28 апреля, 2024

ТYШТYК ТОПОЛОҢУНАН КИЙИНКИ ТYЙШYК

Кыргызстандын тʏштʏк аймагындагы кыргыз-ɵзбек этникалык кагылышуулары 2010-жылдын 10-15-июнунда болуп ɵткɵнʏ маалым. Андан бери туптуура он ʏч жыл ɵтʏптʏр. Бир караганда  бул кандуу коогалаңга “ɵткɵн ɵттʏ, кеткен кетти” кылып, кайрылбай эле койгон туурадай сезилет.

“БЕЧЕЛГЕ ЖƟТƟЛДYН КЕРЕГИ БАР БЕЛЕ?

Бирок, кандуу каргашанын кейиштʏʏ кесепеттери, ɵзгɵчɵ ɵлчɵɵсʏз адам курмандыктары андай кɵңʏл коштукка эч жол бербɵɵсʏ да турган иш. Этникалык чыр-чатактын расмий кабыл алынган себептерине ɵзбектер менен кыргыздардын ортосундагы кɵптɵн бери тереңдеп кеткен этникалык карама-каршылыктары жана ошондой эле 2010-жылдын апрелиндеги биз революция деп атап жʏргɵн бийлик тɵңкɵрʏшʏнɵн кийин жаралган бийлик вакууму кирет.

Тʏштʏк тополоңу укук коргоо органдарынын кʏчʏ менен басылып, басып алынган аскердик техника жана курал-жарактар кайтарылганы, ɵткɵɵл мезгилдин техникалык ɵкмɵтʏ тʏзʏлгɵнʏ белгилʏʏ. Куралдуу кагылышуулардын акыбетинде 2400дɵн ашуун имарат талкаланып, ɵрттɵлʏп жок кылынган. Там-таш салынып, дʏр-дʏйнɵ табылат, бирок бейкʏнɵɵ адам ɵмʏрʏ кайра кайрылбайт. Тʏштʏктɵгʏ ошол коогалаңда 896 адам ( башка бир маалымат боюнча,2 миң адам) ажал тапканы 1900 адам ар кандай жараат алганы, миңдеген адам тополоң маалында Ɵзбекстандан убактылуу башпаанек тапканы айтылат.

Чыр-чатактын социалдык-экономикалык себеби катары калктын агрардык жактан  артыкча эле жыш отурукташканы да каралып жʏрɵт. Анткени, чɵлкɵмдɵ бир адамга туура келчʏ эгин аянтынын минималдуу чегине алда качан жеткени белгилʏʏ. Ал эми жердин тʏшʏмдʏʏлʏгʏн андан ары экстенсивдʏʏ жол менен жогорулатуу жагына сугат суунун жетишсиздиги жол бербɵɵсʏ  кимге болбосун белгилʏʏ. Акыбетинде жумушсуз калган кыргыз жана ɵзбек жаштары шаарга агылып, негизинен ал жерде да жумушсуздардын катарын ɵстʏргɵнгɵ ɵз салымдарын кошушат. Мунун баары Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ калктын жашоо деңгээлинин тɵмɵндʏгʏнɵ алып келээрин жана ошондой эле социалдык жактан нааразычылыктарды да жаратаарын расмий да, бейрасмий да булактарда  айтылып келе жатат.

Негизи, Борбордук Азиянын аталган чɵлкɵмʏ Хантингтондун концепциясына ылайык, цивилизациялар кагылышында  потенциалдык “ок дары челеги”, катары караларын эстен чыгарбоо керек.

КЫЛМЫШ ЖАНА ЖАЗА

Маркиз Голифакстын “Ат уурдаганды ат уурдагандыгы ʏчʏн эмес, башкалар уурулук кылбасын ʏчʏн  асышат” деп айтканы бар. Ар кайсы эле заманда ар бир кылмыш  жазаланууга тийиш. “Кудай жазасын берсин” деп коюшат, бирок кылмышкер бул дʏйнɵдɵ да кылмышына жараша жазасын тартуусу керек, жалган дʏйнɵнʏн жалпы кабыл алынган чындыгы да дал ушунда жатат. Тʏштʏктɵгʏ кандуу коогалаңды уюштуруучулар катары айыпталгандар да мыйзам алдында жоопко тартылышкандыгын эскерте кетʏʏ керек. Атап айтканда, кандуу каргашанын активдʏʏ уюштуруучулары Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдурасулов ɵмʏр бою эркинен ажыратуу жазасына тартылышкан. Аларга сот сыртынан ɵкʏм чыгарганы белгилʏʏ, анткени кылмышкерлер  ɵлкɵ аймагынан сыртка качып кетʏʏгɵ ʏлгʏрʏшкɵн. Айрымдары, мисалы Убактылуу ɵкмɵттʏн мʏчɵлɵрʏ менен байланышы бар делген Кадыржан Батыров дал ошол Убактылуу ɵкмɵттʏн мʏчɵлɵрʏнʏн активдʏʏ жардамы менен ɵлкɵ аймагынан чыгып кеткенин ɵзʏ айтып берген маеги бар. Уюштуруучулардын дагы бири Жалалидин Салахидинов кармалгандан эки саат ɵтпɵй эле  Алмазбек Атамбаевдин жеке ɵтʏнʏчʏ менен бошотулуп жибергени айтылып эле жʏрɵт. Кандуу калаймандын дагы бир уюштуруучусу Караматхан Абдуллаева бир топ  жыл издɵɵдɵ жʏрʏп,укук коргоо органдары тарабынан быйыл жазда кармалды. Караматханумду он алты жылга эркинен ажаратуу боюнча сот ɵкʏмʏ чыгарылганы маалым.

УЙГУР ИЗИ

2010-жылкы Ош коогалаңында ɵзбек улутчулдары тарабынан коюлган саясий талаптардын негизгилеринин бири -республиканын тʏштʏк аймагында жашаган ɵзбектерге автономиялык укук берʏʏ. Эске сала кетели, дал ушундай эле талап менен 1990-жылкы Ош окуясында ɵзбек улутчулдары ал кездеги Союздук жана республикалык жогорку жетекчиликтерге кайрылышкан. Оштогу жана Ɵзгɵндɵгʏ ошол чыр-чатакта 1200 адам каза таап, бир нече миңдей адам тʏрдʏʏ жарааттарды алышкан. Ал кезде 10 миңден ашуун кылмыш эпизоддору боюнча кылмыш иштери ачылганы белгилʏʏ. Сотко 1500дɵн ашуун иш ашырылып, 300 адам сот жообуна тартылган. Союз кулагандан кийинки башаламан замандын таасири менен ошол калайманда кылмыш  жасап, сот жообуна тартылгандардын кɵбʏ боштондукка чыгып кеткени да белгилʏʏ. Белгилей кетсек, 1990-жылкы Ош окуясында да, 2010-жылдагы тʏштʏктɵгʏ ɵзбек-кыргыз этникалык жаңжалында да жʏргʏзʏʏнʏ ɵзʏнɵн ɵзʏ эле талап кылып турган айрым бир параллелдер бар.

90-жылдагы тополоңдун башталышына ошол кездеги Ленин колхозуна тиешелʏʏ эгин талаасынан кыргыз жаштарына жер участокторун ажыратып берʏʏ  чечими тʏрткʏ болгону маалым. Ленин колхозунун аймагында негизинен этникалык уйгурлар жашайт. Ош аэропортуна чукул жайгашкан Кашкар-Кыштак айылы бул аймактын борбору катары азыр да кызмат кылат. Кашкар-Кыштак менен Нариман айылдарынын эле эмес, Оштун бʏтʏндɵй этникалык уйгурлары этникалык ɵзбектер менен кошул-ташыл болуп аралашып кеткени жалпыга маалым. Уйгурлардын басымдуу кɵпчʏлʏгʏнʏн паспортторунда улуту ɵзбек деп жазылганы таң калычтуу эмес.

2010-жылдагы тʏштʏктɵгʏ тополоңдун активдʏʏ уюштуруучулары да негизинен уйгур этносунун ɵкʏлдɵрʏ экенин танууга болбойт. Ошондон улам Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵ болуп ɵткɵн эки жолку этникалык кагылышууларда ɵзбек улутчулдары эмес, уйгур улутчулдары сепаратисттик кыймылды жетектешкен деп  бʏтʏм чыгарууга мʏмкʏн. Бирок, ушул кʏнгɵ чейин эки жолку этникалык кагылышуудагы каршылаштардын аттары аталганда ɵзбек улутчулдары дегенге басым жасалып жʏрɵт. Демек,эки калайманда тең уйгур сепаратисттери ɵзбектердин атын жамынып жикчилдик (сепараттык) аракеттерге барышкан деп божомолдоого болот. Негизинен алганда автономия статусу кыргызстандык ɵзбектерге эмес, алардын атын жамынган кыргызстандык уйгурларга кɵбʏрɵɵк зарылдай туюлат. Эл аралык масштабдан караганда ɵзбек улутчулдарына салыштырмалуу уйгур улутчулдарынын аты кɵбʏрɵɵк жана кененирээк масштабда чыгып жʏргɵнʏ белгилʏʏ.

Жарага “туз сеппейли” дегенибиз менен, 2021-жылдын апрелинде ɵлкɵ президенти Садыр Жапаров 2010-жылы ɵлкɵнʏн тʏштʏгʏндɵ жʏз берген каргашанын  материалдарын карап чыгууга УКМКга тапшырма берген. Калк арасында ошол кандуу калаймандын себептерин жана кыймылдаткыч кʏчтɵрʏн тереңирээк изилдɵɵгɵ жана тиешелʏʏ укуктук жана саясий баа берʏʏгɵ карата кызыгуу али кʏʏсʏнɵн тая электигин баса белгилеп кетʏʏгɵ мʏмкʏн. Кыргыз бийлигине мурдагы Убактылуу ɵкмɵт  гана  айыптуу катары таанылып келе жаткан кандуу окуяларды кайра сыдыргыдан ɵткɵрʏʏ ʏлʏшʏ  тийгенин байкабай коюуга болбойт.

 Абдираим Мамытов