16 сентября, 2024

Кадырлап турса кең Мекен, Каныкей болуш эмне экен

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 100 жылдыгына карата Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси менен айым ардагерлердин жана кызматкерлердин  арасында спорттук таймаш өткөрүлдү.

Иш-чарага башкармалыктын жетекчилиги, ардагерлер кеңешинин төрагасы,  башкармалыкка караган түзүмдөрдө эмгектенген айым кызматкерлер жана ардагерлер катышты. 

Анда катышуучулар волейбол, футбол, баскетбол, аркан тартыш жана  кол күрөш боюнча мелдешти. Аны менен катар   самбону колдонуу, ок атуучу куралды чачып-жыйноо, ок атуу, ат чабыш, кыз куумай, жана жаракат алганда дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү  ыкмаларын көрсөтүштү.

Эки күнгө созулган спорттук мелдеште айым кызматкерлер мыкты спорттук даярдыкта экенин айгинелешти.

Алгач, катышуучулар спорттук залда волейбол, футбол, баскетбол оюндары боюнча мелдешип, самбо ыкмалары  боюнча тапшырмаларды аткарышты. Андан кийин ат майданында ат чабышып, кыргыздын салтындагы ат оюндарын көрсөтүштү.

Кийинки күнү кызматкерлер атайын ок атуучу жайга чейин талаа каптарды алышып, жөө жүрүш жасашып, ок атуу көнүгүүлөрүн аткарышты.

Андан ары Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган эс алуу чөлкөмүндө аркан тартыш, кол күрөш боюнча боюнча мелдеш уланды.

Ошондой эле, ок атуучу куралды чачып-жыйноо жана жаракат алганда дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү ыкмалары көрсөтүлдү.

Иш-чарага ардагер айымдар да активдүү катышып, жаш кызматкерлерге аял кишинин адеп-ахлагы, кызматтык тартип жана мыйзамдуулукту сактоо жана  башынан өткөн орчундуу окуялар  жөнүндө баяндап беришти.

Ардагер айымдар кызматкерлердин спорттук даярдыгын мыктылыгын баалашып, кыргыздын салтында илгертен эле аялдар эркектер менен тең ата жашап, бирок өз ордун билип, даанышмандыгы менен  эркектерге кеп-кеңешин берип,  маселе чечип келишкенин белгилешти.

Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп менен: 1-орунду райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн куралган команда, 2-орунду милициянын кайгул күзөт кызматынын  өзүнчө батальонунун командасы, ал эми 3-орунду борбордук аппараттын командасы багындырды.

Соңунда бүйүр кызыткан мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана  иш-чарага активдүү катышкан ардагер айымдарга башкармалыктын жетекчилигини атынан “Ардак грамота” жана  “Алкыш баракчасы”  тапшырылды.

Иш-чара ардагерлер менен сый тамак үстүндө баарлашуу менен жыйынтыкталды.