19 сентября, 2024

БААТЫРДЫК БААСЫ: АТОМ БОМБАСЫ YЧYН МИЛЛИОН

Мындан 75 жыл илгери биринчи советтик атомдук бомба-РДС-1 жардыруу сыноосунан ийгиликтʏʏ ɵткɵрʏлгɵн. Ал куралдын бул тʏрʏ боюнча монополияга ээ болуп турган америкалыктардын эсин дендароо кылып, шок абалына алып келген.

Орустар атомдук дʏрмɵттʏ ыйласа да-сыктаса да, 1950-жылдын ортосунан мурда тʏзɵ алышпайт деген америкалыктардын бекем ишеними ошентип таш капкан. СССР ал убакта согуштан бʏлʏнʏп-бʏкчɵлʏп турган. Суперкуралды тʏзʏʏ ʏчʏн СССРде ал кезде жок техникалык жаңы иштелмелер зарыл эле. Бирок, Советтер Союзу жасоого мʏмкʏн эмести жасап, болгону тɵрт жыл ичинде  Кошмо Штаттар менен паритет тʏзʏʏгɵ жетишти. Бул кантип ишке ашты?  Ар кандай усулдар менен. Алардын арасында болуп кɵрбɵгɵндɵй даражадагы уюштуруучулук, кадр тандоо жана чыныгы патриотизм бар. Ошону менен бирге эле айрымдар анча деле эскерʏʏнʏ жактыра бербеген бир момент-социалисттик мамлекетте  эмгекти баалоонун жана сыйлоонун капиталисттик усулун кантип пайдаланышкан деген суроодо жатат.

119 ЖЫЛДЫК ЭМГЕК АКЫ

СССР дегениңде бʏт баары эле баштан-аяк  таманга урулган таяктын жардамы менен ишке ашырылган деген маанидеги тезисти либералдык тарыхчылар байма-бай кайталай бергенден жадашпайт. Атомдук долбоорду кошкондогу бардык улуу жеңиштер ошондой жол жана ыкмалар менен ишке ашырылган имиш. Айрыкча, атомдук долбоорду ишке ашырууга баштан аяк баалуу салым кошкон Берия  жɵнʏндɵгʏ “байкалар” бʏгʏнгɵ чейин жашап келет. Мындай сандырактыктарга адамдар ишене бергени  кейиштʏʏ да, таң калычтуу. Анысы аз келгенсип, бул жааттагы темаларды акыркы маалдарда ылдамдатып чагылдыра башташканы ɵкʏнтпɵй койбойт. Бирок,  чыгармачылык ( атомдук бомбаны тʏзʏʏ кɵп жагынан искусство менен  жакындашып кетет,  техникалык милдеттер гениалдуу музыка жаралып жаткандай кыязда шɵкɵттɵлɵ жасалган)  перманенттик коркуп-калтыроонун шартында таптакыр мʏмкʏн эместиги баарына эле белгилʏʏ. Мында биринчи скрипканы канткен менен патриотизм, мамлекетти коргоо жана сактоо сезими ойногон. Болочок академик Флеровду атомдук бомбанын ʏстʏнɵн иштеп баштоо зарылчылыгы келип чыкканы жагдайын айтып, согуш майданынан Сталинге кат жɵнɵтʏʏгɵ  жана медаль тʏрʏндɵ же наам тʏрʏндɵбʏ, жогорку сыйлыкты кʏтʏʏгɵ эч ким, эч кандай коркутуу-ʏркʏтʏʏлɵр аркылуу аргасыз кыла албайт эле. Сталин да, Берия да, “либералдарга” кандай  жийиркеничтʏʏ экенине   карабай,   “атомчуларга” берешен, жоомарт боло алышканын белгилей кетʏʏ керек. Маселен,  1949 –жылы Юрий Харитонович Курчатов РДС-1ди иштеп чыкканы ʏчʏн биринчи даражадагы Сталиндик сыйлыкты алган. Бул сумма стандарттык миллион рублдан беш эсе кɵп эле. Ал  дээрлик 62   “Победа” жеңил автомобилин (16000 рубль) сатып алганга жетмек. Эмгек акысы 700 рублду тʏзгɵн ошол кездеги советтик инженер мынча сумманы эки ɵмʏрдɵ, тактап айтканда, 119 жыл иштеп тапмак.

1953-жылы физиктер Андрей Сахаров жана Игорь Тамм водороддук бомба ʏчʏн “сталинканы”, эми азыраак, бирок дале  олбурлуу ɵлчɵмдɵ – ар бири 500 миң рублдан алышкан.

 КАПИТАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН УДАРНИКТЕРИ

Атомдук бомбаларды сериялык тʏрдɵ чыгаруу ʏчʏн жʏздɵгɵн тонна уран талап кылынган. Советтер Союзунда анын чалгындалган запасы абдан аз эле. Тезинен  геологиялык партиялар тʏзʏлгɵн жана уран издɵɵгɵ жɵнɵтʏлгɵн. Бирок, ал партиялар “мурду менен жер казып” иштɵɵсʏ ʏчʏн эмне кылуу керек? Мына ошондо 1946-жылдын 21-мартында  Сталиндин колу коюлуп чыккан СССР Министрлер Советинин жашыруун токтому маанилʏʏ роль ойногон. Токтом жаңы уран кендерин тапкан геологдор ʏчʏн “май токочтордун” тизмесин аныктаган. Мындай сыйлыктар атомдук куралдарды жасоочулар ʏчʏн да белгиленген эле. Ага ылайык,  урандын бай кенин тапкан партиялардын жетекчилери тɵмɵнкʏдɵй сыйлыктарды алууга тийиш болушкан:

-биринчи даржадагы Сталиндик сыйлык – 600 миң рубль;

-Социалисттик Эмгектин Баатыры алтын жылдызы;

-ɵлкɵнʏн ɵзʏ каалаган  жеринен толук ыңгайлаштырылган особняк алуу;

-автомобиль;

-балдарын каалаган жогорку  окуу жайларында бекер окутуу (1940-жылдан 1956-жылга чейин жогорку билим берʏʏ жогорку класстарда окуу сыяктуу  акы тɵлɵнʏʏчʏ системада болгон);

-ɵзʏ, аялы жана 18 ге  жашы жете элек балдар ʏчʏн ɵлкɵнʏн каалаган жерине каалаган унаа тʏрʏ менен акысыз жʏрʏʏ;

-атайын чалгындоо чɵйрɵсʏндɵ иштеген бардык мезгилде эки эселенген оклад.

Сыйдын “алтын жамгыры” ачылыштарга олуттуу салым кошкон 300 миң адамга жааган. Сыйлоонун мындай маңдай жарган мартчылыгы ылдам жʏрʏʏчʏ социалдык лифттин ролун ойногон. Геологдор кулак угуп, кɵз кɵрбɵгɵн коңулдарга жетип иштеп, эң жакшы натыйжа менен кайтууга жакшы стимул болуп берген. Кыска мɵɵнɵттɵ бир нече бай кендер болгондо да, новатордук  ыкмалар менен ачылганына таң калууга болбойт.

ЖЫРГАЛЧЫЛЫК ЖАНА АДАМДАР

Мамлекет ал кезде баарын акча менен эле чектеп койсо болот эле, баш оорутмалар жана аны уюштуруунун оор моменттери бир аз  болсо да аздайт беле, ким билсин. Бирок алар кыскарган жок. Анткени, баалуу кадрларга реалдуу камкордуктар кɵрʏлгɵн. Мында айрым учурларда айрымдар  “жаналгычтай” жамандоого кɵнʏп калган Лаврентий Павлович зор роль ойногондугу белгиленет. Атомдук долбоордун  жетекчилеринин бири, генерал Анатолий Александров мынтип эскерет: бир ирет Берия мага атомдук энергия боюнча маселелерди  иштɵɵгɵ катышкандарды сыйлоо жɵнʏндɵ   СССР Министрлер Советинин токтомунун долбоорун даярдоо тапшырмасын берди. Долбоорду   даярдоо учурунда башыма бир ой келди:  бул жолдоштор мынча акчаны эмне кылат, биздин шартта ага эч нерсе сатып ала албайсың да? Ушул суроо менен Берияга кирдим. Ал угуп турду да, мынтип айтты:  “Жаз:  дачаларды аларга мамлекет ɵз эсебинен куруп берет, бардык жыргалчылыктары менен. Сыйлангандардын каалоосу боюнча коттеждерди куруп берет же батир берет. Аларга машина бɵлʏнɵт”. Мен алар сатып алат деп болжогондордун баары эми  мамлекеттин эсебине ɵткɵрʏлдʏ. Долбоор бекитилди”.

Абдираим Мамытов