28 апреля, 2024

40 жылдык  ɵмʏрʏн архивге арнаган Саткын Мамытова

Элибизде “дарак бир жерден кɵгɵрɵт” деген жакшы сɵзʏ бар. Бул бир жерде опол-тоодой эмгеги сиңген, ошол жерден аброй кʏтʏп, кадыр-баркка ээ болгон кызматкерлерге карата айтылары белгилʏʏ. Бʏгʏнкʏ каарманыбыз да ɵмʏрʏн архив тармагына арнаган Ош шаардык мамлекеттик архивинин документтерди эсепке алуу жана сакталышын камсыздоо бɵлʏмʏндɵ башкы архивисти Мамытова Саткын Казбековна. Ал 40 жылдан ашык эмгек жолунда жɵнɵкɵй архивисттен тарта жетекчилик кызматтарга чейин жетип, жоопкерчиликтʏʏ милдеттерди жигердʏʏ аркалоо менен алкоого татыган. Каарманыбыздын ʏлгʏлʏʏ эмгек жолу тууралуу тɵмɵндɵ кеп кылабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Мамытова Саткын Казбековна 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Качкынчы айылында жарык дʏйнɵгɵ келген. Балалык баёо мезгилинде мектеп босогосун аттап, айылындагы “Кызыл-Пактачы” орто мектебин аяктаган. Билимин жогорулатып, кесипке ээ болуу максатында 1966-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине окууга тапшырып, аны 1971-жылы ийгиликтʏʏ бʏтʏргɵн.

ЭМГЕККЕ КАРАЙ ЧЫЙЫР ЖОЛ

Эмгек жолун 1972-1978-жылдары Ош облусунун Кара-Суу, Баткен райондорундагы мектептеринде биология мугалими болуу менен баштаган. Кийинчерээк кесибин алмаштырып, 1978-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин Архив бɵлʏмʏнɵ караштуу «Ɵздʏк курамдар боюнча бирикме архивинин» (ОМАЛС) жетекчилик бɵлʏмʏнɵ 1-категориядагы архивист болуп ишке кирген.

Архив жаатындагы эмгек жолу тууралуу Саткын Мамытова буларды белгилейт:

-Архив – тарыхый мекеме. Ɵзгɵчɵ коргоодогу объекттердин катарына кирет. Архивдик маалыматтарды жаңылап, эскилерин жоготпой кармап калуу жана кийинки муунга ɵткɵрʏп берʏʏ  архивисттердин милдети. Анткени ар бир кʏн тарых. Бизге кечээги ата-бабалардын баскан жолу тарых болгон сыңары эле, кийинки келечек ʏчʏн биздин бʏгʏнкʏ кʏн да тарых.

Ишке дилгир, ɵзʏнɵ жʏктɵлгɵн тапшырмага жоопкерчилик менен мамиле жасаган, келечектен кɵптʏ ʏмʏттɵндʏргɵн кызматкерге жетекчилик ишеним артып, 1980-жылы Москвадагы Тарыхый-архивдик (Историко-архивный) институтуна квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн бир жылдык окуу курсуна жɵнɵтʏлɵт. ОМАЛС бɵлʏмʏ облустагы бардык райондор менен шаарлардагы архивдерди жетектегендиктен, 1-категориядагы архивисттер, инспекторлор болуп эсептелишкен. Саткын Мамытова ɵзʏ жетектеген райгорархивдер менен тыгыз байланышта иш алып барып, алардагы кɵйгɵйлʏʏ маселелерди облисполкомдун архив бɵлʏмʏнɵ болсун, жергиликтʏʏ бийлик органдарына болсун жеткирип, ɵзʏнɵ тиешелʏʏ маселелерди жеринде чече билген ишмердик сапаты менен уюштуруучулук жɵндɵмдʏʏлʏгʏн жогорку деңгээлде кɵрсɵтɵ алган. Бул кызматкерди облустук архив жетекчилиги 1987-жылы, тʏйшʏктʏʏ иштери арбын, кɵп эмгекти талап кылган «Ош шаардык ɵздʏк курамдар боюнча бирикме архивине» жетекчи орунга  дайындаган. Ошол жылдан 2010-жылдын март айына чейин «Улуттук архив фондун» толуктоого, тарыхый маанидеги документтерди сактап калууга, документ сактоочу жайларды кеңейтʏʏгɵ жана архивдик эрежеге ылайык сакталышын камсыз кылууга ɵтɵ зор эмгек жасаган. Шаардык архивге келер замат документке толуп, андан ары документ кабыл алууга мʏмкʏн болбой, чатырынан тамчы ɵтʏп, полдору тʏшʏп, эскилиги жеткен архивдин имаратына 1988-1990-жылдардын аралыгында толук реконструкция жасатып, капиталдык ремонттон ɵткɵргɵн. 20 миң документ сактоого ылайыкташтырылган имаратка улап, 50 миң документ сактоого ылайыкташтырылган кошумча документ сактоочу жайды ɵздʏк каражаттын эсебинен салдырып, имараттын чатырын жаңыртып жаптырган. Ошондой эле ага стандарттагы стеллаждар менен ɵрткɵ каршы сигнализация орноттуруп, эмеректерге толуктоолорду киргизип, шаардык архивди областтагы райгорархивдердин ичинен алдыңкы орунга алып чыккан. Шаардагы мекеме-ишканалардын ɵзʏндɵ сакталып турган документтердин архивдик эрежеге ылайык сакталышын кɵзɵмɵлдɵɵнʏ да кɵз жаздымында калтырбай, алардын жетекчилери менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен мекемелердеги архивге жооптуу кызматкерлер арасында жолугушуу, семинарларды ɵткɵрʏп, методикалык-практикалык жардамдарды кɵрсɵтʏп, ɵз кызматына жоопкерчилик менен мамиле жасаган жетекчи катары белгилʏʏ.

Кыргыз Ɵкмɵтʏнʏн 15.08.2003-жылдагы №517 токтомунун негизинде 2004-жылдан Ош шаардык мамлекеттик архиви облустук архив башкармалыгынын карамагынан чыгып, ɵз алдынча иш алып барууга ɵткɵн 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасында “Архив ишинин абалы жана аны жакшыртуу чаралары” жɵнʏндɵгʏ Кыргыз Ɵкмɵтʏнʏн 29.04.2002-жылдагы №264 токтомун ишке ашыруу максатында архивдин эски имаратына экинчи жолу капиталдык ремонт иши жʏргʏзʏлдʏ. 1997-жылдан бери архивдин имаратын дагы кеңейтʏʏ боюнча чечилбей келе жаткан маселе боюнча жергиликтʏʏ бийлик органдарына тынымсыз кайрылуунун, Кыргыз Ɵкмɵтʏнɵ кат аркылуу кайрылуунун жыйынтыгы менен 2010-жылдын 1-кварталынан кошумча имарат куруу долбоору даярдалып баштаган. Архив 2004-жылдан бери оргтехникалар менен камсыздалып, иштɵɵ бɵлмɵлɵрʏ жаңы эмеректер менен толукталган. Жогорудагы жетишкен ийгиликтер тʏздɵн-тʏз Саткын Казбековнанын тынымсыз аракетинин жыйынтыгы болгон.

БААЛАНГАН ЭМГЕК, ЖЕТИШКЕН ИЙГИЛИКТЕР

Иш билги тажрыйбалуу жетекчи, кадрлар менен иштɵɵдɵ, кадр маселесин чечʏʏдɵ, алардын квалификациясын жогорулатууда эмгеги зор. Коллектив арасында урмат-сыйга ээ, ɵзʏнʏн иш тажрыйбасын башкаларга ʏйрɵтɵ билген, коомдук иштердин активдʏʏ катышуучусу, ɵзʏнʏн архивдик кесибин ардактап сʏйгɵн Мамытова Сатын Казбековна бир нече жолу  облисполкомдун архив бɵлʏмʏнʏн, обкомпрофсоюздун, шаардык администрациясынын, Кыргыз Республикасынын профсоюз комитетинин, Архив агенттигинин ардак грамоталары, 1996-жылы Кыргыз Республикасындагы “Архив иштеринин отличниги” диплому жана 2007-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери”, 2012-жылы КРнын Ɵкмɵтʏнɵ караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын “Ардактуу кызматкери” тɵш белгилери, 2016-жылы КРнын Архив кызматынын 90 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен сыйланган.