8 сентября, 2024

Туура тамактануу сергек жашоо тартуулайт

Closeup image of a female chef cooking fresh mixed vegetables salad in kitchen

Туура тамактануу – организмди керектʏʏ заттар менен чыңдап, кɵптɵгɵн оорулардан сактап, сергек жашоо тартуулайт. Ден соолуктун чың болушу ʏчʏн 80 пайыз туура тамактануу зарыл. Туура эмес тамактануу канчалаган ооруларга алып келерин адистер байма-бай айтып келишет. Кой майынан самса, палоо жеген коңшу ɵлкɵдɵ жʏрɵк кан тамыр оорусунан каза тапкандар кɵп кездешерин ден соолук уюму иликтеп чыккан. Биздин ɵлкɵ да кем калышпайт. Дʏйнɵдɵ ашыкча салмактагы 1,9 миллиард адам бар. Дʏйнɵлʏк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 1975-жылдан бери ашыкча салмакка кабылгандар саны ʏч эсе кɵбɵйгɵн. Дʏйнɵ калкы кандай тамактанат, айрым ɵлкɵлɵрдʏ салыштырып кɵрɵлʏ.

Нандын ордуна кʏрʏч

Япондор арыктыкты абдан баалашат. Тамак-ашынын 30 пайызы гана майды тʏзɵт. Эң кɵп ɵлчɵмдɵ балыкты жешет. Диетасынын негизги бɵлʏгʏн дагы балык ээлейт. Япон ашканасынын негизги тамактары буурчак, кʏрʏч, жашылча, жемиштер. Алар шекерди дагы аз колдонушат. Тамакты куюп ичээрде кичинекей идишке, кичинеден куюп ичишет. Эгерде тарелкага же чыныга толтура тамак куюп берип коюшса, аны маданиятсыздык деп эсептешет. Япон тамактары жеңил жана бат даярдалганы менен айырмаланат. Алар кууруп, жакшы бышырып жегендин ордуна, тез жана бат даярдалуу ʏчʏн сууга кайнатып же бууга бышырып жегенди жакшы кɵрʏшɵт. Мындай ыкма менен даярдоодо керектʏʏ витаминдер азыктарда кɵбʏрɵɵк сакталат деп билишет. Нандын ордуна кʏрʏчтʏ колдошушат. Эртең мененки тамагында куурулган жумуртка, ботко, майды кездештирʏʏгɵ болбойт. Алардын эртең мененки тамагы мисо шорпосу, бир табак бууланган кʏрʏч, цукемоно деп аталган туздалган бадыраң болот. Япондор hara hachi bun принцибин карманышат. Ал дегени “80% тойгончо же” дегенди билдирет. Анткени алар кампайып тойгонду жактырышпай. Диетага дагы зыяндуу таасирин тийгизет деп билишкендиктен дагы бул эрежени катуу карманышат.

Корейлердин сымбаттуулугунун бир себеби – туура тамактанууда

Корейлер кʏнʏмдʏк турмушта 3 маал тамактанышат. Эртең мененки 6-7де, тʏшкʏ 12де, кечки 19-20да. Тамактанганда атайын бийиктиги 30-35 см. столдор колдонулат. Алардын ашканасы ɵзʏнʏн ачуулугу менен айырмаланат. Корейлерде ɵтɵ майлуу, ɵтɵ таттуу же куурулган тамактардан баш тартуу чоң мааниге ээ. Эртең менен салттуу тʏрдɵ жашылча менен шорпо ичишет. Этти кɵп жешет жана эт жегичтер деп айтылып да келет. Бирок эмне ʏчʏн семирбейт? Анткени алар этке картошка эмес, жашылча кошуп жешет. Баса, алар нан дагы жешпейт. Кызыктуусу эң белгилʏʏ жашылчалар, салат жалбырагы жана ачуу калемпир. Пияз менен сарымсак дагы ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Шорпо болобу, раменбу, дээрлик ар бир тамакка кошулат.

Тʏшкʏ тамак ɵз убагында ичилбейт

Эң эле туура эмес тамактанган ɵлкɵ деп АКШ табылган. Америкада орточо эсеп менен кʏн сайын ар бир адам 14 тʏрдʏʏ тамак-аш жана суусундуктарды жеп-ичет. Аларга бутерброд, мɵмɵ-жемиш, жашылча, газдалган суу, сʏт, кофе, картошка, туздуу тамактар, ширелер жана тез даярдалуучу сулу кирет. Ар бир кʏнʏ столунда жер жемиштер, балык жана таттуулар турат. Эрте мененки тамагында кɵбʏнчɵ жеңил тамактарды ичишсе, тʏштɵ тоок эти, ышталган чочконун этин, куймак, жʏгɵрʏ нан, краб жана шорпосун, краб тортторун жешет. Америкада тʏшкʏ тамак саат 17:00дɵ башталат. Ал эми кечки тамак окуулары, сабагы жана жумушу бʏткɵндɵ ичилет.

Десертке шорпо

Кытайда адегенде закускаларды жеп, анан ысык тамакка ɵтʏʏ салтка айланган. Кɵбʏнчɵ жеген тамагы кʏрʏч. Тʏшкʏ тамактануусу европалыктарга карама-каршы келет. Анткени кытайларда тʏшкʏ тамактын аягында сɵзсʏз шорпо берилет. Алар баарын кʏрʏч менен жешет. Кʏрʏчтɵн ботко жасап, аны биринчи орунга коюп жешет. Андан сырткары кытайлар курт- кумурскаларга да жакын болушат. Ал эле эмес, кээ бирлерин дайыма кʏндɵ жей турган тамагына алмаштырып, салтка айланткандар дагы бар.

Эт аз колдонулат

Индиялыктар оң колу менен идиш-аяк колдонбой тамактанышат. Мындай кылуу пайдалуу жана даамдуу деп билишет. Тамактарынын негизгилери кʏрʏч, буурчак жана жашылчалар. Кʏрʏчтʏ кʏн сайын жок дегенде бир жолу жеш керек. Индиялыктар эрте менен ачытылган буурчактан жана кʏрʏч унунан жасалган жука нан же кытырак куймак жешет. Ага кошуп идиапам – бууга бышырылган кʏрʏч же кесме жешет. Аларда этти кɵпчʏлʏгʏ эле жебейт. Анткени дин менюсуна чоң таасир этет. Диета катары ак жылмакай кʏрʏчтʏ кɵбʏрɵɵк пайдаланышат.

60% пайыз десерт жешет

Француз ʏй-бʏлɵсʏ кɵбʏнчɵ куурулган картошка менен стейкти, жашылча менен бышырылган этти, коендун шишкебегин кɵп жешет. Тамакка атайын убакыт бɵлʏшɵт. Тамак ичти толтуруу эмес, ырахат алуу деп билишет. Алар кечки тамакты 20:00дɵн соң ичишет. Адаттагыдай эле шорпо, кичинекей закуска, анан бир аз сыр жана мɵмɵ-жемиш же йогурт жешет. Эрте менен болобу, кечинде болобу тамактанууда 60% пайызы сɵзсʏз десертке заказ беришет.

Камыр тамактарды сʏйʏʏчʏлɵр

Африка элдери эгиндерден жасалган тамактарды эң кɵп жешет. Bunny Chow-нандан жасалган тамак. Алар нандын ɵзʏн кɵп жешпейт. Нан кошулган же камыр кошулган тамактарга кɵбʏрɵɵк басым жасашат. Нанды атайын майдалагычка майдалап, андан соң ага жʏгɵрʏ, буудай, кʏрʏч же башка дан эгиндерин кошуп жешет. Анан алар диетаны деле анчалык карманышпайт Анткени алар кɵбʏнчɵ табиятынан буттары жана колдору ичке келишет.

Тамактан соң таттуу десерт менен кофе

Салт боюнча тʏрк элинин эртең мененки тамагы сарымсак кошулуп уй этинен жасалган колбаса. Алар кɵбʏнчɵ жумуртка кошуп жешет. Анан ар бир тамагына ашказанды оорлото турган томат же калемпир кошуп жегенди жактырышат. Шорпону жана кечки коюу тамактарды абдан эле оңой жешет.  Оор тамактарды жеп анча деле кыйналышпайт. Тамактан соң таттуу десерт, кофе ичʏʏ адаты калыптанган. 

Туура тамактануу эрежелери оңой, бирок эрк керек

1.  Бир кʏндɵ 5-6 маал тамактаныңыз.

2. Анан да тамак-аштын пайдалуу экенине кɵңʏл буруу. Белоктуу, клетчаткалуу жана пайдалуу майы бар азыктарды тандоо. Тамак-ашка ɵсʏмдʏк майын колдонуу. Малдын майын кɵп колдонсо, зат алмашуу, тамак сиңирʏʏ процесси бузулуп, адамдын салмагы кɵбɵйɵт.

3. Кʏнʏнɵ 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеп, организмди керектʏʏ витаминдер менен толуктап туруш керек.

4. Кумшекерди, тузду аз пайдалануу зарыл. Кумшекердин ордуна таттуу жер-жемиштерди, жаңгак, мɵмɵ-жемиштин кагын же таза бал менен алмаштырса болот.

5. Биздин организмибиз 75-80 пайызы суудан турат. Андыктан салмакка жараша суу ичʏʏ шарт. Кʏн сайын 1,5-2 литр суу ичʏʏ зарыл. Себеби организмден кʏнʏгɵ 2 литр суу ар кандай жолдор менен сыртка чыгып турат. Аны толуктап турбаса, суу жетишпегендиктен адам тез чарчап, кан айлануу процесси бузулат. Сууну бир эле жутуп албай, аз-аздан ичʏʏ сунушталат.

6. Жарым фабрикаттарды, кетчуп, газдалган суусундук жана тез даярдалган (фастфуд) тамактардан баш тартуу зарыл.

7. Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азыраак пайдаланыңыз.

8. Ундан жасалган тамак-ашты азыраак жеш керек.Анткени камыр семиртет.

9. Майсыз сʏт азыктарын колдонуңуз.

10. Кʏнʏмдʏк тамак-ашка жашылча-жемиштерди кɵбʏрɵɵк кошуңуз.

11. Байытылган унду, йоддолгон тузду гана пайдалануу абзел.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу