28 апреля, 2024

Сулуулук ʏчʏн жасалган ырайымсыз ʏрп-адаттар

Кээ бир ɵлкɵлɵрдʏн тарыхында аялдар ɵзгɵчɵ сулуу болуу ʏчʏн ɵмʏрʏн чоң коркунучка кептеген. Ошол мезгилдеги коом да буга кайыл болуп, билинбегени менен аялдардын укугу тебелендиде калган. Убакыттын ɵтʏшʏ менен кɵпчʏлʏк улуттар мындай жапайычылыгын жойду. Тилекке каршы, айрымдары бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин карманып келʏʏдɵ. Дʏйнɵдɵгʏ ырайымсыз, таң каларлык салттардан учкай кеп кылабыз.

Падаунг аялдарынын узун моюн болуусуна эмне себеп болгон?

Азыркы Мьянма ɵлкɵсʏ (мурдагы Бирма) менен Таиланддын чек арасынын бийик тоолорунда падаунг деп аталган уруу жашайт. Алардын баары мурдагы Бирманы жердеп келишкен. ХХ кылымдын ортосунда бийликке аскердик хунта тобу келип, ɵлкɵгɵ Мьянма деген жаңы ат берет. Баш ийбеген урууларды болсо таратып салган. Алардын арасында падаунгдар да бар эле. Бул уруу бийик тоону кɵздɵй качып, кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн жерде жашап калат. Тамак-аштын негизги булагы кʏрʏч болгондуктан, ач калбоо ʏчʏн кʏнʏ-тʏнʏ эгин айдап, дыйканчылык кылышат. Эркектер кошумча кʏч катары пайдалануу ʏчʏн пилдерди багышкан. Ошондой эле суу ташкынынан, уулуу жыландардан, курт-кумурскалардан сактануу ʏчʏн ʏйлɵрʏн бекем жыгачтар менен бийик кылып курушкан.

Кызыгы, дʏйнɵнʏн бир кычыгындагы бул элди кɵрʏʏ ʏчʏн жылына миңдеген туристтер барат. Саякатчылар болгондо да “жираф аялдар” атыккан узун моюндарды кɵрʏʏгɵ кызыгышат. Бир караганда коркунучтуу, бир чети таң каларлык падаунг аялдарынын узун моюн болуусуна эмне себеп болгон? Жергиликтʏʏ ишенимдерге ылайык, падаунгдар ɵзʏлɵрʏн ажыдаар эненин балдарыбыз деп эсептейт. Ошондуктан падаунг уруусунун кыздары ажыдаардыкындай моюнду элестеткен кɵрʏнʏштʏ жасоо ʏчʏн бала кезинен тартып мойнуна жез спираль шакекчелерди тага башташат. Бир чети узун моюн сулуулук берип турат деген пикирди карманышат. Жез шакекченин калыңдыгы бир сантиметрди тʏзʏп, кыздын жашы чоңойгон сайын шакектердин санын кɵбɵйтʏп туруу зарыл. Ошентип кыз турмушка чыкканга чейин мойнуна шакек салуу улантат. Качан гана ʏй-бʏлɵ курганда бул жɵрɵлгɵ токтотулуп, аял мойнуна тагылган шакекчелерди эч качан чечпейт, жаңысына да алмаштырбайт.

Ɵлʏмгɵ алып барган жез шакекчелер

Шакекчелерди алып салмак тургай аны жаңылоо оюна да келбейт. Себеби, бул ɵлʏмгɵ алып келери шексиз. Тилекке каршы, карыган аялдардын кɵбʏ буга туруштук бере албай, кысылуудан улам алып салууну кɵздɵшɵт. Анан баары билгендей жагдай болот, аял ɵлɵт. Ошентип карыган падаунг аялдарынын кɵбʏ эркектерден мурда кɵз жумушат.

Эң узун моюндуу кыздарды колунда бар ʏй-бʏлɵдɵн чыккан деп эсептешет. Падаунгдардын байлыгы шакектерге карап бааланат. Эң узун моюн делген аял 40 сантиметрлик кɵрсɵткʏч менен Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Эмнеге бул салттан баш тартышпайт?

Ошентип аял ɵмʏр бою беш килограммдын тегерегиндеги жезди кийип жʏрɵт. Дарыгерлер мындай жапайы салт сɵɵктɵргɵ аёосуз басым жасап, натыйжада баштын кыймылы чектеп, ден соолукка болуп кɵрбɵгɵндɵй зыян экенин айтышкан. XXI кылымда жашап жатканына карабай падаунгдардын моюнга шакек салмай салты толук жоголбой келʏʏдɵ.

Барган туристтерге аялдар узун мойнун мактангандан сырткары, колдо жасалган кооз буюмдарын сатышат. Эркектери болсо конокторду пил менен сейилдетип акчасын алууга аракет кылышат. Балким, алар жанын тобокелге салган салттын киреше булагына айлантып алганы ʏчʏн андан баш тартпай жаткандыр.

“Бутту таңуу” салты

Сулуулук ʏчʏн ырайымсыз кадамдарга барган элдин бири кытайлар. Кыздардын бутун 7 сантиметрден ашырбай сактап калуу ʏчʏн аны байланган абалда кармоону туура кɵрʏшкɵн. Мындай майып кылуу аларды назик жана сулуу кɵрсɵтʏп, аял ʏйдɵн ɵз алдынча чыга албай, каалаган жагына бара албай калган. Демек кытай ʏй-бʏлɵсʏ аял укугун кɵз кɵрʏнɵ эле тебелегенин байкоого болот. Кытайдын аймагына моңголдор басып киргенден тарта бул салт ого бетер актулдуу болуп, кытай кыздары моңголдун чоң буттуу кыздарынан оңой эле айырмалап турган. Кытайдагы бут байлоо салты биздин замандын 7-кылымында пайда болгон.

Кɵпчʏлʏк энелер кыздарынын бутун эки жаштан беш жашка чейин таңып коюшкан. Ошол учурдун кесипкɵй бут таңгычтары алгач чɵптʏн кайнатмаларына малдын майын аралаштырып, буттун манжалары сынып калганча ийип, чɵп менен майдын аралашмасына чыланган бинт  менен катуу таңып салышкан. Убакыттын ɵтʏшʏ менен сынган бут сɵɵктɵрʏ биригип, коркунучтуу формага айланган. Алардын ою боюнча бут денеге таяныч болуп кɵрʏнбɵшʏ керек болчу. Аялдардын майып болгону аз келгенсип, буттарында аябай жагымсыз жыттар пайда болгондуктан бут кийимдерин такыр чечпей жʏрʏʏнʏ туура кɵрʏшкɵн.

Адамдардын тʏшʏнʏгʏ ɵскɵн сайын нааразы болгондор кɵбɵйʏп, 1600-жылдардын орто чендеринде бул салтка тыюу салуу боюнча чакырыктар жасала баштаган. 1912-жылга чейин ʏзгʏлтʏксʏз уланган нааразычылыктардан кийин бут таңууга толугу менен тыюу салынат. Ага карабай айрым аялдар буттарын тымызын таңууну уланта беришкен, бирок бул ʏчʏн бийлик айып пулдарды салган. Дээрлик 1950-жылга барып гана Кытайдын ырайымсыз салты толугу менен жок болгон.

Окшош салттар

Бутту таңган сыяктуу башка элдердин ʏрп-адаттарында да дененин айрым бɵлʏктɵрʏн таңышкан. Мисалы, Европа менен АКШдагы аялдардын белине болуп кɵрбɵгɵндɵй ичке корсеттерди тагуусу милдеттендирилген. Бул аялдарга ыңгайсыздык жаратып, ден соолугуна олуттуу зыяндарды алып келген. 

Индиялыктардан калган алаканга сʏрɵт тартуу адаты

Индия элинин салты боюнча турмушка чыгып жаткан кыздын ʏйʏнɵ той алдында аялдар чогулуп, шаан-шɵɵкɵт уюштурганча колду боёо ырымын кылышат. Аны мехенди деп аташкан. Келиндин колу-бутундагы оюм-чийим канчалык татаал жана кɵп болсо, ага улуу муун ошончолук кɵптʏ ʏйрɵтɵ алган деп билишет. Байыркы заманда алар колдон мехенди ɵчʏп кеткенге чейин тойду улантышкан экен. Сʏрɵткɵ жаратылыштагы бардык нерсени тартып кете беришкен. Мисалы, гʏлдɵр менен жемиштерди кубанычтын символу катары эсептелсе, кыздын мʏнɵзʏн ар кандай жаныбарлар менен чагылдырууга аракет кылышкан.

Мехенди Индиядан сырткары араб ɵлкɵлɵрʏндɵ, Тʏндʏк Африкада, Малайзияда жана Индонезияда кеңири таралган. Денеге сʏрɵт тартуунун бул ыкмасы болжол менен 5000 жыл мурда пайда болгон. Байыркы Египетте да айымдар денесин жана тырмактарын боёк менен кооздоп келишкен. XII кылымда Индияда бул ырым-жырымдардын ажырагыс бɵлʏгʏнɵ айланып, индиялык аялдар муну бакыт алып келет деп ишенген.

Айжылдыз Тойчиева