19 сентября, 2024

Акыркы 15 жылдан бери кургак учуктун кɵрсɵткʏчʏ тɵмɵндɵɵдɵ

Ɵлкɵдɵ эркектер арасындагы онкологиялык оорулардан ашказан рагынан кийин ɵпкɵ рагы эң кɵп катталат. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги туберкулезго кабылган бейтаптардын жоопкерчилигин кʏчɵтʏʏнʏ кɵздɵп жаткан учуру. Министрлик оорунун ачык тибине кабылып, бирок дарылануудан баш тарткандарды мажбурлап дарылатууга белсенʏʏдɵ. Бул ыкманы буга чейин бейɵкмɵт уюмдар адам укугун бузуу деп сындап келген. Кургак учуктан кантип сактанабыз? Оору тууралуу Ош облустук кургак учукка каршы кʏрɵшʏʏ борборунун хирургия бɵлʏмʏнʏн башчысы Дамирбек Ташматов менен маектешкенбиз.

-Кургак учук кандайдыр симптомдорусуз ɵпкɵнʏ жабыркатышы мʏмкʏнбʏ?

-Кургак учук инфекциялык оору болуп саналат. Дем алуу органындагы кургак учук таякчасы же болбосо “Коха” деп аталган таякчаны 1882-жылы 24-мартта Роберт Кох аттуу немис врачы тапкан. Ошондуктан жыл сайын 24-мартта “Бʏткʏл дʏйнɵлʏк кургак учукка каршы кʏрɵшʏʏ” кʏнʏ белгиленип келет. Туберкулез таякчасы менен жабыркаган адамда алгач оорунун симптому байкалбай, жашыруун формада коштолушу мʏмкʏн. Бирок, оору ɵпкɵдɵ активдешип отуруп, кургак жɵтɵлдʏн белгилерин бере баштайт. Дене табы 37-37,5 градусту кɵрсɵтɵт, аны пациент анча сезе бербейт. Алсырайт, деми кысылат, салмагын жоготот, тʏнкʏсʏн тердейт, кɵкʏрɵк кɵңдɵй ооруп, какырыкта кан пайда болуусу мʏмкʏн. Айрыкча ɵпкɵдɵ суу пайда болгондо кɵкʏрɵк кɵңдɵйдɵ оору сезилип, дем алуу кыйындайт. Учурда мамлекеттик кызматкерлерден мугалимдер, дарыгерлер жана башка структура кызматкерлери медициналык текшерʏʏдɵн ɵтʏп турушат. Бирок кɵпчʏлʏк жарандар анын ичинде миграцияда жʏргɵн айрым жарандарыбыз ɵз убагында текшерʏʏдɵн ɵтпɵгɵнʏнɵ байланыштуу биздин борборго кайрылгандардын арасында миграцияда жʏрʏп келгендер кɵп катталууда.  

-Ɵпкɵгɵ кайсыл учурда суу толот, аны алып салуу жолдору тууралуу айтсаңыз?

-Акыркы маалыматтарга таянсак суу толуунун 80 пайызы туберкулездук инфекциянын айынан келип чыгат. Ал эми 20 пайызы жʏрɵк оорудан, кан ооруларынан, боор оорусунан жана башка патологиялык оорулардан улам пайда болот. Биздин ооруканада “торакоскоп” деген заманбап аппарат бар. Аппараттын жардамы менен ɵпкɵнʏн суу толгон челкабыгынан гистологияга анализ алынат. Ошондо гана ɵпкɵгɵ суу толуунун себебине так диагноз коюлат.

-Дарылоо канча убакытка созулат?

-Эгерде анализдин жыйынтыгы менен туберкулезго диагноз коюлган болсо, дарылоо 6 айга созулат. 2-3 ай ооруканада жатып дарылануу зарыл. 4-5 ай ʏй шартында дарыланат. Тагыраагы, жакын жашаган поликлиникадан туберкулезго каршы дарылар берилип турат. Ошондой эле кургак учуктун туруктуу формасы да кездешет. Алар кургак учуктун формасына жараша 6 айдан 12 айга чейин же 22 айга чейин дарыланышы мʏмкʏн.

-Аталган дозадагы дарылар бейтаптын ашказанына же бооруна оор келбейби?

-Туура маселени айтып жатасыз. Негизи антибиотиктер пациенттин салмагына карап берилет. Эгер оорулуу дарыны иче албай кыйналса аны инъекциялык тʏрʏндɵ берʏʏгɵ болот. Мындан сырткары ɵз убагында анализ тапшырып, врачтардын кɵзɵмɵлʏндɵ болушат. Негизгиси врач жазган дарыларды калтырбай ичʏʏ керек. Айрым бейтаптар ʏйʏнɵ чыгарылганда дарыны ичʏʏ графигин бузушат, же бир кʏн ичип бир кʏн калтырып койгондор болот, бул туура эмес. Кайра оорусу кайталап, бизге келгенде “мен дагы эле сакайбапмын” деп психологиялык жактан ɵздɵрʏн алдырып коюшат. Дарыланып чыккандан кийин 3 жыл диспансердик кɵзɵмɵлдɵ болуп, медициналык талаптарды сактоо зарыл.

-Жɵтɵлʏʏ, тамакка какырык толуу ɵпкɵ оорусунан кабар береби?

-Негизи жɵтɵлʏʏ – организмдин коргоо реакциясы. Мисалы, бир жер чаңып жатса чаңдын бɵлʏкчɵлɵрʏ ооздон, мурундан кирип, аны организмдеги клеткалар артка кайтарып, жɵтɵл аркылуу чыгарат. Тамакка какырык толуу да туберкулездун белгилеринин бири, бирок, ал башка ооруларда, мисалы ɵнɵкɵт бронхитте дайыма, айрыкча эрте менен какырык чыгып турат.

-Ɵпкɵ ооруларын кантип алдын алабыз?

-Дарттын алдын алуунун эң эле эффективдʏʏ жолу — сергек жашоо. Тамеки сыяктуу жаман адаттардан арылуу, таза абада кɵбʏрɵɵк жʏрʏʏ, спорттун бир тʏрʏ менен машыгуу сергек жашоо образын тʏзʏʏгɵ жардам берет. Жылына бир жолу медициналык кароодон ɵтʏп туруу зарыл.

Эгер 1 оорулуу кургак учуктун ачык тиби менен ооруса, бир жылда 15-20 адамга жугузуусу ыктымал

• Жыл сайын ɵлкɵдɵ 4000-5000ге чукул киши кургак учук илдетин жуктурат.

• Бул цифралар дарыгерге кайрылып, дарты аныкталгандарына гана тиешелʏʏ. Оорусун билбей же билсе да врачка барбай жʏргɵндɵрдʏ кошкондо бул сан дагы ɵсʏшʏ ыктымал.

• Кыргызстанда кургак учуктун эң кɵп учуру 2001-жылы катталган. 100 миң кишиден 169 учур аныкталып анын 27си каза болгон. Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматында соңку 15 жылдан бери кургак учуктун кɵрсɵткʏчʏ туруктуу тɵмɵндɵп келет.

• Кургак учукту иммундук системасы тɵмɵн, мисалы ВИЧ инфекциясы же СПИД менен ооругандар, кант диабети барлар, кош бойлуулар, чылым чеккендер, аз тамактангандар оңой жуктурушат.

• Дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан 2014-жылы кургак учук менен кʏрɵшʏʏ стратегиясы кабыл алынган. Ага ылайык, 2015-жылдан 2030-жылга чейин туберкулездон каза болгондордун санын 90 пайызга, жуктургандардын санын 80 пайызга кыскартуу жана дарылоого кеткен чыгымдарды кескин азайтуу милдети коюлган.

• Кыргызстанда кургак учуктун тʏрлɵрʏнɵ жараша дарылоо ʏчʏн бир кишиге 100 доллардан 3000 долларга чейин каражат кетет.

• Саламаттыкты сактоо министрлиги жакында эле коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорго ылайык дарылануудан баш тарткан адамдарды сот чечими аркылуу изоляциялоону кɵздɵп жатат. Кɵбʏнчɵ абактан чыккандар дарыланууну ʏзгʏлтʏккɵ учуратып же толук баш тартышат. Мажбурлап изоляциялоо мурунку мыйзамдарда деле бар болгону менен аны ишке ашыруунун жол жобосу так аныкталган эмес.

Айжылдыз Тойчиева