19 сентября, 2024

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ ЖЕТЕКЧИСИ ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВ

Ак жеринен атылгандардын катарында улут лидери Иманалы Айдарбеков да бар. Кыргызстандын биринчи жетекчисинин ɵмʏр таржымалы Кара-Кыргыз автономдуу облус тʏзʏʏ менен байланышат. Ɵз алдынча мамлекет болобуз деген ой-мʏдɵɵсʏн ишке ашырып, бирок жемишин кɵрбɵй, тескерисинче, ак жерден атылып кеткен ата журт ʏчʏн кʏйгɵн дагы бир тарыхый инсандын бейнесине сʏртʏмдɵр.

Бʏлʏнгɵн журтту жыйноо, арыган калкты асыроо

Иманалы Айдарбеков 1894-жылы Сокулук  районунун Жал айылында Солто элинин Кʏнтуу уруусундагы сарбан тукумунда туулган. Атасы Айдарбек  Кʏнтуу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков  ɵз заманынын билимдʏʏ, жаңычыл кɵз караштагы, демилгелʏʏ мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын ɵмʏр жолу улут маңдайына улуу бурулуш тагдыры жазылган кезге туш келген. Ал талаш аймактарды кайтарып алуу милдеттери жʏктɵлгɵн татаал учурда жан аябай эмгек кылган. Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин ɵз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган. Октябрь революциясы жеңген учурда кыргыз жергеси бытыранды, калкыбыз чачыранды болуп, анын тʏндʏк аймагы Тʏркстандын Жети-Суу облусуна, тʏштʏгʏ Сыр-Дарыя облусуна карап калган. Ошондон улам жаңыдан калыптана баштаган улуттук интеллигенциянын алдыңкы тобу кыргыз кыйырын бириктирип, ɵз алдынча мамлекет тʏптɵɵ демилгесин кɵтɵрʏп чыккан. Иманалы Айдарбеков мекенчилдердин алдыңкы сабында болгон. Советтик Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы Иманалы Айдарбековдун тагдыры бактылуу да, трагедиялуу да болду. Анын ысмы улуттук улуу тарыхта жазылып калды. Ал эми трагедиясы 37-жылкы репрессияга кабылып, тагдыры тайкы мезгилдин курмандыгы болду. Иманалы Айдарбековго жалган жеринен «эл душманы» катары айып тагылып, 1938-жылы атууга ɵкʏм кылынган. 1991-жылы сɵɵгʏ табылып, замандаштары Абдыкерим Сыдыков, Тɵрɵкул Айтматов менен катар Ата-Бейитке коюлган.

Айылдык молдодон кат тааныган

 Айдарбеков алгач айылдык молдодон кат таанып, сабатын жойгон. 1909-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун бʏтʏрɵт. Андан соң Ташкенттеги гидротехника мектебинен билим алган. 1918–1920 жылдары Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткаруу комитетинин, 1920–1921 жылдары Каракол уезддик ревкомунун мʏчɵсʏ. 1921–1923 жылдары Бишкек уезддик аткомунун тɵрагасы. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун тɵрагасы. 1925–1926 жылдары Ташкентте «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мʏчɵсʏ болгон. 1927–29-жылдары Кыргыз АКСРнин жеңил ɵнɵр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мʏчɵсʏ, Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун тɵрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл кɵтɵрʏлʏштʏ басууга катышкан. Тереңирээк айтсак.  1924-жылдын 21-октябрында РСФСРдин Бʏткʏл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун чечими менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитети тʏзʏлʏп, анын курамына 17 активдʏʏ коомдук жана саясий ишмерлер кирген. Комитетти Иманалы Айдарбеков жетектеген – анын жана уюмдун башка мʏчɵлɵрʏнʏн аркасы менен 1924-жылы декабрда Кыргыз автономиясынын мамлекеттик органдары Ташкенттен Пишкекке которулган. Айдарбеков кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн тʏптɵлʏшʏнɵ жана ɵлкɵнʏн мындан аркы стабилдʏʏ ɵнʏгʏшʏнɵ тʏрткʏ болгон экономика тармактарынын ɵнʏгʏшʏнɵ баа жеткис салым кошкон.1924-жылы июнь айында РКП(б) Борбордук Комитети Орто Азияны улуттук мамлекеттерге бɵлʏʏ жɵнʏндɵ олуттуу чечим кабыл алган. Бул ɵкʏмгɵ ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз автономиялуу облусунун статусуна ээ болуп, РСФСРдин курамына кирген. Ошентип, ага чейин чачырап келген кыргыз эли бир мамлекетке бириккен. 1935-жылы Иманалы Айдарбеков жалган каралоонун айынан партиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы августта саясатчы Социал-Туран партиясына мʏчɵ деген айып менен камакка алынган. 1938-жылы ноябрда бир жыл кыйноодон кийин Фрунзе шаардык абагынын короосунда атылган.

Улуу кызы ɵлтʏрʏлʏп…

Жубайы Кичкен Айдарбекова Сокулук районунун Байгелди айылында туулган. Эки кыздуу болушкан. НКВД менен кызматташпай, жолдошторуна каралоо жазуудан баш тартканы ʏчʏн 22 жаштагы Фрунзе айыл чарба институтунда окуган улуу кызы Токтобʏбʏнʏ ɵч алуу ʏчʏн ɵлтʏрʏп кетишет. Кыздын сɵɵгʏ эки кʏндɵн кийин кɵчɵдɵн табылган. Ошондой эле Айдарбековдун бир туугандарынын да кɵзʏн тазалашкан. Энеси кичʏʏ кызы Рапия (Рафа)  Айдарбекованын ɵмʏрʏн сактап калуу ʏчʏн аны Москвага качырат. Кичкен Айдарбекова кызынын согуштан келишин кʏтʏп, тоюна катышып, небересин багууга ʏлгʏргɵн. Ал узакка созулган оорудан кийин 1948-жылы каза болгон. “Спутникке” берген маегинде Айдарбековдун небере келини мындайча баяндайт: «1937-жылы кооптуу тʏндɵрдʏн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чʏмбɵттɵлгɵн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду ʏйʏнɵн алып кетишкен экен. ʏй-бʏлɵсʏ анын каякта экендигин жана ага эмне болгондугун билген эмес. Бир жыл бою тʏрмɵдɵ кыйнап, шылдыңдап, жалган айыптоо кагазына кол коюусун талап кылышкан. Болбосо атып саларын айтып коркутушат. Бирок Айдарбековду майыштырып, айтканынан баш тарттыра алышпаптыр.

Апабыз 1946-жылы, согуш аяктаганда, мекенине кайтып келип атасынын атылып кеткенин угат. Иманалы Айдарбековду реабилитациялоо маселесин кɵтɵрʏп, Москвага бир нече ирет кайрылган. 1957-жылы гана Москвадагы аскердик коллегия кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Айдарбековду актаган. Ушундан кийин гана Рафа Иманалиевна КГБнын жашыруун архивине кирʏʏгɵ уруксат алып, каматуунун себептери, сурактын жʏрʏшʏ жана атылышы боюнча документтер менен таанышат. Атасы менен тергɵɵчʏнʏн алгачкы сурактарындагы бир эпизодду айтып бергени эсимде. Тергɵɵчʏ адаттагыдай эле аны жолдошторун «эл душмандары» деп кол коюп бересиң деп кыйноого алат. Айдарбеков: «Мени атып салсаңар мейли, бирок мындай жалган жалаага эч качан кол коюп бербейм. Менин ишимди улантуучу жолдошторум ушулар»,- деп жооп кайтарып туруп алат. Буга ачуусу келген тергɵɵчʏ колуна табуретканы алып, болгон кʏчʏ менен Айдарбековду башка чаап жиберет. Эс-учун билбей жатып калган Айдарбековдун башынан кан жая берет. Андан кийин тергɵɵчʏ: «Иманалы Айдарбековду кол койдурууга эч мʏмкʏн болбой жатат, муну тезинен жок кылуу керек»,- деп басып кеткен экен. Мындай зулумдукту окуган апабыз кан кʏйгɵн согушту кɵрʏп келгенине карабай ошол жерден эсин жоготуп жыгылыптыр”.

“Биринчи”

Кызы Рафа Иманалиева Москва медициналык институтун бʏтʏрʏп, кандидаттык диссертациясын коргоп, Улуу Ата Мекендик согушка хирург болуп катышып, полковник наамына чейин жеткен. Ал ɵз мекениндеги алгачкы кыргыз аскер дарыгери катары Эмгек сиңирген дарыгер наамына ээ болгон. Ал 1996-жылы 78 жашында каза болгон.

Рафа Иманалиевнанын уулу Азамат Эгембердиев анын жолун жолдоп, Россиянын Илимдер академиясынын Блохин атындагы онкология борборунда докторантураны аяктап, бул медициналык мекемени кɵп убакыт жетектеген. 2005-жылы каза болгон.

Азамат Эгембердиевдин жубайы Зифаргʏл Айдарбекова медицина илимдеринин доктору, профессор. Учурда Иса Ахунбаев атындагы КММАнын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасын жетектейт. Иманалы Айдарбековдун жээндери, башкача айтканда, Рафа Айдарбекованын неберелери медицина илимдеринин доктору, профессор Айжан Айдарбекова менен экс-тышкы иштер министри, юридикалык илимдердин кандидаты, ЖКнын депутаты Чыңгыз Айдарбеков.

2010-жылы анын жакындары тарабынан Иманалы Айдарбеков атындагы фонд тʏзʏлгɵн. Бул анын кызы Рафа Иманалиевнанын акыркы керээзи болду. Саясий мураскор да ɵзʏ чоңойгон атасынын ʏйʏндɵ музей тʏзʏʏнʏ кыялданчу. Кɵзʏ тирʏʏ кезинде ʏй мамлекеттин балансында болгондуктан буга ʏлгʏргɵн эмес. Ɵлɵр алдында ал туугандарына керээз кылып калтырган.

2014-жылы мамлекеттик ишмердин 130 жылдыгын белгилɵɵ боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында эстелик тургузулган. Ошол эле жылы анын «Биринчи» аттуу китеби жарык кɵргɵн.

2015-жылы анын бюсту Аламʏдʏн районундагы Айдарбеков атындагы Лебединов орто мектебине орнотулган.

“Таятам жолдоштору менен биргеликте ɵзʏнчɵ автономдуу республика тʏптɵɵгɵ жетишти”

Иманалы Айдарбековдун чɵбɵрɵсʏ ЖКнын депутаты Чыңгыз Айдарбеков таятасы тууралуу дайым сыймыктануу менен айтып келет: «Мындан жʏз жыл мурда мамлекеттʏʏлʏк ʏчʏн кʏрɵшʏп, биздин аймакта жашаган элди бир чамгарак алдына бириктирʏʏ маселеси жаралган. Ɵз мезгилинде чоң таятам Иманалы Айдарбеков жолдоштору менен биргеликте ɵзʏнчɵ автономдуу республика тʏптɵɵгɵ жетишти. Ал жогорку билимдʏʏ, алысты кɵрɵ билген, даанышман мамлекеттик ишмер болгон. Айдарбеков элдин башын бириктирип, кыска мɵɵнɵттʏн ичинде мамлекеттин тʏзʏлʏшʏн калыптандырып, борбор шаарды азыркы Бишкектин аймагына которгон. Калкка кызмат кылуу — анын бирден-бир милдети болчу. Бул ʏчʏн ал ɵз ɵмʏрʏ менен  кош айтышкан…»