19 сентября, 2024

“Илим изилдɵɵдɵ ак мээнет кылгыла”

Кыргызстандын жаратылышынын кайталангыс кооздугу, ар тʏрдʏʏлʏгʏ башка ɵлкɵлɵрдɵн айырмаланып турат. Ɵзгɵчɵ тоолор жана андагы кен байлыктардын ɵздɵшʏʏсʏ, таралуусу татаал, ары кызыктуу. Геология жана тоо-кен байлыктарына, аларды изилдɵɵгɵ тиешелʏʏ суроолорду геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, РУДН (Москвадагы) ардактуу профессору Орунбай  Шамшиев агай менен биргеликте кеп кылмакчыбыз. Окумуштуу 1954-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Кадамжай районундагы Сухана айылында тɵрɵлгɵн. Бир нече илимий макалалардын, монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, эмгектердин автору.

“Кыргызстан – жаратылыштын ачык лабораториясы”

-Агай, алгач Кыргызстандын тʏндʏк-тʏштʏк аймактарындагы тоо-кендеринин изилденʏʏсʏ боюнча айтсаңыз?

-Жаратылышта кездешкен тоо кендери тɵрт топко бɵлʏнɵт. Кʏйʏʏчʏ заттар, гидроминералдык ресурстар, рудалар жана руда эмес кендер. Алар ɵздɵрʏнʏн физика-химиялык касиеттерине байланыштуу суюк, газ абалындагылар жана катуу зат тʏркʏндɵгʏлɵр деп бɵлʏнʏшɵт. Кʏйʏʏчʏ заттар болуп нефть, газ, кɵмʏр, торф эсептелет. Рудалардануу кендерден химиялык, термодинамикалык жолдор менен темир, алюминий, сымап, алтын, кʏмʏш, жана башка  металлдары алынат.Гидроминералдарга биз билген кʏйʏʏчʏ суулар, булактар, дары суулар кирет. Руда эместерден курулушка керектелʏʏчʏ кендер булар кум, цемент кылуучу известняк, эстелик жасоочу гранит. Ал эми бриллиант, изумруд, алмаз сыяктуу кендер баалуу таштар болуп саналат.

Кыргызстандын ɵкмɵтʏнʏн программасында тоо-кен тармагы приоритеттʏʏ багыттардын катарына киргизилген. Себеби ар бир ɵнʏккɵн мамлекеттин даражасы тоо-кен, жаратылыш байлыктарына карата бааланат. Мен бул нерсеге жана кендерди технологиялык колдонмо иштетʏʏсʏнɵ деп кошмокмун. Ал дегени кендерди сырье эмес, даяр продукция кылып чыгаруу, мисалы –зергер буюмдар, курулуш буюмдары. Жаратылыш байлыгы канчалык кɵп болсо ошол мамлекет бай деп эсептелинет. Биздин ɵлкɵ 80-90 пайызы тоолордон турат эмеспи. Бир убакта орустун белгилʏʏ Билибин деген  окумуштуусу “Кыргызстанда Менделеевдин мезгилдик табилицасындагы бардык элементтер жолугат. Кыргызстан – жаратылыштын ачык лабораториясы” деп айткан. Мында биздин тоолордогу кездешкен табигый кубулуштардын баарын окуп-ʏйрɵнсɵ болот. Мындан сырткары жаратылыштагы кендердин пайда болуусунун генетикалык типтерин, аны айрымдар жердин ички энергиясы менен байланышкан десе кээ бирлерди сырткы геодинамикалык процесстерге байланыштырат (эндогендик жана экзогендик процесстер). Бул боюнча да ɵлкɵбʏздʏн тоолору изилдɵɵгɵ кенен мʏмкʏнчʏлʏк берет.

Сурма менен сымаптын таралуу мыйзам ченемдʏʏлʏгʏн изилдɵɵ

-Илимге ташталган алгачкы кадамдар?

-Мектепти бʏткɵндɵн кийин 1968-жылы Кызыл-Кыя Тоо техникумунун “геологиялык чалгындоо” адистигин тандадым. 1972-жылы окууму бʏтʏп, армияга кызмат ɵтɵɵ ʏчʏн жɵнɵп кеттим. Ал жакта 2 жыл болуп, мекенге кайткандан кийин 1974-1979-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун тоо-кен факультетинде окууну уладым. Ошентип бул тармакка абдан кызыгып, аспирантураны аяктап, илим изилдɵɵгɵ киришкенмин.

Менин илимий багытым жана изилдɵɵ объектилерим геологиянын жана металлогениянын проблемасы болчу. Илимий жетекчилерим белгилʏʏ окумуштуулар, академиктер Адышев М.М.ʏсɵнгазы Асаналиев, И.Турдукеев жана башкалар. Илимий багытым тʏштʏк Тяньшандын металлогениясы. Максат жалпы элементтердин тоотектериндеги жаралуусунун жаратылыш мыйзам ченемдʏʏлʏгʏн изилдɵɵ болгон. Жалпы тектерди изилдеп элементтерин биринчи чɵкмɵ тʏрʏндɵ пайда болгонун далилдедим. Кийин сурманын жаңы экзогендик-эпигенетикалык тибин ɵзʏм таап, башка кендердин да пайда болуусун байланыштырып иштеп келе жатам. Ошондой эле тʏштʏк Кыргызстандагы кен байлыктар, кʏйʏʏчʏ заттар, нефть, азыр кɵмʏр кендеринин ичинде рудалар пайда болуп жатат. Алар кɵмʏрдɵ кантип пайда болду? Ушул суроолордун ʏстʏндɵ изилдеп жаткан учурум. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ технология ɵнʏктʏ, анализдер кʏчтʏʏ жана так изилдейт. Демек, кɵмʏрдʏн жаратылышта пайда болуусуна да жаңы кɵз караштар, изилдɵɵлɵр маанилʏʏ. 1987-жылы илимдин кандидаты, 2004-жылы илимдин доктору наамын алдым. Менин окуучуларым кандидат, доктор, профессор наамдарын алып, геология багытында ʏзʏрлʏʏ иштеп жатышат.

“Чет элдик инвесторлор биздеги сейрек элементтерге кызыгышат”

-Актуалдуу болуп жаткан электромобилдин аккумуляторуна колдонулуучу кендер тууралуу айтсаңыз?

-Тʏштʏк Корея, Жапон, Араб ɵлкɵлɵрʏнɵн келген инвесторлор жердеги сейрек(редкоземельный) элементтер группасына абдан кызыгышат. Сейрек элементтерге тантал, ниобий, иттрий, осмий, лантан сыяктуу элементтер кирет. Аталган группадагы кендерди тʏштʏк Кыргызстанда изилдɵɵ союздун ыдырашына туш келгендиктен начар изилденген. Геологдордун кɵбʏ союздан кийин кетип калган. Мисалы, ɵлкɵнʏн тʏндʏгʏндɵгʏ кендер жакшы изилденген. Негизи тʏндʏк менен тʏштʏктʏ геологиялык ɵздɵшʏʏсʏ, калыптануусу жагынан салыштырап болбойт. Мисалы, тʏндʏк региондордо кɵмʏр кендери, нефть, сурма, сымап жок. Алар кɵбʏнчɵ тʏштʏктɵ жатат. Эми инвесторлор сейрек элементтер тобуна эмнеге кызыгып жаткандарына заманбап технология буюмдар катарында токтолсом, алардан электромобилдердин кыймылдаткычтарында колдонулуучу кɵпкɵ чыдай турган аккумулятор жасалат экен. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы замандын, экологиянын таламына ылайык дʏйнɵ кʏйʏʏчʏ майлардан баш тартып, электромобилдерге ɵтʏʏдɵ.

“Чет жактагы кесиптештер менен да тажрыйба алмашып туруу зарыл”

-Бул куракта илим изилдеп, шакирттерди тарбиялоо сизди чарчатып койбойбу?

-Илимге баш отуң менен киргенде чарчоону да унутат экенсиң. Ɵзʏңдɵгʏ билимди студенттер, аспиранттар менен бɵлʏшʏп, жаштар менен аралашып жʏрʏп кɵз караштар да жаштардай болуп калат. Чарчадым деген ойду мээге сиңирип алганда адам чын эле чарчайт. “Чарчабайм” деш керек. Ɵмʏр ɵткɵнчɵ эл-жерге кызмат кылууга, окуучуларга билгениңди ʏйрɵтʏʏгɵ эмне жетсин?! Жылда Сибирдеги кɵмʏр кендерине бир айга чакырышат. Чакырылган жерден калбай барууга аракет кылам. Кендерин кɵрʏп, илимий жактан талдоо жʏргʏзʏп берем. Андан сырткары изилдɵɵ институттарындагы студенттерге, аспиранттарга лекция окуйм. Германияга да барып лекция окуп келгем. Менин жана аспиранттарымдын илимий макалаларын окуп, алыскы Чыгыштан, Югославиядан, Ташкенттен кɵп кайрылышат. Жакында Башкырстанда кʏрɵң кɵмʏр кени табылып, андагы элементтер жɵнʏндɵ тв, радиодон абдан айткан эле. Мен аларга 80-жылдардагы изилдɵɵмдʏн жыйынтыктарын жɵнɵтсɵм “келип кет” деп чакырышты. Негизи союз ыдырагандан кийин окумуштуулардын байланышы да ʏзʏлгɵн болчу. Мисалы, Ош менен Бишкектеги геологдор жаңылыктары менен бɵлʏшʏп турбаса ɵсʏʏ болбойт. Ошол сыяктуу чет жактагы кесиптештер менен да тажрыйба алмашып туруу зарыл.

“Уулумду ɵзʏм окуган факультетке окутуп жатам”

-Канча уул, кызды тарбиялап ɵстʏрдʏңʏз. Сиздин жолуңузду жолдоп илим изилдɵɵ багытын тандаштыбы?

-Эки уул, эки кызым бар. Улуу кызым экономика боюнча билим алды. Учурда Якутия кен-байлыктарынын экономика багытында иштейт. Уулдарымын бири гидрогеологияда окуп жатат. Мурда гидрогеология, геофизика адистери бɵлʏнчʏ, азыр рекламалардагыдай “ʏчɵɵ бирɵɵнʏн ичинде” болуусу керек деген сыяктуу инвесторлор адистерге геологияны да, гидрогеологияны да, экономика, жаңы технологияларды да билишиң керек деген талап коюшат. Мен уулумду ɵзʏм окуган факультетке окутуп жатам. Кыздарымдын балдары, неберелерим мени тарткан. Якутиядагы кызымдын баласы, мектепти алтын медаль менен бʏтʏп, азыр Москвадагы МИСИС илим жана техника университетинде окуйт. Кыздын баласы таятасын тартат деп коет эмеспи. Кыз деген ʏйдʏн чырагы. Ата-энесине, бир туугандарына кʏйʏмдʏʏ келет. Жараткан кыз перзент бергенине абдан ыраазы болом. Кыздарым, уулдарым менен сыймыктанам.

“Ɵзʏң иштебесең анда илим изилдеп кереги жок”

-Илим изилдейм деген жаштарга кандай кеп-кеңеш бересиз?

-Ɵзʏмʏн окуучуларыма, шакирттериме ар дайым “илим изилдɵɵдɵ ак мээнет кылгыла” деп айтам. Чыныгы мээнет ар дайым бааланат. Илимий макалаларды бирɵɵгɵ жаздырта коюп, ɵзʏң иштебесең анда илим изилдеп кереги жок. Эч бир ийгилик оңой келбейт. Кыйналасың, тʏн уйкудан каласың, мээң чарчайт, убакыт кетет, баарына чыдаш керек.  

-Маегиңизге рахмат, агай. Илимге кызыккан жаштарга ʏлгʏ болуп жʏрɵ бериңиз.

 Айжылдыз Тойчиева