19 сентября, 2024

Пенсиялык топтоо фонду деген эмне, кимдер кандай шартта ала алат?

Кыргызстанда 2010-жылдын 1-январынан бери Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду Социалдык фонддун алдында иштеп келет. Иштеген адамдар эмгек акысынын 10 пайызын Социалдык фондго чегеришет. Анын 8 пайызы пенсиялык фондго, 2 пайызы мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна кармалып, иштегендердин жеке эсебинде сакталып, пенсия курагына барганда ɵзʏнɵ бериле баштайт. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе 2012-жылдын 1-январынан тарта Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏн милдеттʏʏ тɵлɵɵдɵн пенсионер-кызматкерлер бошотулган. Ошондой эле 1964-жылдын 1-январына чейинки туулган эркек кызматкерлер жана 1969 жылдын 1-январына чейинки туулган аял кызматкерлерден пенсиялык топтоо фондуна кармалбай калган. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддун каражаттары дарыланууга, ипотекалык кредитти тɵлɵɵгɵ жана башка кээ бир муктаждыктарга мɵɵнɵтʏнɵн мурда тɵлɵнʏшʏ мʏмкʏн. Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгы топтоо фонддо чогулган акча качан, кандай шартта алуу керектиги тууралуу маалымат берет.

2024-жылдын 24-июнунда элдин суроо талабына ылайык, Министрлер Кабинетинин № 329 токтому менен КРнын Ɵкмɵтʏнʏн 2012-жылдын 25-октябрындагы № 475 токтомуна ɵзгɵртʏʏлɵр киргизилген. Ага ылайык жеке камсыздандыруу эсебинен топтоо бɵлʏгʏндɵгʏ пенсиялык топтоолору бар жарандар тɵмɵнкʏ учурларда ала алат:

Пенсия  курагына келгенде

Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ эсепке алынган пенсиялык топтоолорду Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жɵнʏндɵ” мыйзамына ылайык пенсия алгандар, ошондой эле топтоо каражаттары болгон учурда пенсия алууга укугу барлар. Аны алуу ʏчʏн Социалдык фонддун аймактык органына пенсиялык топтоолорду тɵлɵɵ ʏчʏн арыз, алуучунун ɵздʏгʏн ырастоочу документтин кɵчʏрмɵсʏ жана салыштыруу ʏчʏн документтин тʏп нускасы керек.

Туруктуу жашоо ʏчʏн ɵлкɵдɵн чыгып жатканда

Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон акча каражаттарын ала алышат. Каражатты алууда Социалдык фонддун аймактык органына пенсиялык топтоолорду тɵлɵɵ ʏчʏн арыз (белгиленген формада), арыз ээсинин ɵздʏгʏн тастыктаган документ (тʏп нускасы же тийиштʏʏ тʏрдɵ кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн кɵчʏрмɵсʏ), Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткендиги тууралуу кʏбɵлʏк (тʏп нускасы же тийиштʏʏ тʏрдɵ кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн кɵчʏрмɵсʏ), Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого катталгандыгы тууралуу даректик маалымкат (тʏп нускасы же тиешелʏʏ тʏрдɵ кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн кɵчʏрмɵсʏ).

Мамлекеттик ипотекалык компаниялар аркылуу ʏй алгандарга, ʏлʏштʏк турак-жай курулушуна катышкандарга

Коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, Улуттук банк, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдарга, алардын жубайларына беш жʏз эсептик кɵрсɵткʏчтɵн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада.

Ипотекалык кредит алып жаткан же алган “МИК” ААК тарабынан каржыланган, кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча тɵлɵмдɵрдʏ тɵлɵгɵн адамдарга, алардын жубайларына беш жʏз эсептик кɵрсɵткʏчтɵн кем эмес жана ушул тɵлɵмдʏн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада.

“МИК” ААК Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ʏлʏштʏк курулушка катышкан адамдарга беш жʏз эсептик кɵрсɵткʏчтɵн кем эмес жана ушул тɵлɵмдʏн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада.

Банк кепилдигин берʏʏ менен ʏлʏштʏк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринин бɵлʏп тɵлɵɵ келишими боюнча тɵлɵмдɵрдʏ тɵлɵгɵн адамдарга беш жʏз эсептик кɵрсɵткʏчтɵн кем эмес жана ушул тɵлɵмдʏн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада.

Каза болгон адамдын мураскоруна

Каза болгон, бирок, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бɵлʏгʏндɵ пенсиялык топтомосу бар камсыздандырылган адамдын 6 айдан кийин мураскоруна тɵлɵнʏп берилет. Мураскор каражатты алуу ʏчʏн, белгиленген формадагы арыз, ɵздʏгʏн тастыктаган документ (тʏп нускасы жана кɵчʏрмɵсʏ), нотариус тарабынан кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн мураска укук жɵнʏндɵ кʏбɵлʏгʏ же мурастык мʏлктʏ бɵлʏштʏрʏʏ жɵнʏндɵ келишим, каза болгон  адамдын ɵлгɵндʏгʏ жɵнʏндɵ кʏбɵлʏгʏ. 

Жумушсуздук болгон учурда

Расмий тʏрдɵ таанылган жумушсуздар пенсиялык топтоолорду ай сайын эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунан ашпаган (ɵткɵн жылдагы иш жʏзʏндɵ белгиленген), бирок ʏч айдан ашпаган ɵлчɵмдɵ ала алышат.

Дарылануу ʏчʏн

Катуу ооруларга кабылган жарандар  жана алардын ʏй-бʏлɵлɵрʏ дарыланууну каржылоо ʏчʏн пенсиялык топтоолорду эрте ала алышат.

Пенсиялык топтоо каражаттарын мɵɵнɵтʏнɵн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмеги:

1.Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2-клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу: курч мʏнɵздɵгʏ лейкоз (бардык тʏрлɵрʏ); апластикалык аз кандуулук; гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын тɵмɵнкʏ тʏрлɵрʏ жана формалары: кабылдаган же тубаса жʏрɵк кемтиги; жʏрɵктʏн ритминин жана ɵткɵрʏмдʏʏлʏгʏнʏн бузулушу; жʏрɵктʏн ɵнɵкɵт коронардык оорусу, анын ичинде ɵнɵкɵт аневризми, жʏрɵк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлɵɵ; операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу; облитерацияланган эндартериит оорусунун кʏчɵп кеткен тʏрлɵрʏ.

Аскер кызматчыларына тɵлɵм

Аскер кызматчылары 63 жашка толгондо жана Мамлекеттик пенсиялык фонддун эсебинде акча каражаттары болгондо топтолмо пенсиялык фонддон акча ала алышат. Аскердик кызматты ɵтɵп жаткан мезгилде алар социалдык камсыздандырууга салым кошпогондугун белгилей кетʏʏ маанилʏʏ. Бул мʏмкʏнчʏлʏк аскер кызматын ɵтɵɵдɵн мурда же андан кийин жарандык чɵйрɵдɵ иштеген жана Социалдык фондго зарыл чегерʏʏлɵрдʏ тɵлɵгɵн жарандарга тиешелʏʏ.

Канча акча топтолгондугун кантип билсе болот?

Социалдык фонддун аймактык органына кайрылуу керек. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтындагы камсыздандырылган адамдын жеке кабинетине кирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн алуу.

Электрондук цифралык кол тамга, электрондук ID аркылуу же Tunduk бирдиктʏʏ идентификация системасынын тиркемеси аркылуу QR кодду сканерлɵɵ аркылуу жеке кабинетке кирʏʏ мʏмкʏн.

Жарандын пенсиялык топтоолору жана инвестициялык кирешелери тууралуу маалыматты “Тʏндʏк” электрондук кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр мамлекеттик порталынан да тапса болот.

Айжылдыз  Тойчиева