27 апреля, 2024

“100 ГРАММ БИОЛАКТТЫН КАЛОРИЯСЫ 50 ГРАММ ЭТ МЕНЕН БАРАБАР”

Аптада Ош шаарынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Кулатов кɵчɵсʏнʏн №26 дарегинде жайгашкан “Ош шаардык балдардын сʏт ашканасы” муниципалдык мекемесинин ишмердʏʏлʏгʏ менен жеринен таанышып келдик. Аталган ишкана ымыркайларды 2 жашка чейин атайын даярдалган азыктар менен камсыз кылууга кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ медициналык жалгыз мекеме болуп эсептелет.

Мында балдардын тамагы алардын организминин физиологиялык талабын, ден соолугун, ɵсʏʏ ɵзгɵчɵлʏгʏ эске алынып тʏзʏлгɵн дарыгер-педиатрдын рецепти боюнча даярдалат. Эгер энеден сʏт чыкпаса же тойгузбаса, анын сʏтʏ балага жакпаса, ошондой эле бала атайын мʏнɵздɵп тамактанууну талап кылса сʏт ашканасынын тамагы берилет.

“35 жылдык тажрыйбама таянып айта алам, азыркы даяр сместерге караганда балдарга берилчʏ биолакт абдан пайдалуу” дейт мекеменин жетекчиси Ташкан Арынова.

“Биолакттын балдарга пайдасы абдан чоң”

Мекеме СССР мезгилинде ачылган. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун сунуштамасы менен иш алып барат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун берген тизмесине ылайык, балдарды биолакт (балдардын тамагы) менен камсыздап келет. Бул тууралуу жетекчи тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

— Биолакттын балдарга пайдасы абдан чоң. Айрыкча бронхит, анемия, ашказан-ичеги оорулары менен жабыркаган балдарга табылгыс дары. Дарыгерлер ар бир баланын ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ жараша рецепт жазат, биз ошого карап даярдап беребиз. Шаардагы ар бир ʏДБ ай сайын бизге биолакт алууга укуктуу болгон балдардын тизмесин жаңылап берип турушат. Мында кɵп балалуу, аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵрдʏн балдарына, жалгыз бой энелерге жана жогоруда атап ɵткɵн оорулар менен жабыркаган балдар эске алынат. Учурда кʏнʏнɵ 80 литр сʏттɵн биолакт жасалып, жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен акысыз таратылат.

Ɵткɵн жылы Ошто 8 миңден ашык бала тɵрɵлсɵ, анын 860ы кɵп балалуу жана аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵр. Анын ичинде эгиздер бар. Шаар боюнча бизден биолакт алган 19 эгиз, 3 ʏч эм, 1 тɵрт эм бар. Нышан менен тɵрɵлгɵн балдарга да берилет. Тизмеде эки бала бар болчу. Экɵɵ тең алты ай болгонго чейин бир гана биолакт ичишти. Жакшынакай болуп чоңоюп калышты.

“Бир балага 30 грамм быштак, 400 грамм биолакт берилиши керек”

-Биолакттын жɵнɵкɵй тʏрʏн ачыткы менен даярдайбыз, кеминде 5-5 жарым саатта уюйт. Экинчиси витаминдерди кошобуз, бул эми дарыгерлердин рецеби менен жасалат.

Акысыз алуучу балдардын эсебин тактоодо ʏДБлар ʏй-бʏлɵнʏн кирешелеринен бери текшерип, тыкыр кɵзɵмɵлдɵн ɵткɵрʏп, анан тизмеге киргизишет. Биз инструкция боюнча ар бир балага 1 литрге чейин берʏʏгɵ милдеттʏʏбʏз. Бирок, бул баланын жашына карап жазылат. 2 жаштагы балдарга 400 грамм эле биолакт беребиз. Себеби алар кошумча тамак жешет. Маселен, бир балага 1 литр сʏт жазылган болсо, анда 30 грамм быштак, 400 грамм биолакт берсек туура болот. Тартиби боюнча ушундай.

Азыр бизде бир гана биолакт жасалууда. Быштак жасоого да толук мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз бар. Бирок, каржылык колдоо керек болот.

Биолакт балдарга салмак кошууга, иммунитетин кɵтɵрʏʏгɵ чоң жардам берет. 35 жылдык тажрыйбама таянып айта алам, балдар ʏчʏн даяр сместерге караганда биолакт бир топ пайдалуу. 100 грамм биолактын калориясы 50 грамм эт менен барабар. Бул балага суук ɵткɵрбɵйт.

Орусияда, Казакстанда ар бир тɵрɵлгɵн баланы милдеттʏʏ тʏрдɵ балдар тамагы менен камсыз кылышат экен. Ал эми Ɵзбекстанда бизге окшоп аз камсыз болгон, кɵп балалуу ʏй-бʏлɵлɵргɵ берилет.

Каалоочулар дагы биолакт ала алабы?

-Былтыры биолакты башка балдарга да жеткиликтʏʏ болуусун камсыздоого аракет кылдык. Бирок, алууга кызыкдарлар анчейин болбоду.  Ата-энелерде “Эмне ʏчʏн башкалар бекер алат, биз сатып алышыбыз керек?” деген тʏшʏнбɵстʏктɵр жаралды. “Балама пайдалуу экен, сатып алып берейин” дегендер жокко эсе. Анткен менен биз дайыма кайрылгандарды биолакт менен камсыздоого даярбыз.

“Жаңы стерилизатор 800 миң сом турат экен”

Мекеме бʏгʏн оңдоп-тʏзɵɵгɵ муктаж экенин айтат Ташкан Арынова. Маалым болгондой, ишкана акыркы ирет 2016-жылы оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵн. Ошондой эле жаңы стерилизатор менен камсыз болуусу керектигин белгиледи ал:

-Биз жаңы стерилизаторго муктажбыз. Анын жаңысы 800 миң сом турат экен. Бул боюнча “Кумтɵр” ачык акционердик коомуна жазып, жардам сураган элек. Комиссия келип кɵрʏп, алып берʏʏ боюнча макулдашылган болчу, бирок жетекчилер алмашып, максатыбызга жетпей калдык.  Ал эми жергиликтʏʏ бюджеттен мындай каражат бɵлʏнʏʏсʏ кыйын болот го деп турам. Быйыл бизге 3 млн. сом акча каражатын бɵлʏшкɵн. Ага оңдоп-тʏзɵɵ иштерин жʏргʏзʏʏбʏз керек. Ишканабызда жылуулук системасы жок. Аны ɵчʏргɵнʏбʏзгɵ 10 жылдай болду. Бул убакыттар каражат ʏнɵмдɵп ишканага 180 миң сомго унаа алдык. Унаасы жок биздин жумушка оор болчу. Анткени балдарга тамакты убагында жеткирʏʏбʏз керек. Унаабыз жок, талаптарга жооп бербегенибиз ʏчʏн текшерʏʏчʏ ишканалар тарабынан айыппулдарга жыгылган кʏндɵрʏбʏз да болду. Жылуулук системасын ɵзʏм сунуш берип ɵчʏрткɵм. Аз кызматкер кышкысын эки бɵлмɵдɵ деле ишибизди бʏтʏрɵ беребиз. А жылуулукка тɵлɵм кɵп келет, бирок ысыбайт деле да. 

“Маяна аздыгынан кызматкерлерди кармап калуу кыйын”

-Жумушубуз эрте менен саат 6да башталат. Себеби кʏн ысып кетсе кычкыл балдар тамагы тез ачыйт. Ошондуктан саат 7-7:30га чейин шаарга таркатып бʏтʏрʏʏ керек. Антпесе бизде шарт жок. Муздаткычка салып ташыгыла деп СЭСтен тынбай жазышат. Бирок, бизде андай мʏмкʏнчʏлʏк, шарт кайдан.

Айлык маяна аз болгон ʏчʏн кызматкерлерди деле кармап калуу кыйын. Санитардык кызматкер, айдоочу туруксуз болууда. Аз акчага иштегиси келбейт экен.

“Балдарга сʏт ашкана сɵзсʏз керек”

— Бʏгʏн кʏнʏнɵ миңге жакын порция жасап таратабыз. Белгиленген тартипке ылайык, 500 порцияга бир медайым, бир санитардык кызматкер иштɵɵгɵ болот. Бизде учурда эки медайым, эки санитардык кызматкер эмгектенет. Биздин кызматкерлер тɵртʏнчʏ категориядагы медициналык кызматкерлерге кирет. Порция азайган сайын кызматкерлерди да азайтууга туура келет.

Кезинде шаар боюнча 2,5 миң балага тамак-аш жеткирет элек. Кийин 2006-жылдан 2023-жылга чейин 1 жашка чейин гана берип жʏрдʏк. Ɵткɵн жылы мурдагы вице-мэр Венера Рыскулова келип колдоого алып, экинчи жарым жылдыктан баштап 2 жашка чейинки балдарды камсыздай баштадык. Ошентип, бюджетибиз быйыл 3 млн. сом болду. Бирок, имаратыбызды оңдоп-тʏзɵɵ иштерин кошкондо бул каражат жетпейт.

Балдарга сʏт ашкана сɵзсʏз керек. Мʏмкʏнчʏлʏк болсо ишкананы чоңойтуп, кɵбɵйтсɵ андан жакшы. Жакында эле шаардык Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары келип, биз менен таанышып, жеринен кɵрʏп кетишти. Буюрса, колдоого алышарын, бюджетибизди кɵбɵйтʏп беришерин да убадалашты.

“15 кʏн сайын сʏт берʏʏчʏ уйларды дагы текшерип турушат”

— Быйыл сʏт сатып алуу ʏчʏн ʏч жолу тендер жарыяладык. Тендер ийгиликтʏʏ болбой, ʏчʏнчʏсʏндɵ араң бирɵɵ утту. Сʏтʏ жакшы, ɵз убагында бизди камсыздоодо.

Балдарга тамак-аш бергенден кийин жоопкерчилиги ɵтɵ чоң. Сʏтʏн алган уйлардын ар бирин ветеринарлар текшерип, жеген жем-чɵбʏнɵ чейин карап, анализ кылып турушат. Азыр малга сʏтʏ кɵбɵйсʏн, семирсин деп антибиотик берип турушат экен. Мындай уйдун сʏтʏ балдарга зыян. Ошондуктан, ветеринардык дарыгерлерибиз тыкыр кɵзɵмɵл жʏргʏзʏп, 15 кʏн сайын текшерип турушат. Кудайга шʏгʏр, балдарга таза, сапаттуу сʏт менен тамак-аш даярдап беребиз.

Жумагʏл Кочкорбай кызы