчылык жок. Баштагыдай таштандылар дагы азайды. Техникалар автоматташтырылып, таштандыларды ɵзʏ иргейт. Ал эми кызматкерлер аны кɵзɵмɵлдɵɵ менен ɵз милдеттерибизди аткарып келʏʏдɵбʏз.

“60ТАН АШЫК КЫЗМАТКЕР КYН-ТYНДƟП ЭМГЕК КЫЛЫШАТ”

-Саркынды суу болгондон кийин сɵзсʏз жагымсыз жыт чыгып, кийимиңе да сиңет. Маршруткада баратсаң, адамдар эки жакты карап, жыт кимден келе жатканын издей башташат го. Кошо иштегендер тамашалап, “маршруткада эл мурдун жапканда, сен дагы жап, ошондо жыт сенден эмес экен деп ойлошот” деп кʏлʏп калышат (кʏлʏп).

Билбегендер “Кайсы жерде иштейсиз?” деп сурап калышат. Иштеген жеримди айтсам, “Кандай кылып тазалайсыздар? Тазалабай эле сууга кошуп жиберет экенсиңер го” дегендери да бар. Андайда биринчи барып, ал жерде иш кандай жʏрɵрʏн кɵрʏп келчи деп калам. Ɵзбекстан деле “тазалабай бере бер, бизге боло берет” деп ала бербейт да. Мында тазалоо бир нече этаптан ɵтɵт. Албетте, билбегендер, кɵзʏ менен кɵрбɵгɵндɵр айта беришет. Бирок, бул жакта 60тан ашык кызматкер сууну тазалоо ʏчʏн кʏн-тʏндɵп мээнет кылышат.

Суу туптунук болуп тазаланып, анан Ɵзбекстанга кетет. Ал жак кайрадан лабораторияда текшерет. Эгерде таза болбогондо ушул кʏнгɵ чейин даттануу тʏшмɵк.

“ЖАКШЫ ШАРТТАР ТYЗYЛГƟН”

-Бир кʏн иштеп, ʏч кʏн дем алабыз. Жумушубузга жараша жетекчилик да кызматкерлерге колдоосун кɵрсɵтʏп, жакшы шарт тʏзʏп берʏʏдɵ. Ар алты ай сайын жаңы форма менен камсыз болобуз. Ал эми коопсуздук ʏчʏн кызматкерлерге техникалык коопсуздук эрежелери ай сайын тааныштырылып, окуудан ɵтʏп турушат. Кызматкерлер ʏчʏн жакшы шарттар тʏзʏлгɵн деп айта алам. Быйыл маянабыз 20 пайызга кɵтɵрʏлдʏ, буюрса дагы кɵтɵрʏлʏʏсʏ кʏтʏлʏʏдɵ. Даталуу кʏндɵрдɵ кызматкерлерге акчалай сый акы берилип, эмгегибиз бааланып турат.

“ТУРГУНДАР ЭМГЕКТИ БААЛАШСА…”

10 жылдан ашык аталган бекетке эмгеги сиңген кызматкерлердин бири Рахман Кошоев. Ал 2011-жылы электрик кызматына кабыл алынган. Жумуштун оош-кыйышы тууралуу буларга токтолду: 

— Шаардагы жумушу эң оор ишканалардын бири ушул саркынды сууларды тазалоо бекети деп айтсак болот. Себеби кɵрʏʏгɵ чыдагыс таштандылар келет. Элди кой деп койдура албайт экенсиң, кайсы учурда ташташат билбейм. Аларды кɵзɵмɵлдɵɵ кыйын. Таштандыларды сууга эмес атайын урналарга ыргытса, биздин кызматкерлерге деле анчейин кыйын болмок эмес. Тургундардын баары таштанды таштайт дебейм, бирок кээ бирлердин кылганы жумушубузду оорлоштуруп коюуда. Бʏгʏн ишкана жалаң жаңы техникалар менен камсыз болгон. Ар тʏрдʏʏ таштандылар келип, кээде техникаларды да иштен чыгарып коёт. Техника  канча кʏчтʏʏ болсо деле жакшы колдонулбаса тез эле иштен чыгары турган кеп. Биз жакшы колдонуп жатабыз, бирок тургундар таштаган таштандылар техниканы бир топ эле жабыркатары талашсыз.

Андыктан тургундар дагы бул жерде иштегендердин эмгегин баалап, таштандыларды ɵзʏнчɵ таштаса жакшы болмок. Бизге негизи ошол эле керек. 

“БЕКЕТТИН ИШИ ТОКТОП КАЛУУСУНАН САКТАСЫН”

-Бул жерде иш токтоп калуусунан кудай сактасын. Мында электр энергиясын дагы ɵчʏрбɵй, кɵзɵмɵлдɵп турабыз. Ɵчсɵ, генераторубуз даяр. Жумуш 24 саат тынымсыз жʏрʏп турат. 

А биз ɵз милдеттерибизди аткара беребиз. Жумуштан жумуш тандаганда эмне. Каерге барба жеңил иш жок. Бардык жумуштун ɵзʏнɵ жараша тʏйшʏгʏ менен катар жакшы жактары дагы бар эмеспи. Кудайга шʏгʏр ак мээнет менен ырыскыбызды таап, ʏй-бʏлɵбʏздʏ багуудабыз. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы