12 мая, 2024

Аптаптуу жайга алтын кеңештер

Asian woman, long black hair, wore white dress and hat sitting on the beach near the woven bags and sunglasses and facing back by the sea with copy space blue sky,summer holiday and vacation concept

Жай – кɵл жээгинде эс алуу, кʏнгɵ кʏйʏʏ, жаңы бышкан мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды кабыл алуу, айтор, ден соолукту чыңдап алуунун идеалдуу мезгили. Эгер аптаптуу ысыкта айрым эрежелерди эстен чыгарбасак. Кʏнʏмдʏк турмушта биле жʏрʏʏ керек болгон пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.

Ультра кызгылт кɵк нурлар кɵздʏн душманы

Жылдын ысык мезгили башталгандан тарта кʏндʏн тʏз тийʏʏсʏ жана чаңдын абага кɵтɵрʏлʏшʏ аллергия ооруларын кʏчɵтʏп жиберет. Ошону менен кɵздʏн кычышуусу, чʏчкʏрʏʏ, мурундан суу агуу белгилери кʏз мезгилине чейин убарага салышы мʏмкʏн. Кʏндʏн ультра кызгылт кɵк нурлары кɵзʏндɵ эч кандай кɵйгɵйʏ жок адамга да болуп кɵрбɵгɵндɵй зыян. Ал эми аллергия же башка оорулардан улам жабыркаган кɵздʏ кандай кыйынчылактарга кептерин элестетип кɵрʏңʏз. Кɵздʏ кʏндɵн коргобосо, катаракта оорусу пайда болот. Катаракта —  кɵздʏн табигый линзасынын тумандашы, бозорушу менен мʏнɵздɵлʏʏчʏ офтальмологиялык оору. Ал кɵрʏʏнʏн начарлашына алып келет. Негизи жаш ɵткɵн сайын линза ɵзʏнʏн функциясын жоготуп, бозоро баштайт. Мындан сырткары конъюнктивит оорусуна же кɵз алмасынын былжыр челинин сезгенʏʏсʏнɵ, кургак кɵз синдромуна, ал тургай кɵздɵгʏ торчонун кʏйʏп калышы сыяктуу патологияларды пайда кылат. Ошондуктан бардык адамдарга аптаптуу ысыкта токтоосуз кɵз айнек тагынып, баш кийим кийʏʏ сунушталат. Анткени ультра кызгылт кɵк нур кɵздʏ эле эмес, теринин да эрте картаюусуна шарт тʏзɵт. Демек, эң оболу беттин терисин абайлаңыз.

Эскерте кетʏʏчʏ жагдай, ультра кызгылт кɵк нурлануу жай мезгилинде гана эмес, жылдын бардык мезгилинде зыяндуу. Айрыкча кыш мезгилинде кʏн нурлары кардан чагылышып, кɵзгɵ эки эсе терс таасирин тийгизет.

Алгачкы кɵз айнектер кардын чагылышынан коргонуу ʏчʏн жасалганбы?

Археологиялык табылгалар адамдардын байыркы замандан эле кɵз айнекке муктаж болуп, аны жасоого аракеттер болгонун далилдейт. Мисалы, археологдор байыркы Египет мʏрзɵлɵрʏнɵн коло жана изумруддан жасалган кɵз айнек сымал конструкцияларды табышкан. Рим империясы да кɵз айнек катары изумрудду колдонгону тууралуу маалыматтар бар. Ал эми байыркы Кытайдын дыйкандары жыгачты бир аз оюп, кɵрʏʏгɵ ыңгайлаштырып, кɵз айнек жасашкан. Изилдɵɵчʏлɵр ушул ыкма баарынан мурда Ыраакы Тʏндʏктʏн карлуу жерлеринде колдонулган деп болжолдойт. Буга оюгу бар кɵз айнекердин жыгачтан, ал тургай мамонттун сɵɵктɵрʏнɵн жасалган табылгалары кʏбɵ. Кʏндɵн коргоочу заманбап кɵз айнектерди жасоо иштери алгач англиялык оптик Жеймс Эскью тарабынан башталат. Ал 1752-жылы кɵк жана жашыл айнектерди колдонуп кɵз айнек жасаган.    

Сапаттуу кɵз айнек тʏстɵрдʏ бурмалабайт

Сапаттуу кɵз айнекти тандоодо алгач тагып кɵрʏп, айланага кɵз чаптыруу керек. Сапаттуу кара кɵз айнек тʏстɵрдʏ бурмалабайт, болгону аларды кʏңʏрт кылып кɵрсɵтɵт. Ишенимдʏʏ кɵз айнек этикеткаларында дайыма ультра кызгылт кɵк нурдан канча пайызга чейин коргой турганы жазылат.

Жайында газдалган суусундукту кɵп ичʏʏ сунушталбайт

Дарыгерлер кʏндʏн ысык мезгилинде газдалган сууну кɵп ичʏʏ коркунучтуу экенин эскертет. Анткени, бул кант диабетинин ɵрчʏшʏнɵ жана уйку безине олуттуу зыян келтириши мʏмкʏн. Медицинада айрыкча уйку бези оорулары сейрек кездешкени менен ɵтɵ агрессивдʏʏ оору экенин унутпаңыз. Мындан сырткары курамында алкоголь болгон шараптын тʏрлɵрʏ чаңкоону кандырбай, тескерисинче, пайда кылат. Ар кандай тамак-аштар менен кабыл алганда аллергиясы бар адамдарда оорунун белгилерин кʏчɵтʏп жибериши ыктымал. Ал эми сыра сʏйʏʏчʏлɵрʏ, жеңил, пайыздык кɵрсɵткʏчʏ аз сыраларды тандаганы оң. Кɵлɵмʏн чектеп, кʏнʏнɵ 1 литрден ашык кабыл албаңыз. Курамы жагынан бир аз сырага окшоп кеткен кваста пайдалуу микроэлементтер жана витаминдер бар. Эгер боёксуз жана жасалма даам бергичтерсиз жогорку сапатта болсо. Ошондуктан квас жай мезгили ʏчʏн популярдуу суулардын бири. Аталган славян суусундуктарындагы айырмачылык: сыра алкогольдуу, квас болсо алкоголсуз.

Чаңкоону бат кандырган суусундуктар

Айран. Тамак сиңирʏʏгɵ жардам берип, курамындагы органикалык кислоталар чаңкоону бат кандырат. Ошондуктан сʏт азыктары кошулган тан, йогурт, чалап, шоро, жарма ичимдиктери эң туура тандоо.

Кɵк чай. Ысыкта ысык  кɵк чай ичʏʏ нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Тердин кɵп ɵлчɵмдɵ бɵлʏнʏп чыгышы, ашыкча жылуулукту сыртка чыгарат. Мындан сырткары мɵмɵ-жемиштерден лимон, апельсин, жалбыз кошулган чайлар чаңкоону токтото алат.

Алча компоту. Жайында алчанын ɵзʏ эле эмес, компоту да пайдалуу. Бул таттуу жана кычкыл мɵмɵнʏн курамында кɵптɵгɵн флавоноиддер жана антиоксиданттар, С витамини, органикалык кислоталар жана минералдар бар. Алчанын курамындагы темир менен фосфор аз кандуулуктун алдын алат. Ошол эле учурда кан басымдын жогорулап кетʏʏсʏн алдын алат.

Кʏн нурунун пайда жана зыяндары

Эртең мененки саат 10го чейин жана кечки саат 6дан кийин кʏнгɵ кʏйʏʏ пайдалуу экени талашсыз. Кʏн нурунун таасири астында зат алмашууну жакшыртуучу гормондордун жана ферменттердин активдʏʏлʏгʏ жогорулап, иммундук система кʏчɵп, организмдин инфекциялык жана вирустук ооруларга туруктуулугу жогорулайт. Кʏйʏʏ учурунда витамин Dны жетишерлик ɵлчɵмдɵ алабыз. D витамини балдардын кооптуу делген рахит оорусун алдын алат. Ал эми чоң кишилердин булчуңдарын бекемдеп, сɵɵк ткандарына кʏч берет.

Кʏн нурунда “бактылуулук гормону” активдʏʏ иштелип чыгып, жакшы маанайга шарт тʏзɵт. Кʏндʏн жетишсиздиги жеңил депрессияга алып келери окумуштуулар тарабынан изилденген. Мисалы, кɵпкɵ чейин кʏн тийбеген же кʏн кыска сааттарга созулган тʏндʏк ɵлкɵлɵрʏнʏн тургундарына дарыгерлер кʏндʏз кɵбʏрɵɵк убактысын сыртта ɵткɵрʏʏнʏ сунушташат.

Кʏнгɵ кʏйʏʏ адамдын сымап, коргошун, бензол сыяктуу зыяндуу заттарга туруктуулугун жогорулатат. Медицинада ультра кызгылт кɵк нурлар теринин экзема, безетки, псориаз ооруларын дарылоодо колдонулат.

Теридеги меңге кɵңʏл буруңуз

Кʏнʏнɵ 15-20 мʏнɵттɵн кʏнгɵ кʏйʏп туруу керек. Ач карын же тамактан кийин дароо кʏнгɵ кʏйгɵн болбойт. Ысыкта организм нымдуулукту тез бɵлʏп чыгарарын эске алып, 2-3 литр ɵтɵ муздак эмес суу ичʏʏ сунушталат. Теридеги меңге кɵңʏл буруңуз. Мең ультра кызгылт кɵк нурлардын таасири астында рактын ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн ыңгайлуу жер болуп саналат. Ɵзгɵчɵ чоң формадагыларын кʏндɵн бекитʏʏ зарыл.

Дерматологдор ʏч жашка чейинки балдарды кʏн нурунун тʏз тийген жерине алып чыкпоону эскертишет. Анткени балдарда териге тʏс берʏʏчʏ меланинди синтездɵɵчʏ клеткалар жетишсиз болгондуктан нурлар баланын терисине оңой кирип, кʏйʏктʏн ɵнʏгʏшʏнɵ алып келет.

Кʏндʏн зыяны анын пайдалуу касиеттерин ашыкча колдонуудан келип чыгат. Кʏнгɵ ашыкча кʏйʏп калуу теринин залалдуу шишиктерине, андан да коркунучтуусу меланомага же тери рагына алып барат. Ультра кызгылт кɵк нурдун ɵтɵ жогорку дозалары иммунитеттин тɵмɵндɵшʏнɵ алып келет да ар кандай ооруларга себеп болот. Ошондуктан териге кʏндɵн коргоочу кремди сʏртʏʏнʏ унутпаңыз. SPF термини “кʏн нурунан коргоочу фактор” катары тʏшʏндʏрʏлɵт. Мисалы, SPF 50 жɵнɵкɵй кремге караганда теринин кʏнгɵ кʏйʏʏ убактысын 50 эсеге кечеңдетет дегендик.    

Кимдерге кʏнгɵ кʏйʏʏгɵ болбойт?

Оор гипертонияда (жогорку кан басым), бɵйрɵктʏн жана боордун кооптуу ооруларында, витилиго же ала оорусунда, мастопатияда (аялдардагы сʏт бездери менен байланышкан оору) кʏнгɵ кʏйʏʏгɵ болбойт.

Айжылдыз Тойчиева