27 июля, 2024

“Кɵңʏлʏмɵ толсо эгер жараттарым. Дарылайт, апа, билсең алаканың”

Ырчы Нурайым Акылбекованын аткаруусундагы “Апа” ырынын автору Айнира Баатырбек кызы. ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты бɵлʏмʏнʏн 2-курсунун студенти. Ырдын жаралуу тарыхы тууралуу баяндайт.

Айнира Баатырбек кызы:

“Ата-энем миграцияда болгон ʏчʏн кусалык менен ырды 15 мʏнɵттɵ жазганмын”

-Мен ыр жазууну мектеп учурунда эле баштаганмын. Бирок жазган ырларымды эч кимге кɵрсɵтʏп, окутчу эмесмин. Алгачкы ырымды 3-класста жазганмын. “Апа” деген темада ʏч куплеттен турган ыр экенин эстейм. Бирок саптары эсимде жок. 5-класска чейин дептер ачып, ыр жазып жʏрдʏм. Бир топ ырлар топтолгондо ал дептеримди ɵзʏм атайын эле жок кылганмын. Ошондон кийин бир нече жыл ыр жазуум токтоп калды. Убакыт ɵтʏп тогузунчу класска келдим. Кыргыз тилинен олимпиадалык топко тандалып, ошол жакта сынак иретинде ыр же дилбаян жазуу тапшырмага берилген эле. Ошол убакта эргʏʏм ойгондубу, айтор Ч.Айтматов жɵнʏндɵ тɵрт куплет ыр жазганмын. Азыр деле эски дептеримде сакталуу турса керек. Ошондон бери ыр жазуумду улантып келем.

Нурайым Акылбекова ырдаган “Апа” аттуу ырым сураныч менен жазылган. Бул ырды жазууга он беш мʏнɵт кетти. Ата-энем миграцияда болуп, студент болгондон бери алардын жанында кɵп жʏрɵ албадым. Ошондон улам сагынуу, куса болуу сезимдери аркылуу бат эле жазып койдум окшойт. Негизи кɵңʏлʏм тʏшʏп, ʏйдɵгʏлɵрдʏ сагынып жʏргɵн кʏнʏ Нурайым ɵзʏ чалып калды. Гитара кармап алып олтурган экен. «Казактарда ушундай жакшы обон бар экен, ыр жазып кɵрɵлʏчʏ» деп калды. Анан мага обонду угузду. Мʏмкʏн жаккандыгынанбы бир эле ырдаганда обон эсимде сакталып калды. Бир сыйра ый менен, ошол кʏнʏ кечинде жазылган ыр болду.

“Апамдын сылап койгону бардык кайгыны жууп кетет”

-Апа деген тʏшʏндʏрʏп бере алгыс, жада калса тʏшʏнɵ алгыс адам. Сенин кыялыңды, кылыгыңды, кандай болсоң ошондой кабыл алган, сени сенден да кɵбʏрɵɵк билип, кɵбʏрɵɵк тʏшʏнɵ алган жалгыз инсан. Ал бизге тɵрɵлгɵндɵн баштап эмес, тʏйʏлдʏк учурунан тартып мээримин тɵгʏп, убактысын арнап, ʏзʏлʏп тʏшʏп, биз ʏчʏн жашаган жалгыз жан. Ошол бʏтʏндɵй ааламдагы жалгыз жанга эркелеп, кээде билип, билбей жʏрɵгʏн канча эзип, канча оорутабыз. Жазган ырымда деле олтуруп, ушул ойлорду ойлоп жазганмын. Кээде аябай кыйналып кеткен учурларыбыз болот, ыйлап-ыйлап, башыбызды кимге жɵлɵшʏбʏздʏ билбей калабыз. Ошондо биринчи эсиңе келген жан да апа. Кучактап, башыбыздан сылап койгону биздин бʏтʏндɵй жан дʏйнɵдɵгʏ дартыбызды жууп кетет. Мен аны сезем. Ушунча нерсени билип, тʏшʏнʏп туруп деле кээде кайра капа кылып алган учурларыбыз болот. Аларды ойлосом апаларга бʏтʏндɵй ɵмʏрʏбʏздʏ берсек да карыздар болуп кала берерибизди жакшы билем. Жʏрɵгʏбʏздɵ арман бойдон калат. Апалар аман болсун, аларды аяп, тирʏʏсʏндɵ баркына жетели.

“Сындан ɵтʏʏ мен ʏчʏн кубаныч”

-Ырды эч кимдин сынынан ɵткɵргɵн жокмун. Негизи эле ыр жазганда эч кимге сындатпайм. Бирок сындагандарды жактырам. Кээде социалдык тармактарга бɵлʏшкɵндɵ улуу акын агаларыбыз, эжелерибиз анча-мынча жерин эскертип калса, оңдогонго аракет кылам. Бирок, ошентсе да ырдын сынга тʏшкɵнʏ жакшы деп ойлойм. Ырбы, талантпы, эмне болбосун баары сын менен, багыт менен ɵнʏп- ɵсɵт. Ырларымдын кошумчалай турган жери болсо, кемчиликтерин айтып калышса кудуңдап сʏйʏнʏп калам. Анткени сындан ɵтʏʏ менин ɵсʏʏмдʏн, жогорку тепкичке кɵтɵрʏлʏʏмдʏн жолдорунун бири деп ойлойм.

“Апамдын кубанычы…”

-Жеткен ийгиликтериме ɵзʏм сʏйʏнʏп, кубанганды билбейт экем. Чыныгы кубаныч ʏй-бʏлɵмдɵ, айрыкча апамда болот. Анча-мынча жакшы жаңылыктарым болсо бирɵɵгɵ айтканды, бɵлʏшкɵндʏ жактыра бербейм. Менин ырым ырдалып чыкканда деле апамдын сʏйʏнʏчʏндɵ чек жок болгон. Ата-энеме, бир туугандарыма эле айтып койгом. Бир мезгилде баары билген болуп чыгат. Кɵрсɵ, апам жолуккандын, тааныгандын баарына айтып чыгат экен. Бул да болсо апалар ʏчʏн чоң бакыт окшобойбу.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу

“Апа”

Сɵзʏ А. Баатырбек кызыныкы,

обону казак элиники

Тɵгɵсʏң эч тажабай мээримиңди.

Карайсың дале болсо кɵңʏлʏмдʏ.

Унутуп ɵз жашооңду бир берилген,

Бизге арнап бердиң, апа, ɵмʏрʏңдʏ.

Кɵңʏлʏмɵ толсо эгер жараттарым.

Дарылайт, апа, билсең алаканың.

Кадырыңды тʏшʏнбɵй убагында,

Кɵп кыйнады ɵзʏңдʏ бала чагым.

Далай ирет кайгыга салганымды,

Балам деп тоскон ар бир таңдарыңды,

Эстесем оору каптайт жʏрɵгʏмдʏ,

Кантип мен жок кыламын арманымды.

Ак, карасын ɵмʏрдʏн тʏшʏн депсиң.

Билем, апа, ɵзʏң бар бʏчʏрлɵпмʏн.

Келемин эми сенин баркың сезип,

Кезинде кечир апа, тʏшʏнбɵпмʏн.