18 октября, 2024

Бетти тарттыруу – операция жолу менен жасалчу процедура

Ɵмʏр бою жаш бойдон калуу мʏмкʏнбʏ? Медицина илиминин ɵнʏгʏшʏ менен бырыштардан кутулуунун да ар кандай ыкмалары пайда болууда. Бул процедура айрыкча айымдар ʏчʏн маанилʏʏ.  Канткен кʏндɵ да бетке бир да бырыш тʏшʏрбɵй жʏзгɵ чыгара турчу ыкма табыла элек сыяктуу. Балким, келечекте адамдар пластикалык хирургия аркылуу чын эле жаш бойдон карышар. Аны убакыт кɵрсɵтɵт. А биз азыркы мʏмкʏнчʏлʏктɵр тууралуу, тагыраагы, бетти тарттыруу боюнча сɵз кылабыз. 

Айнура Сагынбаева, врач-косметолог:

“Бетти тарттыруу канчалык эрте жасалса,  калыбына келʏʏ  да жеңил”

 -Беттеги тырыштарды жазуу, тарттыруу процедурасын операция деп атоого болобу?

-Ооба, бетти тарттыруу – операция жолу менен ишке ашырылучу процедура болуп саналат. Ал ар кандай ыкмаларга бɵлʏнɵт. Мисалы, жип менен же хирургиялык жол менен тарттыргандар бар. Жип менен тартуу ɵзʏ да экиге бɵлʏнʏп кетет. Мезожиптер жана коги же аптос деп аталган кореялык жиптер. Мезожиптер бетти тартпайт деле, болгону майда тырыш баскан, чап жаак, кургак, европалыктардын бетине окшогон беттерге койгондо тор сыяктуу терини жазып, калыңдатып берет. Ал эми коги же аптос корей жиптери 2-3 эле жиптен туруп, жука терини бир аз ɵйдɵ тартат. Бирок, муну ашыкча чоюлуп, салаңдап, катмарлап кеткен териге колдонсо болбойт. Белгилʏʏ бир курактагы, белгилʏʏ бир типтеги беттерге гана жарайт. Ошондуктан бул ыкманы да жакшы, эффективдʏʏ деп айта албайм. Бетти тартуу операциясы “фейслифтинг” деп аталат. Мында кадимкидей эле терини ачып, теринин астындагы катмарларды, булчунду тартып, ашыкча терини алып салууга туура келет. Бул операция канчалык эрте жасалса ошончолук жакшы. Себеби жаш убакта тери бат калыбына келет.

-Операциядан кийин кʏлгɵндɵ, сʏйлɵгɵндɵ ыңгайсыздык жаратпайбы?

-Башында 1-2 ай бир аз тартылышы мʏмкʏн. Андан кийин тери чоюлуп ɵз калыбына келет. Негизи теринин индивидуалдуу кɵрсɵткʏчтɵрʏнɵн кɵз каранды. Мисалы, кээ бир аялдар кош бойлуу кезинде курсагы кɵп деле так болуп жарылбайт, анткени териси чоюлчаак болот. Териде коллаген, эластин, геалурон кычкылы кɵп болот. Кээ бир айымдарда тескерисинче, курсак териси жарылып кетет. Анткени теридеги коллаген жана башка заттар генетикалык жактан аз. Албетте, буга туура кам кɵрʏʏ да таасир этет. Бет дагы дал ошондой генетикадан кɵз каранды. Экинчиден, жашоо образына. Витаминдʏʏ тамактарды жеп, кʏнгɵ кɵп чыкпай, стресске тʏшпɵй, гормондору нормалдуу болсо бет жылмакай болот.

-Бир эле жолу жасатуу жетиштʏʏбʏ?

-“Бетти тарттыруу процедурасын бир эле жолу жасатуу жетиштʏʏ, эффект ɵмʏр бою жетет” деп айтышат. Бирок, териге кам кɵрбɵсɵ, чылым, алкоголь колдонсо, туура эмес тамактанса, нымдаштыруучу, кʏндɵн коргоочу кремдерди колбонбосо эффект узакка барбай, убактылуу болуп калышы мʏмкʏн.

-Келген пациенттен операцияга чейин эмнелер талап кылынат?

-Биздин медициналык клиника 10 жылдан ашуун убакыттан бери элге кызмат кылып келе жатат. Медицина деген оюнчук эмес. Ар кандай кырдаалда ɵзʏбʏздʏ жана пациенттерди сактаганга аракет кылабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги бекитип берген протоколдордун негизинде операцияга чейинки даярдык сɵзсʏз кɵрсɵтʏлɵт. Бардык анализдер талап кылынат. Андан сырткары ЭКГ, рентген изилдɵɵлɵрʏ да бар. Биздин анестезиолог(операцияга чейинки даярдыкты уюштурган врач) абдан талапчыл. Ошондуктан пациенттин ден соолугу пластикалык операцияга жооп бербесе, уруксат бербейт. Жакында эле инстаграм аркылуу бир айым «бетти тарттыруу операциясына эмнеге албайсыңар» деп абдан таарынып жазган эле. Анткени гемоглобини тɵмɵн экен. Пациенттерге айтар элем, биз да, алар да медицинанын эрежелерине баш ийʏʏбʏз керек. Адам ден соолугу баарынан кымбат. Аны тобокелге коюу туура эмес.

-Терини калыбына келтирʏʏ ʏчʏн эмне кылуу керек?

-Бул процедурадан кийин реабилитация абдан маанилʏʏ. Эгерде реабилитация туура эмес жасалса, же жасалбаса процедурадан кийин эффектке терс таасирин тийгизет. Ошондуктан жакшы эффект алуу ʏчʏн операциядан кийинки процедуралардан сɵзсʏз ɵтʏʏ керек. Андан кийин тери менен иштеп башташ керек. Анткени теринин чоюлчаактыгы эффекттин жакшы болуусуна, кɵпкɵ жʏрʏшʏнɵ таасир этет.

Айжылдыз Тойчиева