19 сентября, 2024

Аары багып, бал алуу эң жɵнɵкɵй бизнес

Жеңил жана кошумча бизнес менен акча табуунун булагын издегендер кɵп болсо керек. Эгер сиз дагы ушундай бизнес менен алектенгенди кааласаңыз сизге бал чарбачылыгын сунуштаар элем. Анткени бал аарылардын эмгекчилдиги ээсинин жумушун жеңилдеткенден  сырткары бал ɵндʏрʏп, пайда дагы алып келʏʏ жагы жогору. Бал – баалуу азык, дарылык касиети кʏч жана базардагы баасы кымбат азыктардын бири. Мына ушундай бал бизнеси менен акча тапкан ишкерлерибиздин бири Талант Алипбеков. Учурда бал аары чарбачылыгы менен алектенип келет. Кененирээк тɵмɵнкʏ макаладан окуй аласыздар.

Талант Алипбеков, жеке ишкер:

“Аары багуу кошумча бизнесим”

-Бал чогултуу, аары багуу чарбачылыгы менен алектенгениме 7 жыл болду. Эң алгач баштаганымда 20 бал челегим бар эле. 7 жылдын ичинде 300 бал челекке айланды. Учурда аарыларды Чоң-Алай районунда багып жатам. Менден кантип баштадың деп кɵп сурашат. Мен бул бизнести баштоодон мурун кредиттик компанияда иштечʏмʏн. Мага кредит алып, аары багам деп келип калган бир кишиден улам мен да кызыгып калдым да, дароо ал кишиден ʏйрɵтʏʏсʏн суранып, бир- эки жыл  кошо жʏрдʏм. Бул иш негизги жумушу бар адамга аябай жакшы кошумча киреше алып келет. Мисалы, мал карасаң эрте менен суу бересиң, кечинде чɵп бересиң, кыскасы кʏн сайын 3-4 маал жакшылап карашың керек. Ал эми бал чарбачылыгы башка, жумушуңа эч качан тоскоолдук жаратпайт. Мен аарыларды ар жуманын аягы жекшемби кʏнʏ эле карайм.

“Жайы- кышы дебей бал челектер талаада турат”

-Ош шаарынын тегерегинде аары баккандар аарыларын 1 жылда 2-3 жолу кɵчʏрʏшɵт. Себеби ысык болгон ʏчʏн гʏлдɵр тез эле кургап калат. Ал эми Чоң-Алайда жылына бир гана жолу кɵчʏрɵбʏз. Ал жакта жазында салкын болгон ʏчʏн кʏзгɵ чейин ошол жерде эле болот. Кʏзʏндɵ шаарга кɵчʏрʏп алып келебиз. Негизи кɵчʏрʏп келʏʏнʏн зарылчылдыгы деле жок. Болгону Ошто тезирээк кʏн жылып,  жаз эрте келет дагы, аарылар дагы ошого жараша эрте кубат алып, балды эрте топтой башташат. Негизи Кыргызстанда аары багуу оңой. Биздин ɵлкɵбʏздʏн суугунан аарылар эч качан ɵлбɵйт. Жайы- кышы дебей бал челектер талаада турат. Ал эми Россияда андай эмес, кыш келгенде катуу суук болгону ʏчʏн жылуу жер даярдап,  аарыларды алып киришет.

 “Балыбыз таза, экспорттоого мʏмкʏнчʏлʏк жогору”

-Биздин балыбыз таза, бардык текшерʏʏдɵн ɵткɵн, стандартка жооп берет. Ошол ʏчʏн бизде экспортко чыкканга мʏмкʏнчʏлʏк жогору. Биз болушунча башка ɵлкɵлɵргɵ экспорттоого тырышабыз. Анткени балды Аравия, Япония жана Кытай ɵлкɵлɵрʏндɵ жакшы баалашат. Бирок биздеги бир кемчилик кɵлɵм (обьем) чыгара албай жатканыбыз. Атайы ортомчулар аркылуу чыгып жатат. Ошентсе дагы 7-8 жылдан бери ɵз ишимдин устасымын. Жылына ар бир бал челектен орточо эсеп менен 30 килограммдай бал аламын. Балыбыз таза болгондуктан, кардар издеп сатпайбыз. Ɵзʏбʏздʏн дос-жар, тууган уруктар, тааныштарыбыз эле балдын 30 пайызын алып коюшат. Андан калган 70 пайызын чет жакка чыгарабыз. Азыркы кʏндɵ балдын баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат болуп калды. Жылдан жылга баасы кɵтɵрʏлɵ берет.

“Табийгый жол менен дарылоого басым жасайбыз”

-Аарылардагы дагы бир кызык нерсе, бир жылда 1 эле жолу жаз келе баштаганда ящиктеринен чыгып, бир катар заара кылышат. Ошол мезгилде кɵпчʏлʏк аарылардын ичи ɵтʏп ооруп калышат. Кɵбʏнчɵ аарылар ичи ɵтʏп же биттеп оорушат. Мындай учурда биз аарыларды болушунча табийгый жол менен дарылоого аракет кылабыз. Анткени бал дагы таза жана табийгый болушу керек.

“Аарылар таза болушат”

-Аарылар бал челектин ичине эч качан жаман нерсени ташып же микроптуу зыяндарды жуктуруп келишпейт. Мындай болгон кʏндɵ дагы, жаман жыттарды же микроб жуктуруп келген аарыны бал челектеги аарылар ʏйʏнɵ эч качан киргизишбейт. Алар ачуу жытты дагы жаман кɵрʏшɵт. Кээ бир учурларда байкасак керек, ажатканаларга кирип алышат. Мындай аарылар ɵз ʏйʏрʏнɵ жана балга бара албайт. Ар бир кутунун оозунда коруучу аарылары болот. Алар ажатканага кирип- чыгып барган аарыны  ʏйʏрʏнɵ кошпой ɵлтʏрʏп же кубалап жиберишет. Бул да болсо аарылардын тазалыгынын далили.

“Бир бал челекте  бир гана эне болот”

-Аарыларда ар бир бал челектин ичинде бир гана эне болот. Ошол энеси беш жылдын ичинде жумуртка аз тууп же буту сынып, канаты сынып, жакшы болбой жатса аарылар ɵздɵрʏ эле башка аарыдан эне шайлап алышат. Жумушчу аарылар ким кайсыга кандай тамак берип жатканын карап, жакшы жумурткаларды тандап, жакшы тамактарды берип, ɵздɵрʏ эле эне жасап алышат.  Жаңы чыккан эне менен мурунку эне эч качан бир ящикте жашаганга болбойт. Ошол себептен мурунку эне же кийинки шайланган эне ɵзʏнɵ тиешелʏʏ аарыларды алып, качып чыгып кетет.

“Аарылардын ɵмʏрʏ кыска…”

-Биздин региондо аарылар личинканы февраль айынан баштап коюп баштайт. Андан 20-21 кʏндɵ аарылар чыгат. Ал эми энеси 14 кʏндɵ чыгат. Личинкадан чыккандан кийин 20 кʏн гана жашап ʏлгʏрʏшɵт. Иштɵɵчʏ аарылар кышында иштебегендиги ʏчʏн 45 кʏн жашашат. Ал эми жаз сезон мезгилинде аарылар 20-25 кʏн гана жашай алат. Аарылардын энеси бир кʏндɵ 2000 жумуртка тууйт. Бир жагынан ɵлɵ берсе, экинчи жагынан туула берет. Ал эми бардык аарыларды башкарган энеси 5 жыл жашайт.

“Кышында аарылар алсыз болушат”

-Кышында аарылар чала ɵлʏк болуп, ийнелери менен балга сайылып турушат. Эгерде бал кутуну катуу кыймылдата турган болсок, аары жерге тʏшʏп калат. Тоңуп кыймылсыз турганы ʏчʏн кыймылга келгиче эле жогоруга чыга албай ɵлʏʏгɵ дуушар болот. Ал эми жазында кʏчтʏʏ болгондуктан, тʏшʏп калса, туруп алып кайра учуп кете берет. Демек кышында аарылар кыймылсыз турганы ʏчʏн ɵлʏʏ ыктымалдуулугу жогору.

“Аары бир гана жолу чагат”

Beehive in backlight

-Аарылар ɵзʏ жɵндɵн-жɵн эле чага бербейт. Же бир нерседен чочуганда, же адамдар тийишкенде болгону ɵзʏн коргоо ʏчʏн чагат. Ал эми чиркейге окшогон чагуучу жандыктар андай эмес, биринчи адамды чагып, ошол эле учурда экинчи адамга барып аны да чага берет. Бирок бул нерсе коркунучтуу. Кандайдыр бир ооруларды жуктурууга дагы себеп болушу мʏмкʏн. Ал эми аары бир адамды чаккан соң ийнеси калып калат дагы, экинчи адамды чага албайт.

“Жаңыдан баштаган ишкерлерге жардам аябайм”

-Бал аары чарбачылыгы боюнча жаңы баштаган ишкерлерге  сɵзсʏз тʏрдɵ ʏйрɵтʏп жардамымды аябаймын. Ɵзʏ мага жыл сайын бир- экиден адамдар атайы ʏйрɵнʏʏгɵ келишет. Менин бул ишкердигимди кантип баштаганымды угуп, бир- эки жыл мени менен кошо жʏрʏп анан бал челегин кɵбɵйтʏп алып кетишет. Андыктан мен бул жумушту баштайм дегендерге сɵзсʏз тʏрдɵ жардамымды беремин.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы