27 июля, 2024

Муниципалдык ипотекалык долбоор аркылуу турак-жайлуу болуңуз

Ош шаарынын тургундарына мамлекеттик ипотекалык программадан сырткары муниципалдык ипотекалык программаларды пайдалануу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар экенин билет белеңиз? Турак-жайлуу болууну кɵптɵн бери кыялданып жʏрсɵңʏз, бул макала сиз ʏчʏн. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасына кайрылып, сиздерге пайдалуу маалыматтар менен бɵлʏшɵбʏз.

Кутманалы Абдрахман уулу, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын директору.

576 ʏй-бʏлɵ турак-жайлуу болгон

-Кутманалы Абдрахманович, муниципалдык ипотекалык ишкана Ош шаарынын тургундары ʏчʏн кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏзɵ алат?

-Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы быйыл 24-апрелде 6 жашка толду. 6 жыл аралыгында ишкана бутуна туруп, калыбына келип, системалуу тʏрдɵ иш аткара баштады. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ муниципалдык ипотекалык ишканасы эки программаны ишке ашыруучу, ал эми бир программага аткаруучу-жооптуу болуп эсептелет. Алардын ичинен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык программасы аркылуу Ош шаарынын тургундары гана ипотекалык шартта турак-жай ала алышат. Бул программа боюнча учурда 576 ʏй-бʏлɵ турак-жайлуу болгон. Турак-жай берʏʏнʏн негизги шарты болуп жарандын Ош шаарында 3 жылдан кем эмес каттоосунун болуусу, атында башка турак-жай, кыймылсыз мʏлк-жер тилкесинин болбоосу жана кирешесинин болуусу маанилʏʏ. Экинчиси, “ʏлʏштʏк курулуш” программасы. Анын негизги максаты: саясаты Ош шаарындагы турак-жайдын баасын арзандатууга болгон аракет. Негизи турак-жайдын баасын жɵн гана бир буйрук менен же кайсы бир формалар менен кармоо мʏмкʏн эмес. Ал ʏчʏн сɵзсʏз конкуренция тʏзʏʏ керек. Конкуренция тʏзʏʏ ар кандай баага таасир этʏʏнʏн классикалык формасы. Биз да ошол максатта ʏлʏштʏк курулуш программасын атайы шаардык Кеңеш аркылуу ɵткɵрʏп,  жактырып иш алып баруудабыз. Бул программанын негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ, кардардын Кыргыз Республикасынын жараны болуусу анан Ош шааарынан турак-жай алуу каалоосу гана жетиштʏʏ. Алдын ала эсептɵɵлɵр менен бирге былтыркы жылдын статистикасына таянсак, турак-жайдын жалпы баасын 15-17%га тɵмɵндɵтʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏздʏк. Андан сырткары биздин ишкана Ош шаардык мэриясынын чечими менен мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги консультанты, жергиликтʏʏ аткаруучу оператору катары да функцияны аткарат. Келген жарандарга мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Мисалы, былтыркы жылдын отчетун карасак,  биздин кызматкерлер аталган программанын алкагында 12 миңден ашуун жаранга кеңеш  берип, программага катталууга кɵмɵктɵшкɵн.

Муниципалдык турак-жай программасы Орто Азияда, КМШ ɵлкɵлɵрʏндɵ жок

-Демек, Ошто мамлекеттик, муниципалдык ипотекалык программаны бирдей колдоно алышат?

-Туура, башка региондор мамлекеттик ипотекалык компаниянын гана мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн пайдалана алышса, Ош шаарынын тургундары муниципалдык турак жай программасын кошо пайдаланышат. Бул шаарыбыздагылар ʏчʏн абдан чоң мʏмкʏнчʏлʏк. Муниципалдык турак-жай программасы Орто Азияда, КМШ ɵлкɵлɵрʏндɵ жок экени белгилʏʏ. Ɵткɵн жылы октябрь айында Казакстандын Астана шаарында турак-жай маселеси боюнча Орто Азиялык регионалдык форумга катыштык. Ал форумда Борбордук Азиядагы 5 мамлекеттин биринде да муниципалдык ɵзʏнчɵ программа жок экендигин белгилешти. Алар биздин юристтерди турак-жай программасын иштɵɵ багытында эксперт катары чакырып кызматташып жатышат. Демек бул тармакта чыйыр салуучу, из салуучу баштоочулардан боло алдык. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе ишканабыз 2018-жылы жаңы ачылганда 31 миллион сомдун тегерегиндеги каражат менен жумушту баштаган болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ ипотекалык программанын алкагында 1,5 миллиард сомдун тегерегинде, ал эми ʏлʏштʏк курулуш долбоорунун алкагында 4 миллиард сом, жалпы 5,5 миллиард сомдун тегерегиндеги каражатка жумушту алып барат.

-Кардар тɵлɵɵ графигин бузган учурда кандай чара кɵрʏлɵт?

-ʏлʏштʏк курулуш программасынын жобосу Ош шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Анда негизги талап жарандын ʏзгʏлтʏксʏз тɵлɵɵсʏ кɵрсɵтʏлгɵн. Паспорт менен келип, 30% баштапкы суммасын тɵлɵгɵн адам менен келишим тʏзʏлɵт. Келишимдин графиги жарандын бир жылдык кирешесине ылайыктап тʏзʏлʏʏсʏ мʏмкʏн. Жободо кɵрсɵтʏлгɵн нормага ылайык, эгер жаран 3 ай катары менен тɵлɵбɵсɵ, келишим бир тараптуу бузулат. Анан ал жаранга 3 айдын аралыгында акчасын толук кайтарып берʏʏгɵ милдеттенебиз. Эгерде ал батир башка жаранга тезирээк сатылса, 3 айга чейин эле акчасы кайтарылып, келишим ʏзʏлʏп, батир кийинки жаранга ɵткɵрʏлɵт.

-А.Ашимахунов 48А дарегиндеги жер боюнча айрым жеке тараптар менен келишпестиктер чыккан экен?

-Ооба, бул маселе бʏт коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Ал жер шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына таандык болуп, 2022-жылы август айында жердин баасын кɵз карандысыз баалоо аркылуу аныктап, бизге ɵткɵрʏп берген. Ага чейин 2012-жылы аталган жер тилкеси келишимдин негизинде “Мехмер” деген тʏрк компаниясына ижарага берилген экен. Келишимдин рамкасында алар эки жылдын аралыгында ошол жерге ʏйдʏ куруп, тиешелʏʏ батирлерди жер акысы ʏчʏн муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына ɵткɵрʏп берип кетиши керек болчу. Ош шаардык мэриясынын ага тиешелʏʏ токтому да чыккан. Ал токтомдо “эки жыл аралыгында курулуш бʏтсʏн, бʏтпɵсɵ келишим кʏчʏн жоготту деп эсептелсин” деп белгиленет. Ижарага алган тарап эки жылдан ашып кетсе да курулуш курган эмес. Келишим бир нече жолу, тʏрдʏʏ себептер менен узартылган. Комиссия менен узартылган чечимдер Ош шаардык мэриясынын тиешелʏʏ токтому менен бекитилиши керек болчу. Бирок, узартуулардын баары токтом менен бекитилген эмес. Андан кийин “Мехмер” компаниясы башка кыргыз жарандары менен келишим тʏзʏп, укуктарын ɵткɵрʏп берген. Бирок, кайсы укукту кантип бергени белгисиз. Анткени муниципалдык менчик башкармалыгы менен “Мехмердин” ортосунда тʏзʏлгɵн келишимде антип укуктарын башкаларга сатып жиберʏʏ кɵрсɵтʏлгɵн эмес. Ал жерге ʏй гана куруп бериш керек болчу. Демек тʏрк ишкери да бул жерде мыйзамсыз кадамдарга барган десек болот. Ошентип биз ɵткɵн жылы 31,8 сотых жер тилкесине батир куруп баштадык. Учурда 96 ʏй-бʏлɵнʏ жайгаштырып жатабыз. Мурдагыдай жер тилке бойдон берилип кеткенде 5-6 адам гана ээлемек. Мен ойлойм мамлекеттик, муниципалдык жер мамлекетке гана кызмат кылганы туура. Аты аталып жаткан адамдар кыргыз мамлекетинин анын ичинде Ош шаарынын, муниципалитеттин кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарга алмаштырып сатпашы керек. Ким ɵзʏн кыргыздын патриотумун деп эсептесе, мамлекетке кʏйсɵ, анда бул иштерди токтотуусу зарыл.

Курулуштун сапаты ʏч тараптан кɵзɵмɵлдɵнɵт

Ɵмар Турганбаев, курулуш бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Курулуп жаткан батирлердин сапатын канча тарап кɵзɵмɵлдɵйт?

-Бул мамлекеттик ишкана болгондуктан, курулуштун сапаты ʏч тараптан кɵзɵмɵлдɵнɵт. Биринчи ɵзʏбʏздʏн инженердик-техникалык кɵзɵмɵл. Экинчиси автордук кɵзɵмɵл, тагыраагы долбоорду чийген автор, долбоор менен курулуштун бири-бирине шайкеш келип жаткандыгын карап чыгат. Кɵзɵмɵлдɵɵчʏлɵрдʏн ɵз-ɵзʏнчɵ журналы бар. Журналга кʏнʏмдʏк аткарылып жаткан иштердин кɵлɵмʏн, сапатын, бригадалардын санын катташат. Ар бир иштин сʏрɵт, видео форматын тиркешет. ʏчʏнчʏ текшерʏʏ мамлекеттик архитектуралык курулушту кɵзɵмɵлдɵɵ органы тарабынан жʏргʏзʏлɵт. Атайы бир инспектор адис дайындалган. Ал этап-этабы боюнча ɵз талаптарынын аткарылып жаткандыгын кɵзɵмɵлдɵйт. Курулуш материалдары ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн шайкештик сертификаты, кепилдиги менен гана сатып алынат. Металлоконструкциянын негизги бɵлʏгʏ Россиядан, ал эми цемент ɵзʏбʏздɵн сатып алынат. Баарына окшош талап, сертификатсыз курулушка уруксат берилбейт. Андан кийинки текшерʏʏ Бишкек шаарындагы стандартташтыруу жана метрология борборунун Оштогу филиалында ɵтɵт. Бетондун сапаттуулугун, бекемдигин текшерген лаборатория бар. Лаборатория сыноодон ɵткɵргɵн соң долбоордогу курулушка дал келʏʏсʏ тууралуу протокол менен кортунду чыгарат. Арматура деле ошондой сыноодон ɵтɵт.

Курулушту жеринде текшерген автоматтык приборлор

-Курлушту жеринде текшерʏʏ ʏчʏн Россиянын Челябинск шаарынан приборлорду алып келгенбиз. Бетондун бекемдигин ɵлчɵɵ буга чейин механикалык тʏрдɵ болгон болсо, жаңы прибор аркылуу автоматтык тʏрдɵ ишке ашырылууда. Мындан сырткары бетондун ичинде арматура бар же жок экендигин далилдеп, арматураны кɵмʏп турган бетондун калыңдыгын аныктай турган прибор колдонулат. Ошондой эле бетондун ичиндеги абаны, кɵндɵйчɵлɵрдʏ билип берген ультра ʏндʏʏ приборубуз да бар. Бул приборлорду эки жыл мурда биринчи жолу Кыргызстанга биз алып келип, Бишкектен сертфикациялап, каттоодон ɵткɵргɵнбʏз.

-Бир объектти бʏткɵрʏʏ мɵɵнɵтʏ кандай аныкталат?

-Ар бир курулуш башталарда конкурстук келишим тʏзʏлɵт. Ошону менен катар биздин талап боюнча алар календардык планын тʏзʏп келишет. Азыр тендер, конкурс жаңы ыкма менен ɵтʏп жатат. Буга чейин курулуш долбоорун чийип, жерди аныктап алып анан курулушчуларга куруу ʏчʏн берилген. Азыр болсо биз сынакка койгондо утуп алган компания жерди ɵзʏ таап келиш керек, долбоорду да ɵзʏ тʏзɵт. Ошондо курулуш мɵɵнɵтʏн ʏч этапка бɵлɵт. Биринчи долбоордун сметалык документациясына чейинки баштапкы уюштуруу иштери 3 айга, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана мамлекеттик экспертизадан ɵткɵрʏʏ  иши 6 айга, курулуш мɵɵнɵтʏ 24 айга бɵлʏнɵт. Жалпы 33 ай мɵɵнɵттɵ курулуштун бʏтʏʏсʏн эки тарап келишим тʏзʏʏ аркылуу макулдашат.

Кʏнʏнɵ 200дɵй адамды кабыл алып, маалымат беришет

Чынарбек Алипбеков, ʏлʏштʏк курулуш долбоорунун сатуу бɵлʏмʏнʏн адиси.

-Келген кардарлар кайсы суроону кɵп беришет?

-Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык компаниясы кʏнʏнɵ 200 чамалуу адамды кабыл алып, маалымат берет. Кардарлардын кɵпчʏлʏгʏ биринчи эле “ишеничтʏʏбʏ” деп сурашат. Албетте, аларды да туура тʏшʏнʏʏ керек, айрым коперативдер же жеке компаниялар сыяктуу ойлошу мʏмкʏн. Биз аларга муниципалдык ипотека экенин тʏшʏндʏрʏп, турак-жайлардын чиймеси менен тааныштырабыз. ʏйдʏн проектиси, жайгашкан жери, баалары жергиликтʏʏ тургундардын кɵбʏнɵ ылайык келʏʏдɵ.

-Учурда кичи райондун кайсы дарегиндеги ʏйлɵр сатууга коюлган?

-Жайгашкан жери, баалары, качан тапшырыла турганы жɵнʏндɵ айтсак; 1.Т.Турсунбаева  28 дарегиндеги 3 блоктон турган 15 кабаттуу турак-жай 408 батирден турат. Бир чарчы метринин баасы 56 366 сом деп бааланган. 2026-жылдын 2-кварталында тапшырылат.

2. Ю.Тɵлɵнов 8/6 дарегиндеги 1 блоктон турган 9 кабаттуу турак-жайы 63 батир, бир чарчы метринин баасы 59 046 сом. 2026-жылдын 4-кварталында ɵз ээлерине тапшырылат.

3. Ы.Монуев 187А дарегиндеги 3 блоктон турган 9 кабаттуу турак-жайы 144 батирлʏʏ, бир чарчы метринин баасы 62 000 сом. 2027-жылдын 1-кварталында тапшырылат.

4. Краснофлотская 5Б дарегиндеги 4 блоктон турган кɵп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу жумуштары башталуу алдында турат.

Айжылдыз Тойчиева

Ош шаарынын Турсунбаева кɵчɵсʏнʏн №28 дарегинде 15 кабаттуу турак ʏйдʏн курулушу башталды

2,3- кабатынан баштап 1,2,3 бɵлмɵлʏʏ батирлер 1 м2 баасы  56 366 сом

Батирлер ички жасалгасы менен даяр берилет. Турак ʏйдʏн курулушу 3 жылда аяктайт. Тɵлɵɵ графиги сизге ыңгайлуу болуп даярдалат.

Сурап-билʏʏ ʏчʏн: Ош шаарынын Курманжан датка кɵчɵсʏнʏн №128 дареги 2 кабатка кайрылсаңыздар болот. Тел.: 0557 50-89-39; 0556 88-96-98: 0778008668: 0778669736: (3222) 7-01-27.

Блок А

Бɵлмɵлɵрдʏн саныЧарчы метр, м2ʏйдʏн баасы, сомБаштапкы тɵлɵмʏ, сом (30%)Ай сайын тɵлɵнʏʏчʏ тɵлɵм, сом (32 айга бɵлʏнгɵн)
1 бɵлмɵлʏʏ43,942 476 722,04743 01754 179
1 бɵлмɵлʏʏ44,372 500 959,42750 28854 709
1 бɵлмɵлʏʏ 51,382 896 085,08868 82663 352
2 бɵлмɵлʏʏ65,073 667 735,621 100 32180 232
2 бɵлмɵлʏʏ72,274 073 570,821 222 07189 110
3 бɵлмɵлʏʏ84,944 787 728,041 436 318104 732

Блок Б

1 бɵлмɵлʏʏ48,892 755 733,74826 72060 282
1 бɵлмɵлʏʏ52,222 943 432,52883 03064 388
2 бɵлмɵлʏʏ65,073 667 735,621 100 32180 232
2 бɵлмɵлʏʏ68,593 866 143,941 159 84384 572
2 бɵлмɵлʏʏ72,574 090 480,621 227 14489 480
3 бɵлмɵлʏʏ84,944 787 728,041 436 318104 732

Блок В

1 бɵлмɵлʏʏ43,942 476 722,04743 01754 179
2 бɵлмɵлʏʏ65,073 667 735,621 100 32180 232
2 бɵлмɵлʏʏ68,323 850 925,121 155 27884 238
2 бɵлмɵлʏʏ72,534 088 225,981 226 46889 430
2 бɵлмɵлʏʏ72,574 090 480,621 227 14489 480
3 бɵлмɵлʏʏ84,944 787 728,041 436 318104 732

Ош шаарынын Монуева кɵчɵсʏнʏн № 187А ʏйʏ дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак ʏй жɵнʏндɵ маалымат

1-кабатынан баштап 1,2,3 бɵлмɵлʏʏ батирлер. 1 м2 баасы 62 000 сом.

Батирлер ички жасалгасы менен даяр берилет. Турак ʏйдʏн курулушу 3 жыл.

Тɵлɵɵ графиги сизге ыңгайлуу болуп даярдалат. Сура-билʏʏ ʏчʏн: тɵмɵнкʏ дарекке же уюлдук номерге кайрылсаныздар болот: Ош шаары, Курманжан-Датка к., № 128 ʏйʏ, 2-кабат, 209-кабинет. 0 557 508 939. Телефондор:   0 778 008 668, 0 778 669 736.

Бɵлмɵ саныЧарчы метр1 чарчы метрдин баасыʏйдʏн жалпы баасыБаштапкы тɵлɵмдʏн 30% пайыз тɵлɵмʏБаштапкы тɵлɵм тɵлɵгɵндɵн калган бааАй сайын тɵлɵнʏʏчʏ тɵлɵм (36 айга бɵлʏнгɵн)
В-Блок
146,162000     2 858 200,00       857 460       2 000 740,00            55 576  
149,4162000     3 063 420,00       919 026       2 144 394,00            59 567  
271,0662000     4 405 720,00    1 321 716       3 084 004,00            85 667  
273,0662000     4 529 720,00    1 358 916       3 170 804,00            88 078  
385,4762000     5 299 140,00    1 589 742       3 709 398,00          103 039  
Б-Блок
143,8862000     2 720 560,00       816 168       1 904 392,00            52 900  
143,9662000     2 725 520,00       817 656       1 907 864,00            52 996  
264,0462000     3 970 480,00    1 191 144       2 779 336,00            77 204  
269,6262000     4 316 440,00    1 294 932       3 021 508,00            83 931  
384,962000     5 263 800,00    1 579 140       3 684 660,00          102 352  
А-Блок
144,4162000     2 753 420,00       826 026       1 927 394,00            53 539  
263,4662000     3 934 520,00    1 180 356       2 754 164,00            76 505  
263,4662000     3 934 520,00    1 180 356       2 754 164,00            76 505  
26662000     4 092 000,00    1 227 600       2 864 400,00            79 567  
26662000     4 092 000,00    1 227 600       2 864 400,00            79 567  
269,3162000     4 297 220,00    1 289 166       3 008 054,00            83 557  
269,962000     4 333 800,00    1 300 140       3 033 660,00            84 268  
389,9362000     5 575 660,00    1 672 698       3 902 962,00          108 416  

Ош шаарынын Ю.Тɵлɵнов кɵчɵсʏнʏн № 8/6 ʏйʏ дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак ʏй жɵнʏндɵ маалымат

1-кабатынан баштап 1,2,3 бɵлмɵлʏʏ батирлер. 1 м2 баасы 59 046,51 сом.

Батирлер ички жасалгасы менен даяр берилет. Турак ʏйдʏн курулушу 2 жыл 6 айда.

Тɵлɵɵ графиги сизге ыңгайлуу болуп даярдалат. Сурап-билʏʏ ʏчʏн: тɵмɵнкʏ дарекке же уюлдук номерге кайрылсаныздар болот: Ош шаары, Курманжан-Датка к., № 128 ʏйʏ, 2-кабат, 209-кабинет. 0 557 508 939,    Телефондор:   0 778 008 668, 0 778 669 736

Бɵлмɵлɵрдʏн саныЧарчы метр1 чарчы метрдин баасыʏйдʏн жалпы баасыБаштапкы тɵлɵмдʏн 30 % пайыз тɵлɵмʏБаштапкы тɵлɵм тɵлɵнгɵндɵн калган бааАй сайын тɵлɵнʏʏчʏ тɵлɵм (36 айга бɵлʏнгɵн)
1-бɵлмɵлʏʏ48,6859046,51     2 874 384,11       862 315       2 012 068,87  55 890
1-бɵлмɵлʏʏ49,6359046,51     2 930 478,29       879 143       2 051 334,80  56 981
1-бɵлмɵлʏʏ49,6459046,51     2 931 068,76       879 321       2 051 748,13  56 993
2-бɵлмɵлʏʏ75,3759046,51     4 450 335,46    1 335 101       3 115 234,82  86 534
2-бɵлмɵлʏʏ75,6159046,51     4 464 506,62    1 339 352       3 125 154,63  86 809
2-бɵлмɵлʏʏ77,0959046,51     4 551 895,46    1 365 569       3 186 326,82  88 509
3-бɵлмɵлʏʏ99,8559046,51     5 895 794,02    1 768 738       4 127 055,82  114 640