28 апреля, 2024

УКРАИНА-РОССИЯ. КОНТРЧАБУУЛБУ ЖЕ КОРКУТУУБУ?

Дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏлʏн кɵптɵн бери  эле буруп келген Украина Куралдуу кʏчтɵрʏнʏн контрчабуулунун айланасындагы кеп-сɵздɵр бир “дуу” этип алып, ошол бойдон тынчыгандай таасир калууда. Кептин баары айланып келип эле ошол контрчабуул башталдыбы же жокпу деген суроого барып такалат.

ОРУСТУ БИР СЕКИРИК МЕНЕН АЛУУ КЫЙЫН

Украин куралдуу кʏчтɵрʏнʏн (ВСУ) каршы чабуулу негизинен тɵрт багытта жʏргʏзʏлʏʏгɵ тийиш болуп, анын натыйжасында Крымга чыга турган жолдор жана Азов деңизи тарабы орус армиясы ʏчʏн  толук жабылуусу керек деп пландаштырылган. Бирок, мындай масштабдуу планды ишке ашыруу кыйын болуп жатат. Орустун коргонуу тилкесин бир секирик менен алуу кыйын. Бул туурасында Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу ВСУнун Запорожье багытындагы алгачкы ири чабуулунун жыйынтыгына токтолуп жатып билдирди. Аталган багыттагы каршы чабуулга бир жарым миң жоокер жана 150 даана бронетехника салынган. “Душман ɵз маалында кɵзгɵ урунуп, артиллерия, авиация жана танкка каршы каражаттар менен превентивдик сокку урулган. Анын айтымында, душмандын каршы чабуулу жалпы тɵрт  багытта тең токтотулган жана ВСУ чоң жоготуулар меннен артка чегинʏʏгɵ аргасыз болгон. Эки сааттык согушта Украин армиясынын жалпы жоготуулары 30 танк, 11 БМП жана 350 солдатты тʏзгɵн. “Запорожье багыты ʏчʏн Киев тарабынан атайын даярдактын ɵткɵрʏлгɵн резервдик кʏчтɵр ɵз милдеттерин аткара алган жок”,-деди министр. 

Россия коргоо министри ошону менен бирге орус армиясы жʏргʏзʏп жаткан атайын аскердик операциясынын айрым моменеттерин эске алуу менен  майданга жɵнɵтʏлʏʏчʏ бронетехниканы кошумча коргоо каражаттары менен толуктоо зарылдыгына да токтолду.

“КАРШЫ ЧАБУУЛ АЛИ БАШТАЛА ЭЛЕК”

Украиначыл тараптардын ылдыйлап бараткан духун кɵтɵрʏʏ ʏчʏн айтылып жаткан мындай маанидеги сɵздɵргɵ азырынча ишенʏʏ кыйын, бирок угуп койгонго ашыкча болбойт. Украиналык сайттын редактору Богдан Макалюк, мисалы, мынтип жазат:

“Украин аскерлери азыр Донецк облусундагы айрым калктуу пункттарды бошотушту. Кабарлар жана жаңылыктар байма-бай келип жатканына карап гана каршы чабуул башталды деп жатышат, бирок ал али баштала элек, контрчабуул классикалык маанисинде мындай болбойт”.

Жɵɵ аскерлер армиясынын резервисттер Кеңешинин башчысы Иван Тимочко телемарофон маалында контрчабуулдун биринчи жана экинчи этаптары жагдайында  курган баяндамасында мынтип белгиледи:

-Каршы чабуул кɵптɵн бери эле жʏрʏп жатат. Анын биринчи этабы медиалык мейкиндикте жʏргʏзʏлдʏ. Анын максаты деп душмандын аң-сезимине дʏрбɵлɵң тʏшʏрʏʏ, чыдамын кетирʏʏ эсептелген. Азыркы мезгилде шарттуу айтылып жаткан контрчабуул сɵздʏн классикалык маанисиндеги контрчабуул эмес. Бир канча багыттарда каршылаштардын алсыз жерин, кʏчʏн аныктоо, анын кɵңʏлʏн негизги соккунун багытынан алагды кылуу максатында гана чалгындоочулук согуш аракеттери жасалып жатат. Балким, алар бир нече ирет жасалуусу ыктымал. Бул ыңгайлуу кырдаалды билдирет, анткени каршылаштарга ɵз резервдерин ары-бериге жылдыра берʏʏ милдети жʏктɵлдʏ. Бул жагдай орустардын биринчи коргонуу линиясын эле аныктоо эмес, андан ары да тереңирээк аңдоо салууга мʏмкʏнчʏлʏк берет.

Анын пикиринде, азыр украин армиясында контрчабуулга ɵтʏʏ ʏчʏн душмандын аныкталган талуу участкалары жана батыштан жардамга жиберилип жаткан согуштук техникалардын аппробациялары бар.

Согуштук стратегиянын талаптары боюнча алганда, мындай жашыруун максаттарды украин резервисттеринин башчысы эмне максат менен ачыктап жатканын тʏшʏнʏʏ албетте, оңой    эмес. Бул сыягы, контрчабуулдун баягы эле ɵзʏ  белгилеген биринчи этабынын кʏʏсʏ болсо керек деп божомолдоого мʏмкʏн.

Канткен менен кɵптɵн бери кеп-сɵз болуп, кʏтʏлʏп жаткан украин армиясынын контрчабуулу 4-5-июнда башталганын Украина президенти Зеленский расмий билдиргенин кɵңʏлгɵ алуу керек. Салгылашуулар ушул тапта айгышкан мʏнɵз кʏтʏп, каршылаштардын эки тарабы тең оор жоготууларга учурап жатканы айтылып жатканы менен, жоготуулар азырынча 1:10 ʏлʏшʏндɵ орустардын пайдасына ооп турганын аналитиктер белгилешʏʏдɵ.

“КОНТРЧАБУУЛГА БУЛ ЖЫЛЫ БИР ГАНА МYМКYНЧYЛYК БАР”

Чехия президенти Павелдин эсебинде, ʏстʏбʏздɵгʏ жылда контрчабуул жасоого украин армиясында жалгыз гана мʏмкʏнчʏлʏк бар. Биз кʏбɵ болуп жаткан биринчи контрчабуул кокус ийгиликсиз болуп калса, анда обьективдʏʏ шарт-себептерден улам экинчи жолку контрчабуулду даярдоого украиндерде мʏмкʏнчʏлʏк жок. ВСУнун бул жылдагы жасап жаткан аракеттери чыр-чатакты токтотуу ʏчʏн сʏйлɵшʏʏлɵр башталабы же эмдиги жылга дейре тоңдурулуп турабы деген маселени аныктоосу керек. Павелдин билдиргенине караганда, Украина азыр контрчабуул ʏчʏн даярдалган бардык кʏчтʏ согушка салган жок. Россия украин армиясынын былтыркы ийгиликтʏʏ чабуулдарынын тажрыйбаларын ɵздɵштʏрʏп бʏттʏ жана коргонуу линияларынын курулушун интенсификациядан ɵткɵрʏп алды. Анын айтымында, ВСУ азыр дал ошол коргонуу линиясынын алсызыраак жерин табууга аркеттенʏʏдɵ.

17-июнда Эстониянын Коргонуу кʏчтɵрʏнʏн чалгындоо борборунун начальниги полковник Марго Гроссберг Украинанын контрчабуулу эмки аптада кʏтʏлбɵйт деп билдирди.

Жалпы жонунан алганда, ВСУнун каршы чабуулунун мизи башталбай жатып эле кайтып калгандай таасир калтырып жатканын жашырууга болбойт.

 НАТО УКРАИНАГА МУКТАЖБЫ?

Украина кандайдыр бир бизге  белгисиз себептер мене НАТОго мʏчɵ болууга муктаж болуп жатканы менен, эксперттердин эсебинде, Тʏндʏк Атлантикалык альянс Украинаны мʏчɵлʏккɵ алууга азыр кызкдар эмес. Анын бирден-бир жʏйɵсʏ Украинанын географиялык жактан жайгашуу абалында жатканы бештен белгилʏʏ. Украина Россия Федерациясына абдан жакын ɵлкɵ болгондугуна жана дал ушул Россия ɵзʏнʏн аскердик-саясий максаттарын ишкеташырууга жана коопсуздугун камсыздоого тырышып аркеттенип жаткандыгына байланыштуу, НАТОго Украинаны кабыл алуу ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк согуштун башталышына тʏрткʏ берʏʏ дегенден башканы билдирбейт. Бул жагдайда аскердик эксперт, согуштук кагылыштардын ардагери Роман Носов мындай дейт:

“НАТОнун Украинаны кабыл алуу ыктымалдуулугу нɵлгɵ жакыныраак, анткени мындай кадам ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк согуштун башалышына тʏрткʏ болушу мʏмкʏн. Бирдиктʏʏ, монолиттʏʏ пикир жок. Ал процессти тездетʏʏ эч кимдин, ал турсун шымынан ɵйдɵгɵ секирип жаткан артист Зенин да колунан келбейт.

Мурдараак НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг ТʏндʏкАтлантикалык альянстын Вильнюстагы саммити Украинаны аталган аскердик блокко жакындатат”,- деп билдирген. Ага чейин Пентагондун басма сɵз катчысынын орун басары Сабрина Сингх НАТОго мʏчɵ болуу ʏчʏн Украинанын ɵз жолу бар деп айткан эле. Бирок, ал кандай жол, ачыктаган эмес.

Абдираим Мамытов