27 июля, 2024

Кишимжан Мурзакулова: “Дарыгерлик ишимден чарчабайм, адамдардын сабырсыздыгынан чарчайм”

Шаардын башкы гинекологу,  жогорку даражадагы дарыгер Кишимжан Мурзакулованы шаарда тааныбаган аял аз болуш керек. Анткени качан барсаң каанасында кезек кʏткɵн ошончо киши отурат. Электрондук кезекке жазылып барып мен да кош бойлуу келиндерди улам киргизип отуруп аягында кирдим. Аялдын бир ɵлʏмʏ тɵрɵттɵн деген чын. Талкуулай турган тема аялдар болчу негизи, бирок биз дарыгерлик кесиптин оош-кыйышына кɵбʏрɵɵк ыктадык. “Кɵчɵдɵ бир дубана жʏрɵт, анан биз, ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер жʏрɵбʏз” деген сɵзʏнʏн ɵзʏ эле бʏгʏнкʏ кʏндɵ дарыгерлердин басмырлоого кабылганынан кабар берет.

-Кишим эже, тɵрɵттɵн аялдар каза тапканына кɵбʏнчɵ дарыгерлерди кʏнɵɵлɵшɵт. Негизги кɵйгɵй  эмнеде?

-Бул ɵтɵ  актуалдуу кɵйгɵй. Себеби биздин аялдарыбыз, кыздарыбыз  14-15 жашында эле Кыргызстандан чыгып кетип жатышат.  Экономикалык абалдын начардыгынан ʏй-бʏлɵнʏ багуу ʏчʏн  баратат. Айрыкча кыз балдар чыйраак болуп жакшы жашоого умтулат экен. Сыртка чыкканда ар бир тыйынын эсептеп жакшы тамактанбай, ɵзʏн карабай,  ɵсʏп келаткан кыздарда гормоналдык жетишсиздик болуп калат. Кɵбʏ кʏн кɵрбɵй эле бир имараттан чыкпай иштешет, ден соолугу начарлайт. Ооруса да ɵз убагында кɵрʏнɵ албайт, полиси жок эч ким кɵрбɵйт, кɵбʏ тил билбей кыйналышат. Аялдар кош бойлуу болгондо эч жерде кɵзɵмɵлдɵ турушпайт, керектʏʏ иче турган  дары-дармектерди ичишпейт.  Кээ бирлери ɵпкɵ, жʏрɵк, боор оорулары болсо ошолорду дагы убагында дарылабай калып  кабылдоолор менен келишет. Канчалар майып балдарды тɵрɵп коюп жатышат.  Кээ бирлер сактангыча биринин аркасынан экинчисин тɵрɵйт, андай кʏтʏлбɵгɵн балага эч ким кубанбайт деле экен. Кайын журтунан деле “жылда тɵрɵйсʏң, баламдын тапканын жеп отурасың, ɵзʏң деле абалыңды жакшыртып, ʏйʏңɵрдʏ бʏтʏп тɵрɵсɵң болот эле” деген кер какшык. Анан кош бойлуу аял эч жерде иштебесе, кошумча каражат жок болсо, экономикалык жактан кɵз каранды болуп калат экен. Басмырлоого, зордук- зомбулукка айрымдар билимсиздигинен, жумушунун жоктугунан туш келип калат. Ата-энесинин колунда болсо каралашат, аларда да жок болсо 9 ай бою басмырлоого кабылып калган аял жакшы деле бала тɵрɵп бере албайт. Ким ушундай кабылдоого учурайт?  Тɵрɵлгɵндɵн баштап эч кимге ыраазы болбогон кыздар бар, кʏндʏн чыкканы деле, батканы деле жакпаган, колунан келген-келбеген нерселерге кыжаалат боло берген негативи кɵп аялдар да ушундай кабылдоого учурап калат.  ʏйʏндɵ тынчтыгы болбогон, зордук-зомбулукка кабылган, 9-классты бʏтпɵй кʏйɵɵгɵ чыгып кеткендер бар, алар эмнени тʏшʏнмɵк эле? Ушулардын бардыгы кош бойлуулардын кабылдоосуна алып келет. Убагында дарыгерге кайрылбайт.

Азыр ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер болуп калган, алардын тажрыйбасы да жетпейт кош бойлуулар менен иштегенге. Эки- ʏч ай билимин жогорулатып мурдагы балдар дарыгери, мурдагы терапевт, кээ бир кууш адистер деле ʏй-бʏлɵлʏк дарыгер болуп кеткен. Алардын аялдар менен иштɵɵ тажрыйбасы аз. Кош бойлуулардын ɵзʏ гормоналдык ɵзгɵрʏʏгɵ кабылганда болор-болбоско деле кыжаалат болушат. Алардын организмдеги ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ так-даана билбеген кесиптештерибиз деле себепкер болуп калышы мʏмкʏн.

-Мыкты акушер-гинеколог болуш ʏчʏн канча убакыт талап кылынат?

-Бизде орто деңгээлдеги акушер-гинеколог тажрыйбалуу болуп  ушул ɵлтʏрбɵй алып калат дегенге 10 жыл керек.  Анан ушул акушер-гинеколог бардык маселени чечет, ишенсек болот деген адисти даярдаш ʏчʏн 18-20 жыл керек. Бизде коомдогу басмырлоо блогерлердин жардамы менен калк менен медицина кызматкерлеринин арасындагы ажырымды пайда кылып койду. Биздин эле ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борбордон  ондой дарыгерибиз кетип калды.  Себептери: айлык маянанын аздыгы, талаптын кʏчɵтʏлгɵнʏ. Биз азыр кургак учукту да, СПИД болуп калса деле карайбыз, кызамык болсо балдарын карайбыз, толтура кɵйгɵй. Электрондук толтурууну жазып отуруп ʏлгʏрбɵйм, ʏйгɵ барып тʏнкʏ 12ге чейин сайт жабылганча толтурабыз.

ʏй-бʏлɵ менен деле сʏйлɵшкɵнгɵ убактым болбойт. Анан оорулууларды карап атып ооруп каласың. Ооруп калсаң жетекчиликке деле, ɵкмɵткɵ деле, эч кимге керегиң жок болуп калат. Дарыгерлерге мотивация жок.

-Кабылдоолор менен келип, тɵрɵттɵн каза тапкан наристе менен энелердин саны канткенде азаят?

-Бирɵɵ кан кетип келиптир. Кооптуу белгилер жɵнʏндɵ дарыгериң айткан эмеспи десек, “кооптуу белгилер жɵнʏндɵ айткан, бирок мен кооптуу деген сɵздʏ тʏшʏнбɵйм” дейт. Кыргыз мектепти бʏткɵн  аял. Кооптуу деген эгер ушул белгилер болсо балаң же ɵзʏң ɵлʏп калат деп эле которулат дедим. Орой угулганы менен безге сайып айтыш керек окшойт, жылмакай айтсаң аялдар тʏшʏнбɵйт.  Ɵмʏрʏ орус кɵрбɵгɵн кыздар деле тʏшʏнбɵгɵнʏнɵ таң калам.  Ɵлʏм оозунан алып калсаң ыраазычылык айтпаган адамдар бар. Кечээ эле облустук тɵрɵт ʏйʏндɵ бир окуя болду. Кыз ата-энесине айтпай изин жашырып жʏрʏп тɵрɵптʏр.  Дарыгерлер баласына памперсинен бери алып берип карап 7-8 кʏн дегенде кыздын ата-энеси табылды.  Ушундай учурда  дарыгерлерге рахмат айткан эч ким жок.

Мурда аз кандуулукка витаминдер бекер эле. Азыр жеңилдетилген баштыкча деген бар, беребиз. Жаштар менен иштеш керек. 7-8-класстын кыздар-балдары тамеки тартып, андан чоңураак класстар баңгизат чегип, таблетка  ичкенин байкайсың. Анан ошолордон кандай эне чыгат? Кантип алар бизге нормалдуу  бала тɵрɵп берет?Азыр кабылдоолор менен наристе, аялдардын ɵлʏмʏ болуп жатабы, жылдан жылга  ɵсчʏдɵй, тɵмɵндɵбɵйт менимче. Себеби  мектепте мугалимдин оозун тыйышат, мугалим урбаш керек, сɵкпɵш керек деп. Мугалимдер унчукпайт, биз айтсак бизди чыгарышат. Мугалимдер, эне-ата, медиктер, соцкызматкер унчукпаса жаштар ɵздɵрʏ билип жатышат. Кааласа 15 жашта тɵрɵйт, кааласа таштандыга тɵрɵп таштап салышат. Кɵзɵмɵлгɵ алайын десең “укугумду тебелеп атасың, кɵзɵмɵлгɵ тургум келбейт” дейт. Азыр бир кыз качып жʏрɵт, 16 жашта, кош бойлуу. Ата-энеси билбейт, мушташ- тиштешкендин баарына катышат, соту бʏттʏ, ошондон бери эч ким таппайт, эми мен аны милицияга барып издɵɵгɵ беришим керек. Бирок бул менин ишим болбош керек да, мен ден соолугун карап кеп-кеңеш беришим керек.  16 кʏндʏн ичинде 3 ɵлʏм болду дешти. Ал жерде дарыгерлерден деле кеткен учурлар бар. Бирок ошол абалды жеңип кете албаган  аялдардын организминин начардыгы себепкер. Жетекчиликтин алмашканынан эле эч нерсе болбойт, коом ɵзгɵрʏш керек. Ошол тɵрɵт ʏйʏнʏн инфраструктурасы ɵзгɵрʏш керек.

-Сизде канча кош бойлуу каттоодо турат, тʏйʏлдʏккɵ канча жума болгондо каттоого туруу керек?

-Аялдар бойго бʏтʏʏдɵн алдын  эки ай даярданыш керек. Биз боюнда боло электе кош бойлуулукка даярдайбыз, андан кийин кош бойлуу кезинде карайбыз, тɵрɵгɵн соң баласын кошо карашабыз. ʏй-бʏлɵ менен эле тегеренип жʏрɵбʏз. ʏйдɵ бир эле кʏйɵɵсʏ келинге жакын, калганы душман болбош керек. Кайненелер деле кызыкдар болуш керек. Кыздын ата энеси турмушка узатардан мурда ден соолугун кɵрсɵтʏп койсо ашыкча болбойт.  Муну мыйзамдаштырып койсок дени сак эне, дени сак бала болмок.  Аял кош бойлуу экенин билгенден баштап эле каттоого турушу керек. Менде 178 кош бойлуу катттоодо турат. Албай койгонум ошончо. 90 пайыз кооптуу топтогулар,10 пайызы ɵзʏмдʏн участкамдан. Мен ʏчʏн ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлик кыйынчылыкка турбайт, жаш балдардан баштап аксакалдарды кɵрɵм, ʏйлɵрʏнɵ барам. Былтыр 1-октябрдан акушер- гинеколог болом деп отургам. Он-Адырдан кемпир, чалдар келишиптир. Бирɵɵсʏ жыйырма мʏнɵткɵ кезек алыптыр. “Апаңыз ɵтʏп кетиптир, бизге айтып койбопсуз, байбиченин жаназасына деле катышат элек, канча жылдан бери бизге дарыгер болуп жʏрɵсʏз, куран окуп, кɵңʏл айтканы келдик” десе токтоно албай ыйладым. Ошол адамдарга кадыр, урматым ɵтʏп калган турбайбы деп ансайын шолоктойм.  Коомдогу дарыгерлик ордум башка экен, иштей берейин деп калып калдым.

-Ɵтɵ кɵп оорулууну кабыл аласыз, чарчайсызбы?

-Мен адамдарды кабыл алып, кеп-кеңеш бергенден, кадимки ишимден чарчабайм. Адамдын тартипсиздигинен, сабырсыздыгынан чарчайм.  Бирɵɵсʏ кʏтʏʏдɵн чыдабай ары кирип-бери кирип арызданган экен, ɵзʏбʏздɵн эле  бирɵɵ арыз жазып кой деген окшойт. Ал ʏйдʏн жашоочуларынын группасына жазыптыр, “Кишим эженин ʏстʏнɵн ким арыз жазат?” дешсе 7-8 адам мен деп чыгышкан окшойт, “качан болсо кезегиң жок деп какшатат” деп. Соттошсо соттошоюн дегем, бирок убактым тар, статусум жол берген жок. Кымбат убактымды арзан адамдарга кетиргим келбейт. Дарыгердин деле оорулууну тандаганга укугу бар. Бир дагы дарыгер кызматтык милдетин аткарган убакта чарчабайт, туура эмес мамиледен чарчайт.  ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер, медайымдар дубанадай элебиз, ачып койчу деп атып чарчайсың. Бир дубана жʏрɵт, бир электрик- контролер жʏрɵт, биз жʏрɵбʏз. Ачып коесузбу, барып коесузбу  демей. Бирɵɵнʏ кɵргɵнʏ барсак “ не каракчыдай болуп эле келип атасыңар” дейт. Бала тɵрɵлгɵн соң 42 кʏн карайбыз да. Азыр калк баары боло берет дегендей мамиле жасап калышты. Анткени блогерлер ошого жол ачып коюшту. Алар бизди кааласа сɵгɵт, жектейт, урат, жалаа жабышат.

Ооруп келип атпаймбы дешет, бул жер сулуулук салон эмес да, баары кɵйгɵй менен келет. Жаштардын улуу муунду сыйлабагандыгынан  чарчайм. Кезек кʏткɵндɵргɵ  керек болуп атканыма кубанып кеп-кеңеш берем. Сизден кийин жашагым келип калды дегендер бар.  Кош бойлуулук бул чоң белек, аманат. Энелер ɵлбɵсʏн, балдар сыздабасын, ʏй-бʏлɵнʏнʏн чырагы жанып турсун.

Бурул Исмаилова