27 июля, 2024

Кыз кордогон коом кооптуу

Кыргызстанда 150дɵй ар кандай аялдар уюмдары, кеңештери, борборлору, комитеттери бар. Айрымдары чын эле кыз-келиндерге ар тараптан кɵмɵк кɵрсɵтсɵ, кээ бирлери чылк эле коммерциялык негизде ачылган дегенге болот. Ал эле эмес, республикалык деп аталган кээ бир аялдар уюмдары деле элечек кийгизип, сый болгон жерде же  медаль тагып, грамота таратмай менен алек. Буга баарыбыз эле кʏбɵбʏз. Республикада ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн 18 кризистик борборлор бар. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо кɵрсɵтʏп келет. Кыз-келиндер зордук-зомбулукка тушуккан учур биздин ɵлкɵдɵ кɵп катталат, айтылганы канча, айтылбай жʏргɵнʏ ошончо. Эмне ʏчʏн бул кɵйгɵйдʏн аягы тыйылбай келет, жоопту ар ким ар кандай айтат, белгилейт. Бул тема ар дайым актуалдуу.

Статистика жакаңды карматат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ʏй-бʏлɵлʏк зомбулукка кабылгандардын саны 13 104 адамды тʏзгɵн. Алардын 95 пайызы аялдар. 2024-жылдын эки айында 2 523 ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук фактысы катталган. Ички иштер органдары тарабынан ʏй-бʏлɵлʏк зомбулукка кабылган адамдарга карата 2 247 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын ичинен 2086 аял, 112 эркек жана 49 жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵр. Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренеси (ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук) боюнча кылмыштардын бирдиктʏʏ реестрине 764 протокол тʏзʏлгɵн. Алардын 727си сотко жɵнɵтʏлʏп, 204 адам коомдук жумуштарга тартылып, 396сы камакка алынган. 5,13 жаштагы кыздардын зордукталышы, Кадамжайдагы, Чʏйдɵгʏ, Ысык-Кɵлдɵгʏ келиндердин кʏйɵɵсʏ тарабынан бычакталып, мыкаачылык менен ɵлтʏрʏлʏшʏ, Асел аттуу келиндин кулак-мурду кесилиши коомчулукту селт эттирди.

БУУ: 340 миллиондон ашык аял-кыздар ɵтɵ жакырчылыкта жашайт

БУУнун Башкы катчысы Гутерриш: “Гендердик зомбулуктун уланып жаткан эпидемиясы адамзат ʏчʏн уят. Дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ жамааттарда миллиондогон аялдар жана кыздар ɵзгɵрʏʏнʏ талап кылып, стереотиптерге каршы чыгып, ɵз ʏнʏн уктурушат. Биз аларды колдойбуз. Ошол эле убакта аялдар эмгек акысын алган кʏндɵ да алар эркектерге караганда азыраак алышат. Гендердик эмгек акыдагы ажырым ɵлкɵгɵ жана иш менен камсыз кылуу секторуна жараша жок эле дегенде жыйырма пайызды тʏзɵт. Ал эми 2030-жылга чейин 340 миллиондон ашык аялдар жана кыздар дагы эле ɵтɵ жакырчылыкта жашайт, бул эркектер менен балдарга караганда 18 миллионго кɵп. Бул аялдарды жана кыздарды кемсинтʏʏ. Бул биздин жакшы дʏйнɵнʏ курууга болгон бардык аракеттерибизге тоскоолдук кылат. Аялдардын жана кыздардын билимге жана квалификацияга жетʏʏсʏн жакшыртуу, корпоративдик сектордо, ɵкмɵттɵ, тынчтыкты курууда жана климаттын ɵзгɵрʏшʏнɵ каршы кʏрɵштɵ жетекчилик кызматтарда аялдардын санын кɵбɵйтʏʏ керек. Приоритеттʏʏ багыт: каржылоонун жеткиликтʏʏлʏгʏ, гендердик теңчиликти жана жетекчилик кызматтарда аялдардын санын кɵбɵйтʏʏ керек”, -деп белгилейт башкы катчы.

Айкɵкʏл Мырзакаримова, Ош облустук аялдар жана ʏй-бʏлɵ кеңешинин тɵрайымы:

“Гендердик саясатты жɵнгɵ салуу керек”

Айкɵкʏл эжеге барсам кабинетине 7-8 аялды топтоп алып жакшынакай материалдарды берип жатыптыр.  “Айлыктары аз, бир кɵйнɵктʏн пулун да алышпайт экен, ошончо жерди жууп, ɵзʏңɵр тандап кɵйнɵк тиктирип алгыла” деп пол жууган айымдарды кубантып атыптыр.

-Бизде кыргызда кыздарды, аялдарды кордогондорду ɵтɵ катуу карашкан. Кызга да кырк  ʏйдɵн тыюу деп бекеринен айтылбаган. Азыр укпайын десең угасың, кɵрбɵйʏн десең кɵрɵсʏң. Кызгангандан кулак-мурдун кесип, зордук-зомбулук кɵрсɵткɵн жеткен мыкаачылык. 5 жашар кызга кайсы жʏзʏ менен кол салат?Аялга кол кɵтɵргɵн адам кембагал болот, жарыбайт дешчʏ эле. Кайда кетип баратабыз, тʏшʏнбɵй калдым.  Же балдарды тыя албасак, же аялдарды, же эркектерди тыя албаган учурга кептелдик. Аялдар ɵзʏбʏздʏ ɵзʏбʏз этияттап, аяр мамиле жасаганды ʏйрɵнʏшʏбʏз керек. Балдарын таштап коюп миграцияга кетти деп энелерди кʏнɵɵлɵйлʏ десек, жашоо-турмуш ошого аргасыз кылган болот. Койнунда жаткан беш жашар баланы алып чыгып кетип аткандарга менимче атууга эле ɵкʏм кылыш керек. Мыйзамдар деле кабыл алынып жатат, анан эмнеге токтобой жатат деп баштарын катырган эле жандар. Мыйзам кʏчтʏʏ болгону менен турмушка ашпаса бекер.

Аялдар комитеттери бар, жер-жерлерде, иштегиле дейин десең айлык маселесин коёт биринчи кезекте. Айлык албаган ишке эч ким жоопкер эмес. Гендердик саясатты жɵнгɵ салыш керек. Мурда тең жарымы аялдар болчу, азыр отуз пайызга кыскарды. Аялдардын маселесин аялдар ичтен, сырттан билет, аялды аял гана тʏшʏнɵт. Аялдардан кɵбʏрɵɵк жооптуу кызматтарга коюу керек.

Дарика Асилбекова, “Ак жʏрɵк” кризистик борборунун жетекчиси:

 “Энелер, кызыңарды карагыла, сактагыла”

-Бул тʏбʏ жок тема окшойт, себеби тʏбʏн кɵрɵ албай жатам. Мен азыр ушул маселеде акырында кандай жарык чыгат, жарыктын  кебете-кешпири кандай, жарыктын шооласы барбы деген суроону берем, бирок ошого жооп таппайм, ишеним жок. Экинчи жагы аял кордолгон заман бʏгʏн туу чокусуна жетти деп эсептейм. Секелек кыздардын зордук-зомбулукка кабылышы, эне сʏтʏ оозунан кетелек кыздардын жакын адамдары же бейтааныш адамдар тарабынан зордукталганы – коркунучтуу,  адам чыдагыс маселе.  Ушуну коомчулук чыдап карап туруп жатабыз. Эмне себептен мынчалык кайдыгерликке келип калдык,  ушуну такыр талдай албай жʏрɵм. Аялдан коом уланат, адам жаралат. Аял деген адам чыгаруучу фабрика да мындайча айтканда. Ошол фабрика кордолуп, ɵрттɵлʏп, талкаланып калган имараттай элестеп жатат. Муну оңдоюн деген адам жоктой сезилет. Бизге келген кыздардын кɵпчʏлʏгʏ эң жакын адамдар тарабынан зордукталат, окуяны акырына чейин чыдап угалбайм. Жакында бир окуя болду жездеси тарабынан 12 жаштагы кыз зордукталган. Мен ушул фактыны карап отурсам  эне эки жакка чуркап калды. Мына кызыма кʏнɵɵнʏ койсомбу дегендей байкалып турат да, ɵзʏнʏн жамандыгынан ушул нерсеге барды дегендей зордолгон кызын кʏнɵɵлɵгɵнсʏйт.  Айласыздан айтылган сɵз.  12 жаштагы кыз эмнени билет, жейм, ичем, ойнойм деген эле  куракта. Ошону карабайсыңбы, кээде ата-энелер да акмакпы деп калам. Мен айттым каалайсыңбы, каалабайсыңбы бул жашы жетелек кыз, тʏртсɵ тʏртʏлʏп кетет, тартса тартылып кетет, билбейт эч нерсе. Аны  акыл эстʏʏ адам зордоп жатат. Кʏйɵɵ балаң жооп бериш керек, талкууланбай турган маселе, азыр жɵн койсоң бул кыз беш жылдан кийин сенин жасаган ишиңе, ɵзʏнɵ, коомчулуктун жасаган ишине анализ берет, эки метр жипти издейт дедим. Ɵзʏнʏн атасы кызын зордоп атат. Мындай нерсени  айтып, оозду булгап, аң-сезимди булгап, жʏрɵгʏбʏз жараланып, кɵзʏбʏз жашылданып ушул нерседен тыянак чыгарууга болбой калды. Бул ʏчʏн  мамлекетте мыйзам бар,ошол мыйзамдар учурунда  катуу иштеш керек. Кээде айласыздан ɵлʏм жазасын киргизʏʏ керекпи деген ой кетет. Тɵрɵгɵн кыздар, сексуалдык зомбулукка кабылган кыздар ɵтɵ жашарып кетти. Коомдо адамдардын бардыгы кайдыгер. Биздеги катуу мыйзам ɵз учурунда иштесе,  бул азаят беле деген ой. Кийинки маселе  жаш энелерибизде кɵп кемчиликтер кетет. Кыздарга ʏйрɵтпɵйт, кыздар кароосуз калып атат, кыздар сексуалдык  маселе боюнча кɵп нерсени тʏшʏнбɵйт. Эне менен кыздын ортосунда байланыш жок. Эне менен сʏйлɵшʏʏдɵн алыс калды, карамагынан чыгып калды.  Мектепте кыздар сабап атса кой дегендин ордуна телефонго тартмай. Ушунун ɵзʏ кайдыгерлик.  Биз тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵ жетише албай жатабыз. Энелерге айтып жʏрɵм, энелер ɵзʏңɵргɵ сак болгула, ɵзʏңдʏн балаңды ɵзʏң карап берчи, мамлекетке кылган пайдаң ошол болот деп.  Кыз энени кɵрʏп таасирлениш керек.

Биздин борборго аялдар тʏркʏн тагдырлар, кордолуулар  менен келишет. Элдин жʏрɵгʏн оорутпайлы деп кээде унчукпай бʏтʏргɵнгɵ аракет кылабыз. Ɵткɵндɵ бирɵɵ айтат “мен ɵлʏшʏм керек” дейт жаман жолдо жʏрʏп кетип, тɵрɵп алыптыр. Кыз иштейм деп келип жаман жолго кирип кеткен. Апаң менен сʏйɵшɵйʏн десем “ата-энеси болбойт, баламдын атасын ɵзʏм да билбейм” дейт жаш кыз. Мындайлар толтура. Кɵп суроо салам, бир эле жолду кɵрʏп  атам да, энелер кызын жакшылап карап, ар бир ʏй-бʏлɵдɵ эне эле караса, сактаса сакталып калат.

Назима Алмазбекова, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“Эне катары кыжаалат болом”

-Акыркы учурларда коомубузда ɵз аялына кордук кɵрсɵткɵндɵр, ɵмʏрʏнɵ кол салгандар, жаш кыздарды зордуктаган окуялар байма-бай катталып жатат. Жакында эле «БУУнун аялдар тʏзʏмʏнʏн маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 15-49 жаштар арасындагы бардык аялдардын 23 пайызы зордук-зомбулукка кабылган» деген маалыматты окуп, кыз тарбиялаган эне катары катуу кыжаалат болдум. Кыз-келиндерди коргоого такыр кɵңʏл  бурулбай жатат дегенден алысмын, бирок жетиштʏʏ деңгээлде кɵңʏл бурулбай жаткандыгынан ушундай окуялар катталып жатат. «ʏй-бʏлɵнʏ сактоо, кыз-келиндерди коргоо, гендерлик теңчилик, аялдардын билимдʏʏлʏгʏ» боюнча атайын мамлекеттик программаларды кабыл алыш керек. Алыс кетпей Борбор Азиядагы мамлекеттер менен эле салыштыра турган болсок, эң кɵп миграцияда жʏргɵн кыз-келиндер Кыргызстандын жарандары.

Ошондой эле «Кайсыл жерден жʏдɵɵ кɵрсɵң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» деп айтылуу Абылкасымова акын эжебиз айткандай кыз-келиндерди коргоодо, колдоодо эркектердин ролу абдан чоң. Мырзаларды айымдарды, кыздарды сыйлоого ар бир уул баланын апасы ʏйдɵн, тарбиячысы бакчадан, мугалими мектептен айтып, тарбия бериш керек деп ойлойм. Ошондо аялды аздектеген эркектер кɵбɵйɵ баштайт.

Мындан сырткары азыркы учурда айымдардан бир да губернатор, аким, шаардын мэри жок. Аткаруу бийлигине айымдардан кɵбʏрɵɵк тартсак дейт элем, анткени алар кыз-келиндердин кɵйгɵйʏн жеринен кɵрɵт, билет, кɵтɵрʏп алып чыгат дегендей. Кыз-келиндерди коргоого жапа тырмак киришип, ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурбасак зордук-зомбулуктун аягы токтобойт.

    Бурул Исмаилова