27 апреля, 2024

Аялдардагы гинекологиялык кɵйгɵйлɵрдʏ алдын алуу

Калктын саламаттыгы бʏтʏндɵй улуттун, ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏсʏнʏн негизги фактору болуп саналат. Дени сак эне -дени сак бала демекчи, келечекте эне боло турчу кыздарыбыздын ден соолугуна ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруубуз зарыл. Кыз-келиндерге тиешелʏʏ бир нече гинекологиялык суроолор боюнча  адиске кайрылганбыз.

Айканыш Кадырбек кызы, Ош облустук адам репродукциясы борборунун гинекология бɵлʏмʏнʏн башчысы, дабагер акушер-гинеколог-эндокринолог.  

Тɵрɵттɵн кеч калуунун кесепеттери

-Баарыбызга белгилʏʏ болгондой эл арасында турмушка чыга элек кыздын гинекологго баруусун уят кɵрʏшɵт. Бирок, кɵпчʏлʏк оорулар ɵспʏрʏм куракта пайда болорун практика жʏзʏндɵ кɵрʏп келе жатабыз. Себеби кыз балдарда айыздык циклдин бузулушу жана сезгенʏʏ оорулары кɵп кездешет. Тилекке каршы, айымдардын басымдуу бɵлʏгʏ айыздын оорутуп келʏʏсʏн нормалдуу кɵрʏнʏш катары сиңирип алышкан. Ушул сыяктуу кɵйгɵйдʏ кыз апасына же жакын эжелерине айта турган болсо, “эч нерсе болбойт, турмушка чыкканда баары калып кетет” деп кайдыгер мамиле жасап коюшат. Мындай ооруларды убагында текшертпегендиктен кийин репродуктивдик куракка келгенде, аял тукумсуздук же бойдон тʏшʏʏнʏн ɵнɵкɵткɵ айлануусунан жабыркайт.  

Ар бир орган ɵзʏнʏн функциясын убагында аткаргысы келет. Жатын болгондон кийин тɵрɵгʏсʏ келет, кɵкʏрɵк бези бала эмизʏʏсʏ керек. Ошол репродуктивдик куракта кɵп жылга чейин балалуу болбой, органдар ɵз функциясын аткарбай калса гормоналдык бузулууларга алып келет. Анын кесепетинен тɵрɵт жашынан ɵтʏп калган соң жатында ɵсмɵлɵр пайда болуп, миома, гиперплазия эндометрия, аденомиоз, киста оорулары кɵп катталат.

“Негизги максатыбыз — калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо”

-Биздин Ош облустук адам репродукциясы борбору 30 жылдан бери иштеп келе жатат. Негизги максатыбыз — калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо. Мисалы, Ош облусу боюнча бардык райондорго барып, ʏч ай сайын мониторинг жʏргʏзʏп турабыз. Ал аймакта тɵрɵт курагындагы канча аял бар, анын ичинен канча аял тобокел топко кирерин аныктайбыз. Тобокел топко аялдын ден соолугунда кандайдыр бир оорулар болсо, бирок, аны дарылабай туруп тɵрɵп алса ɵзʏнɵ да, балага да зыяны тийип калуусу мʏмкʏн деп саналгандар кирет. Ошондой эле аз камсыз болгон жана кɵп балалуу ʏй-бʏлɵлɵр  да аталган топко кошулат. Ар бир райондо ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборлору, ФАПтар бар. Бир жыл ичинде бардык айылдарды кыдырып бʏткɵнгɵ аракет кылып жатабыз. График менен кайсы бир айылга барганда тɵрɵт курагындагы келиндерди, кайненелерди, молдолорду жана милиция кызматкерлерин чакырып, эрте никелешʏʏнʏн ден соолукка тийгизген таасирин, ʏй-бʏлɵнʏ пландаштыра билʏʏнʏ, тукумсуздукту, эненин, баланын ɵлʏмʏн алдын алуу темасындагы лекцияларды ɵтʏп келебиз.

Кийинки тɵрɵткɵ чейин эске алуучу жагдайлар

-Бир тɵрɵттɵн кийин экинчи тɵрɵткɵ чейин аял психоэмоционалдык жактан, физикалык, моралдык жактан калыбына келип алуу ʏчʏн сактануусу керек. Кɵпчʏлʏгʏ сактанбай жʏрʏп бойго бʏтʏп калган кезде медициналык аборт жасатып салышат. Аборттун организмге зыяны ɵтɵ чоң. Ошол эле мезгилде баласы кичине болуп, кайрадан боюнда болуп калса баласына да карай албай, ɵзʏ да калыбына келе элек абалда кыйналат. Ичтеги балага микроэлементтердин жетишсиздиги пайда болот. Сактанган мезгилде бойго болтурбоочу ыкмалардын анысы жаман, мунусу жакшы деп айта албайм. Баары жакшы, болгону индивидуалдуулук дегенди эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, бир аял спираль койдурса эч нерсе болбогондой жʏрɵ бериши мʏмкʏн, экинчи аялга тескерисинче, жакпай кан кетип, айыздын кɵп келиши сыяктуу белгилер байкалышы мʏмкʏн. Негизи сактанууга келген ар бир аялдын канча бала тɵрɵгɵнʏ, каны аз же кɵп экени, кандай гинекологиялык оорулар менен ооруганы изилденгенден кийин гана керектʏʏ ыкмалар жасалат. Мурда бойго болтурбоонун бир-эки гана ыкмасы болуп келсе, учурда абдан кɵп. Мисалы, тери алдына коюлучу гормоналдык имплант бар. Ал 3 жылга чейин аялды кош бойлуулуктан сактайт. Ошол эле спиралдын, таблеткалардын гормоналдык тʏрлɵрʏ иштелип чыгууда. Мындан сырткары аял таблетка иче албаса же уколду ала албаса вагиналдык шакекче орнотулат. Пластырлардын тʏрлɵрʏн колдонсо да болот.

Дени сак бала кантип тɵрɵлɵт?

-Тɵрɵткɵ чейинки даярдык эң кɵп талкууланган тема. Ушул маселенин ʏстʏнɵн кɵп иштеп жатабыз. Себеби, эң трагедиялуусу тɵрɵт учурундагы энелердин ɵлʏмʏ, оорукчан балдардын тɵрɵлʏʏсʏ. Дени сак баланын тɵрɵлʏшʏ бойго бʏткɵнгɵ чейинки даярдыктан кɵз каранды. Мисалы, энелик уруктук бойго бʏткɵнгɵ чейин 6 ай даярданат. Демек ошол 6 айдын ичинде эне эмне тамактарды жеди, кандай стресске туш болду, кандай дарыланды, кандай таблеткаларды ичти, ошол маалыматтын баары клетка хромосомаларында сакталып калып, ген аркылуу балага берилип калышы мʏмкʏн. Эркектердин уругу 3 ай жетилет. Демек ал акыркы 3 ай ичинде алкоголдук ичимдик ичтиби, чылым чектиби, уйкудан калдыбы, бардыгы келечектеги баласына таасирин тийгизет. Тɵрɵткɵ чейинки даярдык абдан маанилʏʏ. Бул нерсеге гинекологдон сырткары эндокринолог кеңеш берет. Анткени зоб баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, бойдон тʏшʏʏгɵ чейин алып барат. Стоматологго сɵзсʏз баруу керек. Кɵпчʏлʏгʏ боюнда болгондон кийин тишти дарыласам болобу деп кайрылып калышат, жакшысы ага чейин кɵйгɵйлʏʏ тиштерди дарылап калуу керек. Терапевт, кардиологдун текшерʏʏсʏнɵн ɵткɵндɵн кийин, ɵзʏнʏн кандайдыр оорусу болсо, ошого жараша калган адистерге барганы оң.

Жасалма уруктандыруу – медицинанын мыкты жетишкендиги

-Жасалма уруктандыруу ЭКО (экстракорпоральное оплодотворение) бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул медицинанын мыкты жетишкендиги. Мындан 40 жыл мурда Улуу Британиянын Лондон шаарында жасалма уруктандыруу жолу менен биринчи ымыркай кыз тɵрɵлгɵн. Бул жаңылыкты укканда адамдар аябай таң калып, мʏмкʏн эместей кабыл алышкан. Бирок, ал кыз кадимки балдардай эле жашап кете алды. Алтургай бʏгʏнкʏ кʏндɵ анын 3 баласы бар. Андан бери медицина кʏндɵн-кʏнгɵ ɵнʏгʏп, бир топ алдыга жылды. Биз да жыл сайын эл аралык конгресстерге, самиттерге катышып, медицинадагы акыркы ачылыштар менен таанышып турабыз. Демек, жогоруда айтып ɵткɵн кыздын окуясы жасалма уруктандыруу менен тɵрɵлгɵн балдар тукумсуз болуп калат же жакшы сʏйлɵй албай, ден соолугунда кɵйгɵй болот деген тʏшʏнʏктʏ четке кагат. 

Кɵпчʏлʏк учурда аял тукумсуз болсо, кайын журту аны кетирип, кʏйɵɵсʏнʏн башка бирɵɵгɵ ʏйлɵнʏп алуусу оңой экен. Ал эми эркек тукумсуз болсо аялдар аны тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, ʏй-бʏлɵнʏ сактап калууга аракет кылышат. ʏй-бʏлɵ жараткан тарабынан берилген эң сонун нерсе. Анын бузулуп кетʏʏсʏн эч ким каалабайт. Ошондуктан, балалуу болбой бизге кайрылган ʏй-бʏлɵлɵрдʏ алгач дарылайбыз, кокус оң натыйжа бербей калса гана ЭКОну сунуштайбыз. ЭКО жасатып жаткан аялдар толук даярдоодон ɵтɵт. Каршы кɵрсɵтмɵлɵрʏ аныкталат, аны жасаткандан кийин ден соолугуна зыян эместиги изилденип чыгат. Бардык талапка жооп берип, адистердин текшерʏʏсʏнɵн толук ɵткɵндɵн кийин гана бул ыкманы жасайбыз. Мындай учурда аял кишиге абдан оор болот. Себеби, баланы сактап калуу ʏчʏн кɵптɵгɵн дозада гормондор берилет, ошондуктан туура тамактануусуна, таза абада сейилдɵɵсʏнɵ шарт тʏзʏп берʏʏ керек. Гормондордун негизинде кан коюлуп кетип, аялдарда жʏрɵк кан тамыр оорулары пайда болуп калбашы ʏчʏн кылдат текшерʏʏ зарыл. Эгерде толук даярдап, гормондорду дозасы менен берип, режимди туура сактаса ден соолугу чың балдар тɵрɵлɵт.

Элдин жана ɵлкɵнʏн ɵнʏккɵндʏгʏн медициналык профилактикалык кароонун деңгээлинен билсе болот. Гинекологиялык кароо идеалдуу тʏрдɵ 6 айдан деп айтылат, бирок, жылына жок дегенде тɵрɵт жашына карабай бардык аялдар бир жолу кɵрʏнʏп туруусу зарыл.

Айжылдыз Тойчиева