19 сентября, 2024

“Кургатылган жемиштерден сырткары тʏрдʏʏ ассортименттеги суусундуктар сакталат”

Тʏштʏк регионунда бак ɵстʏрʏʏ, мɵмɵ-жемиш ɵндʏрʏʏ жакшы жолго коюлган. Ошондуктан багбандарды ар тараптуу колдоо маанилʏʏ. Багбандарга, фермерлерге кɵмɵк кɵрсɵткɵн мына ушундай борбор Ош шаарында ачылган эле. Эгемендʏʏлʏк кʏнʏн утурлай ачылган логистикалык борбордун ишмердʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ айтып беребиз.

Мирзохид Сабитов, «АЛАЙКУ Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

-Бул чоң логистикалык борборду курууга сарпталган каражат, алынган жабдыктарга токтоло кетсеңиз?

-“АЛАЙКУ Органикс” жоопкерчилиги чектелген коому ɵлкɵ тʏштʏгʏндɵгʏ, Ош облусундагы ири сʏт азыктарын жана улуттук суусундуктарды ɵндʏрʏʏчʏ ири ɵнɵр жай болуп эсептелет. “АЛАЙКУ Органикс” ЖЧКсынын базасында жана CASA-1000 долбоорунун алкагында кичи долбоор ишке ашырылган. Логистикалык борбордун ачылуу аземи Кыргызстандын кɵз карандысыздыгыны 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тʏзʏлгɵндʏгʏнʏн 100 жылдыгына карата ачылды. Салтанаттуу ачылуу аземине 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров онлайн режиминде катышты. Мындан сырткары логистикалык борборго Ош шаарынын мэринин орун басары З.Б. Юсупов, долбоордун ɵкʏлдɵрʏ жана башка коноктор келген. Кичи долбоордун жалпы наркы Дʏйнɵлʏк банк тарабынан жабдуулар тʏрʏндɵ каржыланып, 6 263 400 сомду тʏздʏ (бул — текчелер ʏчʏн жʏк стеллажы, электрдик жʏк кɵтɵргʏч, электрдик жʏк кɵтɵрʏʏчʏ машина, 40 футтук рефрижератору бар контейнер, 65 литрлик капкактуу бактар, универсалдуу ящиктер). Бул долбоордун ишке ашырылышы жаңы жана учурдагы фермерлерге жана “Алайку Органикс” ЖЧКсына жеткирʏʏчʏлɵргɵ продукция ɵндʏрʏʏнʏ жана сатууну кɵбɵйтʏʏгɵ, компаниядан туруктуу жана ишенимдʏʏ сатуу ɵнɵктɵшʏн табууга жардам берет.

-Логистикалык борбор элге кандай кызмат кɵрсɵтʏп, кандай жардамдарды бере алат?

Логистикалык борбор жергиликтʏʏ фермерлерге кургатылган жемиштерин сатууга жардам берип, фермерлердин кирешелерин жогорулатууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. Мындан сырткары улуттук суусундуктарды (шербет) ɵндʏрʏʏ ʏчʏн багбандардан, фермерлерден кургатылган ɵрʏк, кара ɵрʏк, алмалар сыяктуу кургатылган жемиштерди сатып алат. Алдыда багбандар менен тыгыз иштешип, ɵлкɵнʏн мыкты продукцияларын ɵндʏрɵбʏз деген ишеничтебиз. 

-Кургатылган жемиштен сырткары кандай продукциялар сакталат?

-Кургатылган жемиштерден тышкары, логистикалык борбордо белгилʏʏ температуралык режимде ɵндʏрʏлгɵн даяр продукция, шербет, суюк курут жана чалап сыяктуу ар тʏрдʏʏ ассортименттеги суусундуктар сакталат жана сатып алуучуларга жɵнɵтʏлгɵнгɵ чейин сакталып турат.

-Канча адам жумуш менен камсыз болду?

-Азыркы учурда 15ке чейин жумушчу орундары тʏзʏлгɵн.

-Канча тоннага чейин мɵмɵ-жемиш сакталат?

-Логистикалык борбор 50 тоннага чейин продукцияны кабыл алууга жɵндɵмдʏʏ.

-Ачылганына аз эле кʏн болду, иш кандай кетʏʏдɵ?

-Азыркы учурда логистикалык борбор ʏзгʏлтʏксʏз иштеп жатат жана кургатылган жемиштерди кайра иштетʏʏ жана даяр продукцияны чыгаруу ʏчʏн жергиликтʏʏ фермерлер менен тыгыз кызматташууга даяр.

-Ишкананын алдыдагы пландары?

Ишкананын келечекте ɵндʏрʏштʏ кеңейтʏʏ жана ɵнʏктʏрʏʏ боюнча сʏт жана кургатылган жемиштерди кайра иштетʏʏчʏ жаңы цехти куруу боюнча этаптуу пландары бар, бул ɵндʏрʏштʏн жана сатуунун ɵсʏʏ темптерин кʏчɵтʏп, ишкананын экономикалык ɵнʏгʏʏ деңгээлин дагы жогорулатууга, жаңы жумуш орундарынын тʏзʏлʏшʏнɵ, фермерлерден сʏт жана кургатылган жемиштерди кɵбʏрɵɵк сатып алууга шарт тʏзɵт.