27 июля, 2024

САЯСИЙ РЕПРЕССИЯ КУРМАНДЫГЫ: ЖУСУП АБДРАХМАНОВ

Советтик доордун эң эле каргашалуу кезеңдеринен болуп эсептелген саясий репрессия жылдарында ар бир эле улуттун эң мыкты, тың чыкма уул-кыздары анын  ар кандай даражадагы курмандыгына айланышканы белгилʏʏ. Айрыкча жазыксыз атылып кеткендердин тагдыры  ɵзʏ менен кошо эли-жери ʏчʏн да аябай аянычтуу жана ɵкʏнʏчтʏʏ болгону талашсыз. Кыргыздын кыраан уулдарынын бири, кɵрʏнʏктʏʏ советтик-партиялык ишмер, Кыргыз ɵкмɵтʏнʏн алгачкы жетекчиси Жусуп Абдрахманов дал ошолордун бири. Кайсы тарабынан жана тармагынан карап, кандай айтпайлы жʏз миңдеген, миллиондогон  бейкʏнɵɵ ɵмʏрлɵрдʏ жалмап кеткен саясий репрессия Советтик доордун жʏзʏнɵ кайтарылгыс болуп салынган кара так боюнча кала берет. Бʏгʏнкʏ тирʏʏлɵрдʏн унутулгус парздарынын бири саясий репрессиянын бейкʏнɵɵ курмандыктарын эстеп-эскере жʏрʏʏ  болуп саналат.

ƟРНƟКТYY ƟМYР БАЯНЫНАН

Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 21-декабрында Ысык Кɵлдʏн Ак-Суу районундагы Чиркей айылында манаптын ʏй-бʏлɵсʏндɵ жарык дʏйнɵгɵ келген. Атасы Абдрахман манап Балапанов болуш болгон.

Жусуп адегенде ʏч класстык  орус-тузем мектебин бʏтʏрʏп, андан  кийин он ʏч жашында Сазановкадагы мектептен билим алган. 1914-жылдан баштап Караколдогу башталгыч жогорку билим берʏʏчʏ окуу жайында билим алууну улантып, бирок элдик кɵтɵрʏлʏштɵн улам бʏтʏрбɵй каган. Кийин Жусуптун атасы келтеден  каза болуп калат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы кɵтɵрʏлʏштʏ басууда ɵлтʏрʏлгɵн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.

1917-жылы Жусуп Каракол гарнизонуна ишке кирет. Андагы офицерлер аны ɵздɵрʏ менен кошо Верныйга алып кетишет. Верныйда Жусуп командирлик курстан ɵткɵн. Андан ары жогорку аскердик окуу жайдан билим алуу максатында  Ташкентке жɵнɵп кеткен.

1919-жылы жаш Абдрахманов  Верный гарнизонунан райкомдун мʏчɵсʏ болуп шайланат да 1920-жылдан 1926-жылга дейре коомдук-саясий иштерге активдʏʏ катышат. Уезддик-шаардык комитетин уюштуруу бɵлʏмʏнʏн башчылыгына  жана шаардык комитеттин жооптуу катчылыгына бир нече жолу шайланган. Комсомолдук, партиялык жана мамлекеттик жогорку жана жооптуу кызматарда иштеп, такшалуунун бир топ татаал мектептеринен ɵткɵн. Он сегиз жашында комсомолдун ʏчʏнчʏ сьездине делегат болуп катышып, сьездин президиумунда Ленин менен  жанаша олтурганы жана кеңири маектешкени ачык  булактарда жазылып калган.

ТАРЫХ ЖАНА ТАГДЫР  СЫНООСУНУН  ЧЕЧYYЧY УЧУРЛАРЫ

Жусуп Абдрахманов 1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин тɵрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз обкомунун Орто Азия экономикалык кеңешме бюросунун  президиумунун мʏчɵсʏ болуп шайланат. Ошол эле жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин тɵрагасы, андан бир жылдан кийин РСФСРдин Эл комиссарлар Советинин мʏчɵсʏ, СССРдин Эл комиссарлар Советинин    жана ВКП(б) БКнын Орто Азиялык бюросунун президиумунун мʏчɵлʏгʏнɵ кандидат  болуп калган.

Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар тɵрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы тʏзʏлгɵн жаш республикадагы бардык маанилʏʏ жумуштарды баштап айыл чарба, ɵнɵр жай, билим берʏʏ, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздɵɵгɵ салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын кɵтɵрʏп, кɵчмɵн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтʏʏ шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым кɵтɵргɵн.

ТООЛУУ КЫРГЫЗ ОБЛУСУ

Ɵткɵн кылымдагы 20-жылдардын башталышында кыргыз элинин алдында тагдыр чечʏʏчʏ милдет – кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏн тʏптɵɵ жоопкерчилиги турду. Бул максатта Жусуп Абдрахманов ɵз соратниктери Ишеналы Арбаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков менен биргеликте Тоолуу Кыргыз  облусун тʏзʏʏ маселесин кɵтɵрʏп чыкканы маалым. Эскерте кетсек, аталган облуска жарандык согуш аяктай элек деген негиздеме менен Кыргызстандын Жалал-Абаддан башка дээрлик бардык тʏштʏк аймактары киргизилген эмес. Ошол доордогу  коомдук-саясий кырдаал Кыргызстандын тʏндʏгʏ менен тʏштʏгʏн бɵлʏп-жарууга карай бет алгандыгын байкамаксанга салууга болбойт.

Ошентип, Тоолуу Кыргыз облусун  тʏзʏʏ боюнча 1922-жылдын 1-июлунда атайын курултай  ɵткɵрʏлʏп, андан эки кʏндɵн кийин облустун макамы расмий бекитилген. Бирок, бул жаатта  кабыл алынган бардык документтер кɵп ɵтпɵй эле жогорку бийлик органдары тарабынан жокко чыгарылган. Аны негедир ушул кезге чейин оппозициянын нааразы болгонунан  улам деген тезиске шылтап жʏрʏшɵт. Бирок, кандай болгондо да, Кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн бʏгʏнкʏдɵй бʏтʏндʏгʏ сакталып калгандыгына шʏгʏр келтирʏʏ ашыкчалык кылбайт, кудай бир сактаган.

Жусуп Абдрахмановдун кыргыз элинин алдындагы дагы бир  эсте кала турган  чоң кызматы ачарчылык жылдарында миңдеген кыргыздарды аздырбай-тоздурбай топукта сактап калгандыгында жатат. Элкомсомдун тɵрагалык кызматында иштеп жатканда республиканын резервинде жаткан буудайды мамлекеттин даярдоо пунктуна жɵнɵтпɵй,  ач-жылаңачтарга жана кедей-кембагалдарга таркатып бергенин ачык булактар жазып чыгышкан. Иш жʏзʏндɵ бул  жогорудан кɵзɵмɵлгɵ алынуучу нан даярдоо боюнча планды аткарбай коюу эле эмес, аны ʏзгʏлтʏккɵ учуратуу дегенди да билдирген. Бирок, миңдеген адамдардын тагдыры кыл учунда турган ошол жылдарда Казакстандан эле Кыргызстанга 130 миң адам ачарчылыктан качып келгени белгилʏʏ.

 ТАБЫШМАКТУУ  “YЧ БУРЧТУК”

Жусуп Абдрахмановдун жеке турмушунда махабат кандай орунда тургандыгын тилекке каршы, билбей калдык. Бирок, анын орустун улуу пролетарчы  акыны Владимир Маяковскийдин сʏйгɵнʏ Лилия Брик менен жылуу мамилеси жагдайында бир-эки ооз сɵз айтпай кетʏʏгɵ болбойт.

Белгилʏʏ болгондой, Жусуп Абдрахманов кʏндɵлʏк жазып жʏргɵндʏ жактырган. Ошол кʏндɵлʏгʏндɵ ал кездеги белгилʏʏ футуролог, СССР  Мампланында экономист болуп иштеп турган жана айтылуу Лев Троцийдин кʏйɵрманы жана тарапкери Мария Натансон жана ал аркылуу таанышкан Лилия Брик айымдарга карата аярлык менен айтылган абдан жылуу жана назик сезимдерге жык толгон сɵздɵр да бар. Алардын айрымдарынан айрыкча Мария Натансонго карата болгон кʏчтʏʏ сʏйʏʏнʏн илеби аргасыз уруп турганын эксперттер белгилешет. Дароо эле  белгилей кетʏʏ керек, Маяковский Лилияны Жусуптан аябай кызганчу экен. Ага карабастан ʏчɵɵ дайыма музейлерге жана башка кооз жайларга чогуу барышканы жɵнʏндɵ эскермелер бар.

Швед адабиятчысы Бенгт Янгфельд ɵз китебинде Маяковскийдин автордук бир кечеси жɵнʏндɵ баяндайт. Анда мындай эскермелер бар: “Кʏтʏлбɵгɵн коноктордун катарына жаш  тʏрк акыны Назым Хикметти жана жогорку партиялык кызматкер Жусуп Абдрахмановду кошууга болот. Ал эми Лилиге, Маяковский баарынан артык сʏйгɵн аялга келсек, ал эч тартынбай-нетпей эле кɵбʏнчɵ жогорку партиялык кызматкер менен флирт жасап кечени ɵткɵрдʏ. Лилиянын бардык  жакын тааныш жигиттеринин арасында дал ушул жогорку партиялык кызматкер гана табышмактуу эле”.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын тʏзʏʏчʏсʏ деген жалган кʏнɵɵлɵр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, ɵзʏнчɵ мамлекет тʏзмɵкчʏ болгон деген айып тагылат. Бирок тʏрмɵдɵгʏ адам чыдагыс кыйноолорго карабай кʏнɵɵлɵрдʏ мойнуна алган эмес. Бийликти аңосуз сындаса да, советтик тʏзʏлʏштʏн активдʏʏ жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда ɵлтʏрʏлгɵн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.

Абдираим Мамытов