14 июня, 2024

Улуу Жеңишке 79 жыл

Тарых барактарынан

 Фашисттик Германия 1939-жылы дʏйнɵлʏк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Польшаны, Францияны, Бельгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югослованияны, Грецияны басып алган. Натыйжада Германиянын экономикалык абалы, согуштук кʏчʏ чыңдалган. Дʏйнɵлʏк ʏстɵмдʏккɵ жетʏʏнʏ кɵздɵгɵн фашисттик Германия 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. Ал “Барбаросс” деген планы боюнча Советтер Союзун бир жумада эле талкалап,1941-жылдын кышына чейин СССРдин  Европалык бɵлʏгʏн толук басып алмак. Адегенде эле фашисттик Германиянын 5,5 млн. адамдан турган 190 дивизиясы Совет ɵлкɵсʏнɵ басып кирген.  СССРге каршы согушка Германия менен бирикте Италия, Финляндия, Румыния, Венгрия, Испания катышкан.

Неместик-фашисттик баскынчылардын жырткычтык менен кол салышы совет элинин тынч жашоосун дʏрбɵлɵңгɵ салган. Ошентип социалисттик Ата Мекендин кɵз каранды эместиги жана эркиндиги ʏчʏн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Кыргызстандын бардык шаарларында, айыл-кыштактарында миңдеген адамдар катышкан  чогулуштар ɵтʏп, аларда жумушчулар колхозчулар, интеллигенция Ата Мекенди коргоо ʏчʏн кʏчтɵрʏн, керек болсо ɵмʏрʏн аябай турганын билдиришкен. Ар улуттагы ар тʏрдʏʏ кесипте иштегендер кары-жашы дебей комиссариатка кайрылышып,фронтко жɵнɵтʏʏнʏ суранышкан. 1941 жылдын 22-23-июнунда ушундай ɵтʏнʏч менен Фрунзе шаарындагы  комиссариатка 270дей арыз тʏшкɵн. Кызыл-Кыядагы шахтадан 250 кенчи фронтко ɵз ыктыяры менен жɵнɵгɵн.

Ошентип Улуу Ата Мекендик согушта совет эли эркиндик, кɵз каранды эместик ʏчʏн жан аябай салгылашкан. Кɵп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 364 миң  жоокер да Ата Мекенди коргоонун ʏлгʏлɵрʏн кɵрсɵтʏшкɵн.  Согуштагы кɵрсɵткɵн эрдиктер  ʏчʏн он миң кыргызстандык жоокер орден, медалдар менен сыйланышкан. Биздин ɵлкɵдɵн 159 миң жоокер мекенге кайтып келсе, 205 миң адам кайтпай калган. Алардын 76 сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан.

Ош шаарынын аскер комиссариатынын расмий маалыматына ылайык, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош шаарынан Советтик Армиянын катарына 14621 адам чакырылган. Алардын ичинен 3627 адам каза тапкан, бул цифрада арасында дайынсыз жоголгондор да бар. Ɵз мекенине аман кайткандар 10994 адам болсо, мунун ичинен 619 адам ар кандай жаракат алышкан. Советтер Союзунун Баатыры деген наам алгандар: Жумабаев Ташмамат, Немцев Иван Спиридонович, Пичугин Дмитрий Николаевич, Фуковский Александр Васильевич, Цинделис Берелис Израилович. “Даңк”ордени менен ʏч жолу Бадигин Михаил Петрович жана Парпиев Абдурашид сыйланган. Т.Жумабаевге, Д.Пичугинге, М.Бадигинге, А.Парпиевге эстеликтер тургузулган.

Бактыбек Карыбеков, Ош шаардык ардагерлер кеңешинин тɵрагасы:

“Ош шаарында согуштун 2, ооруктун 5 ардагери бар”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 2 катышуучусу, согуш жылдарында оорукта эмгектенгендерден 5 адам жашайт. Жодошов Касымбай атабыз ушул жылдын 25-июнунда 99га, Тохтабаев Салахидин атабыз  10-июнда бир кем жʏзгɵ чыгышат. Ал эми согуш убагында тылда эмгектенген ардагерлерибиз: Усманов Сатыбалды, Абдраимова Закия, Ашуров Карабай, Мадамирова Тажикан, Турду Раимов ата-апаларыбыздын жашы да токсондон ашкан,  баса алышпайт.

Согуштун бʏткɵнʏнɵ да 79 жыл болсо, мезгил экен жылдан жылга эмес, айдан айга согуш ардагерлеринин саны суюлуп барат.  Кыргызстан боюнча былтыр 68 ардагер 9-майдын таңын кɵрсɵ, быйылкы жылы март айына карата 26 гана ардагер бар, Ош облусунда Ноокатта бир гана ардагерибиз калды. Мамлекет тараптан, жергиликтʏʏ бийликтен колдоо кɵрсɵтʏлʏп, ар кандай уюмдар ардагерлерибизден кабар алып турушат. Биз болсо сɵзсʏз кабар алабыз. Касымбай Жолдошов агабыз чыйраак, чыгармачыл инсан. Беш китеби жарык кɵрдʏ. Ɵткɵндɵ барсам  теңтушу Салахидин абаны сурап “шеригим ɵлбɵй турса экен” деп тамашалайт. 

Касымбай Жолдошов:

“Согуш бʏттʏ!” деп кыйкырып жерге кулады…”

Касымбай Жолдошов согуш башталганда 17 жашта эле, 1942-жылдын январь айында кан майданга аттанган. 25 жашка чейин мекенди коргоодо жʏрɵт. “Бул аралыкта 3 жыл согушта болдум. Андан кийин 5 жыл кызмат кылдым. Бизди алгач эле Ыраакы Чыгышка алып кетишкен. Жаштайыбыздан колубузга курал алдык. Жеңгенибиз тууралуу кабарды уккан учур азыр дале кɵз алдымда. Бир аскер колуна баш кийимин кармап алып, бизди кɵздɵй чуркап келе жатат. Кандай кабар келет деп баарыбыз карап турабыз. Ал келип эле “Согуш бʏттʏ!” деп кыйкырып жерге кулады. Баарыбыз кубанып, штабка келдик. Штаб башчысы баарыбызды куттуктап, “эми силер ʏйʏңɵргɵ кетесиңер” деп кɵңʏлʏбʏздʏ кɵтɵрдʏ. Ошол кʏнʏ тʏштɵнʏʏдɵ дасторконго мол тамак-аш коюлуп, жакшы майрамдаганбыз. Анткени согуш учурунда ачка калып, чɵп жеген учурларыбыз болгон. Согуштан кийин СССР менен Япониянын ортосунда да кʏрɵш жʏрʏп, анда беш жылдык ɵмʏрʏбʏз ɵттʏ. Ошентип, 8 жыл дегенде мекенге кайтып келгенбиз”,-деп эскерет.

“Балдарымдын жамандыгын кɵрсɵтпɵ деп саар-кеч намазымда дуба кылып отурам”

Касымбай ата ʏй-бʏлɵдɵ тɵрт бир тууган. Улуу агасы  Ыстанбай 1941-жылы ноябрь айында согушка кетип, кайткан эмес. 1942-жылдын аягында кара кагаз келген экен. Бирок, кара кагаз кийин жоголуп, агасы жɵнʏндɵ маалыматтарды таппай калышат. Былтыр гана агасы тууралуу маалымат келген.  “Агам Орусиянын Тверь облусуна коюлуптур. Агам менен бирге майданда жʏргɵндɵрдʏн айтуусунда снайпердин огунан каза болгон экен. Менде ушул гана маалыматтар бар. Менден кийин иним менен карындашым бар эле. Экɵɵнʏн тең кɵзʏ ɵтʏп кетти”.  

Каарманыбыз согуштан кайтып келип колхоз чарбасында 35 жыл иштеп, пенсияга чыккан. ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, бир уул, бир кыздуу болгон. Мугалим болуп иштеген уулу 49 жашында кɵзʏ ɵтʏп, артында 7 баласы калат. “Баланын кʏйʏтʏн тартып жʏрʏп, алты айдан соң кемпирим да бул дʏйнɵдɵн ɵттʏ. Ошондон тарта неберелеримди тарбиялоо менин милдетим болуп, аларды бутуна тургузуп, балдарды ʏйлɵндʏрʏп, кыздарды тууруна кондурдум. Азыр эми алардын урмат-сыйын кɵрʏп отурган мезгилим. Кичʏʏ небере уулумдун колундамын. Неберелеримдин алды алты балалуу болушту. Эл катары биз дагы чоң ʏй-бʏлɵнʏн катарын толуктап калдык. Кудайга шʏгʏр, жашообуз жакшы. Балдарымдын жамандыгын кɵрсɵтпɵ деп саар-кеч намазымда дуба кылып отурам”,-деген кадырлуу аксакалыбыз ар дайым тынчтык мезгил болушун тилеп, жаштарды алкап, батасын берип отурган кези.

Кызыктуу фактылар

• Жеңиш кʏнʏ мурдагы Советтер Союзунун республикаларында гана эмес, фашисттик Германияга каршы согушка катышкан Европанын кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ да белгиленет.

• Жеңиш кʏнʏндɵ ардагерлерге кызыл гвоздикаларды берип, тʏбɵлʏк отко коюп, курман болгон баатырлардын мʏрзɵлɵрʏнɵ, согуштун эстеликтерине кызыл гвоздикаларды алып келишет. Кыпкызыл тʏс согуш талаасында тɵгʏлгɵн кан менен байланыштуу, ошондуктан гʏлдɵрдʏн ɵзʏ Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерʏʏ символу болуп калды. Ошол эле учурда кызыл гвоздика кайраттуулуктун жана туруктуулуктун белгиси.

• Согуш дээрлик тɵрт жылга созулган. 1945-жылдын январында СССРдин армиясы Берлинге чабуул жасаган. Согуштук аракеттердин жыйынтыгы боюнча 9-майда Москва убактысы боюнча саат 00:43тɵ башкы командачылар Германиянын сɵзсʏз багынып берʏʏ актысына кол коюшту, бул Экинчи дʏйнɵлʏк согуштун жана Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганын белгилеген. Европада Жеңиш кʏнʏ убакыт айырмасына байланыштуу 8-майда белгиленет.

• Тɵрт жылга созулган согуштук аракеттер адамзат тарыхында болуп кɵрбɵгɵндɵй куралдуу ири салгылашуулары жана миллиондогон курмандыктары менен эсте калды. Согуштун ар кайсы жылдарында эки тараптан тең сегизден он ʏч миллионго чейин жоокерлер салгылашып, жети миңден 19 миңге чейинки  учактар, алты миңден 20 миңге чейинки танк жана штурмалоочу техника, 85 миңден 165 миңге чейин замбирек жана минометтук куралдар колдонулган.

• Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун 7110 шаары, 70 миңден ашуун айылы, 32 миң завод-фабрикасы кыйратылып, 98 миң колхоз-совхоз бʏлʏнгɵн. Бул кыйроолордун жалпы наркы 128 миллиард долларды тʏзгɵн. Советтер Союзу жалпысынан 25, 6 миллион адамынан, башка бир маалымат боюнча, 29,6 миллион адамынан айрылган. Согуш курмандыктарынын 13,7 миллионун тынч жарандар тʏзгɵн.

• Согуштун ар бир бешинчи катышуучусу кʏжʏрмɵн сыйлыктар менен сыйланган. 11681 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыса, 2532 жоокер Даңк орденинин толук кавалери болуп калышкан.

• Германияда Улуу Жеңиш кʏнʏ “Боштондук кʏнʏ” деген аталышта 8-майда белгиленип келе жатат. Бул кʏн мамлекеттик майрам деп расмий саналбаганы менен жер-жерлердеи майрамдык маанайдагы иш чаралар ɵткɵрʏлɵт.